Кирүү

Анттан коркуу (жан берүүдөн)

Кыргыздар анттан (жан берүүдөн) эң жаман корккон. Ак ишке бирөө жан берсе ал тез аранын ичинде эле бир чоң зыянга учурап, бала-чакасынан майып болуп, кайсы бир учурда өзү да өлүп калган учурлар болгон. Чындык ишке да жан бербестен мал эле берип кутулууга аракет кылган. Бир урууга бир кишинин касамы суралса, ал кишинин өзүнө билдирбестен бир дөңгө алып барып түшүрүп, доо алуучулар жагына көргөзгөн.

Касам бергени ошол болот экен, жан берүүгө алып баргандыгын билгенде чочуп кетип, үйүнө ооруп түшүп өлгөн учурлар болгон. "Жан бергендин жанына турба" деген сөз таасирлүү түрдө айтылган. Жан берилсе доо атказ болгон. Ата-бабанын арбагы урсун, арбакка койдум деп карганган. Арбакка урунду деген, арбактан катуу корккон.

Ой-пикирлер