Кирүү

Риторика. Риторика илими

Риторикаилими гуманитардык илимдердин ичинен эң бир кызыктуу, керектүү жана татаал предмет катары саналат.Риторикабул -өтө кеңири көлөмдөгү темаларды , атап айтканда, риториканын пайда болуу тарыхынан баштап, элдин алдында сүйлөө же бирөөлөр менен баарлашуу мезгилинде чечендер (ораторлор) өздөрүн кандай алып жүрүүсүн, кеп адебин, сүйлөшүү маданиятынын этикеттерин, оозеки, жазуу байланыштуу кептин норма-эрежелерин, чечендик өнөргө ээ болуунун жол-жоболорун окутуп-үйрөтүүчү илим.

Риториканыокутуп-үйрөтүүдө "кеп маданиятына" (9,22,30,33,34,41,42,69,79,83,85) айрыкча маани берүү зарыл. Анткени чечендик өнөр адабий-тилдик эрежелерди мыкты билүүнү, туура, так, сабаттуу, логикалуу, орундуу, негиздүү, далилдүү сүйлөй алууну талап кылат. Риторика сөздөрдү кеңири пайдалануу менен сүйлөмдөрдү туура түзүүгө, сөздөрдүн образдуулугун, көркөмдүүлүгүн, кооздугун таанып билүү менен, стилдик каталарды кетирбөөгө үйрөтөт.Өзүнүн тилдик, кептик маданий деңгээлин жогорулатам деген ар бир адам риториканы окуп-үйрөнүүсү зарыл.

Азыркы кездеги риторика туура, так, сабаттуу, негиздүү, көркөм, далилдүү сүйлөөгө жана жазууга үйрөтөт. Бул жагынан да алайрыкча мектептин ортоңку жана жогорку класстары үчүн өтө зарыл болгон ,кыргыз тилин окутууда анча көңүл бөлүнбөй жаткан "кеп маданияты" (33,41,69) бөлүмү менен тыгыз байланышып кетет.

Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын туу чокусу, "сөз өнөрүнүн жеткен жери" (С.Закиров) болуп саналат. "Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн — чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет" (57. 352). Илгертеден айтылып келаткан "өнөр алды — кызыл тил" деген сөз, ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. "Чечен сөздөр багытталган жакка карата октой таамай, учкул тизмектеле ыргактуу, ары көркөм, өз сөзүнө өзү жооп бере алгыдай далилдүү, так кесе айтылат. Ак-караны ажырата, терең, жүйөлүү айтылган сөздөн, же жооптон, ошол адамдын бар дарамети таасын көрүнүп турган (57. 352).

Чечендик өнөр — адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз байланыштуу келип, эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайга кабылып, өзүнүн логикасын, өз күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн, изденүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанат. "Сүйлөй, сүйлөй — чечен болот" деген кеп бар элде. Окумуштуу, белгилүү тилчи, профессор Ж. Мукамбаев: " Эл чечен — деп, сүйлөгөн кезде илхамы келе түшкөн, эч кандай кагаз, карандашсыз шар сүйлөгөн, токтоосуз жооп тапкан, импровизаторлук менен куюлуштурган, үнү да, кеби да коңур келген, сөздөрү уккулуктуу, мазмундуу чыккан адамды айтышкан" (67.189) — деп жазат. "Чечендер сөздү тез тапкандыгы, таамай айтууга чебердиги, кырдалды тез түшүнгөндүгү, сезгичтиги менен башкалардан айырмаланат" (61.196).

"Риторика"деген термин грек тилинен которулганда "чечендик өнөр" (ораторское искусство) дегенди туюндурат."Риторикафилологиялык илим катары кызыл тилдеги, чечендик өнөрдөгү (оратордук искусстводогу), кептин ачыктыгына, тактыгына, көркөмдүүлүгүнө, уккулуктуулугуна жетиштирүүчү, анын ыкмаларын үйрөтүүчү илим". (28. 149-160)

Риторика бир нече кылымдык тарыхы бар дайыма өнүгүп өзгөрүп толукталып келе жаткан илим Чечендик өнөр Риторика логика психология этика эстетика тарых тил илимдери менен тыгыз байланышта

Риторикада кептин композициялык түзүлүшү сүйлөú учурундагы ымдоо, жаңдоолор мимика, жесттер да маанилүү орунду ээлейт

