Атаман уурулардын тагдыры (повесть) 1

Атаман уурулардын тагдыры
(повесть)

Кубандык үйдүн астындагы секичеде куш жаздыкты чыканагына коюп, тээ бир убакта үйрөнгөн "Алмашым" деген ырдын обонун сызылта ышкырып, эч нерседен капарсыз, көңүлү бир башкача кушубак болуп отурду. Аялы арыраакта эле казанга эт салып бүлкүлдөтө бышырып отурат. Чиркин, бул дүйнө кээде оттон алып чокко салса, кээде жылдызыңды жаркыратып рахатка балкытып коет. Кубандык дал ошол жан дүйнөсүн балкытып рахатка кабылып отурганы бекеринен эмес. Көптөн бери коркунуч коштолгон уурулук иштерден алыстай түштү. Анын үстүнө "бөрү" достору "Ден соолугуңузду чыңдап алыңыз. Карачы Карасай жайлоосу жердин бейиши турбайбы. Биз деле азырынча иш жүргүзүп, кезек-кезек келип кол берип турабыз",– деген. Айрыкча тынч жашоо сергектентип жибердиби айтоор жүрөк оорусу да кармабай шайдооттоно түштү. Ошондо кайнатасы Алыкенин сөзү кулагына жаңырып жаткандай болду: "Адам келечегин карап жашайт. Ал эми ууруда келечек жок. Эгер буга чейин уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да жаман эмес. Тынч жашоонун өзү чоң дөөлөт" деген. Анан өзүнүн айткандарын эстеди: "Эгер тигилерден аман-эсен кутулуп кетсем, эл катарына кошулуп, ак мээнет менен жашоого аракеттенем". Бирок кайнатасынын астында берген убадасын аткарбай келет. Канчалык "бөрүлөр" уюмунан чыккысы келген менен аларга чечкиндүү эч нерсе айталбады. Атаман катары сыйлап, бөжөңдөп кулдук уруп турушканына жүрөгү жумшара түшүп, дагы иштеп турайынчы, убакыт өзү көрсөтөр деп тим болот.
Кечээ жакында эле Казакстандан Желмаян келип он миң доллар акча таштап кетти. Алар апкелген акчаларды Кубандык сейфге салат да, каякка жумшаарын ойлоно баштайт. Кадыр баркы алыска кетип түндүгүнөн акча куюлуп турган убакта секичеде отуруп "Алмашым" ды сызылта ышкырынып отурганы ушундан.
Мына Төөкуш да машинасын айдап келип калды. Ал чалкалап жаткан Кубандыкка келип салам берип, салынган төшөктүн үстүнө отурду.
– Кандай Төөм? Эми келдиңби? Эмнеге кечиктиң?!. Кубандыктын ачуусу келгенин көрүп, Төө бозоро түштү. Мындайда андан жакшылык күтүүгө болбойт. Каяша кылдың дегенче жарык дүйнө менен кош айтыша бер. Бычагын кынынан сууруйт да атып калат. Ошол жерде эле жан бересиң. Бирок көңүлү куунак отурган Кубандык анчалык катуу ишке кете албады.
– Кечириңиз,– деди Төөкуш,– Он беш топозду саткандан кийин сиздин кайда экениңизди билбей калдык. Акча деген акча. Суудай агылып кете берет экен. Чөнтөгүбүз жукарганда гана кайрадан чогултканыбыз ушу болду,– деп акча салган сумканы Кубандыкка жылдырды.
– Бул канча?
– Үч жүз миң.
– Бали, түгөл апкелген турбайсыңбы! Мына жүз миңин силер, үчөөңөр бөлүп алгыла, – деп бир таңгак акчаны Төөкушка ыргытты. Төөкуш жүз миңин кайрып берет деп ойлонгон эмес. Акчаны кеч апкелгенине күнөөлүүдөй болуп башын шылкыйтып отурган. Эми бозоргон жүзүнө кызыл кирип, Кубандык менен чер жазыша сүйлөшүп отурду.
Алардын күлкүлөрү калың чыгып, көңүлдүү отурушкандыктарына Зейне да курсант. Ошондонбу оттун башында күйпөлөктөп жүргөнү менен ал да бир нерселерди болор болбос үн чыгарып ырдап коет.
Төөкуш тамакка аярлабай, чай ичери менен кетип калды. Кубандык баятан бери жанында ойноп жаткан эки жашар баласына эми гана көңүл буруп, колтугунан көтөрө сала алдына отургузду. Аталык мээрими агылып "Менин балапаным, менин орунбасарым, менин алтын туягым" деп элжиреп эзилип кетти. Зейне муну көрүп жылмайып күлдү да:
– Көбүрөөк эркелете бербесеңчи акеси. Кийин эрке болуп, гулиган болуп чыкпасын. Анда шорубуз шорподой кайнаганы ошол. Өзүбүзгө атылып балээ болот.
– Эй жаман катын, сен эмнени билесиң. Балаң шок болсун, шок болбосо жок болсун дээр эле агам. Ошол сыңарындай шок болгону жакшы. Эч кимге жемин жегизбей, кайра бирөөнүн жемин тартып алат!
– Сөзүмдү жактырбай кызарып-татарып алыпсың да, койдум эми, койдум,– деди Зейне.
Тамак жеп бүткөндөн кийин Зейне идиш аягын жууп жатканы менен улам көз кырын салып күйөөсүн карап коет. Бат эле баласын эсинен чыгарып ойлуу отурду Кубандык. Ооба, ойлуу эле. Кудай таалам бул жаркылдаган, кайгы капага кабагым кашым дебеген жарына качан жана кайдан жолукканын бир баштан ойлоп жатты...
...Мындан мурдараак жылдары ээн жайылып жүргөн аттардын төртөөн кармап, он беш топозду айдап кетишкен. Анын жиги билинбей акчага карк болушкан эле. Азыр жакшылап санап көрүшсө андан бери беш жылдай убакыт өтүптүр. Кынуу алган топ кайрадан баягы жерге келишти. Аттар да, топоздор да жер ооштурган менен Жайыктөрдүн беткейинде мурдагыдан аз эмес малдар ээсиз жайылып жүрүптүр. Такшалган уурулар бат эле төрт атты кармап, жыйырма баш топоздорду айдап жөнөштү. Артынан кууган куугунчулар жок ыраса оңтойлуу болду бейм, шашылбай айдашып ире-ширеде Суусамыр жайлоосуна жете келишти. Бийик тоонун аркы белине малдарды таштап коюп, кылда чокудан өздөрү жай алышты.
