Кирүү

"Саманчынын жолу" повестинен Майсалбектин каты

"Саманчынын жолу" повестинен 1. Майсалбектин каты

"Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: "Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп
чоңойттум?" Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтаарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй эң бир асыл ишке — мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес.
Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн...
Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын... Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, караныңдан айланайын, АлаТоо!
Сенин мугалим уулуң — лейтенант Майсалбек Субанкулов".

Ой-пикирлер



2021-05-18
Мажит
Макала чыныгы согушту суроттогон. Бирок суйломдор бири бирине дал келген эмес экен. Адам бул каттын окуп чыныгы тупку маанисине жетууго кыйналат. Анкени бир ой акырына жетпей туруп башкага отуп кеткен. Озу Чынгыз Айтматовдун баардык чыгармалары ошондой окуп эмне жонундо соз кеткенине тушунуу кыйын. Бир нерсени жеткируу учун алыстан айландырып алып келип тушундурот.
2021-01-18
Нурзада
Сонун чыгарма☺️
2020-05-05
Эркинай
Эми бул жерге ар кандай ойлор жазылат. Бирок ар кимдин ою башкача.Мисалы менин оюм Майсалбек аппасына кат жазды.Бирок Майсалбек согушта болчу.Менин оюм ушул.Эми королу,башкалардыкы кандай болот экен.
2020-05-06
Шайыргул
Соонун кат
2020-01-17
Марат
Кызыктуу экен