Кирүү

Ибн Сина

Ибн Сина

Ибн Сина Абу Али Хусейин ибн Абдаллах (латындашкан аты - Авиценна, 980. Бyxapara жакын Афшана кыш.—18.6.1037, Хамадан) – Орто Aзия элдеринин атактуу илимпозу, философ, дарыгер акын. Бухарада окуп, араб, перс, инди, античный мад-тын жана илим-билимин терең өздөштүргөн. 17 жашында илимпоз жана дарыгер катары таанылып, 1002-ж. Хорезмде, 1012-жылдан Иранда шахтын дарыгери жана вазири болгон. Ибн Сина өз доорунун энциклопедист илимпозу болгон. Анын илим-билимдин бардык тармагы боюнча жазган 280 ден ашуун эмгегинин 160 ка жакыны бизге жеткен. Негизги философиялык чыгармалары: "Шыпаа китеби", "Нускоо жана насаат ките-би", "Илим-билим китеби" ж. б. Ибн Сина аларда Аристотелдин философиясын өөрчүтүп, айрым учурда неоплатонизмдин элементтерин пайдаланган. Ал бытиени бир эмес, эки бөлөк (материалдык жана идеалдык) негизден чыгарган, дүйнө кудайдын кудуретинен эмес, зарылдыктан пайда болуп, материалдык мүнөзгө ээ экенин жана түбөлүк жашай турганын айткан. Бул идея исламдын жобосуна кайчы келип, динчилер Ибн Сина кайрыдин деп айыпташкан. Ибн Синанын философия жана табият илимдери боюнча трактаттары Батыш менен Чыгышта көп кылымдар бою барктуу болгон. Ибн Синанын прогрессчил көз карашы медициналык эмгектеринде да кеңири орун алган. Анын ысмы атактуу Гиппократ менен Галендин катарында турат. 50дөн ашык китебинин ичинен Ибн Синаны дарыгер катары дүйнөгө атын чыгарган эмгеги—"Медицина канону". "Дарыгерлик илимдин канону" деген эмгеги латынча 30га жакын жолу басылган. Аны европалык илимпоздор атайы үйрөнүп, коментарийлер жазган. Бул — орто кылымдагы батыш европалык медицинанын өсүшүнө Чыгыштын тийгизген таасири ачык күбө. "Канондо" медицина теориясы, адамдын анатомиясынын негиздери, ар түрдүү оорулардын себептери жана белгилери, тамактануу эрежелери жөнүндө айтылат. Ибн Сина суу жана аба аркылуу жугуучу көрүнбөгөн козгогучтар (инфекциялар) жөнүндө гипотезаны Пастерден сегиз кылым мурун айткан. Анын айрым медициналык идеялары азыр да маанисин жогото элек.

Ибн Сина Абу Али Хусейин ибн Абдаллах (латындашкан аты - Авиценна, 980. Бyxapara жакын Афшана кыш.—18.6.1037, Хамадан) – Орто Aзия элдеринин атактуу илимпозу, философ, дарыгер акын.
Ой-пикирлер