Кирүү

Атаман уурулардын тагдыры (повесть) 2

Күн аркан бою көтөрүлүп калган менен эт базарында элдер азайбаптыр. Эт тарта турган таразанын жанында баягы "Москвич" дагы турат. Багажниги этке толо эмес, болгону бир койдун тушу. Өзү арык болгон менен тулку бою чымыр келген, чап жаак кара кишини дароо тааныды. Ал баягыда бир тушун алдырып ким алганын билбей калган киши. Дагы эле тиги жоон сары менен бир койдун этинин баасын чыгара алышпай кыйкылдашып жатат. негедир уурулук сезим ойгоно түштү Кубандыкта. Муну алса жол кирелүү да болот, агасы менен жеңесине аз да болсо кийим кечек алып сүйүндүрөт. "Иним келип калыптыр" деп арак менен болсо да агасы майрам кылып жиберери анык. Алды менен кайсы жер менен алып чыгып кетерин, кайсы жер оңтойлуу экенин көз жүгүртүп карап алды да, шап этти кармай салып бекинүүгө оңтойлуу жерди көздөй бет алды. Бирок... Бирок бирөөнүн карулуу колу ыйыгынан апчый кармады. Бурула берип жаны чыгып кетти. Эттин ээси. Этти тыштай салып качайын дегенде эки жигит эки колтугунан кармай калды.
– Эй, дос этти каерден алсаң, ошол жерге коюп кой. Эмесе...
Кубандык көзүн алаңдатып койдун этин ордуна койду. Тигил экөө Кубандыкты колтуктап кабинага киргизип эки жагына отуруп алышты.
– Мени кайда апарасыңар, кое бергиле. Экинчи уурулук кылбайм. Уурулук ушул болсо энесин урайын.
– Эй бала, тише, сөгүнбөй отур. А то оозу мурдуң канжалап кетет.
– Милицияга апарганча ушул жерде уруп алгыла. Мына башымды тосуп берем. Кана,– деп жулкунду Кубандык.
– Атаман аке бул баланы эмне кылабыз? Бизге тынчтык бербей жинденип жатат,– деди жанагы кара кишини чакырып.
– Бир аз сабыр кылгыла. Эт мына сатылды. Бир аздан кийин жолго чыгабыз,– деди ал.
"Булар эми сөзсүз баягы мен түшкөн милиция бөлүмүнө алпарат. Алар мени дароо тааныйт. Эми мага ырайым кыла коебу",– деп ойлонду ичинен. Бардык күчү менен оң жактагы жигитти катуу түртүп жиберди. Кабинанын эшиги ачылып, тигил жерге оңкосунан сайылды. Кубандык бир бутун жаңы эле сыртка чыгарганда кабинадагы жигит экинчи бутун кармай калды. Кубандык жыгылган жигиттин дал үстүнө түштү. Тиги кара киши далбастап чуркап келип, кулак тушка коюп калды эле Кубандыктын кулагы тунжурап башы айлана түштү.
– Өгүздөй күчтүүлүгүн. Ээн чыгарайыкчы, атасын тааныталы,– деп ызырынды жыгылып калган жигит. Эмнеден чатак чыгып калганын түшүнүшпөй базардагылар карап калышты.
– Эмне эле кино көрө тургансып чогулуп калдыңар. Тарагыла! – деп бакырды Атаман.
Багаждагы эт сатылып жолго чыгышты төртөө. Кубандык ойлонгондой милиция жакка багыт албай, шаардан чыгып чоң кара жолго түштү машина.
– Көзүн байлагыла. Жолду таанып алып качып кетип жүрбөсүн деди кара киши. Экөө шапа-шупа көзүн байлап бир эки муштагылап калды.
– Эй-эй абайлагыла. Өлүп калып жүрбөсүн,– дейт кара киши буйрук берип. Кубандык болсо: көзүмдү го байлады. эми машинадан ыргытып жиберип өлтүрүп койбосо болду деп ойлоп коет. Он саат жол жүрүп машина токтоп калды. Кубандыкты чоң темир дарбазанын ичине киргизип, көзүн ачты. Тегерегин караса бардыгы темирден жасалган бийик тосмо. Адам эмес чычкан жөргөлөй албайт.
– Силер эми бара бергиле, бул жигит менен өзүмчө сүйлөшөм,– дейт кара.
Атаман Кубандыкты ээрчиткен бойдон үйдүн ичине киргизди.Ичи укмуштай жасалгаланган. Коридор менен басып бара жатып оң жактагы бөлмөгө киргизди. Узун стол. эки жагына коюлган жумшак креслолор.
– Айта бер арманыңды,– деди Атаман.
– Эмнени айтайын?
– Эмнени айтмак элең, өмүр баяныңды, анан баягыда кантип этти уурдап кеткениңди айт.
– Өзүм жөнүндө го айтам. Ал эми этти мен уурдаган эмесмин.
– Сары көйнөк, кара шымчан эмес белең. Аны жакшы эстеп калдым. Ал эми сенин көздөн кайым болуп кеткениңе таң калгам. Ошол сары көйнөктү али үстүңдөн түшүрбөй кийип жүргөн турбайсыңбы.
Кубандык кантип актанарын билбей башы шылк дей түштү.
– Мындан кийин мага чындыкты гана айтып жүргүн. Саал эле калп айтсаң башыңдан ажырап каласың.
– Тамакты апкелейинби? – деди бир аял кирип.
– Апкел ушерге эле. Өзүм да чарчанып келдим,– деп Атаман креслого чалкалай отурду.
Кандай адам апкелди, эмнеге апкелди, максаты эмне Кубандык түшүнбөй отурду. Эмнеси болсо да өлтүрбөй житирбей аман койсо болду деп ойлонуп коет Кубандык.
Нан, чай анан бал каймак дегендерди асты менен дасторконго коюп анан булоолонгон куурдакты бир патнүскө апкелди. Мындай тамактарды Кубандык түшүндө көрбөсө өңүндө көргөн эмес. Шуңкуруп кирди дейсиң, Атаман карап эле аңкайып калды.
