Атаман уурулардын тагдыры (повесть) 3

Куюлган терлерин көйнөктөрү менен аарчышып, анан баштарына ороп алышты. Аттарды жаңы эле минип тигил жайылып жүргөн жылкыларды чогултайын дегенде асмандан вертолеттун үнү угулду. Түз эле алар жакка келатканын көрүшүп:
– Аттарды таштап бешөөбүз беш жакка качалы,– деди Кубандык.
– Жаратылышты коргоонун вертолету чыгар,– деп Желмаян камырабай баратканда асты жагынан ок жаап кетти. Артын карабай чаап бараткан Кубандык бөксө тоонун кырына жеткенде, тигилер эмне болду экен деп көз чаптырып карады. Экөөнүн аты өлүп, жөө далбастап чуркап баратканын көрдү. Эки атчан кайда кеткени белгисиз. Тигил ийнеликтей канатын сабалаган вертолет алардын артынан түшсө керек. Жедеп чарчап бүткөн атын камчы менен чапкылап жылга жакка айдап жиберди да, таштын далдаасына бугуп жатып калды. Вертолет келгенде ат тигил кырга жетип, үйүрүн издеп аска зоону жаңыртып кишенеп баратты. Вертолет ошол тегеректе айланып-айланып өттү да анан тигилер жакка бет алды.
Арып ачып, жолу болбой келген Кубандыктан тигилердин жөн-жайын сурады Акмолдо.
– Алар жөнүндө убайым чекпей эле кой. Сөзгө бек, адамды сатпаган ишенимдүү кишилери бар. Ал эми мындай кыйын кысталыштар ар бир уурунун башына келет,– деп жубатып койду. Канткен менен да бир жума бою өзүнө келе албай жатты Кубандык. Ошентсе да Акшоола эмне кылып жүрдү экен? Бир көрүнүп жок болуп кеткениме таң калып жүргөндүр. Же баягы Буудайбеги менен жүрүп калдыбы деп ойлоно калат.
Негедир кийинки кездерде Акмолдонун кабагы ачылбай калды. Анан ар кайсы жактардагы ууруларды чогултуп алардын жөн-жайын ой-пикирлерин укту. Чынында "бөрүлөр" уюмунун иши күн өткөн сайын өтө кооптуу боло баштаган. Ошондуктан алты айдан бир жылга чейин тыныгуу керектигин маалымдады. Ири малдарды, банктарды, машиналарды уурдоого тыюу салды. Анысы Кубандыкка майдай жакты. "Эми Акшоолага үйлөнүү керек деп чечти өзүнчө. Муну Зыябүгө айтпаса да кексе аял билип жүргөн. Ошондонбу дасторкондо чай ичип отурганда Акмолдо сөз баштап калды.
– Биерде жашап иш жүргүзүп жатканымды бирөөлөр сөз кылса керек. Кийинки кезде коркунучтуу ойлор келип, башка жакка кетким келип жүрөт. Аял ал. Сени райондун борборуна бөлөм. Там, машина алып берем. Антпесем бир жаман иш башка келип калса, тапкан дүйнөлөрдүн баары сапырылып жок болуп кетет,– деди. Кубандык унчуккан жок. Бирок Акшооланы ойлоп ичинен сүйүнүп койду.
Акмолдо ишти ылдамдатып жиберди. Кубандыкка чоң там алып берип, ичин мебелдерге толтурду. Ак түстөгү жапжаңы "АУДИ", мал сатканга керек болот деп "ФОРД" маркасындагы маршрутка алды. Ошентип сейфтеги акчасынан кыпым калган жок. Анткен менен үч жүздөй кою, жыйырмага жакын кара малдары бар болчу. Аларды четинен базарга апарып сата баштады. Семиздерин сойдуртуп Бишкекке өзү барып, кээде Кубандыкты жөнөтүп турат. Ишсиз калган жумушчулары биз кайда барабыз деп даттана баштады.
– Азырынча тамагыңар барбы, жашай бергиле. Орун которгондо силерди кошо ала кетем дейт Акмолдо. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык "чал эмне жинди болуп кеткенби" деп ойлоп коет. Кайра "э, койчу аны, мен өзүмдүн турмушумду өзүм алып кетишим керек" дейт.
Жаңы "АУДИ"ни китепкананын жанына токтоткондо Назик кайсы чоңдор келди экен деп сыртка чыга калды. Кабинадан Кубандык чыга калганда аң-таң. Мынча акчаны кайдан тапты экен деп ойлоду ичинен.
– Акшоола кайда? – деди учурашкандан кийин.
– Кайда болмок эле. Жумушунда эле. Айтчы сен кайда жоголуп кеттиң Кубандык.
– Кайда жоголмок элем. Россияга барып соода сатык иштерин жүргүзүп иштеп келдим. Жолум болду. Машина алдым. Там алдым. Көрөсүңөр го.
– Ойго келбес иш ко.
– Ошондой болуп кетти, эмнени айтасың. Эми жүр Акшоолага баралы.
