Кирүү

Витаминдин жетишсиздиги

Витаминдин жетишсиздиги

Авитаминоз (а … жана витаминдери) – организмге керектүү витаминдери жок сапатсыз тамак-аш менен узак убакыт тамактануудан болуучу ооруу. Мисалы, А витамини жетишсиздигинен көздүн көрүүсү начарлайт. Эгер организмде С витамини жок болсо, цинга, Д витамини жетишпесе итий менен ооруйт. Мындан башка да организмде бир нече витаминдин тобунун жетишсиздиги (полиавитаминоз) байкалат. Булардын жетишсиздигинен органимдин сырткы шарттарынын зыяндуу таасирлерине туруктуулугу начарлайт. Авитаминоз оорусун алдын алууда организм үчүн керектүү болгон витаминге бай тамак-аш менен тамактанып, таза абада көп жүрүү керек. Авитаминоздор – малдын жана башка айбандардын организминде көп убакытка витаминдер жетишпегендиктен пайда болуучу ылаңдар. Эгерде ылаң организмде витаминдердин мүчүлүштүгүнөн чыкса – гиповитаминоз, бир гана түрдүү витамин жетишпесе- моноавитаминоз, бир нече түрү кемчил болсо, полиавитаминоз деп аталат. Витаминдердин жетишсиздигине жараша төмөнкү авитаминоздор кезигет: А-авитаминоз, В- авитаминоз, С- авитаминоз, Д- авитаминоз, Е- авитаминоз, К- авитаминоз, Н- авитаминоз, РР-авитаминоз, А- авитаминоз (май ичме) жем, чөптө каротин затынын кемчилигинен же жоктугунан пайда болот. Ылаңдаган малдын көзүнөн ириң куюлуп, чарасы бөксөрүп, кечке жуук көрбөй калат. Ылаңга чалдыккан музоо, кулун, козу, улак ж.б. бою өспөй, бүрүшүп, баса албай, ичи өтүп арыктайт. В – авитаминоз – "В" тобундагы витаминдердин организмде жетишсиздигинен чыккан ылаң. В- авитаминоз менен чочко, ит жана куштар ооруйт. РР- авитаминоз- торопойдун, күчүктүн жана жөжөнүн оорусу. С-авитаминоз (скорбут, цинга) менен ооругандар чочко, ит, илбээсин, анда –санда жылкы ооруйт. Д-авитаминоз (итий) – организмде Д витамининин жетишсиздигинен чыккан өнөкөт оору. Е- авитаминоз – рациондо Е – витамининин кем же жоктугунан чыгуучу оору.

Ой-пикирлер