Тамак ичкенден кийин Кубандык өткөн турмушунун ийне жибине чейин айтып берди. Атаман да эч нерсе жашырбай башынан өткөргөн оор күндөрүн, өлүм менен жашоонун ортосунда ойноп келатканын, азыр да андан алыстабай жашап жатканын айтты. "Жүрөк күчтүү экен, анан калса ден соолугум мыкты экен, бардык коркунучтарды чым дебей көтөрүп келатам. Баамымда сен да күчтүү, жүрөктүү да окшойсуң. Дене бойду да кудай таалам келиштирип берген экен. Баралыңа келгенде бул күчтүн үзүрүн көрөсүң,– деди Атаман.
– Менин чын атым Акмолдо, өзүң уккандай Атаман дешет. Антип аттарыбызды бурмалабасак оңой эле колго түшүп калабыз. Жанагы балдардын да кличкасы бар. Биринин аты Шумкар, биринин аты Аккүзөн. Тайлак, Жылаан, Карга, Пил, Желтаман, ал турсун Чочко деген аттар бар. Андай аттарга күлбөй эле кой. Сага да өзүңө жараша ат табылат. Эми сен эс ал. Кечке маал балдар келет. Алар менен бирге машыгууларды өткөрөсүң. Сен эми шайкалардын тобуна кошулдуң. Мындан ары бул шайкалардан бөлүнүп кетем деп ойлобо. Жердин түбүнө кирип кетсең да таап алабыз. Башың сайда калат. Түшүндүңбү Кубандык балам.
Ыраса оңбогон жерге туш келген турбаймынбы. Өлсөм өлүгүмдү таппай кала турган жерге келипмин. Тачка сүйрөп нан таап жүргөнүм бейиш тура деп ойлонду Кубандык жумшак диванга барып куланганда.
Кечке маал беш жигит келишти. Кадимки спортсмендердей болуп чуркашып, анан ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткарышты. Атайын коюлган тренажердо машыгышты. Жекеме жеке мушташуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүштү. Бычакты ыргытып саюу, таамай атуу окшогон машыгууларды өткөрүштү. Баарына жетекчилик кылып Акмолдо үйрөтүп жүрдү. Кечки тамакка баары бир отурушуп, анан ар-ар жакка житип кетишти. Ушинтип айдан айга уланды. Тулпарды таптаган саяпкердей Акмолдо да эч жакка жылган жок.
Тамакты баптап жегени менен бир короодон эч жакка чыкпай, Кубандык жадап кетти. Биердин түрмөдөн айырмасы жокко деп ойлонду ичинен. Айылга кеткиси келди. Байкуш агам эмне гана тиричилик кылып жүрдү экен? Өзү менен бирге окуган классташтарын сагынды. Алар да өзүндөй чоң жигит болуп, окуганы окуп, иштегендери иштеп айылда жүргөндүр. Кыздардын баары турмушка чыгып кеткендир. Анын ичинен Сыя деген кызды жактырчу. Чачы узун, көзү бакыракай, кара тору кыз эле. Биринчи эле аны алакачып кеткендир. Кокус айылда эле жүргөн болсо тим эле чер жазыша сүйлөшөт элем. Аттиң тагдырдын татаал жолу ай! Өзүнчө үшкүрүнүп, анан Нурду эстеди. Ал менин ууру экенимди өз көзү менен көрбөдү беле. Эми ага кайсы бетим менен барам. Э, койчу аны, аны менен биротоло иш бүттү...
Бир күнү машыктырган жигиттерди мушташтырып көрдү Акмолдо. Өчөшүп бирөөсү үстөмдүк кылып өлтүрө жаздап баратканда мушташты дароо токтотуп, алакан тийиштирип жараштырып койду. Мындайда көзү өткүр, курч. Ким канча даражада ыкмаларды өздөштүргөн, күчү канчалык экенин билип алат. Айрыкча Кубандыктын ар бир кыймыл аракети жакты. Анын үстүнө ичкен жегени жарашканбы сыналып да, толуп да кетти. Токсон эки килограммга жеткенин өзү да таң калды. Теректей ичке бою билинбей болтоюп калганын өзү да күзгүдөн көрүп күлүп койду.
Минтип бордокудай бага бербейт ко. Бул куулук-шумдугу күч Акмолдо, буларды он эсе кайрып алат чыгар деп ойлонуп койду. Дал ошондой болду. Баягы Ош базарынан кармаган эки жигит – Шумкар менен Аккүзөн кирип келди. Деги мурда көрүшүп кадыр-баркы сиңишип калган достордой болуп кучак жайып кучактап саламдашты:
– Сен баягы муштумдарды кектеп калган жоксуңбу я? – деди Шумкар.
– Эмнеге кектейин. Көп деле өзөртө урганың жокко,– деп жооп кылды Кубандык.
– Эмне деген кличка койду Атаман аке?
– Бегомот деп.
– Ыраса ат тапкан. Бегомоттой семирип алыптырсың го. Ох-о-о, муну анча мынча киши көтөрө албайт карасаң Аккүзөн деп Кубандыкты өйдө-өйдө силкилдетти. Ошентип тамашалашып жатканда Акмолдо өз бөлмөсүнө чакырып калды.
– Куда кааласа бир-эки айлык жумуш бар,– деп кудуңдап койду Шумкар.
Акмолдо айылдын бүт картасын көрсөтүп, кайсы жерде кайсы мал бар экенин, канча экенин ага кайсы жол менен барыш керек экенин ийне жибине чейин аныктап тактап берди. Ал жердеги кишисинин атын атады.
– Эми жолуңар болсун. Казакстан жакка кеткен Пилдин да келер маалы болуп калды. Мен аны күтөм.– деди Акмолдо шакирттерин узатып жатып.
Ошентип Шумкар баштаган топ күн ара, же ар жумада бирден экиден ат уурдашып он эки башка жеткиришти. Анын ичинде Акмолдо дайындаган Алапар деген күлүк да бар болчу. Алапарды көрүп Акмолдонун сүйүнгөнүнөн айтпа.
– Сага жеттимби Алапар, сага жеттимби Алапар. Тулпарым менин, шумкарым менин,– деп көкүлүнөн сылап мойнунан тырмалап жатты.
– Күлүк болгон менен муну көкбөрүгө же жарышка сала албайсыз го. Өзү ак ала экен. Ээси бир көргөндө эле тааныйт, деди Кубандык.
