Кирүү

Василий Владимирович Бартольд

адабияттар кеңири пайдаланылган.

Мына ушулардын негизинде Жети-Суу аймагынын тарыхына жетишерлик деңгээлде мүнөздөмө берилген. Ошондуктан В. В. Бартольд кийинки эмгектеринде, маселен, атактуу "Түркстанынын..." экинчи бөлүмүндө Жети-Суунун көп тарыхый окуяларына өтө кыска токтолуу менен чектелген. Ырас, В. В. Бартольддун мезгилиндеги бул крайдан табылган археологиялык материалдар жокко эсе эле. Ал дүйнөдөн кайткандан кийинки убактарда (айрыкча 1950-жылдардан тартып) табылган археологиялык буюмдардын жана чыгыш жазмаларындагы маалыматтардын негизинде Жети-Суу аймагынын тарыхына көп толуктоолор жана жаңылыктар киргизилди. Ошондой болсо да, В. В. Бартольддун "Очерктери" азыркы күнгө чейин Жети-Суунун саясий тарыхы боюнча өзүнүн илимий маанисин жоготкон жок. В. В. Бартольд кыргыз элинин тарыхына илим жолуна түшкөндөн баштап эле кызыгып келген. Анын "Байыркы Түрк жазууларынын тарыхый мааниси" сыяктуу эмгектеринде кыргыз элинин тарыхына тиешелүү баалуу ой пикирлер кездешет. "Кыргыздар. Тарыхый очерк" — В. В. Бартольддун өмүрүнүн акыркы жылдарында жазылган эмгек. Анда автор мурунтан бери билген же чогулткан чыгыш кол жазмаларындагы, негизинен араб-перс китептериндеги электрондук китепканасы маалыматтарды пайдаланган. В. В. Бартольд бул очеркинин эң башталышында Орто Азия элдеринин ичинен "кыргыз" этноними тарыхта биринчи кезигерин эскерткен. Чындыгында эле кыргыз эли жөнүндө маалыматтар биздин заманга чейинки доордогу кытай тилиндеги китептерде кездешет. В. В. Бартольд аталган эмгегинде кыргыздардын байыркы доордон XIX кылымга чейинки негизги тарыхый окуяларын ыраат менен жазган. В. В. Бартольддун пикири боюнча, Енисей кыргыздары ойрот-калмактардын батышка карай биринчи жортуулдарына (1420—1470) катышышы мүмкүн. Ал эми ойрот-калмактар мурунку көчүп жүргөн жерлерине кайткан мезгилдерде кыргыздар Тянь-Шань тоолорунда калып калышы ыктымал. Анын мурун жарыялаган эмгектеринде Енисей кыргыздарынын X, XII, XIII кылымдарда Тянь-Шанга келгендигин божомолдогон. Кандай болсо да, В. В. Бартольд Тянь-Шань кыргыздарынын этногенезин Енисей өрөөнү менен байланыштырган. Азыркы убакта бул пикир далилденүүдө.

В. В. Бартольддон кийинки мезгилдерде табылган тарыхый маалыматтардын жана археологиялык материалдардын негизинде анын кыргыз элинин тарыхы боюнча жазгандарына көп толуктоолор жана кошумчалар киргизилди. Маселен, Енисей кыргыздарынын IX—X кылымдардагы тарыхы, алардын бир бөлүгүнүн Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши, Моголстан мамлекетинде кыргыздардын ролу, алардын эл болуп түзүлүшү сыяктуу маселелерди атасак болот. 1886-ж. Н. Н. Пантусов жана Ф. В. Поярков Бишкек,Токмок шаарларынын жанынан XII—XIV кылымдарга тиешелүү несториан мүрзөлөрүн ачкан. Ушуга байланыштуу В. В. Бартольд студент кезинде эле "Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө" аттуу макаласын жазган. Кийинчерээк аны чыгыш авторлорунун маалыматтары менен толуктап, "Моңголдорго чейинки мезгилдеги Түркстандагы христиан дини жөнүндө" аттуу эмгегин жарыялаган. Анда жалаң гана христиан дини жөнүндө сөз жүрбөстөн, бир канча диндер, алардын тармактары тууралуу баяндама берилген. Диндердин элдерге таралышы менен бирге, автор айрым саясий окуяларга, соода жолдоруна да токтолуп кеткен. В. В. Бартольддун айрыкча араб географтарынын маалыматтарынын негизинде Тараздан (Жамбыл) Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жогорку Барскоонго чейинки жолдун боюндагы IX—X кылымдардагы шаар, кыш- тактарга берген тарыхый мүнөздөмөсү өтө кызыктуу. Анда автор биринчи жолу аларды азыркы тигил же бул шаар, кыштактардын урандылары менен окшоштурган. В. В. Бартольддон кийин Тараз—Барскоондун аралыгында ага белгисиз болгон IX—X кылымдарга тиешелүү шаар, кыштактардын урандылары табылды. Ошондуктан В. В. Бартольддун бул эмгегиндеги географиялык окшоштуруулардын бардыгы туура деп айтууга болбойт. В. В. Бартольддун эң алгачкы эмгектеринин бири—"Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндө отчет. 1893—1894-жылдар" Түндүк Кыргызстандын жана Жети-Суунун аймагына жасаган археологиялык саякаты десек жаңылышпайбыз. Автор анда орто кылымдардагы чыгыш жазуу булактарындагы маалыматтардын негизинде Исфижаб (Сайрам)—Талас— Чүй—Нарын—Ысык-Көл—Иле аралыгындагы жерлер жөнүндө биринчи жолу электрондук китепканасы тарыхый очерк жараткан.

