Кирүү

Күн жана аба ваннасы

Күн жана аба ваннасы

Күн ваннасы биздин жашообузда чоң таасирин тийгизет, организмибиздин тышкы чөйрөгө туруктуулугун көбөйтөт. Биздин органзмибиздин нормалдуу иштешине ультра фиолетовый нурлары чоң таасир берет. Нурлардын жардамы менен көптөгөн организимибиздин көптөгөн керексиз микроорганизмдер өлөт. Күн нурунун таасири менен жаш балдардын организминде зат алмашуу жакшы жүрөт, нерв системасы бекемделет, артериалык давлениеси түшөт, кан жүрүү процесси жакшырат. Күн ваннасы эртең мененки саат 10-дон 12-ге чейин түштөн кийин 16-00 дон 18-ге чейинки убакыттарда, тамактангандан кийин 1,5-2 саат өткөндөн кийин колдонуш керек. Күн ваннасы 5 минутадан 1 саатка чейин колдонулат. Бул процедура атайын жасалган тапчандарда өткөрүлөт. Бала бүт толку бою менен күнгө какталып, башын полотенце менен жабат. Күн нурунун таасири менен денеде загар пайда болот. Бирок катуу күйүүнүн таасиринде биринчи же экинчи степендеги күйүк алышы мүмкүн. Закаливаниенин эң эле ыңгайлуу жана жеңил түрү бул аба ваннасы. Аба ваннасын бардык эле мезгилде колдоно берсе болот. Кыймылдын жардамы менен организмде өзгөрүүлөр жүрөт жана кан тамыры кеңейет, кайра кичинерет. Бул процедураны чоң комнатада өткөрсө болот. Ал үчүн комнатанын терезелерин ачып, комнатанын температурасы +180С болуш керек, акырындап температурасын 1-20 тан түшүрүп 140С чейин жетет. Убактысы 15 минута, акырындап күндө 2-3 минута кошуп турабыз. Кышкысын, күзүндө жабык помешениелерде, ал эми жайкысын, жазында таза абада.

Ой-пикирлер