Кирүү

Ата журттун бир ууч топурагы

Ата журттун бир ууч топурагы

Бир ууч топурактын эмне деген касиети, күчү бар?

Чабалекей кең ааламдан күнүгө таруудай топуракты мээнет менен ташып келет. Бир ууч топуракка уя салат. Мекенин жат көздөн коргойт, балапан чыгарып, анысын кайдадыр алыска учуруп кетет. Акыры ааламды кыдырып, тоолордун, талаалардын, булуттардын үстүнөн учуп жүрүп, келерки жылы да жыт сиңген эски уясын таап, ага караан тутуп кайра келет.

Бир ууч топурактан куштардын мекени курулат экен.

Замандаш, "бир ууч топурак" деген сөз алдына "Ата Журт" деген сөздү кошо коёлу. Эмелеки шыддыр сөз, кыргызга аземи күчтүү ыйык сөз болуп чыга келет: "Ата Журттун бир ууч топурагы".

Санжырачы акылман абышкалардын сөзүн тындасак: көл бир тамчы суудан толот. Күү болсо, бир кайрыктан чертилет. Токой бир талдан курулат. Кылым бир күндөн түзүлөт. Ал эми Ата Журттун тулку денеси кымындай бир ууч топурактан курулат да.

Жумурай журт жек көргөн баласына бир ууч топурак салбай коюшкан бир адам жөнүндө мобереки болумушту айтышат. Жигит эл башына түшкөн жоодон качыптыр. Жоо кеткенче тоодо жатып, эл аягы тынчыганда жылып, айылга түшүптүр. Анын энесин душман кылычтап кетиптир. Өлүм алдында жаткан энесине бала келет.

Эмне жоо менен кармашкан түрүң көрүнбөйт, балам. Эч бир жарадар болбодуңбу?

Жок,дейтуулу.

Эр жигит болсоң, душмандан жарадар болот элең. Жок дегенде бир кылыч тиет эле. Бетиңди чийген из да жок. Сен коркоктук кылып, душмандан качыпсың, дейт энеси. Мен өлгөндө мүрзөмө бир ууч топурак салбай эле кой!

Энесин көмгөндөн кийин, баягы душмандан корккон жигит да ооруп калып, тез эле өлдү. Аны айылдагьшардын эч кимиси бир ууч топурак салбаи, көөмп коюшту. Бир аздан кийин энеге, элге жек көрүндү болгон уулду жер койнуна албай, жер үстүнө тээп салган болот.

Ой-пикирлер