Мындан тышкары ал жолуктурган же тапкан байыркы шаарлардын, сепилдердин урандыларына археологиялык мүнөздөмө берип, аларды тарыхый иликтөөдө орто кылымдардагы авторлордун маалыматтарын пайдаланган. Бул жерде айта кете турган бир сөз — В. В. Бартөльддун "Отчетунда" мындан жүз жыл мурун жасаган илимий жыйынтыктары негизинен өз маанисин жоготкон жок. В. В. Бартольд 1895-жылы чет мамлекеттерге командировкага барганда Оксфорддогу китепканадан перс автору Гардизинин (XI к.) "Азем кабарлар" (Зайн ал-ахбар) аттуу эмгегин тапкан. Анын түрк элдери жөнүндөгү үзүндүсүн өзүнүн 1893—1894-жылдарда Орто Азияга баргандагы "Отчетуна" орусча котормосу менен тиркеме катары жарыялаган. Гардизинин эмгегинде Енисей кыргыздары, Орто Азиядан алардын өлкөсүнө баруучу соода жолдору, Караханилер мамлекетинде жашаган карлуктар, ягмалар, чигилдер жана түргөштөр жөнүндө баалуу маалыматтар бар. В. В. Бартольд аларды башка эмгектеринде да пайдаланган. Перс тилиндеги автору белгисиз "Ааламдын чектери" (Худуд ал-алам) аттуу кол жазма 972—987-жылдар аралыгында жазылган деп божомолдонот. Аны В. В. Бартольд 1930-ж. жарыялап, ага көлөмдүү кириш сөз жазган. Анда автор "Ааламдын чектеринин" мазмунуна кыскача токтолгон. Бул эмгекте X кылымдын жарымындагы Караханилер мамлекетинин негизин түзгөн карлук, тухси, чигил, ягма ж.б. уруулардын ерлери тууралуу тарыхый-географиялык обзор бар. Мындан тышкары кыргыздар аталган уруулар менен чектеш жашагандыгы, алардын Үч-Турпан шаарын каратып алгандыгы жөнүндөгү маалыматтар жазылган. В. В. Бартольд ушул кабарлардын негизинде IX кылымда Енисей кыргыздарынын бир бөлүгү Тянь-Шань тоолоруна көчүп келгендигин, бирок бир аз убакыттан кийин алар кайта Минусин өрөөнүнө кетип калышкандыгын божомолдогон. В. В. Бартольддун бул томдукка кирген "Ислам энциклопедиясына" жарыяланган макалаларынан кыскача тарыхый-географиялык маалыматтарды алууга болот.

Акырында айтарыбыз, жыйнактагы В. В. Бартольддун эмгектеринин кыргызча котормосу кыскартылбай жана өзгөртүлбөй берилди. Анын шилтемелеринде бул окумуштуудан кийинки мезгилдердеги, илимдеги жаңылыктардын негизинде анын ой-пикирлерине оңдоолор, пайдаланган адабияттарына толуктоолор киргизилди. В. В. Бартольддун эмгектериндеги араб-перс тилиндеги тексттер жана алардын кыргызча котормолору берилди. Бартольддун бул томдукка кирген эмгектерин которгондор: Ф. Ачилова, А. Беделбаев, А Жаманкараев, С. Карагулов, Р. Масыракунов, М. Махмудбекова, Ж. Шейшеналиев. Ө. Караев

Ой-пикирлер