Жайдын түнү айтса айтпаса да укмуш! Тоо гүлдөрүнүн жыты айдарым соккон жел менен келип мурдуңдан өрдөп жан сергитет. Жол жүрүп чарчанып калган төртөө күн көтөрүлө бергенде гана уйкудан турушту. Тура калып аттарды карашты. Аттар тушалуу эле. Алыс кетпей ордунан козголо элек топоздордун жанында оттоп жүрүшүптүр. Көңүлдөрү куунак бар тамактарын ортого коюп жеп, ичип отурушту. Чындыгында мындан ары бара турган жери эки сааттык эле жол. Аерге жетсе эле малдар союлат да, машинага жүктөлүп Ош базарына кирип барышат. Бирок үч уктаса түшкө кирбеген иш. Жылга менен өткөн жолдо милициянын машинасы токтоп турат.
– Изибизге түшкөн экен шүмшүктөр! – деп Кубандык ызырынып алды. Машинадан пагондору бар алтоо түшүп эки жакты карап турушат.
– Эмне кылабыз Атаман? Кармала турган жерибиз ушер экен го,– деп Төөкуш алаңдады.
– Акмаксың Төөкуш! Төрт тарабың тең куула болуп турса кармалган жерибиз ушу дейсиң!
– Машинадан алты адам түшпөдүбү. Баардыгында тең курал бар. Бизди аяп коебу. Көрүп калса эле баарыбызды чымчык аткандай торойтот.
– Жүрөгү жок айба-ан! Мындай иштерди башыңдан өткөргөн жок белең? Былжырабай малдарды айда. Жылгадагы карагандын түбүнө барып мени күткүлө. Мен буларды алаксытып турайын.
– Сиздин мында калганыңыз кооптуу. Ошондуктан биз сизди жаңгыз таштап кете албайбыз. Андан көрө куруп кеткир бул топоздорду таштап атты минип качалы. Тиги менттер өздөрү жейби, ээсине айдап береби алардын иши. Кетели Атаман?..
Кубандыктын өңү өзгөрүлүп, жини кайнап чыкты.
– Силерге эмне деп жатам! Айттымбы болду! Жөнөгүлө!..
Менттер шашылган жок. Жылгадагы сууга барышып, бел курчоосуна чейин чечинишип жуунушту. Дасторконду жайышып тамактанышты. Каткырып сүйлөшүп отурушту. Бул арада тиги уурулар жылгадагы топоздорду айдап бийик чокулуу тоодон ашып кетишти. Буга ичинен сүйүнүп, Кубандык чөптүн арасынан тигилердин кыймыл аракетин карап отурду.
Менттер дасторконун жыйнашып, топтолуп калышты. Сөөмөйлөрү менен жаңсашып бир демелерди айтып жаткансыйт. Бирөөнүн кабинадан дүрбү ала чыкканын көрдү. Дүрбүнү дароо Кубандык жакка түздөдү. Кубандыктын караанын байкап калдыбы өз ара дүрбөлөңгө түшүп калышты. Кубандыктын жүрөгү оозуна каптала түшүп "кудайым, эми жаратканың чын болсо, жар боло көр" деп колун көктү созо жалынып жалбарынып жиберди.
Кубандык "эми эмне кылуум керек?" деп катуу ойлоно баштады. Болгону канжыгасында эки учтуу бычактар бар. Аны жакын аралыкта гана пайдаланса болот. Ок менн теңештирүү кайда. Кокус бирме бирге келип калса бычактын зор мүмкүнчүлүгү бар.
Ошентип менттер дүрбөлөңгө түшүшүп, кээде ок атышып, Кубандыкты көздөй жөнөп калышты. Кубандык эми бардык акыл, ою менен иштөө керек. Канткен менен өмүр же түрмө башка келип турбайбы.
Менттер жол тандабай түз эле өйдөгө бет алышып келатат. "Жакындай бергиле, эми көргүлүктү көрөсүңөр" деди ичинен. Чоң-чоң таштарды жыйнап кулатып кирди эле тоо ичи дүңгүрөп кетти. Шагыл таштар сел сыяктуу агылып бешөө тең таш бараңга туш болушту. Тоонун бети чаңып кетип, бир аздан кийин тигилердин карааны көрүнө баштады. Бешөө тең этеке түшүп калыптыр. Бири-бирин сүйөп-жөлөп машинанын далдаасына жеткендей болду. Машинанын капотуна бир чоң таш тийген окшойт, мыйрыйгандан мыйрыйып калыптыр. "Чала силерге" деп күбүрөнүп алды да көзүн албай карап отурду.
Тиги тоонун кыры менен келаткан жигитти жакшы тааныды. Жамбай Жапалаков. Ички иштер бөлүмүндө кылмыштуулук боюнча тергөөчү. Келгенине бир аз гана жылдар болгон менен ички иштер бөлүмүндө чоң кадыр баркка ээ. Анын жетекчилиги менен кылмышкерлердин эки чоң тобу кармалган. Ошондонбу, же өзүнүн жүрүш турушунанбы кесиптештери Куюн деп коюшат.
Баятан бери эч нерсеге көңүл бурбай өйдөгө далбасалаган Жамбай тигилердин кыйкырган үнүн угуп тып токтоду. Бурула бергенде кол булгалап жаткан жолдошторун көрдү. Бир аз кылчая карап турду да, жини келгендей колун шилтей артка чегинди. "Кудайым мында да бир колдодуң" деди ичинен Кубандык. Эми шашылыш жок эле. Тоонун кырынан алардын эмне болуп жатканын кызыгуу менен карап отурду. Үчөөнүн бирөө аксаңдап келип машинанын ичине кирип кетти. Экөө оор жаракат алса керек. Аларды сүйрөп келишип төшөктүн үстүнө жаткырышты. Жаракат алган жерлерин таңышып үчөө ташка көчүк баса отурушту. Кыясы бир гана Жамбай соо болсо керек. Ал чаканы алып өзөндөгү суудан апкелди да, тигилерге суу берип, машинанын капотун ачты. Айнектери да талкаланган окшойт чакага бирдемелерди салып, ары жакка апарып төктү. Жамбай нес болгон кишидей көпкө чейин карап турду да, анан тигилердин жанына келип бирдемелерди айткандай болду. Кыясы машинанын мотору да "соо" эмес болсо керек. Кубандык алардын жакында бул жерден кете койбосун түшүнүп, ууру-кески жигиттерин көздөй бет алды...