Бирок 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап, совет өкмөтү мезгилинде чечендик кеп проблемасы өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, риторика жогорку окуу жайларында жана мектепте окутулбай калган. Анткени тоталитардык заманда риторика өзүнүн маанисинен ажырап, оратор менен аудиториянын жандуу карым-катнашы ишке ашпай калган. Мунун дагы бир себеби сүйлөй турган адам тигил же бул мекеме тарабынан мурдатан даярдалган жана бекитилген, эч кандай өзгөрүүсүз, анын чегинен чыга албай турган текст боюнча гана чыгып сүйлөгөн. Оратор ээн-эркин сүйлөө укугуна ээ боло албай, анын сөзү катуу цензурага туш болгон.Бул докладчыны жекече, эркин ой жүгүртүү менен өз оюндагысын айтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Демек ошентип, кызыл тил, чечендик кеп, оратордук жөнүндөгү илим эч кимге керексиз болуп калган. Бул мезгилде жалпы элдин сабатсыздыгын жоюу иши ийгиликтерге жетишкендиги менен сүйлөшүү этикети, кеп маданияты төмөнкү деңгээлге түшкөн:

- мектептерде чечендик искусствосу, риторика окутулбаган;

- кооз, көркөм, туура, так сүйлөөгө үйрөтүлбөгөн

Ал эми азыркы демократиялык коомдо оратор ээн эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал аудиториянын көңүлүн өзүнө буруу менен угуучулар үчүн өзүнүн сөзүн кызыктуу кылуу менен өзүнүн сөзүнүн акыйкаттуулугуна угармандарды ынандыра билүүсү зарыл. Ораторго өзүнүн докладын чыгармачылык менен даярдоого туура келет. Бул үчүн риториканын бардык алдыңкы үлгүлөрүн, сырларын билүүсү зарыл.

Бүгүнкү күндө риторикага карата кызыгуу кайрадан жанданып, бул предмет айрым мектептерде окутулуп жатат. Ошондой эле, кеп маданияты анын ажырагыз бир бөлүмү катары саналууда. Риторика бүгүнкү күндө Россиянын окуу жайларынын баарында ал түгүл техникалык факультеттерде да окутулууда .Ошондой эле, эмимектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы бүтүрүү экзамендеринде бүтүрүүчүлөрдүн кеп маданиятына да өзгөчө көңүл буруу менен бул боюнча суроо-тапшырмаларды тесттерге да киргизүү маселеси каралууда.

Азыркы учурда мектептин алдында жооптуу милдет бул - замандын талабына шайкеш келген, ар тараптан өнүккөн, чыгармачыл жаш муундарды, өз мекенинин чыныгы атуулдарын окутуп-тарбиялоо болуп саналатгандыктан, бул милдетти ишке ашырууда албетте, биринчи кезекте окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу менен бирге эле сүйлөө маданиятына, кеп адебине, кепкорлук, сөзмөрлүк чечендик ыкмаларга машыктыруу маселеси биринчи орунда турат.

1.1. Байыркы Грецияда жана Римде риторика илиминин пайда болушу жана өнүгүшү

Байыркы Греция чечендик өнөрдүн эң тунгуч уюшулган мекени катары таанылган. Биздин эрага чейин эле эле байыркы гректердечечендик искусство деген эмне экендиги, анын кандай ыкмалары, түрлөрү болору, жалпы эле маани-маңызы аныкталган. "Ал үч өзгөчөлүктөн, т. а. багыттаган оюн — козгоодон, анын маанисин — чечмелөөдөн жана ой корутундусун элге далилдүү жеткире билүүдөн турган. Алгачкы риториктер катары Динарх, Гиперид, Горгий, Исократ, Эсхил, Филократ жана айрыкча Демосфен ж.б. саналган." (57.352-353). Булар риториканын ыкмаларынын негизинде чечмелөө, далилдөө сыяктуу логиканын мыйзамдарын жакшы пайдаланып, көбүнчө оозеки сүйлөөгө устат болушкан. "Тил чеберлерининийгиликтерге жетиши -сөздөрүн фактылар менен бекемдеп сүйлөгөн кылдаттыгы, талуу жерден кармап, сын кое билген тапкычтыгы менен айырмаланган". (57.353). Алардын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Протагор, Горгий, Сократ, Платон, Аристотель ж. б. кирет. Протагор ар дайым сөз айтышына түшкөн, пикир талашууну баштаган чечен,риторика өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири катары эсептелет.Платон чечендикти акылмандык менен тең катары карап,"элдик туура чечимдин, билимдин жана калыстыктын башаты — риторикада жатат" (Апресян Г.С.12) деген.