Назик бат эле Акшооланы ээрчитип чыкты.
– Кандайсың Акшоола? – деп колун сунду Кубандык. Акшоола күлмүңдөп колун берди. Негедир Кубандыкты сагынып калыптыр. Буудайбек болсо Акшоолага көптөн бери сыртын салып сүйлөшпөйт. "Аялы менен жарашып алгандыр" деп ойлоп койгон. Ал эми Кубандыктын бир келип, кайра кайрылбай койгону табышмак. "Мүмкүн башкага үйлөнгөндүр. Оозу шок жаным жуанмын деп эмнеге айта койдум экен" деп Акшоола ичинен өкүнөт. Бирок Кубандык оюна эч нерсе албагандай шатыра-шатман, көңүлдүү.
– Экөөңөрдөн сүйүнчү алайын деп келдим. Мына машинам. Азыр силерге тамымды көрсөтөм. Макулсуңарбы? – деди Кубандык.
– Мен жумуштамын Назик экөөңөр барып келгилечи,– деп кетенчиктеди Акшоола.
– Ашып кетсе жарым саат. Машина менен кайра эле жеткирип коем.
– Сен барбасаң мен да барбайм, мен да жумуштамын. Назик кетүүгө камынды.
Экөө акыйлашып отуруп акыры машинага түшүштү. Тамдын ичине киргенде Манас атанын чокусуна чейин мал жайыт. Түркүн чөптөрдүн бүрүн жеп нык семирет кайсы мал болсо да. Кубандыкка мына ушу керек болчу. Тилеги ишке ашып тоо боорундагы бузулган коргондун жанына там салып бирөө жарым жолукса эптеп жан сактап жүргөн адаммын деп, "торун" алыска жайып, ээн жердин бөрүсү болуп туруп калды...
...Таң шооласы алды менен бийик тоолордун чокусуна чачылып, акырындык менен жылгаларга жайылып келатты. Түнү бою көз ирмебей карагандын түбүндө жатып өткөндөгү турмушун элестеп бүттү Кубандык. Кечетен бери коргологон бадалдан турду да жылгадагы сууга бетин жууду. Уучуна толтура суу сузуп шимирди. Көңүлү тынчыбай чокуга чыгып тигил милиционерлерди карагысы келди. Сөзсүз кете элек деп болжолдоду. Үрөң-бараңда чокуга көздөй беттеп, жерге жарык киргенде чокуга жетти. Алар кетпептир. Кол телефондору менен жан алы калышпай сүйлөшүп жатышат. Ка-ап андан ары кете бербей деп өкүнүп калды. Тоодон ылдыйлап келе жатканда алыстан самолеттун үнү угулду. Жок, самолет эмес, вертолет экен. Жүрөгү оозуна каптала түштү. Бул бекер келе жаткан жок. Тигилердин чакыруусу менен келаткан чалгынчылар. Демек өлгөнүм ушу деп далбасалап далдааны издеп калды. Жан алы калбай мүдүрүлүп сүрүлүп көзүнө көрүнгөн чоң таштын түбүнө келди. Кудай жалгап суурдунбу, кашкулактынбы ийни бар экен. Эптеп бүктөлө отуруп, айланага көз жүгүрттү. Вертолет түз эле жарадар болгон милиционерлерди көздөй бет алды. Бат эле кайрылып баягы бадалдын тымтыракайын койбой аткылап, анан Кубандык бекинген таш да кур калган жок. Автоматтын жаадырган октун бири согончок жакка тийди. Кан агып чыкты. Каериң ооруса жан ошерде эмеспи. Кан токтобой аккан сайын жүрөгү лакылдап жаны көзүнө көрүнүп баратты. Көйнөгүнүн бир жеңин жулуп алды да бекем байлап койду. Тигил вертолет кайра кайрылып келбегей эле деп кудайдан тиледи. Тамактарын, дары дармектерин бадалдын жанындагы аккан суунун жээгине таштап койгон.
Айлана тым-тырс боло түштү. Эми ылдыйлап түшүп бадалга жетүү керек. Ушул арада вертолет жетип келсе шорунун кайнаганы.
Акырын ийинден чыкты. Ок тийген буту бастырар эмес. Андан да катуу ооруганын айт. Саал эле жерге тийсе, көзү чагыла түшөт. Айла канча бир колуна күч келтирип, бир бутун сүйрөп жамбаштап жыла баштады. Жанына күч келип ала-шала терге түштү. Үшкүрүнүп бир маалга чейин отурат да эптеп жамбашы менен жыла баштайт. Ошентип бадалга жетпей эси ооп жатып калды.
Кечке жуук эсин жыйды. Күн кызарып батыптыр. Аны тиги бийик чокулардын баштарындагы кызгылт нурдун төгүлүп турганынан баамдады. Бирок жылганын ичи улам күңгүрттөгөндөн күңгөрттөп баратат. Ок тийген бутун карады. Жаткан жеринде кан агып жерге сиңип кеткенин көрдү. Кудай жалгап кан токтоп калса керек. Эми бадалга жетсе иод бар. Демек азыр бир ажалдан калды. Дагы сактай көр деп кудайга жалынып жалбарынып алды.
