Кирүү

Баласы өлгөндөгү жоктоо

Кайырмалуу тереңде,
Карыганда мен атаң,
Кайгыңды тартып жүрөмбү.Бурулмалуу тереңде,
Буркураган мен атаң,
Мунуңду тартып жүрөмбү.
Карарган дарак мен элем,
Каралдым уулум сен элең.
Каралдым уулум сулады,
Карыганда мен атаң,
Кайгыңды тартып куурады.
Бозоргон дарак мен элем,
Боларман уулум сен элең.
Бозоргон дарак куурады,
Болоорман уулум сулады.
Буркураган мен атаң,
Күйүтүң тартып куурады.
Кайгымды муңга толтурам,
Кайратымдын жогунан.
Каралдым уулдан ажырап,
Карыганда мен атаң,
Кайгыңды тартып олтурам.
Ойду эле муңга толтурам,
Кулунум сенден ажырап,
Куруп калган мен атаң,
Күйүтүң тартып олтурам.
Карай тоо башы сейдана,
Карыган кургур атаңа,
Кайрылып кайра келбестен,
Кайрылбай кеттиң бейгана.
Кызыл тоо башы сейдана,
Мен куруган атаңа,
Кылчайып кайра келбестен,
Кылчайбай кеттиң бейгана.
Алтынды жезге бурармын,
Айланайын кулунум,Арманың айтып куурармын.
Күмүштү жезге бурармын,
Кагылайын кулунум,
Күйүтүң айтып куурармын.
Теректин түбү бошосо,
Темирден кырчоо болууга,
Теңирден ажал келген соң,
Мен атаң алып калалбай,
Алып бир калар күн болсо,
Болбойт бир белек садага.
Чыт чынарың бошосо,
Чылбырдын кырчоо болууга,
Чындап бир ажал келген соң,
Жан апаң алып калалбай,
Алып бир калар күн болсо,
Болбойт бир белек садага.
Ойноп бир баскан жерлериң,
Көзгө эле көркөм көрүнөт.
Жалгыз уул деп сыздасам,
Оюм бир үчкө бөлүнөт.
Буркураган мен атаң,
Көнөктөй жашым төгүлөт.
Көйкөлө баскан жерлериң,
Көзгө эле сонун көрүнөт.
Карыганда мен атаң,
Карай бир жашым төгүлөт.
Ойдон бир жылан октолот,
Орду бир мага жоктолот.
Жалгызым деп сыздасам,
Жүрөгүм күйүп чок болот.
Буркураган мен атаң,
Бул абалым не болот?
Кырда эле жылан октолот,Кылыгы мага жоктолот.
Жалгызым деп сыздасам,
Ичим бир күйүп чок болот.
Карыганда мен атаң,
Энди абалым не болот>?
Текечер сындуу бир атты,
Теңирим берди Зыйнатты,
Теңтушуң балдар ичинде,
Жалгыз бир уулум суратты.
Кулжачар сындуу тор атты,
Кудайым берген Зыйнатты,
Курдашың балдар ичинде,
Бир гана уулум суратты.
Жалгызым алган жалаңкыч,
Жетти бир бекен максатка,
Ойлономун боло албайм.
Ойлоп-ойлоп олтурсам,
Кулунум деп сыздасам,
Отурсам жерден кобо албайм,
Кайрат кылам болор албайм.
Санап-санап отурсам,
Жалгызым деп сыздасам.
Зал болуп жерден кобо албайм,
Эсил бир жалгыз макулум,
Эс үйрөтөр акылым,
Акылым кетти эсимден,
Кебим бир кетти оозумдан,
Жалгызым кетти колумдан.
Жаңы арыктуу кыядан,
Жалгыз уул элең уядан.
Жаңы арык кыя бузулду,
Жалгыз уул жерге коюлду.
Жалгыз уулдан ажырап,Карыганда мен атаң,
Кара эле көзүм оюлду.
Будуруктуу кыядан,
Бир уул элең уядан,
Будурук кыя бузулду,
Бир уулум жерге коголду.
Бир уулумдан ажырап,
Бугуруган мен атаң,
Бир гана көзүм оюлду.
Эмилдүү булак эки ай суу,
Эрибей жатып муздады.
Эс үйрөтөр акылым,
Эси кеткен мен атаң,
Кулунум деп сыздады.
Кайыңдуу булак кашка суу,
Кашкайып жатып муздады.
Кеп үйрөтөөр акылым,
Карыганда мен атаң,
Каралдым деп сыздады.
Изине илбирс жатаарбы,
Илбирсти кудай атаарбы,
Каралдым уулдан ажырап,
Карыган шордуу мен атаң,
Ырысым мындай катаарбы.
Жолуна жолборс жатаарбы,
Жолборсту кудай атаарбы,
Кулунумдан ажырап,
Куруп калган мен атаң,
Шорум бир мындай катаарбы.
Карарып жаткан чок беле.
Кан эгем берген дарт беле,
Кагылайын каралдым,
Мени эле коюп сени алды,Мен курган атаң не калдым?
Айланайын кулунум,
Ажалым жетип мен барсам,
Колтуктап сүйөп колумдан,
Тосуп бир алчы жолумдан,
Күйгөн менен айла жок,
Куран менен аяттан башка пайда жок!

Ой-пикирлер