– Мунун ээси бар. Бизде эмес, чет мамлекетте. Мен аны чоң мелдештерде гана көрүп турсам болду. Муну кармап чыкканыңарга таң калам. Жанына ээсинен бөлөк жан адамды жолотчу эмес эле го,– деди Акмолдо.
– Кубандык алып чыкты. Адам бою секиргенин карайбы Кубандык "жинин" кагып алды. Азыр койдон жоош болуп турганын көрбөйсүзбү,– деди Аккүзөн.
– Жер астындагы тамга алпарып чөп салып байлап койгула,– деп Акмолдо үйгө кирип кетти. Бирөө жетелеп, экөө ээрчишип жер астындагы тамга киришти. Кубандыктын бул жерге биринчи кириши. Ушунчалык чоң. Анан тазалыгын айтпа. Кой, уй, ат бага турган жер өз өзүнчө. Мал сое турган, тазалай турган, иле турган жерлер да бар экен.
– Биердин баары бир күндө эле толуп кетет. Кайра жок болот,– деп Шумкар Кубандыкка көрсөтүп жатты.
Чогуу Акмолдо отурган бөлмөгө киришти. Аккүзөн белинде байланган жоолукту чечип алды да, оромосунан чыгарып акчаларды Акмолдонун астына койду.
– Табышыбыз эки жүз миң сомго бир аз жетпей калды, чыпчыргасын коротпой апкелдик.
– Булардын баары силердики. Макул десеңер Алапарды эле бергиле. Буйруса он миң доллар болуп туру го.
– Ал сатылса дагы бөлүшөсүз да Атаман аке.
– Ай, Аккүзөнүм ай, сенин ач көздүгүң калбайт экен го. Ошол ач көздүк бир күнү сенин түбүңө жетеби дейм. Сатылбай жатып акчасын сурайсың. Ай-ай, Аккүзөн. Бекер Аккүзөн деп ат койбоптурмун.
– Койдум аке, койдум. Экинчи ооз ачпайм. Тигил экөө машинага түшүп кеткенден кийин Кубандык эч жакка чыккан жок. Көптөн бери ушул Акмолдонун үйүнө баярлап келет. Көбүнчө тренажердук залда болуп, машыгууларды тердеп тепчип чарчаганча өткөрөт. Акмолдо да анын ден соолугу бекем, күчтүү болушуна ынтызар. Бош боло калганда Кубандык менен кошо машыгып жекеме жеке кармашууда жыгып алуунун, колу, бутту кайруунун ыкмаларын үйрөтөт. Ошентип экөө ата баладай болуп кеткенин билбей калды.
Акмолдо үч аял алды. Үчөө тең Акмолдонун залимдигине чыдай албай коюшкан. Саал эле катуу сүйлөп койсо кызыл камчыга алып кудайга үнүн угузчу. Бул төртүнчү аялы. Жети жылдан бери жашап келет. Сулуу десең сулуу, адамкерчилигине баа жетпейт. Бирок кудай таалам багын ачпай койду. Согончогу канап Акмолдонун ордун басып, үй-жайына ээ болуп кала турган бала же кыз төрөй элек. Аттиң арман! Бири кем дүнүйө ушу эмеспи!..
Бала үчүн кое бергиси келет Акмолдонун. Бирок мындай аял ченде чыгат. Төгөрөктү төрт кыдырса да таба турган эмес. Үстүңө аял киргизейин. Ал сенин айт-кандарың аткарып, айдаганыңа жүрө турган кылам,– деген чай ичип көңүлдөрү жай отурганда. Мени кетирип маа десең он аял ал деп койгон аялы. Ошондон бери Акмолдонун тили кыска. Ичинен күйүп жүргөнү менен аялына сыр бербейт. Ушундай ахвалда жүргөндө Кубандыктын келип калганын кара. "Ушерде жүр. Бизге бала бол, десе эмне дээр экен? Ансыз да бизге ылым тартып калды го" деп ойлоп жүрдү Акмолдо.
Кубандыктын ою таптакыр башка болчу. Дүнүйөсү менен жерге кирсин, өсөрүнөн көрү жакын бул тирликтен кантип кутулар экем. Алыс-алыс бир мамлекетке житип кетсем таба албай калышаар эле дейт ичинен.
Убакыт токтоп турмак беле. ай-айдан жылга айланып кетти. Акмолдонун командасындагылардын далайы камалып, темир торго түшкөндөрү темир торго түшүп, атылып же асылып калгандары улам угулуп калып жатты. Ар бир баласы үчүн жаны ооруп, Акмолдо үч-төрт күн арак ичип төшөктөн турбай калат. Андайда Кубандык тигил "эки буттуу бөрүлөргө" башчылык кылып калат. Муну командадагылар жактырышпай кечээ эле келген баланы Атаман эмнеге башкартып койду дешип жактырышпайт. Айрыкча Пилдин ичи күйгөнүн айтпа. Сары ооз баланы көрсөтпөсөмбү деп ызырынат да жүрөт. Эки-үч жолу жакалаша кеткенде Акмолдо өзү басып койгон. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн түшүнгөн Акмолдо Пилди Кубандык менен бетме бет чыгууга чакырды. "Ыраса болду, эки чайнап бир жутуп мен ким экенимди Атаманга көрсөтөйүн" деп ойлонот Пил. Ал жүз төрт килограмм. Менден он эки килограммга оор. Бирок ушунчадан бери талыкпай эмнеге машыгып жүрөм. Мен сөзсүз үстөмдүк кылып жеңишим керек. Эгер бүгүн жеңилсем анда асылып өлөм" деп чечим чыгарды Кубандык. Ошондуктан бул кармашуу от менен ойногон баладай өлүм же жашоо эле Кубандык үчүн. А Пил мындай мушташууну башынан далай өткөргөн. Жеңсе жеңдим деп мактанбай, жеңилсе жеңилдим деп ызаланчу эмес. Ошондуктан бул кармашуу ал үчүн эч нерсеге турбайт. Болгону орун талашуу деген кеп.