Шүүшүңдөп аккан кан чүпүрөккө сиңип этке жармашып калыптыр. Тишин кычырата жаны ачыганына карабай чүпүрөктү оромосунан чыгарып, анан ок тийген жерге иодду сыйпай салды. Эми мындан аркы жол кандай болот ошону ойлоно кетти. Баса мындан эки белести ашкандан кийин бир чабандын кичинекей тамын мындан он жыл мурда көргөн. Эгер ал алигече бар болсо анда кудайдын боору ачыганы. Жок болсо бутунун жараатынан же ачкачылыктан өлөрү анык. Эх! деп үшкүрүнүп алды. "Кудайдын каргышына калган жокмунбу? Түрмөдөн чыксам кой эмес корголго да тийбейм дебедим беле. Аны эсимден чыгарып көзүм кашайдыбы. Мына эл алдында да, абийир намыс алдында да күнөөлүүмүн. Мени таңдан чыгарбай алып кет кудайым, алып кет кудайым, мен ыраазымын алып кетсең!
Кечээги түндөгү уктабагынан көзү ачышып, башына баштыгын коюп жата кетти. Бирок буттун башы эле сыздап ооругандан ооруп, кир жуугандай башты мыжып барат. Анткени менен уйку катуу келгенде оорууну да жеңет окшобойбу. Бир сааттай ооналактап жатып анан уктап кетти. Уйку да жыргаган уйку эмес. Каяктагы жезкемпир, желмогуздар менен алышып чыкты түнү бою.
Эртеси эки таяк таап тизеге чейин шак-шак жасап, согончогу жерге тийбегендей кылып байлап койду. Колуна оңтойлуу таяк жасап, тобокел эмне болсо да бешенемдегини көрөйүн деп жолго чыкты.
Үч күн жол жүрүп, анан издеп келе жаткан чабандын үйүн көрдү. Тиги бөксө тоону беттеп койлор жайылып жүрөт. Койчумандын карааны көзүнө бүлбүлдөп көрүндү. Башы айланып, кыймылдоого дарманы жок. Антсе да бардык күчү менен:
– Жардамга! Жардамга! Жардам-га-а деп кыйкырганга үлгүрдү... Көзүн ачып. чабандын үйүндө жатканын көрдү. Жашы элүүлөрдөгү киши шак-шакты алып, таңылган чүпүрөктү бошотуп жатыптыр.
– И-и-и! – деп онотоп жиберди Кубандык.
– Чыда баатыр чыда. Дары сүйкөп жатам,– деди жанагы киши. Эки жагын карап коет Кубандык. Үчөөнүн сүрөтү дубалда илинип турат. Демек бир үй-бүлөдө үчөө гана болсо керек. Эртеси божомолдогону туура чыкты. Ата-эненин жаңгыз кызы бар экен. Ал кыз кечки тамакты апкелгенде көрдү. Өзү толук, эки бети тултук, анан да бетиндеги сепкилди айт. Ак барактын бетине чекит койгондой жыш. Бирок он сегизге чыга элек жаш кыздын дене бою келишип өңүнүн серттигин жымсалдап койгондой. Акшоола эсине түштү. "Чиркин чүрөктүн чүрөгү эле да. Тагдыры ошо экен. Мен же ага катуу айтып же уруп-соксом экен. Же бир айтканын аткарбай койсом экен. Намысына эле алдырып койду. Эмесе өзүн-өзү асып салбайт эле го". Анан калса жарынын мүрзөсүнө өз колу менен топурак салмак түгүл кемпир чалдын үйүнө барып бата да кылган жок. Карып калган адамдар азыр барбы жокпу белгисиз. "Колума алтын куш конду эле, ушу кесепети уурулуктун артынан жүрүп кадырына жетпедим. Колумдан учурдум. Учурмак түгүл түбөлүккө келбес жайга жөнөтүүгө себепчи болдум". Ушул ойлор мээсин чукуп, жүрөгүн сыздатып жиберди. Ушинтип ойдон ой улап аягына чыга албай жатканда чабандын кызы тамак алып кирип келди. Жылуу көз карашы, илбериңки кыймылдары адамга жагымдуу да, суктанарлык да.
– Алыке көрүнбөйт да,– деди Кубандык.
– Шаарга кетти.
– Эмнеге?!. Жаман кабар уккансып селт эте түштү. Колундагы кашыгы титирей түшкөнүн кыз да байкап калды. "Мени менттерге билдирейин дедиби. Эмесе шаарда кандай жумушу болот эле" деп ойлонду Кубандык.
– Сизге балдак апкелем деди. Эртең келип калат. Бир жерде жата берип жадаган жоксузбу? Адабий китептер бар. Апкелейинби?..
