Жоомарт Бөкөнбаев. Жайдын кечи
Манаттай асман кызарып
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме
Чамынып аккан дайрадан
Муңайым тартып угулат
Булбулдун үнү сайраган.
Жалбыздын жыты буруксуйт
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кыналат гүлгө көпөлөк
Кыз менен жигит жаткандай.
Үргүлөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн
Карарган күүгүм жашырат
Токтой тур, курбум, токтой тур
Чолпон да чыгар чачырап!
1939-ж.
- Барпы Алыкулов. Эр жигитке сын
- Мидин Алыбаев. Насирдин Байтемировго
- Сүйүнбай Эралиев. Чернобыль
- Тоголок Молдо. Жер жана анын балдары (поэма)
- Алыкул Осмонов. Адам3ат
Ой-пикирлер