Кирүү

УРКУЯ САЛИЕВА

Салиева Уркуя 1910-жылы азыркы Ноокат районунун Мүркүт кыштагында туулган. Совет бийлигин чындоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кызкелиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928 -жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929 -жылы райондогу алгачкы "Кызьшаскер" колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.Тап душмандарынын колунан курман болгон. Бишкек жана Ош шаарларында көчөлөргө, Оштогу орто мектепке Уркуя Салиеванын ысымы берилген. Ал жөнүн дө Насирдин Байтемиров "Тарых эстелиги" деген докумен талдуу тарыхый роман жазган, "Уркуя" аттуу көркөм фильм 1971-жылы тартылган. Туулупөскөн кыштагында жана Бишкекте эстелиги тургузулган.

Ой-пикирлер



2021-11-20
Айнура
Көбүрөөк чыгарса биздин чыгаан кыйын энелерибиз жөнүндө