Бул кабарды Казакстандагы, Өзүбекстандагы, башка жерлердеги Акмолдо менен байланышы бар адамдар угушту. Ошондуктан белгиленген убакта ар жактан машиналары менен келип калышты. Өздөрүнчө судьясын шайлашып, спорттун кулатуу таймашынын негизинде мушташ башталды. Пил Кубандыкты эки жолу көмөлөтө коюп баса жыкканы калды.
– Пил пилдик кылат го байкуш баланы ушул жерден сүйрөп чыгарбасак болду,– дешет катар тизилип отургандар. Кубандык андан буйтап качып кезек-кезек тээп калат. Пил кээде оңтоюн келтирип күрсүлдөтө урганда Кубандыктын башы эңги деңги боло түшөт. Мына дагы бет талаштыра урду эле мурду канжалап кетти. Ага карабай Кубандык бир бурчтан бир бурчка качып Пилди жолотпойт. Ага Пилдин ачуусу ашынып, кармаса эле кабыргасын кабыштырып кое тургансыйт.
– Эй, судья ушундай да болобу? Мушташса мушташпайбы алдагы Бегемот. Жеңишти Пилге бергиле. Алдагы эмне маймылдай ойноп жүрөт,– деген кыйкырык чындап күчөдү. Ары-бери чуркаганда Пил эми күшүлдөп-бышылдап калды. Үстүнөн тер куюлуп кетти. Убагы эми келди деди Кубандык. Чардайган курсагына бир тепти эле ыңк дей түштү. Экөө эми кармаша кетти. Пил оңтоюн таап басып алды да эки, үч жолу муштап жиберди. Мурдундагы каны ого бетер жайылып чыкты.
– Токтотсоңорчу байкуш баладан айрылып калабыз,– деген уу-дуу күчөдү.
– Эмнеге токтотобуз, али Бегемотто шансы бар,– деди кээ бирөөлөрү. Ошол учурда Кубандык балыктай астынан суурулуп чыгып жонуна минип калды. Кулак талаштыра Пилди урганда анын көзүнөн от чагылып кетти. Пил колу менен жонундагы Кубандыкты чапчый урганда Кубандык шап колунан кармай калып артка бурай кармады. Бир колу менен муунтуп, бир колун сындыра бураганда Пил эмне кылар айласын таппай алсырагандан алсырай түштү. Кубандыктын каруулуу колдору жиптей оролуп, үстүндө тегирмендин ташы жаткандай Пилди эки жакка бурултар эмес. Көзү караңгылап, көөдөнүнө жел кирбей калганда, бир колун килемдин үстүнө араң ургулап, башы шылк дей түштү.
– Суу апкелгиле, суу апкелгиле,– деп шашылып калды карап тургандар. Кубандык ордунан көтөрүлүп, Пилдин башынан аттап өттү. Эсине келе албай сулап жаткан атаандашын аң-таң болуп карап турду. Карап тургандар "өлүп калдыбы" деген кыязда өң далелеттери жок. Анткен менен жеңишти жарыя кылуу парс эмеспи. Акмолдо Кубандыкты килемдин ортосуна алып келди да, Кубандыктын колун көтөрүп:
– Мына чыныгы балбан. Мындан нары буга баш ийип жүргүлө. Кокус башыма кырсык келсе силерге ушул бала атаман болот. Он кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да угуп койгула.
– Оозунан сарысы кете элек сары ооз бала кечээ жакында келгенине карабай дароо атаман боло калабы. Атаман аке мунуңуз туура эмес. Бизге сизге окшогон иш билги, амалкөй, башка кыйынчылык келгенде кыяматтын кыл көпүрөсүнөн да алып өтөр акылдуу жан керек. Ал эми мунуңуз-менттерге кармалган күндүн эртеси эле баарыбыздын шорубузду шорподой кайнатат. Деги биздин арабыздан сиздин орунуңузду баса турган эч ким табылбай калдыбы? Мен бул орунга Илбирсти көрсөтөр элем. Кандай мыкты жигит! Канча жылдан бери мал уурдап келатат бир жолу да колго түшсөчү чиркин...
– Эй Барс! Сөзүңдү токтот! Эмне мени эртең эле өлтүрүп койгуңар келип жатабы! Сенден акыл үйрөнбөйм. Азыр чыгып кеткин!
Акмолдонун ачууланганын көрүп. Барс куйругун капчыган иттей сыртка чыгып кетти.
Пил бир аз жаткандан кийин акылына келип ордунан турду. Акмолдо экөөн кучакташтырып достоштурду да, тургандардын баарын сый тамакка чакырды. Бардыгы суусап калгандай арак ичишип, бөлмөнүн ичин чылымдын түтүнүнө толтуруп жиберишти. Пил үстөкө-босток аракты ичип, мас абалында Кубандыктын жанына отура кетти. Жанагы кармашуудан кийин ичине кек сактап калдыбы деп өзүнчө бушайман боло түштү Кубандык.
– Бегемот, кана, менин жеңилишим, сенин жеңишиң үчүн стакандашып коелу. Кандай дейсиң?..
– Мен ичпейм. Же бир жерден ичкенимди көрдүң беле.
– Жок көргөн эмесмин.
– Анда кыйнаба.
– Болду, болду акеси. Арак менин да түбүмө жетип баратпайбы. Баарынан каруу, күчтү алып койгонун айт. Эмесе колумду сага буратпай, сенин колуңду бурап алат элем го.
– Мага ачууланып турган жоксуңбу? Канткен менен мен таш боорлук кылып койдум.
– Жо-о-жок, ачууланганда эмне, жекеме жеке мушташуунун шарты ушундай болгондон кийин таш боорлукка чейин барабыз да. Андан көрө бир туугандай болуп жүрөлү.
Пил Кубандыктын мойнунан кучактап бетинен өпкүлөй кетти. Кек сактабай кайра минтип жатканына бир жагы таң калып, бир жагы "достошо турган жигит экен" деп ойлоп койду. Сообу соо бойдон, масы мас бойдон келгендердин баары машиналарына отурушуп жөнөп кетишти. Алар отурган столдо желген тамактардын калдыктары, ичилбеген суусундуктар менен арактар гана калды.