...Кубандыкты тааныган соң мал айдап келген үчөө бадалдын арасынан чыга калды.
– Кандайсыз атаман аке? Баары жайындабы? – дешип экөө тең жарыша сүйлөдү.
– Баары жайында. Силер отура бербей малды айдагыла. КАМАЗдын шоферу Жарташта күтүп отургандыр.
– Сизчи?
– Мен ушерде калам. Тигилер сөзсүз бул жерге келбей койбойт. Жолун тоспосом силерге жетип алышы мүмкүн.
– Мен эле калайынчы,– деди Түлкү. Чынында ар бир уурунун өз атын менен атабай ар бирөөнө кличка коюп алган. Мунун себеби да бар. Баягы бир жылы түнкү уурулукта Сабиркан деген жигиттин атын атап коюп, шоруна калышкан. Менттер ар кимден сураштырып жүрүп таап, кылтакка түшүрүшкөн. Кийин камап коюшуптур. Анын аты жыты ушул күнгө чейин жок. Ошондон бери Кубандык өз атыңарды атабай жүргүлө деп катуу эскертип келет.
– Айдагыла дегенде айдабайсыңарбы. Айттым го бул жерде мен калам деп!
Түлкү Кубандыктын кабагы түнөрө түшкөнүн көрө коюп:
– Мейли, мейли атаман аке. Мен сизди аяп жатпаймынбы,– деп тим болду.
Бир нанды тең бөлүшүп жеген достору малды айдап кеткенден кийин өзү кийимчен чөптүн үстүнө жата кетти. Уурунун жашоосу иттин турмушунан да жаман экенин эми сезди. Анткени бир айдан бери дал ушундай турмушту башынан өткөрүп келет. Жегени каткан нан менен, ичкени муздак суу. Төшөнчөсү какырап калган кара жер. Күндө ар нерседен кооптонуп корко бергениңди айт. Өзүнөн өзү нерв чыңалып, жаныңды жеген ойлор башыңдан кетпей калат. Кан тамырыңдын басымы күчөп, муштумдай жүрөккө күч келген күндөр аз эмес. Бирок арам тамактар алкымдан өткөн-дөн кийин рахатка малынбай кое албайсың. Капчыгың акчага толуп кандай сайрандайм десең ошончо сайрандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир жаман жери элге окшоп мал күтөм, байлыкты топтойм дебейсиң. Бүгүнкү тапканыңды жеп ичип бүтүрсөң, эртең дагы бир жерден кудай жеткирер деп жашай бересиң. Мунун аягы ка-пастагы чымчыктай торго түшүп, же өлүм менен бүтөт.
Деги өлүм менен ойногон бул балээ жолго кайдан түштү?.. Бул суроо башына келе бергенде таштай муздак сууну ичкендей ичиркене түшөт. Жок, эгер эл катары жашаган үйбүлөдөн болсом, мындай ишке барбайт белем. Турмуш мени ушуга алып келди деп күңгүрөнүп алды да, анан байыр алган карагандын түбүндө азыркыга чейинки турмушун эстей баштады...
...Кубандык ата-энесинен эрте ажырап агасынын колунда өстү. Агасы ичкиликке берилип, атасынын заңгыраган чоң тамын сатып, акыры жепирейген жер тамда жашап калды. Анысы аз келгенсип, күндө арак издеп тентип кетет. Кечке аялы экөөнүн чатагын кое кал. Жаман тамды башына көтөрүп түнү бою урушуп, чарчаганда барып укташат. Табылса аялы да кошо ичип, а күнү Кубандыкта тынчтык жок. Тамак ашы да жыргаган эмес. Чай, наны жок күндөр өтөт. Таптаза сыйпаланып акчасыз отуруп калганда ушул айылда фермер болгон тайкесине барып калат. Тайкеси жакшы көрмөк беле. Окшото тилдеп:
– Аракты таштап адам бол. Эл катары тирлик кыл. Экинчи келбе,– деп унун берип убадасын алып жөнөтөт. Бирок алкымы куурап арак ичкиси келип турганда, тайкесинин айтканына көнмөк беле. Кайра эле баягы көйгөй. Кубандык бул турмушка мектептен 7-классты бүтүргөнчө зорго чыдады. Анан Бишкек шаарына келип тентип жүрдү. Өзүндөй балдар аз эмес экен. Алардын бири: "бут кийим тазалап акча таппайсыңбы. Мына мен күнүнө жетимиш, жүз сомго чейин табам. Базардан каалаганымды алам деп мактана кетти. Эртеси эле Кубандык отургуч, щеткаларды таап жолдун чекесинде отуруп калды. Тааныш адамдар көрсө эмне дейм деп уялганын айтпа. Бирок өзүн өзү бакпаса ага ким жардам бермек эле. Масканы беттен шыпырып алган адамдай уят-сыйытты коюп бат эле ишке көнүп кетти. Биринчи күнү тапканына май нан алып, автовокзалдын бир бурчуна отуруп алып жеди. Эртеси акча тапкан жакшы турбайбы деген ойго келип, күн чыга электе Ош базарынын жанынан орун таап отуруп калды.
Арадан бир канча айлар өтүп, Кубандык эми өзүн ээн эркин сезе түштү. Өзүнчө достор күтүп, иштен кийин арактан кылт эткизип коюп чылым чеккенди да үйрөндү. Мушташса мушташып, оозу башы канжалаган күндөрдү башынан өткөрдү. Өзү да далайды ыйлатып жанын көзүнө көрсөткөн убактар болду. Мындайда күчтүүлөр күчсүздү басынта берет тура. Кээ бир күндөрү өзүнөн кичүүлөрдүн акчасын тартып алып, щеткалаганды коюп тим эле көөдөнүн көтөрүп басып калат.
