Кирүү

Бир кемпирдин абышкасын жоктогон кошогу

Ийри-Сууну бойлогон,
Ителги салып ойногон.
Кара-Сууну бойлогон,
Карчыга салып ойногон.
Карала каймал жетелеп,
Как талаадан өтпөй кал.
Каралдыңды калтырып,
Какшатып таштап кетпей кал.
Бозала каймал жетелеп,
Боз талаадан өтпөй кал.
Араң көргөн балаңда,
Бозортуп таштап кетпей кал.
Карадан кылган желдигиң,
Аман болсун эмдигиң.
Карадан кылган желдигиң,
Кубат болсун эмдигиң.
Курандын сөзүн байкаңыз,
Кутмандуу болсун аркаңыз.Төө баласы басаган,
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Шум кара жер ашаган.
Нар баласы басаган,
Ай ааламдын баарысын,
Бул кара жер ашаган.
Ашаган менен тоёбу,
Өлүм азайтканын коёбу.
Өлүм деген өрт экен,
Өзөккө түшкөн дарт экен.
Өлбөймүн деген жалганда,
Күнөкөрлүү мас экен.
Жабыгынан ай өткөн,
Жалпы атасы бай өткөн.
Түндүгүнөн ай өткөн,
Түпкү атасы бай өткөн.
Ак-Суу районунан.
Кыргыз оозеки эл чыгармачылыгынан.

Ой-пикирлер