Үч күнгө чейин башына арак коюп ичти Акмолдо. Аялы Зыябү кээ бир аялдардай мас болгонун күнөөлөп иттей ыркырап беттен алган жок. Кайра чыракка айланган көпөлөктөй күйөөсүнүн жанынан чыкпай, даамдуу тамактарды даярдап астына кое коет. Бетинен өпкүлөп "тынч жатчы, эс алчы, көп ичпесең" дей берет. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык аялдын ыймандуулугуна, тунук сүйүүсүнө, адамкерчилигине суктанып "аттиң менин аялым да ушундай болсочу" деп коет ичинен. Анан дароо Нур эсине түшө калат. "Азыр кайда жүрүп, кандай турмушта жашап жатты экен? Мени таптакыр унуткандыр. Анын үстүнө арадан эки жыл өтүп кетпедиби. Ал он биринчи классты бүтүп коюп бир окуу жайда окуп же бир жерде иштеп жаткандыр. Мени таптакыр эсинен чыгаргандыр. Кудай уруп ошонун көзүнчө колго түшүп менттердин "Ууру" деп сүйрөгүлөгөнүн айтпайсыңбы. Эми кайсы арым менен ага бармакчымын".
Төртүнчү күнү Акмолдо төшөгүнөн туруп, Кубандыкты ээрчитип алып бөксө тоодун чокусуна чыгып отурушту. Бул жерден тоонун этегине салынган Акмолдонун үй-жайы короо сарайлары, андан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоңташ айылы алаканга салгандай көрүнүп турду.
– Кудай таалам өзү ушу жерге жеткизди.– деди Акмолдо,– айыл жакка көз чаптырып,– Союз урагандан кийин баш аламандыктар көп болбодубу. Чабандардын тамы, короо сарайлары ээн калып, көп өтпөй бомба түшкөндөй талкалана баштады. Казахстанда качып жүргөнүмдө капысынан Эрхан деген таанышым жолугуп калды. Сүйлөшүп отуруп эли журтуңду сагынган жоксуңбу? – деди. "Сагынган менен айла канча уурулук менен качып жүрөм. Эки жолу түрмөгө түштүм. Үчүнчү жолу түшкүм келбейт. Анын үстүнө Казакстан кенен жер эмеспи. Менин уурулук кылганым кыпынга турбайт. Бир жерден уурулук кылсаң, экинчи бир алыс жагына кетип каласың,– дедим. Ага Эрхан элиң тап деп болбой койду. Кыргыздар "Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин" дешет. Колдо дүйнө болгондон кийин аны аяштын эмне кереги бар? Суудай жаңы иномарканы айдасаңыз жарашпайбы?..
– Жарашат дечи. Анда элдин көзүнө бат эле түшүп каласың. Менттер да шексинип калат. Кези келер. Экөөбүздүн жаныбыз аман болсо аны да минербиз.
Акмолдо сейфти жабары менен эки ачкычтын бирөөн Кубандыкка ыргытты.
– Атаман аке ачкычыңызды жөн эле коюңузчу. Керек учурунда акчаны сизден сурап алармын.
– Мен ишенип берип жаткандан кийин мыңкылдабагын. Алгын да, ачкычты бекем сакта. Бирөөнүн колуна түшсө кашыктап чогулткан дүйнөнү заматта шыпырып кетип жүрбөсүн. Акмолдонун кең пейилдүүлүгүнө, Зыябүнүн боорукер экенине ушул убакка чейин ишенбей келсе, эми күмөнү жок ишенди. Ушундай адамдардан да наадандык чыгат экен ээ деп ойлоп койду ичинен. Кайра турмуш өзү ушундай жолго алып келди да. Мен да жети атам иштебеген ишти иштеп жүрбөймүнбү деп Акмолдону күнөөлөбөй койду оюнда.
Ошентип Кубандык Акмолдонун үйүндө өз баласындай жашап калды. Зыябү энелик мээримин төксө, Акмолдонун мамилеси да андан кем эмес. Ошондонбу Кубандыкты уурулук ишке көп жумшабайт. Болгону Кубандык бир жумада бир жолу "Москвичке" эт жүктөйт да, аны базарга сатып келет. Бир тыйынын калтырбай өгөй апасына өткөрөт. Зыябү ичинен кымылдап "кудай ай, балам болуп калса экен деп тилене берет". Эненин мээримин, атанын камкордугун көрбөгөн Кубандык үчүн чексиз бакыттай сезилет. Ошон үчүн алар кайсы гана жумушка жумшабасын даяр эле...
Машина айдап келатып кайрадан Нурду ойлоду. Эгер аялым болуп калса тууптуура Зыябүдөй мага күйүмдүү да, жароокер да болмок. Али да кеч эмес чыгар. Бишкекке барып, издеп таап сүйлөшсөмбү. Акча чөнтөктө толо эмеспи. Айтканын аткарсам, сый көрсөтсөм, жүрөгү муз эмес чыгар". Ушул ойго алаксып келатып кол көтөргөн эки кызды байкабай өтө берди. Бири Нурга түспөлдөшүп кетти. Машинаны лып токтотуп кайра артка айдады. Жок Нур эмес. Мурда көрүп-билбеген кыздар.
– Чоңташка барасызбы? – деди бирөөсү.
– Ооба.
– Ала кетесизби?
– Сиздердей чүрөктөрдү алып кетпегенде кимдерди алып кетмек элем. Түшкүлө айымдар,– деп сылык сыпаа сүйлөп кабинанын эшигин ачты.
Күзгүдөн эки кызды карап келатты. Бирин ичинен жактырып: "Өтө сулуу экен. Канткенде жүрөгүнө чок салар экем" деп ойлоп койду. Бирок алар эч нерседен бейкапар келатты.
– Айымдар таанышып алалы. Атым Кубандык. А силердикичи?.. Экөө тең ооз ачып сүйлөгөн жок. Машина жапжай жылып кабинада тынчтык өкүм сүрөт. Айыл болсо жакындап келатат. Кубандыктын болсо ансайын чый-пыйы чыгып ушул бойдон буларга жолукпай каламынбы деп тынчы кетет.
– Чоңташ айылынан болосуңарбы, же башка жерденсиңерби?
– Анын сизге эмне кереги бар. Ылдамыраак айдасаңыз.
