Кирүү

Кыргызстандын эс алуу жайлары

Кыргызстандын эс алуу жайлары

Кыргызстан табигый жаратылыш ресурстарына бай. Табияттын кооздугу, суусунун тазалыгы жана дарылуулугу, сонун пляжы, туризм жана альпинизмге ылайыктуу факторлордун көптүгү республикада рекрециянын кеңири кулач жайып өнүгүшүнө шарт түзөт. Ыңгайлуу рельефи, көлү жана суу сактагычтар, ошондой эле транспорттук магистралдын ыңгайлуулугу курорт, санаторий, эс алуу жайларынын курулушун шарттайт. Бизде көптөгөн эс алуу жайлары бар. Арсланбап эс алуу жайы Кыргызстандын түштүгүндө, Жалал-Абад шаарынан 60км. аралыкта жайгашкан. Базар-Коргон районунда, Арстанбап айылына жакын. Бабаш-Ата кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1700м. бийикте. Республикадагы кооз жер Арсланбап өрөөнүндө, жаңгак токоюнун арасында жайгашкан. Жаңгак токою тоонун бардык капталдарында өсөт. Мында жаңгак аралаш арча, алмурут, карагат, айвасари, изирик ж.б. мөмө-жемиш дарактары, ошондой эле шилби, ит мурун, аса-муса, карагат, ыргай асыш өсөт. Эс алуу жайы 1980- жылы негизделген. Пансионат 500 орундуу. Үй-бүлөө менен эс алган бардык шарттары бар. Бул аймакта балдардын эс алуу жайы жана спорт, ден-соолукту чыңдоочу жайлар бар. Ош эс алуу үйү. Ош шаарынын чыгыш тарабында деңиз деңгээлинен 1175 бийиктикте жайгашкан. Жайында иштейт (750 орундуу). Эс алуу үйү шаардын четинде эле жайгашкандыктан автобус жакшы каттайт. Аймагы 24га. жакшы жашылдандырылган, Ак-Бура дарыясы жакын болгондуктан, климатка таасирин тийгизип, эс алууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Ой-пикирлер



2020-08-31
Элиза
Мен кубанычтамын кыргыз тилинде макалалар жуктолгонуно, дагы болсо кобуроок жуктолсо дейт элем.
2020-02-03
шерзат тургунбаев
Сонун