Демокрит сөздүн келип чыгыш тарыхы, аткарган функциясы туурасында баалуу ойлорун айткан. Гениалдуу ойчул Аристотель тил өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон, риторика боюнча көп жазган, энциклопедиялык аң-сезими бар мыкты лектор болгон. Ал "сөздүн максатына жетип, так жана түшүнүктүү болуусу бул - чечендик искусствонун биринчи талабы, стилдин ийгилиги тактыкта, билимиңдин зор экендигин таасын көрсөтүп турган сөз жакшы" (57.354) деген.

Риторика биздин эрага чейин 5-кылымда байыркы Грецияда пайда болуп, "бардык илимдердин ханышасы" катары эсептелинген. Платон жана анын окуучусу Аристотелдинкызыл тил тууралуу ой жүгүртүүлөрү бүгүнкү күнү дагы өз маанисин жоготкон жок. Риторика илиминин өнүгүү тарыхынын бардык учурунда анын мааниси өркүндөп, ар кыл мезгилдерде бул илимдин ар кыл алдыңкы,үлгүлүү жактары биринчи планга чыгып келген.

Байыркы Греция өңдүү эле риторика искусствосунун өнүгүшүно байыркы Рим да зор салымын кошкон. Буга Демосфендин жолун жолдогон Марк Тулий Цицеронду, Корнелий Тацит, Стаций Цецилий ж. б. кошсок болот.

Байыркы Римде риторика биздин замандын биринчи кылымындаөзгөчө өркүндөп өскөн. Белгилүү оратор, саясатчы жана жазуучу Марк Туллий Цицерон жана анын "Оратор" деген чыгармасыбүткүл Европа элинин маданиятына күчтүү таасирин тийгизген. Эгер байыркы гректердин доорундариториканын жетектөөчү идеясы же формуласы катары "ынандыра билүү искусствосу" ("искусство убеждать")саналса, ал эми римдик кызыл тил теориясында эң негизгиси"жакшы сүйлөө искусствосу" болуп саналган.

Байыркы Грецияда коомдук саясий өнүгүүдөкеңири массага таасир этүү үчүн саясий күрөшкөтүшкөн түрдүү партиялардын кармашууларынын натыйжасында, алардын ар кимиси өздөрүнүн ойлорун далилдөө максатында талаш тартыш, диспуттарды, ар кыл ыкма, усулдарды пайдаланышкандыгынын жыйынтыгынан уламбара бара риторика илими пайда болгон.

"Байыркы Грецияда негизинен үч түзүлүш болгон(элдик жыйналыш, беш жүздүк жана сот). Элдик жыйналыш мамлекеттин эң жогорку органы он күндөбирден чогулуп, мамлекеттик олуттуу иштерди кеңешеип чечип турушкан. Жыйналышта ортого чыккан адамдар өздөрүнүн орундуу, далилдүү сөздөрү менен отургандарды ынандырып, алардын акылэсине гана эмес, эмоция, сезимдерине да күчтүү таасир калтырып, бара бара мамлекеттин ишт ерине аралашып, "оратор" деген наамга ээ болушкан" (53.8)

"Оратор - көпчүлүктүн алдында чыгып сүйлөгөн, чечен, сөзгө уста киши" (95.484). Оратор латын тилинен которгондо сүйлөөдегенди туюндурат. Оратордук өнөр бул - сөздүн кудурет - күчү м ененкыйын кырдаалдардан чыгып кеткен сөз багып, сөзгө маани берген, сөзгө уста, чечен, сөзмөр, кепкор, көпчүлүк эл алдында таамай, так, курч, ачык, далилдүү да, көркөм да, логикалуу да сүйлөй билген акылман адамдарга таандык

Ошондой эле, байыркы Грецияда жогорудагыдай элдик жыйындарга күнөúөлүүлөрдүн иштери коюлуп, сот ишке ашкан. Адис айыптоочулардын (прокурор) жоктугуна байланыштуу айыптоочунун ролун бардык катышкан адамдар аткара беришкен. Ал эми күнөкөр элдин алдында өзүн актап, элдин көңүлүн өзүнөбуруу үчүн ар кыл ыкмаларды колдонгон. Эгер ал үй бүлөлүү болсо аялын, балдарын ортого чыгарып, элдин аларга боор ооруусун күткөн. Жоокер болсо согушта алган жаракаттарын көрсөткөн. Афинада соттун мүчөлөрү беш жүз адам болсо, элдик жыйналышка келгендердин саны алты миңден ашкан. Ошончолук көпчүлүктүн алдында сүйлөөалдбетте, чечендикти талап кылган. Ошол учурда чукугандай сөз тапкан, оратордук өнөрү бар адамдардан атайын жардам сурашкан.Сүйлөнүүчү сөздү атайын жазып берген оратор адамдар"логографтар" (53. 9.) деп аталган

Демек, риториканын атайын илим катары түптөлүүсүнөжана оратор, чечендердин, ораторлук өнөрдүн,ораторлордун эл арасында пайда болуп өнүгүүсүндөбайыркы Грециянын коомдук жашоосу табигый түрткү болгон деп айтууга толук негиз бар.