Кубандык бара-бара аз акчага алымсынбай калды. Бир күнү тачка сүйрөгөн баладан:
– Бир күндө канча акча табасың? – деп сурай калды.
– Үч жүз, беш жүзгө чейин таап алууга болот,– деди ал.
– Жакшы турбайбы. Мындай болсо щеткалаганды урганым жок. Андан көрө тачка алып берүүгө жардамдашчы, иштейин.
– Жашсың го Кубандык. Тачканы сүйрөш үчүн өгүздөй күч керек. Ал сенде жок.
– Азыраак кыйналармын. Анан үйрөнүп кетем. Буга ишенип кой.
Тачкачан жигит ошол күнү эле тачканы Кубандыкка алып берип сүйүнтүп койду. Ал жигит туура айтыптыр. Беш жүзгө чейин акча таап, кутула тургандыгына ишенип бирөөдүн квартирасына орношту. Үйдө бети колун жууп, ак шейшепке жатып жыргап калды. Тамак жасоо деген ойго келбейт. Базардан аны мунуну шам-шуң этип тоюп алат. Кечинде кеч барып, таң заардан жумушуна жөнөйт. Акчасы эки миң сомго жеткенде негедир иштегиси келбей көңүлү ачылып бош жүрүүнү самап калды. Кечке маал кафеге кире берип, бурчта отурган кызды көрдү. Тамагын алып түз эле ошонун жанына отурду. Кыздын сулуулугу Кубандыкты таң калтырганы менен андан ийменген жок.
– Карындаш таанышып алалы. Кайсы бир жерлерде жолугушуп каларбыз. Ошондо саламдашканыбызга да жакшы. Менин атым Кубандык. Куба деп коюшат жолдош балдарым.
Кыз өзү курактуу жаш баланын эмнеге таанышкысы келгенине түшүнбөй оюна эч нерсе кирип чыкпай өң түспөлүнө карап тим болду. Чынында эле Кубандык келишимдүү бала эле. Коюу каштарынын астында кирпиктери төгүлүп, көздөрү балбылдап жанып турчу. Ак саргыл иреңине эки бетиндеги кызылы атайылап боек сүрткөндөй көрүнүп, жылдызы жанып сүйгүнчүк көрүнчү. Айрыкча тачка сүйрөп табыштуу болгондон бери өз боюна карап бетинен нур төгүлүп, өңдөнө түшкөн. Ошондонбу кыз чыны менен эле таанышкысы келип:
– Атым Нур. Эч кандай кошумчасы жок эле Нур,– деди.
– Жакшы. А сен окуйсуңбу?
– Кызыксың. Окубай коймок белем. 168-мектептин 10-классында окуймун. Сен эмне окубайсыңбы?
– Менин багар кагар кишилерим жок Бишкекке келгем. Келгеним жакшы болуптур. Өзүмө ылайыктуу жумуш таап алдым. Эч кимге кор эмесмин. Өзүм менен өзүммүн.
– Окугуң келеби? Менин атамдын агартуу Министерствосунда досу бар. Ал сага жардам берет.
– Кантип окуйм. Мен быйыл он биринчи класста окушум керек эле. Зоңкоюп 7-класска барып отуруп калсам балдардын баары күлөт ко. Эми тагдырымдан көрдүм. Ага баш ийбеске арга жок.
– Аның да туура. Бирок окусаң жакшы болот эле го,– деп тим болду кыз.
Экөө тамак ичип бүтөр менен орундарынан турушуп сыртка чыгышты. Кыздан "үйүң шаарда туруп кафеден эмнеге тамактанып жатасың?" деп сурайын деп сурай алган жок. Акчасы көп бай адамдын кызы го деп койду ичинен.
Жайдын ыссык күнүнөнбү кыз төшү ачык, жеңи жок кыска көйнөк кийип алыптыр. Жаңыдан толо баштаган "эки алмасынын" чети Кубандыктын көзүнө илине калып, кызыктыра коет. Андан да эки бутунун сан жагын айтпайсыңбы. Сүттөй аппак. Адам баласы сулуулукка ушунчалык куштар боло тургандыгын эми сезди. Кубандык кыздын өңүнө жараша мүчөсү төп келип турганынанбы айтоор өзүнөн өзү ага тартылып баратты. Кыз болсо эч нерседен капарсыз катарлаша басып Кубандыктын суроолоруна жооп берип тим болот.
Экөө аялдамага келишти. Арыраакта эле бал муздак сатылып жатыптыр.
– Нур, жүрчү бирден бал муздак жейли,– деп Кубандык Нурдун колтугунан кармай калды.
– Койчу. Жөн эле койчу. Башка күнү жээрбиз,– деп Нур кетенчиктеди. Ага Кубандык болбоду. Камоктогу аялдан бирден эмес экиден балмуздак алып столдо отурган Нурга алып келип берди.
– Сүйлөшүп отурайынчы деп атайы экиден алдым. Анткени бүгүн сени көрүп отурсам, эртең таппай калам да.
– Эмнеге? мектебимди айттым го. Аерде адашып жүрсөң мен өзүм эле таап алам.
Кыздын тамашөкөй сөзүнө Кубандык каткырып күлүп калды. Ага кошулуп кыз да күлдү. Деги ачык да, шайыр да экен. Кубандык бала болуп чоңойгону мындай жагымдуу мүнөз кызды биринчи ирет жолуктурушу. Анын үстүнө кыз жандап ага кызыгуусун артканы эми гана болуп отурбайбы. Бакытты издеп тапсам экен. Бакытка жетсем экен дечүмүн. Бакытың жакшы адам менен сүйлөшүп кумардан чыкканың турбайбы. Карачы бул кыз мага канча кубанычты тартуулап отурат деп ичинен ойлонуп отурду. Кыз мындай ойлордон алыс болчу. Окуган классташтарындай көрүп, жылуу мамиледе болуп отурду.
– Кетели,– деди кыз ордунан козголуп. Кубандык да ордунан туруп, экөө аялдаманы көздөй бет алышты.
– Үйүңө чейин узатып коеюн.