– Машина бузулуп баратат. Ылдам айдоого болбойт,– деди жөн эле кыздардын эрте түшүп кетишерин каалабай.
– Анда бизди ушул жерге эле түшүрүп коюңуз. Мындан ары жөө деле барып калабыз,– деди сулуу кыз кабагын бүркөп.
– Менден ката кетип жатса кечиргиле айымдар. Деги ачык айрым отургулачы. Керек болсо силерди жердин түбүндө болсо да жеткирем. Эч бирөөгө чекеңерди черттирбей аман-эсен жеткирсем болобу. Мына сурооңор боюнча ылдам айдадым.
Кыздар көчөнүн ортосуна келгенде түшүүгө камынды. Кубандык машинадан түшө калып кабинанын эшигин ачты.
– Атыңарды да айтпай койдуңар го. Бирөөңөргө жигит болоюн десе...
Кыздар Кубандыкты теңсинбегендей түр көрсөтүп басып кетишти. "Ка-ап ушуларды ай, ушул айылда жашасаңар бир күнү колго түшөрсүңөр" деп тим болду.
Үйгө келгенде Акмолдо өзү тосуп алды.
– Кандай соода? Эт кымбаттап калыптырбы же?..
– Эт баягыдай эле киласы жүз элүү сом. Бирок бир койго банкрот болуп келдим.
– Эмне?!". Акмолдонун үнү катуу чыкты.
– Эмне болду дейсиз аке. Бир шүмшүк байкатпай алып кетиптир. Бардык туштарды сатып бүткөндөн кийин билип калдым. Акмолдо "аке" деген сөздү эми гана угуп отурат. Болгондо да Кубандыктын оозунан. Буга ичинен сүйүнүп жаңы эле келген ачуусу кайда тарап кеткенин билбей калды.
Үйгө киргенде төрдө отурган погондуу кишини көрүп жүрөгү селт дей түштү. "Бул адам бекер келген жок. Бир кылмыштын изи менен келген. Чаңыбызды асманга чыгарбаса болду" деп ойлоп койду ичинен. Бирок негедир жайдары. Астыга алып келген тамактан жеп, кээде гана кичинекей стакандагы аракты алкымына бир таштап коет.
– Баягы берген акчама ыраазы болбой калган экенсиң го. Мен сени кайра кайрылбайт экен дедим эле.
– Ал бергениң бир аттын эле куну. А сен канча атты курутуп жатасың?.. Экөөнүн ортосунда чымын учса угулчудай тынчтык өкүм сүрүп калды.
– Баягы Алапарды саттыңбы? – деди майор.
– Саттым ага сенин тиешең кайсы? Аларыңды алдың го, эми эмне келип отурганыңды билбейм. Ач көз экенсиң Бекмат.
– Оозуңа карап сүйлө. Эмесе дал ушул жерден кармап кетем!..
– Сен да оозуңа карап сүйлө. Кимдин үйүндө, кандай киши менен отурганыңды түшүнүп отурсуңбу! Азыр эле жаагыңды жап кылам!
Майор заматтын ортосунда ачуусу келип кыпкызыл болуп кетти. Тура калып муштап жиберерде Акмолдо шап колунан кармай калып артына сындыра бурады. Коргонуунун ыкмаларын силер гана эмес биз да үйрөнгөнбүз. Керек болсо силерден да күчтүү үйрөнүп алганбыз майор жолдош".
– Кое бер эми колум ооруп кетти,– деп Бекмат бир колу менен жерди чапкылап жиберди.
Экөө кайра өз-өз орундарына отурушту.
– Баары бир Алапардын жарым акчасын бермейинче бул үйдөн кетпеймин,– деп Бекмат өжөрлөнө баштады. Экөө ушинтип чатакташып жаткан менен Кубандыкты чыгып кет дешкен жок.
– Тажаал экенсиң Бекмат, элүү миң сомго ыраазы болосуңбу?.. Мындан башка акча жок.
– Сенде акча жок болсо сууда балык жок. Экөөбүз кажылдашпайлы. Жүз миң сом бер. Болду, мен кеттим. Анан калса менин пайдам тийбей коебу.
Акмолдо аска зоолорго камалгандай айласы кетип турду. Анын айтканын кылбайын дейт эртең эле өз башына коркунуч келет. Бир жагы бир нерсе болсо кереги тиерин ойлойт. Ушинтип экөө бири-бирин алдыртан карашып бир саамга чейин үн-сөзсүз отурушту.
– Мейли майор аке, сенин чиниңди сыйлайын. Алапардын анча мынча акчасы сага буйрусун. Эми эр чекишпей бекишпейт" дегендей кенен отуруп чер жазалы. Зыябү, бол, бар тамагыңды досум экөөбүзгө жайнат. Мындайда Зыябүнүн колу колуна, бутуна тийбей кетет. Бат эле түркүн-түркүн тамакка дасторконду жайнатып, чайын куюп, столдун бир чекесине отура кетти. Бир оокумга чейин экөө чардашып, анан мурундаша өбүшүп, эс акылдарын билбей жатып калышты.
Эрте менен эрте турары менен Зыябү төшөнчүлөрдү жыйнай салып столго тамактарды жайнатып койду. Экөө баш жазышкандан кийин көпкө мамыр-жумур сүйлөшүп отурушту да, сыртта жүргөн Кубандыкты чакырып алышты.
– Жакшылап таанып ал Бекмат, бул менин балам, орунбасарым. Кокусунан бирөөлөрдүн "торуна" түшүп калса куткарууга жардамдашарсың дейм.
– Кадырыңыз жан болсун аке, ал турган иш. Сиз менен ушинтип тиричилик кылып жаткандан кийин аны кантип унута коеюн. Анын үстүнө сизге окшошураак экен. Оң бетиңде калы бар тура. Муну көрөрүм менен тааныйм да.
– Ооба, ооба таза болбосо калынан тааны. Экөө орунсуз эле каткырып күлүп калышты.
– Чай ичкиле, жаңы чай демдеп апкелдим,– деп Зыябү Бекматка пиаланы суна калды. Бекмат чардайган курсагын сылап отурган бойдон бир колуна пиаланы кармады. Чайды чайпалта аз-аздан уурттады да, анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыкты.
