Кирүү

Жоктоо ыры

Сандыкта пулуң мен элем,
Сайраган булбул сен элең,
Сандыкта пулуң куурады,
Сайраган булбул сулады.
Кайкы кулак кара атың,
Айды көздөй кагынат,
Атакем качан келет деп,
Балдарың сени сагынат.
Камыш кулак кара атың,
Күндү көздөй кагынат,
Күндө атам келет деп,
Балдарың сени сагынат.
Кашкардан алган карала ат,
Калмакка барып пул болсун,
Кас санаган Германдын,
Катыны мендей тул болсун.
Эңкейиште эки тал,
Эстесем кыяк болот го,
Артыңда калган балдарың,
Сактасам туяк болот го.

Ой-пикирлер