– Жо-ок. Атам маршрутка айдайт. Тамагың ичип ушул жерде туруп тур деген. Баятан бери эки айланып койгон болуш керек. Азыр мени ойлоп үкү-түкү болуп келаткандыр. Мени урушса сени көрсөтөм, ушу күнөөлүү деп. Макулсуңбу?..
– Макулмун. Урсаңыз мени уруңуз. Нурга тийбеңиз деп башымды тосуп берем. Экөө тегерегиндеги элдерге карабай күлүп калышты. Анан ак түстүү маршрутка келип дал кыз турган жерге келип токтоду.
– Кайда жүрөсүң! – деген атасынын ачуулуу үнү чыкты.
– Кайда болмок элем. Классташым жолугуп калды. Бал муздак жеп отуруп калдык. Классташым титиги турган бала.
Атасы башын шылкыйтып турган Кубандыкты көрдү. Сениби дегендей сөөмөйүн кеседи. Бирок Кубандык аны оюна да алган жок. Машина жүрүп баратканда кыздын кол булгалап айнек жакта турганын көрүп, жооп кылгандай чөнтөгүндөгү бет арчысын алып булгалап калганга үлгүрдү.
Кубандык үчүн бул күн укмуштуудай сонун күн болду. Аны түнү менен элестеткен менен бүтпөстөй. Эртең жолугар бекем. Табар бекем. Мен таба албай калсам издээр бекен. Адашып кетсең өзүм таап алам дебеди беле. Мектебине барсам танапис убагындабы, тарарыңдабы мени таап алар деген ойлор менен төшөгүндө бат эле уктап кетти.
Эртеси таң атып ата электе жумушка жөнөдү. Дал ушул маалда эт базарында кыймыл күчөйт. Бирөөлөр машинасы менен кире албай жатканда тачкачан балдарды жалдай салат. Кээлери өзүн бай көрсөткүсү келип элүү сом же жүз сомун суна калып "Ушу жетеби?" деп калат. Мындай эки-үч киши болсо эле жетишет. Бир эки сааттын ичинде эле жарым күндүк акчаны таап алганың.
Эрте келгени жакшы болгон. Сырттан базардын ичине үч кишинин этин ташып бир заматтын ортосунда үч жүз сом акча таап алды. Автовокзалдан Ош базарына чейин эки кишинин жүгүн ташыды. Анын бирөө майда акча калбаганын айтып 200 сомун бере койду. Арадан бир саат өтүп өтпөй дагы жүз сом таап, эрте эле үйүн көздөй жөнөдү. Жуунуп-тазаланып, чекчээ кийинип эми жолугар бекем деген ой менен көчөгө чыкты. Тандап жүрүп кымбаттыгына карабай бир букет гүл сатып алып, кыз айткан мектептин астында турду. Гүл кармап корооздонуп турган баланы көрө калышкан кыздар, шыңк этип күлүшүп жанынан басып өтүшөт. Карачы эрте келип алганын.
Балдар мектептен чуулдап чыга баштады, Топураган балдар, кыздар дал түбүнөн өтүп, адам көрбөй калгансып таңдана карап калышат.
Жарым сааттай убакыт өттү. Эми мектептин алдынан бирин серин гана окуучулар чыгып калды. Кыз дале жок. Кубандыктын кабагы карыш түшүп, катуу ызаланып турду. "Эмнеге аны күтөм? Анчалык ал ким экен? деген ой башына келип кетүүгө камынды. Ошол учурда экинчи этаждагы ачык айнектен:
– Кубандык-ык! Токтой тур. Мен баратам,– деген кыздын үнүн укту. Негедир жүрөгү жарыла жаздап сүйүнүп кетти.
– Мени көпкө күттүңбү? – деди кыз. Кубандыкка жакындай бергенде.
– Ооба. Эч нерсе эмес. Кечке чейин болсо да күтмөкмүн. Келгениң жакшы болду. Эмесе бул гүлдү ыргытууга аргасыз болот элем да. Сага арнагам. Ме, алагой. – Ой-и-и-й укмуш гүл го. Мындай белекке арналган гүлдү биринчи алышым. Чо-оң рахмат! Барарым менен вазага салып коем. Көргөн сайын сени эстеп жүрөм.
– Ошо эстей, элестей жүрсүн деп алып келдим да. Экөө катарлаша басып аялдамага келишти. Кубандыктын түк жанынан чыккысы келбей турганын кыз түшүндү. Бирок кыз ачка эле. Аны кантип айтат. Кыз намысы бардык нерседен кымбат эмеспи.
– Макул десең жакын жерде ашкана бар. Тамагы да даамдуу,– деди Кубандык Нурдун колтугунан кармап.
– Кетейинчи, үйдөгүлөр күтүп калат,– деди Нур кетенчиктеп. Ага Кубандык болбой, акыры ашкана жакка алып жөнөдү.
Экөө андан ары сейилдеп Алатоо аянтынын тегерегиндеги фонтандардын бирин да койбой кыдырышты. Кыздын сулуулугу, адамга өтө ынак мамилеси Кубандыкты мында да таң калтырды. Жүзүнө, жакасы ачык көйнөгүнүн чекесинен баш багып турган "эки алмасына", сүттөй аппак балтырларына азыр да кызыга карап келатты. Айтоор кароодон тоер эмес. Кечке чейин болсо алып жүргүсү келди Нурду. Бирок Нурдун ата-энеси урушаарын сезип ичинен аяды.
– Кетесиңби Нур?
– Бая эле кетким келген. Сен таарынып калабы деп жүрүм. Атамдын жини кайнап жаткандыр. Анын үстүнө кечээ сени классташым деп көрсөтө салганымды кара.
– Айтпай эле койсоң болмок. Азыртан жигит жандаса кийин эмне деген адам болот деп ойлошу мүмкүн.
– Ооба да. Эми руксат бер, кетейин. Экөө кол алышып коштошушту.