– Зыябү кечетен бери чайыңды ичип жатам. Өтө ыраазымын сага. Эми муногу акча, чай пулуң болсун. Элүү сомдон бир пачке.
– Кыргызда мындай салт жок. Бул акча өзүңүзгө буйрусун. Албайм, алат деп ойлонбоңуз деп Зыябү ордунан ыргып турду. Акчаны столдун үстүнө ыргыта салып чыгып бараткан Зыябүнү Акмолдо токтотуп калды.
– Салтты эмне кылат экенсиң, келесоо катын. Бекматтын бергени кудайдын бергени деп ала бер. Ме-е.
Зыябү Акмолдонун алдында кың дей албайт. Акчаны кармаган бойдон сыртка умтулду.
Бекмат менен Акмолдо бир туугандардай коштошкону менен Акмолдонун жүрөгүн бир ой өйүгөндөн өйүп турду: "Каяктан таап алды биерде экенимди?" Түптөн Чоңташка келет деп ким ойлоптур. Мунун түбү жакшылык болбойт. Бекмат аркалуу башкалар келет. Шорумду Бекмат эмес, ошолор катырат. Койчу башымды азыртан катыра бербейинчи. Убакыт көрсөтөр"...
Бекмат кетери менен Маймыл жоодон качып келаткандай шашыла үйгө кирип келди.
– Эмне болду? Тынччылыкпы? – деди Акмолдо ал кирери менен.
– Үч жигитбиз тең кармалды. Бардыгыбыздын тамырыбызды кыюу үчүн катуу кысымга алып жатышат. Акча сунуш кылдык. Болор эмес. тигилер кыйноого чыдай албай коюп, баарыбызды айтып койбосо эле болду.
– Алар ким-кимдер?
– Казак Жүнбай, өзүбек – Топу, анан өзүбүздүн Өгүзбегибиз.
– Коркпо Маймыл алар өлсө өлөт. Биз жөнүндө ооз ачпайт. Бирок бул иштин түбү жакшы болбой отурат. Жанагы Бекмат бекер бизди таап келген жок. Изибизге түшө баштаган го алар. Эмне кылсак?.. Орун алмаштырсакпы? Акмолдо ойлуу Маймылга карады.
– Орун алмаштыруу жагын өзүңүз билесиз да. Бирок баягы биз сайрандап жүрчү 1992-жылдар жок. Улам кармалуулар көбөйүп, саныбыз азайгандан азайып баратат. Жолубуз кууш тартып, жайытыбыз азайып бара жатканын сезесизби Атаман аке?.. Акмолдонун бет териси дирт-дирт эте түштү.
– Эмне дейсиң Маймыл?! Бардыгын таратып жибер дегени келдиңби. Ошого баары макул боло алат бекен? Камалганы камалып, бирок башка колунда жок балдар ордун толуктап жатпайбы. Же алар ач жылаңач жүрүп кырылсын дейсиңби. Сен экөөбүздү ууру кылып энебиз төрөгөн. Ууру бойдон өлөбүз. Ал эми тигил үчөө үчүн сен күйүп бышпай эле кой. Алар өз казанында өздөрү кайнашат. Тирүү жүрсө акыры сен баскан босогону аттайт. Өлсө өздөрүнүн шору. Андан көрө айткын эмне апкелдиң?
– Апкелмек турсун көлөкөмдөн коркуп жүрөм. Менттер катуу көзөмөлдөн калышты. Эл да түшүнө башташты. Малдарын катуу карашып калыптыр.
– Суу жүрө-өк! Корко-ок! Тирүү өлү-үк! Акмолдонун ачуусу бетине чыгып, түрү суук болуп кетти.
– Чудейди чакыр деди Кубандыкка. Бир аздан кийин Маймылдын чыркыраган үнү угулду.
– Аке, эмне өлтүргөнү жатабы? – деди Кубандык.
– Жок балам. Өтө майышчаак болуп калыптыр. Балдар курчутуп коюшат,– деди Акмолдо.
Жашоо турмуш ойдогудай болгон менен кайсы күнү эмне болуп кетет болду экен деп кээде коркунучтуу ойлорго кабылып, жүрөгү титиреп кетет Кубандыктын. Бирок эми кайда барат? Качып, же кайсы бир себептер менен кутулуп кетүүгө болобу? Жок. Демек этиң да, бетиң да калың болуп, оорчулукту чым этип сезбей, эртеңки күндү ойлонбой, бүгүнкү күндүн эсеби менен гана жашоо керек.
Жаш жигиттин баралына келип, сүйүү кумарына тартыла баштаганын алда качан сезе баштаган Акмолдо.
– Келин алам десең ушу жерге эле алып келе бер. Канча айткан менен өз баламдай болуп калбадыңбы,– деген. Кубандык Чоңташтык эки кызды көргөндөн бери көңүлү ачылбай, жабалактаган ойлорго кабылды да калды. Баарынан өзүнүн көңүлүнө жаккан кызды айтпайсыңбы. Чачтарын эринбей тал-тал кылып өрүп коюптур. Анан калса эки бетинин оттугун айт. Кыпкызыл алма. Кучагына кулап түшүп ошол алмадай беттен сорсоң ээ чиркин!..
Кубандык Чоңташ айлынан өтүп баратканда да, кайра кайтканда да машинасын жай айдап карап жүрдү. Бирок көрүнсөчү алар. Анткен менен эртеби кечпи ушул аймактардан кездешерине ишенип жүрдү. Тилегени эле турмушка чыкпай күйөөлөрү жок, бой болгой эле.
Райондун борборуна жакын жайгашкан базарга кирип баратып чоң кагазга жазылган жарыя кагазга көңүл бөлүп карап калды. 25-май. Райондун маданий үйүндө "жаштык" тобунун чоң концерти" – деп жазылып ылдыйраагында катышуучулардын сүрөттөрү турат. Жакшылап карап чыгып өзү сүйгөн кыздын сүрөтүн көрө калды. Экинчи кыздын да сүрөтү бар. Карачы мен издеген кыздар биякта турбайбы. Куда кааласа 25-майда жолугат экенмин деди ичинен. Соодасы бүтүп кайрылышка келгенде баягы эки кыз жол тосуп турганын көрдү. Алар кол көтөрбөсө деле машинаны так жанына айдап келип токтотту.
