Кирүү

Үй ээси ким?

Аялы менен акыйлашкан жаш жигит Мамбеталыдан акыл сураптыр.
— Айтыңызчы, аксакал, үй ээси деги кимибиз? Аял мага баш ийиши керек го.
— Кимиңердин кабагыңарда жылдыз жанып, үйдөгү-лөрдүн жүрегүнө таң атырып, көргөн-билгендин көөнүнө чырак асып турса, ошол үй ээси. Киминердин кабагыңар-да иңир жабылып, бирок үй ичи жылт-жулт этап турса, ал мүлк ээси.

Ой-пикирлер