Бул күн да укмуштуудай сонун күн болду. Чалдар бейишти укмуштуудай жыргал жашоо деп тигил дүйнөдөгү жашоо жөнүндө сөз кылышат. Тирүүңдө көрбөгөн бейишти өлгөндөн кийин эмне кереги бар? Мына менин бүгүнкү күнүм бейиш эмей эмне? Төбөмдөн акча куюлуп, чалкалап жатып жеп ичкен эле бейишпи? Жок, ой максаттарым орундалып, көңүлүм куунак, кайгы капасыз, эл катары жашаганым бейиш. Мен ошондой турмушту куруп алышым керек деп ойлонду Кубандык.
Эртеси баягы эле көйгөй башталды. Кыжы-кыйма базардан бир жеринен экинчи жерине жүк ташып, түшкө маал чарчап, тачкасынын жанына отура кетти. Чылымын тартып, үч, төрт күндөн бери Нурду тосуп чыкпаганына капалана түштү. Бирок бүгүн көбүрөөк акча таап алсам, эртең сөзсүз барам деп ойлонду.
Жаңы эле ордунан туруп тачкага колу жеткенде, ары жактан Нур көрүнүп калды. Шөлбүрөгөн, кир кийимдери менен тургандыктан кыздан жүзүн жашырып, тачканы таштай базардан чыгып кетти. "Тачка болбой жерге кирсин" деп жерге бир түкүрүнүп алды да, таза кийимдерин кийинип кайра базарга келди. Тачкасын өз ордуна коюп базарды түрө кыдырган менен кызды көрө албады. "Жок, бул иш мага ылайык болбой калды,– деди ичинен,– башка жерге иштешим керек. Бирок кантип, кайдан табам? Вот мендеги проблема.
Эртеси дагы гүл алып мектептин астынан кызды тосту. Чыгар маалын жакшы билип калыптыр. Талдын далдаасында туруп, ал келатканда чыга калды. Нур жадырап жайнап анын жанына келди. Гүлдү колуна тапшырып:
– Көптөн бери кол бошобой калып келе албай калдым, кечир,– деп күнөөлүүдөй башын шылкыйтты.
– Бул гүлдү бекер алгансың,– деди Нур,– бая күнкү берген гүлүң соолубай ошо бойдон турат. Бул ашыкча го.
– Мейли ашык боло берсин. Мен сага жакшы жерде иштейм дебедим беле. Гүл мага кеп эмес. Бул гана эмес. Сен экөөбүз кафеден тамактанайлы деп келбедимби,– деди.
– Жөн эле акчаны корото бербечи Кубантай. Андан көрө жөн эле сүйлөшүп, бирге басканыбыз артык. Кубандык ага болгон жок. Нурду акыры макулдатып кафеге киргизип кымбат баа тамактардан алып келип астына койду. Нур, "жапжаш болуп туруп мынча акчаларды кайдан табар экен" деп ойлоду. Бул күнү бир сааттай бирге басып жүрүшүп бат эле коштошушту.
Күндөр өтө берди. Кубандык түшкө чейин иштейт да түштөн кийин ишин токтотуп коет. Алтынчы жана базар күндөрү Нур базарга келип калабы деп такыр иштебейт.Бирок күндө Нурду тосуп чыгып, эки аялдамага чейин жеткирип, автобуска түшүрөт да, өзү калып калат. Экөө тең бул кандай ысык сезим экенине түшүнүшпөй бири биринин көңүлүн калтырбай жүргөнү жүргөн. Нур класстагы окуяларды айтып берсе, Кубандык оюнан бир нерселерди чыгарып Нурду күлдүрүү менен убара. Нур Кубандыктын айткандарын көңүл коюп угуп "Чын элеби?" дей берет. "Чын, мага ишенбейсиңби, көргөндөрүмдү айтып жатпаймынбы" деп ишендире кетет. Кечээги айткандарын бүгүн кайталабай, улам жаңы, улам кызыктуу окуяларды айта кетет.
– Бир күнү Ош базарына такси менен баратсам жолдон бир аксакал киши түшүп калды. Таксис машинаны ушунчалык ылдам айдайт дейсиң светофорго келгенде дөңгөлөктү чыйылдатып жатып зорго токтотту. Муну көрүп отурган аксакал киши:
– Балам, жай айдасаң боло,– десе тигил шофер:
– Коркпоңуз аксакал, жай эле айдап баратам,– деген. Ошонун ортосунда светофорго жете келип шофер негедир алаңдап, тормозун катуу басып калды. Машина алдыдагы МАЗды сүзө жаздап токтоп, аксакал жактагы эшик ачылып кетти. Чал асфальтка катуу түшүп, эки үч ирет оодарылып барып жатып калды. Чал өлүп калдыбы деп баарыбыздын көздөрүбүз алайып кетти. Шофер биринчи жетип, көмкөрөсүнөн жаткан чалды оодарып бетине суу чачты. Чал эс учун жыйнап, шоферду карап калды. Шофердун жаны чыгып титирейт. "Кечир ата, кечир!" деп жалдырап жатса, чал ордунан турду да шоферду өпкүлөй кетти.
– Сенин машинаңдан, сенен айланайын, мына жүз сом, алагой. Ыраса кылган турбайсыңбы, укпай жүргөн кулагым шаңкайып ачылып калды,– десе аң-таң болуп калыптырбыз. Анан сен да жолдуу бала экенсиң деп мага элүү сом бере салды.
– Байкуш чалдын элүү сомун албай эле койбойсуңбу,– деди Нур.
– Болбой койсо эмне кылам. Алдым да Ош базарында дайыма ырдап отурган сокур кишини билесиң го, ошонун колуна карматсам.
– Оу бул чоң акча го,– деп сүйүнгөнүн айтпа.
– Абдан туура кылгансың. Кайрымдуу, боорукер болуу кандай жакшы,– деди Нур.
– Ошол эле күнү дагы бир окуя болду. Айтып берейинби. Тажаган жоксуңбу? – деди Кубандык.
– Эмнеге тажайын, айтсаң.
– Ош базарында кыдырып жүрсөм эки бала мушташайын деп жакалашып туруптур. Мен судья боло калдым.
– Менин бетимдеги сыстоок жараны көрүп турасыңбы,– деди биринчиси,– бетке тийбейсиң.
– Мен сыстооктон кур дейсиңби,– деп экинчиси желкесин көрсөттү,– бирөө эмес үчөө. Сен да жарага тийбейсиң.