– Жок андайларга кызыктар эмесмин. Саал жакшы болуп калсам үйүмө кетет элем.
– А-а бала-чакаңызды сагынып жаткан турбайсызбы...
– Кайдагы бала-чака, жаңгызмын. Ошондо да ар ким өз очогун, өз өлөң төшөгүн сагынат. Анын үстүнө чакырылбаган коноктой жата бергеним уят ко.
– Биз жакшы жана бакубат жашайбыз. Сизди оорлобойт. Таза айыкканча жүрө бериңиз. Мен сизди күн сайын карап турам. Кыз күлмүңдөп карап койду. Анан да жадырап жайнап отурганычы. Кубандык кыздын мындай мүнөзүнө жүрөгү элжиреп кетти. Экөөбүз баш кошолу деген сунушка макул болор беле деп ойлоп жатты ичинен. Бирок кургур кыз он төрт жаш өзүнөн кичүү болуп отурбайбы.
Кыз айткандай Алыке шаардан балдак жана жаратка керектүү дары дармектерди ала келиптир. Келери менен Кубандык жаткан бөлмөгө кирип, бутуна дары сыйпап оңдоп таңды. Балдакты кроватка сүйөп коюп, анан Кубандыктын ким экенин сурай баштады. Кубандык баарын жашырып, кайдагы жалгандарды айтайын деди, бирок анте албады. Ууру экенин танбай, он беш топозду айдап келе жатып, ташка бекингенин, вертолеттон ок жаап бутуна тийгенин төкпөй чачпай айтып берди.
– Бөрүсүз тоо, уурусуз соо эл болбойт. Бирок адам келечегине карап жашайт. Ууруда келечек бар дейсиңби. Кыңыр иш кырк жылда да билинет дегендей уурулук бир күн болбосо бир күн билинет. Ошондо элдин бетин кантип карай аласың. Эгер буга чейин уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да кеч эмес? Алыке көптү билген, көптү көргөн сөзмөр киши экен. Аны Кубандык ушул аңгемелешүүдөн кийин эле сезип калды. Мындай кишиге кадиксиз ишенүүгө болот. Демек бул жерге келгени жакшы болгон.
Иттер ав-ва-авуулап калды. Алыкенин чыкканынан киргени бат болду.
– Үч ат менен кызыл шапкечендер келе жатат. Сага эмеспи,– деди Алыкенин өңү өзгөрүлүп.
– Сөзсүз мага келатат. Айланайын Алыке алып калыңыз. Менин тагдырым сиздин колуңузда,– деп жалдырап жиберди Кубандык.
– Коркпо. Алдагы кийиздин алдына картошка салган оро бар. Түшкүн да дымыңды чыгарбай отур.
Кубандык ороого түшүп, үстүнөн кийиз жайганча, тигилер да шашыла аттан түшүп үйгө кирип келди.
– Кандайсыз Алыке, саламатсызбы? Мал жаныңыз аманбы?
– Баары аман. Отургула, чай анан пайдан ичкиле. Кой соёюн конок болгула,– деди Алыке меймандостук каадасын кылып.
– Жок, шашылышпыз. Биз ууруну кубалап жүргөн адамдарбыз. Кокусунан силердикине баш калкалап келип калдыбы деп келдик. Бар болсо ачыгын айтыңыз. Жок десеңиз үйдүн ичин карап чыгалы. Биз да бул жерден шек санагандай болбойлу. Алыке унчуккан жок. Тигилер тамдын ичин бир сыйра карап чыгып анан Алыкеге:
– Кечирип коюңуз. Эгер ал шүмшүк келип калса дароо кабарлаңыз деди да чыгып кетишти. Анын бирөөн үнүнөн эле жакшы тааныды Кубандык. Ал артынан сая түшүп келаткан майор Жамбай Жапалаков эле. Эми ага ичинен кыжыры кайнап тишин кычырата тиштенип алды. Бутум айыксынчы. Атаңды үч коргондон гана көрсөтпөсөмбү деди ородо жатып күбүрөнө.