Грециядагы ошондой риторика илимин негиздеген ораторлор катары Лисий, Горгий, Демосфен, Исократ (байыркы Грек публицисти Сократтын окуучусу) ж.б.ларды атасак болот. Грецияда дагы бир катар ораторлор өсүп чыккан бирок алардын эмгектери да, ысымдары да сакталып калбаган.

Грек ораторлору тууралуу толук маалымат Рим оратору Марк Туллий Цицерондун"Брут" же"Ораторлор туурасында" аттуу трактатында(53.26-29) берилген.

Исократ мыкты логограф болгон бирок эч убакта эл алдында чыгып сүйлөбөгөн. Чечендик өнөр боюнча атайын мектеп ачып, балдарды окуткан. "Табиятынан таланттуу, билимдүү, үзгүлтүксүзтажрыйбага ээ болгон адам ганаоратор боло алат" (53.10.) деген. Исократтын жазган тексттери өзгөчөдалилдүүлүгү, аргументтүүлүгү м енен айырмаланган.

Лисийдин эки жүздөн ашуун кеби сакталып,кыркка жакыны бизге жеткен. Алар көркөмдүүлүгү, мазмундуулугу, Афина тууралуу тарыхый маалымат калтыргандыгы менен кайталангыс эмгек болуп саналат.

Горгий ораторлук өнөрдүн теоретиги жана окутуучусу. Риторика боюнча биринчи китепти жазышкан. Ал уккулуктуу, мазмундуу,жалындуу сөздөрү менен элдин эс инде сакталган жана ага эстелик да тургузулган. Ал эстелик он тогузунчу кылымдагы археологиялык казууларда табылган. "Касыңдын далилдерин тамаша менен четке как, ал эми анын тамашаларына олуттуулук менен мамиле жаса деген" сөздөрү гана эл арасында айтылып калбаса,башка тексттери сакталбаган. Ал мыкты оратор катары практик гана эмес, чечендик өнөрдүн теоретиги да болгон. Андан байлардын балдары чечендикке үйрөнүшкөн. Риторика боюнча биринчи китеп жазуу менен алгачкы ирет риторлордун мектебин ачкан.

Чечендик искусствонун эң ири өкүлдөрүнүн бири катары биздин эрага чейин 384-322-жылдары жашаган укук коргоочу судья, элдик патриот, саясий лидер — Демосфен болгон. Бала чагынан ден-соолугу начар, тили тантык, ийнинин калчылдак экенине карабай, көшөрө намыстанып, тынымсыз көнүгүүнүн натыйжасында бардык мүчүлүштүктөрүнөн арылып, тил чеберлеринин эң алдыңкы катарына чыккан (25. Бонар. А). Өзүнүн теңдешсиз устаттыгы менен Демосфен чечендер элитасынын алгачкы атактууларынын биринчи жылдызы аталып калган. Ал сүйлөгөндө сөздүн иретин бузбай, ар качан далилдүү, чукугандай сөз таап элди кумарланта, угуучуларга күчтүү таасир калтыра, кыска сүйлөгөн. "Чоң психолог болгондуктан, анын элге берген баалары типтештирилген көркөм жалпылоо катары кабыл алынып кеткен. Анын сүйлөөдөгү артыкчылыктарынанчет жактагыларга чейинки (айрыкча Римде) ар кыл муундагы сөз чеберлери үлгү алышкан" (57. 353.).

Демосфен саясий риториканын атасы. Байдын уулу болуп, оратор Исейден билим алган. Эрте жетим калып, мал мүлкүн талап кетишкен. Анын биринчи кеби дал ошол алдамчы адамдарга арналып, сотто жеңишке ээ болгон. Ал бала чагында кекеч, чулдур болуп, үнү акырын чыккан.Өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен мыкты кепке жетишкен. Мисалы, үнүн катуулатуу,чулдурун жоготуу үчүн майда таштарды оозуна салып, сүйлөпмашыккан. Катуу аккан суунун боюнда декламацияларды, тексттерди кыйкырып айтып машыккан. Сол жак ийини кыймылдап тургандыктан, бурчка кылычты илип коюп, түз туруп сүйлөөгө көнүккөн. Чечендик өнөрүн соттук риторика менен баштап, кийин Афинанын саясий жашоосуна аралашып, саясий риторикага кирип кеткен. Цицерон анын соттук чечендигине жогору баа берген. Демосфендин кырктан ашуун сөзү азыркы күнгө жеткен. Ал македониялыктардын баскынчылык саясатына каршы туруп, Афинанын көз карандысыздыгын коргогон. Эл алдында сүйлөөгөатайын даярданган. Ұн, ымдоо,жаңдоого басым жасаган.