Экөө мушташып жатыр, мушташып жатыр, жара да эстеринен чыгып кетти. Бирөө беттеги сыстоокту жара койсо мен сенден каламынбы деп тигиниси желкесиндеги жараны мыжып салды. Жарага колдору тийген сайын жандары көздөрүнө көрүнүп чыңырганын айтпа. Акыры экөө тең чарчап да, кыйналып да калган окшойт ары жакка барып сууга жуунушуп отуруп калышты. Бирин бири карашып ачууланышпай эле каткырып күлүп жатат. Көрсө сыстоок жараларын мушташканда жарып салып ириңдерин кетирип тыштаптыр. Жарадан кутулуп каткырып күлгөндөрү ошондон экен.
– Койчу, ушу кантип чын болсун,– дейт Нур.
– Чын эмей анан эмне дейсиң. Ал турсун алар "жарадан арылганыбыз үчүн, сенин судья болгондугуң үчүн" деп экөө элүү сомдон жүз сом бербедиби мага.
– Аны эмне кылдың?
– Алардан алдым да. Сокур ырчыга жетип бардым. Ал кармалап көрүп:
– Бул чоң акча окшойт ко,– деди.
–Аке чоң акча. 100 сом. Батаңызды бериңиз,– дедим. Батасын берип, өркөнүң өссүн, балалуу-чакалуу, бактылуу адам бол,– деди.
– Анын баарын бербей жарым жартылайын алып калсаң болмокко.
– Ишим жакшы жүрүп жатса ал акчаны эмне кылам. Андан көрө тиги кишинин батасын алганым жакшы болбодубу.
– Ош базары жөнүндө көп айтасың. Ошо жерде иштейсиң го дейм Кубандык?
– Да, негизинен Ош базарында. Колбасный цехтерге эт ташыйм. Короче мындай да. Базардан эт сатып алам да цехтерге же магазиндерге жеткирип берем. Пайдасы чөнтөккө түшөт. Ошондуктан мен жүр деген жакка жүрө беришиң керек. Акча деген менде саман. Ошон үчүн күндө эле кайерге кирели дегеним ошо да.
– Ог-о-о! Мен жөн баланы жандап жүргөн жок турбаймынбы?
– Ананчы. турмушумду азыртан жөндөп албасам кийин ким болом,– деп койду Кубандык өзүн-өзү мактап. Нур Кубандыктын бардык сөздөрүнө ишенип жүрдү. Бирок Кубандыктын турмушу такыр башкача болчу. Кантсе да башка жерден иш таба албай, тачкага байланды да калды. Табышы күндөн күнгө азайып, анын үстүнө миң сомдон ашык квартплаты бар эле. Үй ээси акчаны бересиң, бербесең чыгарып салам деп кыйнап туруп алды. Аргасыз топтолгон акчасын бере салып, эки үч күндөн бери тачкасына гана таянып калган. Ошондонбу Нурга бир жумада бир барып, барар күнүн айтып коет. Нур да ошол күндү ката кетирбей тосуп алат. Баягыдай эле эки аялдамага, кээде үч аялдамага чейин жөө басышат, сүйүү жөнүндө кылдай сөз козгошпой эле аны-мунуну сүйлөшүү менен чектелишип жүрүштү.
Ошол күнү эч нерседен капарсыз мектепте Нурду күтүп отурду. Кыз өзү жаңгыз эмес, жанындагы курдашы менен келди.
– Айна, бул менин жолдош балам. Таанышып ал,– деди Нур Кубандыкты көрсөтүп:
– Атым Кубандык. Түптөн болом,– деп жаңы таанышкан кызына колун сунду. Кыздар орундарынан козголбой туруп калды.
– Кубантай, бизди Динара эжекенин концертине алып барасыңбы? – деди Нур.
– Белети кымбат экен. Андан көрө киного эле кирбейбизби,– дей салды Айна.
– Кымбаттыгы эмне экен. Билесиңби, Кубандык жөнөкөй эмес, чөнтөгү калың балдардан. Айтчы Кубантай чын э-э?
Кубандыктын башы шылкыя түштү. Чөнтөгүндө элүү сомдон башка эч нерсе жок эле. Бирок кыздарга сыр алдырган жок.
– Кымбат болгондо жүз доллар дейсиңби. Ашып кетсе элүү сом же жүз сом чыгар. Ал кеп эмес. Ишенсеңер менин бүгүн өтө зарыл жумуштарым бар. Эртең дал ушул убакта ушул жерде жолугушалы. Макулсуңарбы?
– Ооба, Кубантайдын зарыл жумуштары көп. Май кармаган бармагын жалайт дегендей Кубантай майлуу жерде иштейт, – деп Нур мактана кетти.
Күндөгүдөй тигил экөө менен сүйлөшүп барып аларды автобуска салып жиберди. Өзү аларды жөнөтүп коер менен Ош базарына келип, тачкасын сүйрөп чыкты. Түштөн кийин соода сатык иштери басаңдап калгандыктан жарытылуу акча тапкан жок. Эртеңкини ойлосо дене бою титиреп чыгат. Анан барбай эле койсом эмне болот деген ойго келет. Канча айдан бери сырдашып жүргөн менен Нурдун көңүлүн калтыра элек. Эми калтырып койгону туурабы? Өзү эмес жолдош кызына да убада берип койду. Ар-намысым эртең эле төгүлөт. Нур экинчи мага бет багып карабай калбайбы...
Кубандык түнү бою ар кандай ойлор менен алпурушуп эрте менен эрте базарга келди. Эт сатыла турган жерде адамдар кыжы-кыйма экен. Таразага үч машина кезек күтүп турушуптур. Арткы "Москвичтин" багажы ачык, ээси: "толук алсаң сатам, болбосо кереги жок" деп жоон сары киши менен бажылдашып жатыптыр. Эти менен иши жок, эки көзү тигинин колундагы акчада. Кубандык мындай шарты келип турган учурду кое бербей, шап бир койдун этин көтөрүп алды да, элдин арасына житип кетти. Бат эле эт магазинине өткөзүп үч миң сомду санап алды. Үйгө баргандан кийин көңүлү тынч, тэ-э түшкө жакын туруп, чыкыя кийинип көчөгө чыкты. Чөнтөгүндө акча, кайда барса да жол кенен эле. Бирок өз турмушунда бейчеки акча коротчу эмес.