Күн өткөн сайын буттун жараты азайып мурдагыдай сыздатып оорубай калды. Күндө үч маал сыртка чыгып чөп, жем ташыган унаалар келген жолду карайт. Жакын жерден айыл көрүнбөйт. Бутум басылса акыры бир жерге алып барар дейт бул жолдор. Жолду караган болуп тиги кызга көзү түшөт. Сыртка чыкканда же киргенде экөө тогошуп калат. Качан көрсөң кыз жайдары. Жүзүнөн жылуулук төгүлүп өзүнө тартат да турат. Анын үстүнө апасына кол тийгиздирбей тамак жасап, казан аякты өзү башкарат экен. Ал эми Кубандыкка үч маал тамакты үзбөйт. Өзү чай куюп берип отуруп тартынбай сүйлөшө кетет. Кубандык да өзүнө тартуу үчүн тамашалуу окуялардан айтып берет. Кыздын шыңгыр эткен күлкүсү мөл булактай жүрөгүнө агылат. Сулуу сулуу эмес сүйгөн сулуу турбайбы дейт ичинен. Анткен менен ичи үкүтүкү. Сүйүүсүн айта салып, кыздан сөз менен катуу сокку жеп каламбы деп коркот. Анын үстүнө ата-энелерине айтып койсо ошондо шору катат. Түз эле Алыкең өзү түрмөгө отургузуп коюуусу мүмкүн. Канчалык жаман ойго түшкөн менен Кубандыктын махабаты жалындагандан жалындап баратты. Кээде кыздын колунан кармап өзүнө тарта кучактай калат. Кээде кроватына отургузуп сүйлөшкөн болот да кроватка кошо жыгыла кетет. Андайда Зейне ачуулана кеткендин ордуна кыткылыктап күлөт да:
– Үйдөгүлөр көрсө эмне дейт. Коюңузчу,– деп жумшак гана сүйлөп тим болот. Бара-бара кыздын эркин бийлеп аларына көзү жетип, тартынбай алдына отургузуп эркелете турган болду. Зейне да Кубандыктын улуулугуна карабай жакшы көрүп кетти. Мынчалык ага тартылып кеткенин да түшүнбөй калды.
Ошол арада Алыке:
– Биз айылга барып өлгөнгө бата кылабыз, эрте келебизби, кеч келебизби мал келге баш көз бол. Дудук койчуманга да айт. Койлорду алыс жайбасын,– деп ат араба кошуп байбичеси экөө кетип калды. Дудук койчуманга Кубандыкка көз салгын дегенби, койлорду сарайдын айланасына жайып, үйдөн чыкпай калды.
– Биерден эмне жейт. Тиги кырга койлорду жайып кел,– деп Кубандык эки үч жолу айткан менен дудук колун шилтеп, кызга тийсең көрсөтөм дегендей муштумдарын ургулап койду. Ниети бузулуп Зейнеге жаңы эле жакындайын дегенде дудук эшикти ачып кире калат да, кожоюнга айтсам сени өлтүрөт дегендей белги кылып, кекиртегин колу менен кескилей кетет. Аны алаксытуу максатында тиги туз салуучу атшоолорго эрчитип барды да, көпкө чейин чылым чегишип кол менен жаңсап сүйлөшүп отурду.
– Жүр, экөөлөп тиги тоо жакка кой кайтарып келели,– деди бир убакта Кубандык. Дудук көңүлдөнө макул болду.
Койлорду тоо беттетип, кайра чылым чегишип, тулаң чөптүн үстүндө бир маалга чейин отурушту.
– Мен үйгө барайын. Зейне коркуп калат. Ме, муногу үч жүз сомду ал. Чылым аласың. Менин акча бергенимди кожоюнга айтпа,– деди Кубандык. Дудук мулуңдап сүйүнүп, акча жөнүндө айтпайм, кызга тие көрбө, деп оюн колу менен түшүндүрдү. Кубандык "Эмне эле коруп жатты экен, бул жаман дудуктун Зейнеде ою барбы" деп ойлоп койду өзүнчө.
Үйгө келгенде Зейне куурдак кууруп, чайды демдей салды. Экөө бет майдайлаша отуруп чай ичишти. Койчуманга да тамак даярдап коюптур.
– Жеткизип бериңиз. Убакты тамактандырбасак чатак кыла турган адаты бар,– деп Зейне баштыкты колуна карматты.
– Анын сенде ою бар окшойт,– деди Кубандык эмне дээрин билгизи келип.
– Анын да жүрөгү бар. Кантип махабатка кабылбай койсун. Бирок анын теңи мен эмесмин да. Бир убакта өзүнө ылайыктуу бирөөнү табар. Ага чейин сүйсө сүйүп жүрө берсин.
Кубандык баштыкты ары жакка койду да Зейненин так майдайына басып келди. Колунан кармап белинен кучактады. Кыздын титиреп турганын сезди. Зейненин эткээл денеси жумшак макмалдай урунду. Жүрөгү дүрт этип, өзүн кармай албай калды Кубандык. Кроват да алыс эмес эле. Кыздын лазатына балкып, ага жолуктурган тагдырына миң ирет ыраазы болуп кетти. "Мен жуанмын, кыз албайсыңбы, сага кайсы кыз болбосун тиет" деген Акшооланын сөзүн эстеди. Бекер айтпаган экен деп койду ичинен.
Дудукка тамак алпарганда ал жаңы эле койлорду сарайды көздөй айдаганы жатыптыр. Кубандык ага тамагын берип, кайра койлорду тоонун чокусу көздөй айдады. Биерден сарай даана көрүнүп турат. Зейне сыртка бир жолу да чыккан жок. Жем ташып жүргөн тракторлор да каттабады. Күн бешимге таянганда гана араба эшиктин алдына токтоду. Кубандык дудук экөө кечке маал койлорду айдап келишти.