– Саламатсыңарбы, айымдар? – деп күлө кабинадан баш бакты Кубандык. Алар баш ийкеген болуп анан жигитти карап калышты. Көздөрүн балбылдаткан, жүзү жылдыздуу экенин кыздар эми гана баамдашты. Кубандык кичи пейилдик кылып кабинадан түшүп келди да, кыздардын тушундагы эшикти ачты.
– Кана кыздар отургула, Чоңташка баратам,– деди.
– Дагы баягы шалдыраган машинага түшө турган болдук ээ,– деди аты-жөнү белгисиз сулуу кыз.
– Шалдыраган менен жүрөгү таза, жүрөгү соо.
– Жүрөгү соо дейсиз, баягыда арабадай кылдырап калбады беле?
– Анда атайы кыбыратып айдагам. Силерди карап суктанып отургум келген.
– А-а ошондой дечи. Демек дагы суктанып... Кыбыратып айдап барат экенсиң да.
– Жок айымдар силер кандай айтсаңар ошондой болот. Кеттикпи?..
– Эмне кылалы Назик? Түшөлүбү? – деп суроолуу карады сулуу кыз курдашына.
– Ушул жерде тура бермек белек, жыла берели, алга жылгандын аты озот дегендей,– деди жанындагысы. Ошентип экөө тең машинага түшүшүп, Кубандыктын издегени табылып, көңүлү куунак машинаны айдап келатты. Сөздү эмнеден баштоом керек деп ойлонуп коет ичинен. Тым-тым ойногон балдардай болуп, үн-сөзсүз бир топ убакыт өткөрүп жибергенине кейиди.
– Назикти го таанып алдым. Ал эми сиздин атыңыз Акшоола турбайбы?..
– Аны кайдан билип алдыңыз?..
– Оюмда эч нерсе жок, базарга кире бериште эле афиша илинип, "Жаштар" тобунун концерти деп жазылып туруптур. Карасам бир топ балдардын ичинде экөөңөр эле экенсиңер. Экөөңөрдү ошол замат эле тааныдым. Ылдыйда аттарыңар турат. Ошондон Назик ким, Акшооласы кайсынысы деп ойлоп койдум эле. Мына эми ким-кимиңерди толук таанып алдым. Жакшы болбодубу. Тартынбай учурашып жүрөбүз.
Кыздар эч нерсе деген жок. Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү. Айыл жакындаган сайын Кубандыктын кабагы бүркөлүп баратты. Жарым сааттай жол жүргөн менен али жарытылуу сөз айта элек. А кыздар болсо теңсинбегендей түр көрсөтүшөт. Анын үстүнө Нурдан бери кыздар менен сүйлөшкөнү ушу гана. Кыздардагы сүр мында да билинди. Антпесе баятан бери аны-мунуну айтып өзүңө тартып алат эле го. Чын-чынына келгенде бир аз сүйлөшө коюп кыздын жүрөгүн арбап алгандар канча. Чиркин ошондой талант Кубандыкта болсочу азыр.
– Кечириңиздер. сиздер районубуздун ырга шыктуу таланттууларынан болот турбайсыздарбы?..
– Таланттуу деген атка жетүү бизге кайда. Эптеп районубуздун мыкты артистерине кошулуп коюп жүрөбүз. Аларга кошулбай калууга акыбыз да жок. Акшоола болсо маданий үйүнүн бухгалтери, мен кызыл үйдө китепканачымын. Анча мынча ырдай коюп элге таанылып калыптырбыз. Айтоор "жаштар" бий-ыр ансамблинин артистери болуп жүрөбүз. Колуңуз бош болсо биздин концертке келиңиз,– деп Назик чечилип кетти. Акшоола оозуна талкан куюп алгансып дагы эле сүйлөбөйт. Мындан бөлөк сөз да болгон жок. Машина айылга кирип келип, кыздар түшүүгө камынды. Кубандык машинаны токтотуп, кабинадан ыргып түштү да, кыздар отурган эшикти ачты.
– Жакшы калгыла жолугушканча.
– Сизге рахмат!
Экөө башка сөз айтпастан колтукташып басып кетти. Кайда, ким менен сүйлөшпөсүн Кубандык эр көкүрөк. Ал эми соода сатык иштерине келгенде аларманды сөз менен байлап алат. Эми кыздардын алдында сөзгө чоркок, бүжүрөп калганына өзү да таң.
Машинаны ордуна коюп үйгө киргенде Зыябүдөн башка эч ким жок экен.
– Акем каякта? – деди кирери менен.
– Ал камалгандарды аракет кылып бошотсомбу деп кетти.
– Мага жумуш дайындаган жокпу?..
– Шаршембиде Пил келип акча таштап кетет. Жөн жайды сурасын. Муногу чиймени унутпай берип койсун деди. Кезектеги иш аракеттеринин багыттары болсо керек го.
Кубандык кур дегенде бир жума бош жүрөрүн ойлонуп сүйүндү ичинен. Болгону базар күнү койлорду союп сатып келет. А күнү тиги кыздар жолугуп калса канча кубаныч...
Кубандык ал күнү жарытылуу деле иш кылбады. Бир гана мал багылган сарайга барды да малчылар менен сүйлөшүп, иштерин текшерип анан тапшырма берип кайтты. Келери менен жумшак диванга кулап, алды менен Нурду, анан бүгүн жолуккан Акшооланы элестей кетти. Экөөн сулуулук жактан салыштырып көрдү. Акшоола караңгы түндү жарык, аппак нурун чачыраткан ай сыяктуу болсо, Нур чолпон жылдыздай сезилди кыялында. Кээде жакшы элестер менен жашаган да жакшы. Дал ошондонбу Кубандык уурутунан жылмайып, көзүн күлмүңдөтүп көпкө-көпкө шыпты карап жата берди. Таттуу кыялдарга батып, ар бир кадамында ээрчиген жүрөк үшүткөн коркунучтарды алыска-алыска айдап салгандай болду. Жашоосуна Акшоола гана кубаныч менен сүйүүнү, чөйчөгүнөн чайпалбаган бакытты алып келе тургансыйт. Жүрөгү ал

Ой-пикирлер