Бош болгондон кийин базарды бир сыйра кыдырып чыгып, анан эки кызга эки кооз гүл алды. Бактын түбүнө келип аларды күттү. Нур эч качан күттүрчү эмес. Экөө тең күлө багып Кубандыктын жанына келишти.
– Бул сага. Бул болсо сага,– деп эки кызга эки гүлүн суна койду. "Көрдүңбү бул ушундай мыкты бала" дегенсип Нур Айнаны карап күлүп койду.
– Эмне дейсиңер бийкечтер? Концертке барабызбы?..
– Убада, убада да. Ага чейин көп бар. Ата-энебизге айтып келели. Филармонияга өзүбүз деле барып калабыз.
Кубандык филармониянын концерттик залынын эң кымбат орундуктарынан сатып алды. Динаранын комуздай дирилдеген үнүн угушуп үчөө тең рахатка бөлөнүшүп отурушту. Өзгөчө Кубандык жан дили менен берилип угуп, эки жолу ордунан ыргып турду:
– Жашасын Акулова, Жашасын Акулова! – деп кол чаап кыйкырып жиберди. Нур Кубандыктын бул жоругун олдоксон көрүп буруя түштү да:
– Койчу, экинчи кыйкырбачы, элден уят ко,– деди колунан ылдый тарткылап.
– Койдум алтыным, койдум, кечирип кой,– деп Кубандык эки колун төшүнө алып ийилип койду. Жумшак жана адамкерчиликтүүсүнө экөө тең ыраазы болуп калышты.
Концерттен кеч чыгышты. Эки кыздын эки жагынан колтуктап, Кубандыктын көңүлү көкөлөп турган. Эми кафеге кириш керек. Кечээги табышынын чекеси да оюла элек. Кыздар кеч болуп калды, ата-энебиз урушат дегенине болбой кафеге экөөн тең киргизип, кымбат тамактар менен сыйлады. Колдоруна бирден шокалад карматып, кыйналбай жеткиле деп таксиге салды. Кыздар да Кубандыкты кур калтырган жок. Экөө эки бетинен өөп коштошушту.
Үйгө келери менен бети башын карай баштады. Куруп калган кыздар чопулдата өөп жатат эле кызартып койгон жокпу деп ойлоду. Жок эч кандай так жок. Бирок ошолордун өпкөн жери алоолонуп ыссып тургандай. Кандай жумшак жагымдуу эриндер. Анын рахатын тиш каккан жигиттер жакшы билет чыгар. Анткени кыз көрсө артынан түшүп жалынып жалбарынып жанын сабаган жигиттерди көрүп жүрбөйбү. Бирок анчалыкка барып сезими ойгоно элегин сезди Кубандык.
Бул күн да Кубандык үчүн укмуштай сонун күн болду. Эртеси базарга барды да тачкага иштегиси келбей кыдырып басып жүрдү. Негедир щеткада отурган балдар, жүк ташыган тачкачандар бир шордуулардай көрүнүп кетти көзүнө. Досу Нанай чекесинен терди шорголотуп ынтыга жүк тартып Кубандыктын жанына токтой калды.
– Мине культурный болуп турусуң,– жумушка чыкпайсыңбы. Шабашка моря болуп жатат,– дегенче арт жактагы киши:
– Эй оңбогон! Сүйлөшүп тура бересиңби. Бол айда болбосо башкага жүктөйм,– деп тим эле кулу баштанып кыйкырат. Кубандык мындай өкүмчүл кишилердин кыйкырыгын далай уккан. Уккан менен алардын сөзүн сөз деп, кебин кеп деп койчу эмес. Кокус алар менен чатакташып калсаң иштин бузулганы. Кечке чейин нервиң чыңалып, булбулдун үнү кулагыңа жакпай калат. Эх, менин досторум, биз ушундай эл экенбиз да деп койду ичинен. Анан он-он беш минутанын ичинде эле 3000 сом таап алганын ойлой баштады. Демек акча быякта жаткан турбайбы. Мен эмне башымды оорутуп жүрөм? Мен эмне болбогон акчага теримди агызып жанымды жанчып жүрөм? Мен эмне жүдөмүш байкуш болушум керек. Тигинтип уурлук кылсам бир жылдын ичинде байып бирөөлөрдү "Бол! Бо-о-л! дегизбей мен: "Бол! Бо-ол" дегизсем болбойт бекен? Ушундай ойго чарпылып эт сатылган жакта көпкө отурду.
Бир жума бою иштебей койду Кубандык. Акчасы болсо улам азайып келатты. Нурга бир гана жолу барды. Нур жолукканда эле:
– Кубандык сага эмне болгон? Кабагың түнөргөндөн түнөрөт да? – деди.
– Эч нерсе эмес, жумушта өйдө төмөн болот экен. Кээде бирөөлөр менен иш боюнча уруша кетесиң. Мен да бир бой көтөргөн, жакшылыгы жок наадан менен уруша кеттим эле. Ошондонбу көңүлүм ачылбай жүрөт. Бирок эч нерсе эмес. Баары жайында болот. Ал бир убактылуу нерсе да,– деп тим болду.
– Эмне кыласың наадандарга теңелип. Алардын сөзүн укпай эле кой. Урушайын дегенде басып кет,– деп Нур өз акылын айтты Кубандыкка.
Нур дайыма ушундай акыл-насаатын айта коет. Адамкерчиликтүү, чынчыл бол, таза жүр, жамандык кылба, жакшылык кыл деген сөздөрдү айтат. Анын баарын туура көргөн менен турмуш агымы башка жолго салып баратканын Кубандык алда качан сезген. Анан калса өзүнүн чын турмушун айтпай бурмалап келатпайбы Нурга.
Айбан жаныбарлар да бекер тамак чыккан жерден чыкпай калат окшобойбу. Ошол сыңары Кубандык да эт саткан жерге келип жеңил машина же андан чоңураак машина менен келген эттерди аңдып калат. Бирок эч кимдин алдырар түрү жок. Өткөндө эт уурдалыптыр. Сак болбосоңор болбойт деге

Дагы сунуштайбыз