"Кеби көркөмдүү,мазмундуу, бай болуусу үчүн синонимдерди, метафораларды ыктуу колдонгон. Анын негизги ыкмасы -сүйлөп жатып тыныгуу жасоо. Кунт коюп угуп жаткан угуучулар кепти андан ары улап кетишкен. Анын чечендигин ал түгүл душмандары да жогору баалашкан" (53. 14).

Аристотель "Риторика" аттуу эмгегинде (53.14-15) оратор катары риторика илиминде ар бир жагдай, шарт, кырдаалга жараша ишенимдүү сүйлөөгөбасым жасаган.Риториканы "ишенимдүү сүйлөй билүү өнөрү катары диалектикага жакын илим"(37) деген.Диалектика чындыкты изилдөөүчүн ой жүгүртүү жана аңгемелешүүгөтаянат. Аңгемелешүү эки тараптуу болгондуктан, т.а. аңгемелешүүгөэки же андан көп адамдар катышкандыктан, өз пикириңди коргоо жана сөздү ишенимдүү айтууда, кимдир бирөөн, коргоодо же каралоодо ар бир адам өз стилин, өз манерасын сактоосу зарыл. Мына ушулар риторика илиминин эң башкы категориялары экендигин ал өз эмгегинде далилдеген. "Ал эмгеги үч китептен турган: 1- китепте: оратордук өнөрдүн эң маанилүү критерийи болгон далил, далилди табуу жана түшүндүрүүмаселеси каралган.

Сүйлөнүүчү сөздүн мазмунуна жараша кепти үч түргөбөлгөн

Түрдүү жыйналыштарда сүйлөнүүчү сөздөр

Сотто сүйлөнүүчү сөздөр

Жакшылык тойлордо жана жамандыктарда (Мисалы, өлүк коюуда сүйлөнүүчү сөздөр

Бул бөлүштүрүү бүгүнкү күндө да айрым эмгектерде сакталууда. Мисалы, "1970-жылы чыккан Г.З. Апресяндын "Ораторское искуссство"(12) деген эмгегинде ораторлук өнөрдүн төмөнкү түрлөрү берилген:социалдык саясий чечендик; академиялык чечендик; соттук чечендик; социалдыктурмуштук кеп; диний сөздөр.

Аристотель айрыкча соттук чечендикке токтолгон. Анын эмгегинде көбүнчө риторика менен эстетиканын байланышына айрыкча токтолгон. Эстетиканын кооздук категориясы оратордун өзүндө жана анын сөзүндө сакталуусун талап кылат да, далилдөө, ачуулануу, талашуу, сүйүнүүбулардын баары чечендин түрдүү жагдайларда туш боло турган проблемасы экендигин, сүйлөп жаткан учурда аларды кантип жөнгө салуу керектигин чечмелейт. 2 - китепте:оратордун сөзүнүн ынанымдуулугун арттыруу маселеси каралган. Мисалы, алгачирет сүйлөөчү өзүн уга турган аудитория менен байланыш түзүүсү зарыл. Андан кийин гана кебин ишенимдүү, далилдүү сүйлөөсү зарыл.

Эгерде түздөн түз байланыштуу болбосо, оратор (оратор дегенибиз саясатчы да, окутуучу да болушу мүмкүн) үчүн кыйын абал туулат.

Угуучулар кызыкпаса, тексттин мазмуну начар болсо, анда айтылган кеп өз максатына жетпейт. Ушундан улам Аристотель ораторго жардам берүүчү үч негизги нерсени сунуш к

1 – чийме:

Оратор үчүн эмне керек?

Алгач угуучулар менен тил табышып, жагымдуу жагдай түзүү. АНдан соң аларга чын дилден мамиле жасоо, карама каршылыктар болсо аларды четтетүү. Жана эң негизгиси текст мыкты болуусу шарт. 3 - китебинде: кептин композициясы, баалуулугу, көркөмдүүлүгү жана стилдер изилденилген" (53. 15-18.).

Аристотель мыкты оратор болбосо да риториканы изилдөөчү окумуштуу катары риторика илиминин тарыхында калды.

Ой-пикирлер



2020-02-05
Асыл
Риторика илими боюнча жакшы маалымат экен.Ораторлукка уйротуунун жолдору болсо кетирсенер.