Кубандыктын бутундагы жараат айыгып, шишиктери качан эле тарап калган. Болгону бармактай жери ылжырап бүтпөйт. Ал да эмдигиче айыгып калмак. Баягыда алып келген дарысы түгөнүп, ошондон бери эч нерсе сүйкөй элек. Алыке айыгып калганын билген менен эми эмне жүрөсүң деп айта албады. Кубандык да айланчыктап, Зейнеден алыстагысы жок. Үйлөнүү жөнүндө сөз айтса ата-энелер асман айга секирип чоң чатак чыгарабы деп коркуп жүрдү. Бирок эртеби кечпи айтыла турган сөз эле. Дасторкондо чай ичип отурганда:
– Сиздердин колуңардан үч айдан бери өз балаңардай болуп тамак жеп келатам. Бириңерди апа, бириңерди ата дейин. Силерде уул жок экен уулуңардай кызмат кылайын. Айтайын дегеним Зейне экөөбүз бири-бирибизди жактырып калдык. Экөөбүзгө ак батаңарды берип койсоңуздар.
– Эмне деп дөөрүп жатат бул адам. Алмончоктой кызыбызды өзүнөн улуу сандалган кишиге бере коебузбу, айтчы атасы,– деп Калиман апа ызылдап жиберди. Зейне көзүнөн жашын буурчактатып бош бөлмөгө кирип кетти. Алыке менен апасы кыздын артынан барып бир топко чейин кыйкырышып, кайра дасторконго отурушту.
– Кызыңдын көңүлү бар болсо болду. Улгайган адамдарга тийген кыздар аз бекен. Андан көрө багы ачылсын де. Ошону тилейли. Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө дегендей өмүр бою кармап отура бермек белек,– деп Калиман апаны тынчтандырды.
– Кайда жашап, кайда тиричилик кыласыңар. экөөңөр эч жакка кетпей ушул жерде жашай бербейсиңерби,– деди Алыке.
– Жок бул жерде жашай албайм. Бир уюмдун жетекчисимин. Алар бул жерге тынч жашатып кое албайт. Карасай жайлоосунда убактылуу жашап жаткан тамым бар. Ошерге барабыз. Убакыт өтөр. Тигилерден аман-эсен кутулуп кетсем эле болгону. Эл катарына кошулуп, ак мээнетим менен жашоого аракеттенем. Сиз айткандай уурунун келечеги жок,– деди өмүр баянын баштан аяк Алыкеге айтып берип.
– Түшүнөм, түшүнөм. Баары келип тагдырдан деп башын чайкады Алыке.
– Ооба ата. Эгер ата-энемдин колунда өссөм мындай турмушту башымдан өткөрмөк эмесмин го. Ушундай болуп калды. Эми Зейнени эч нерседен кор кылбай алып жүрөм,– деп Кубандык Алыкеге миң доллар сунду.
– Көрүп жүрөсүң, мага бардыгы жетишет. Азыр фермерлерге президентибиз кенен жол ачып койбодубу. Муну албайм. Андан көрө өзүңөрдүн керегиңерге жараткыла,– деп Алыке болбогон менен Кубандык тырышып туруп алды.
...Мына ушинтип Зейнеге колу жетип, жарынын жаркылдаган мүнөзүнөн жылуулук алып жашап келе жатат. Анан да кубанычтуусу балканактай бала төрөп берип, атын Улан коюшту.
Карасай жайлоосуна келери менен уккан "бөрүлөр" биринин артынан бири келишип ишти күчөтүп жиберишти. Анын үстүнө күз мезгил алар үчүн өздөрү айткандай "сезон". Айрым адамдар малдарын бош кое беришип, көзөмөлдөгөндү унутуп коюшат. Эгин тегиндер жыйналып, мал да ээн эркин оттошуп нык семирет. Бирок бул күз Кубандыктын бешенесин жаркытып кубанта албады. Баягы Жамбай Жапалаков Кубандык жөнүндө имиш угуп, анын каерде баш калкалап жүргөнүн издей баштады."Өлбөдү же уурулукту койбоду. Аны тирүүлөй кармап чокко гана кактабасамбы" деп ызырынып жүрдү. Кубандык да "ички иштер кызматкерлери издөө салып жүрүптүр" деген имишти көптөн бери угуп жүргөн. Бирок ага анчалык маани берген эмес. Сактыкка кордук жок дегендей үй астынан кеткен тоннелди карап чыгып, цистернадагы бензиндин канча калганын карап чыкты. Бензин цистернадан бир аз гана бөксөрүптүр. "Кол сала турган болсо баарын куйкалайм" деп ойлоп койду ичинен.
Ошентип ал капарсыз жүргөн күндөрдүн биринде түн уйкусунан ойгонуп эшикке чыкты. Фараларын жаркыратып тоону көздөй келаткан бир канча машиналарды көрдү. Жүрөгү оозуна каптала түштү. Эми Акмолдонун тагдыры дал өзүнүн башына түшкөнүн сезип уктап жаткан аялына учуп жетти. Үстүндөгү жуурканды шыпырып алды.
– Мынча эмне болду? Жинди болуп кеткенсиңби?! – деп Зейне көзүн ушалап тура калды.
– Баланы кийиндир. Бол ылдамда. Спецназ келатат...
– Мен качпай эле койбоймунбу. Жаш бала менен менин күнөөм кайсы?
– Күнөөм жок дейсиң. Уурдалган малдын этин жеген жок белең? Акчасын алган жок белең. Көргүлүктү көрө элегиңде бол дейм!..
Зейненин эки көзү алайып кетти. Колдору титиреп, зорго кийинди. Бала таттуу уйкудан ойгонор менен там жаңырта бакырып ыйлады.
Кубандык акчаларды, алтын, күмүш каухарларын сумкага салып Зейненин колуна карматты. Полдун астындагы эшикти ачты да, шаты менен Зейнени ылдыйга түшүрдү.
– Кош менин кымбатым, өмүрлөш жарым, алтыным,– деп Зейненин мойнунан кучактады. Зейне өңгүрөп өксүп ыйлап жиберди:
– Эмне сени өлтүрүшөбү?..
– Камайт. Андан көрө өлгөнүм жакшы. Эми камалсам картайганда бир чыгам. Анын кереги кайсы.
– Өлөм деп айтпачы. Камалсаң он-он беш жыл берер. Мүмкүн кыскартып коер. Мен жөн жатпасмын. Сени чыгарып алам. Ушуга ишенчи.
– Экөөбүз акылдашып отурууга убакыт жок. Тоннелден чыккандан кийин баягы үңкүргө бекин. Уланды сакта. Оорутуп коюп жүрбө. Ал баатыр адам болот. Чоңойсо айтып кой. Мендей ууру болбосун. Уурунун күлү додо болбойт де. Ууру болсоң атаңдай элдин каргышына калып, атажурттун топурагы буйрубай карга кузгунга жем болосуң де. Ушул дубай саламымды унутпай айт туягыма. Бол эми кет...
Зейне Кубандыктын моюнунан колун кое бербей өңгүрөп өксүп ыйласа кудайга үнү жеткидей. Анан калса өлүмгө бир эле кетеличи деп жалынып жалбарынат. Аялынын ыйына каңырыгы түтөп, боору эзилип турганы менен ойлонгонунан кайткан жок. Зейненин колун күч менен тартып алды да, шаты менен өйдөгө көтөрүл-дү. Чын эле спецназдагылар короодун сыртын курчап темир тосмолорду бузуп кирүүгө аракеттенип жатышыптыр. Цистернага жете келип кранын жарым жартылай ачты. Жерге куюлганы куюлуп, кээде чаканы тосо коюп көрүнгөн жерге чача баштады. Сыртта эмне болуп жатканын карай албады. Тамдын ичи сасып чыкты. Жытка ууланып калбайын деп тоннелдин оозуна келди да факел күйгүзүп ыргытып жиберди. Өзү жер асты менен качып жөнөдү.
Ачык турган форточкалардан бензин төгүлөр менен сыртка жыты чыга баштаганын биринчилерден болуп Жамбай сезе койгон.
– Артка! Үй өрттөнөт,– деп кыйкырды ал. Жан далбастап качууга үлгүрүштү жоокер жигиттер. Үйдүн ичи бомба жарылгандай дүң дей түштү. Чатырлар көккө сапырылып, алоолонгон өрт жалбырттап күч алды.
– Кубандык эмес, жоргологон чычкан да өрттөнүа жок болгондур,– деди Жамбай чатырап күйүп жаткан жыгачтарды көрүп.
Бул убакта Кубандык үңкүрдөгү аялына жете барды. Ыйлап жаткан баласын ала коюп, башынан сылагылап, бетинен өптү.
– Айтчы, мендей ууру болбойсуңбу ээ,– деди эч нерсе менен иши жок балбыраган баласы сөзгө түшүнө тургансып.
– Сендей ууру болбойт акеси. Мен эгер жарык дүйнөдө бар болсом. Анан көрө өзүң жөнүндө ойлон. Кутулуунун амалын тап.
– Мени эми эч ким кармай албайт. Муногу жылгадагы чоң суудан аман-эсен өтүп кетсем болду. Тоолорду ашып отуруп Казактсанга өтүп кетем. Анан мени таап алсын, Жер тыңшаар Мамыттай болсо да.
– Мен эмне кылам? Колумда дагы бала бар.
– Тигилердин кеткен кетпегенин байкап отура бер. Кеткенден кийин айылга кете турган жолго түш. Айылга жетсең болду. Колуңда акча туру. Каалаган жагыңа машина менен кете бересиң.
Кубандык каалашынча акча алды да, үңкүрдөн чыгып, жылганы көздөй ылдыйлап баратты. Дал ушу маалда Жамбай дүрбүсүн алып, тоо жакты карап отурган. Тоонун шагылына сыйгаланып ылдыйлап бараткан караанды көрдү.
– Карачы, Кубандык! – деп кыйкырып жиберди жанындагыларга,– Кубандык! Солдаттардын баары кетип, жанында эки гана солдат калган эле. Аларга дүрбүсүн суна салды. Алар даана көрдү. Майда кум шагылдардын агымы менен бирөө ылдыйлап баратат.
– Ага убара болуп эмне кылайык. Байкуш күнүн көрүп жашай берсин,– деди дүрбү салгандардын бирөө.
– Акмак экенсиң! Биз эмнеге келдик, эмне кылып жүрөбүз. Жыйырма адам жалаң Кубандыкты кармайбыз деп келип отурсак эми "байкуш" деп ага бооруң ачып коет. Албы, ал канча кишинин убалына калды. Тозокко гана күйө турган киши го. "Эми мындай" деп планын айта баштады Жамбай,– бирөөңөр тоонун өйдө жагынан, бирөөңөр тоонун ылдый жагынан торойсуңар. Мен орто менен басып кубалай берем. Ал сууга барып такалат. Суудан өтө албайт. Колдон келсе тирүүлөй кармашыбыз керек.
Бардыгы Жамбайдын айтканы боюнча иш жүргүзүлдү. Машина менен тоонун этегине бат эле жете барышты. Кудум кинодогу Максумов менен Гайрулланын кубалашкан тагдырына туш келишти. Кирген буурадай агып жаткан сууга боюн таштады Кубандык. Өлүм менен жашоонун ортосунда күрөш жүрүп ылдыйды көздөй агып баратты. Башы чыга калганда тиги жээкти көздөй балдак уруп коет. Калдайган чоң таштар тосмолонгон жерлерде өркөчтөнгөн агымдар адам бою бийиктикте көтөрүлүп, анан иримге сүңгүтөт. Бир жерден аман чыкса, экинчи бир агымга кабылып жан далбастай баштайт. Башым ташка урунбаса экен деп тиленет. Тилсиз жооду майтарылбас өжөрлүк жеңди окшойт. Акырындап тайыс жерге жетип жакасын кармана туруп калды.
Баятан бери суудан өлүм табат деп карап турушкан Жамбайлар эми өз көздөрүнө ишенишкен жок. Делдээ карап турушуп, эс акылына кечирээк келишкендей орундарынан козголушуп, суу жээктей жан үрөп чуркап жөнөштү. Кубандык болсо бийиктен бийикке жөрмөлөп, октун-октун тигилерди карап коет. "Шүмшүк, шумурай ушинтип көз алдыбызда кутулгусу бар" деп Жамбай ызырынып алды да, пистолетинен ок чыгарды. Кубандык бир бутун сүйрөп боортоктоп калды. Кан багелегинен ылдый жайыла берди. "Улан, сен мендей болбой баатыр жигит бол. Мага күмбөз тургузам деп убара болбо. Апаңды кор кылба-а!" – деп аска тоону жаңыртып кыйкырды. "Мээси айланып жинди болуп кеткен го" дешти Кубандыктын кыймылына көз салып тургандар. Бирок андай эмес эле. Улам өйдөлөгөн сайын кан токтобой алсыратып да, көзүн караңгылатып да бараткан. Арга жок токтой калып, көйнөгүн айрыды да бекемдеп таңды. "Шүмшүк, шумурай, аксак буту менен качкысы бар". Карышкырга карышкырдай өлүм керек" деп Жамбай жанаша турган жоокердин автоматын ала койду да, окту Кубандыкты көздөй жаадырып жиберди. "Уурулуктун акыры ушу болду. Отуз үчкө чыкканда эле о дүйнөгө кетип баратам" деп ойлоп койду ажал алдастатып баратканда.
– Мунун денесин эмне кылабыз? – деди спецназдын жигити.
– Эмне кылчы элек. Суунун аркы бетине өтө албайбыз. Ит, куш жеп кетет. Мындайларды жер да жактырбайт,– деди Жамбай Жапалаков.
Зейне үңкүрдүн оозуна жылып келип мунун баарын көрүп турду. Тиги куралчан адамдар кеткенден кийин гана төмөндөп түшүп, Кубандыктын тушуна келип токтоду. Суу күрпүлдөп өркөчтөнүп агып жаткан эле. Тиги тоонун беткейинен Кубандыктын денеси даана көрүнөт. Колун созуп балбалактап ыйлап жатты зар какшап. "Мени кошо эмне ала кеткен жоксуң. жаңгыз болсом азыр эле сууга чөгүп, тиги дүйнөдө бирге жашамакпыз. Ага аргам түгөнүп турат. Балаңды чоңойтоюн. Барам сенин жаныңа. Менин асылым! Зейненин өңгүрөп өксүп ыйлаганын бала да чоочуп кеттиби ал да чыңырып-чыңырып ыйлап жиберди...
Зейне тоодон түшүп айылга кеткен жолго түшкөндө күн батып караңгылык кире баштаган эле...

Дагы сунуштайбыз