Кирүү

Тыныстанов Касым

Тыныстанов Касым

Тыныстанов Касым1901-жылы туулуп, 1938-жылы каза болгон.К.Тыныстановтилчи, акын, коомдук ишмер, 1936-жылы профессорлук наамды алган. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чырпыкты айылында туулган. Алгачкы билимди 1909-1912-жылдары айылдык дин мектебинен алган. 1913-1914-жылдары жаңы усул мектебинен, 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинен окуган. 1924-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөндөн кийин Түркстан республикасынын Академиялык борборунда (Илим комиссиясы) Кыргыз областтык бөлүмүнүн катчысы андан кийин төрагасы, ал эми 1925-жылы "Эркин-Тоо" газетасынын редактору болуп иштеген. 1927-1930-жылдары Кыргыз АССР Эл агартуу комиссары, 1930-1937-жылдары Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, кийин директор болуп иштеген.К.Тыныстановкыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгуу, араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу ишине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги прициптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин ("Окуу китеби" 1924-ж, "Чоңдор үчүн алиппе" 1926-ж), кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын ("Биздин тил" 1928-ж. латын графикасында "Эне тилибиз" "Кыргыз тилинин морфологиясы" 1934-ж, "Кыргыз тилинин синтаксиси" 1936-ж), тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. К.Тыныстановдун ырлары 1925-жылы "Касым ырларынын жыйнагы" деген ат менен Москвадан жарык көргөн. Ал "Интернационалды", И.Крыловдун тамсилдерин кыргызчага которгон. Анын "Академиялык кечелер" пьесасына, айрым эмгектерине курулай доомат коюлуп, "бай-манапчыл, буржуазиячыл, улутчул" деп ак жеринен күнөөлөнгөн. 1937-жылы камалып, 1938-жылы ак жеринен атылган. Кийин гана 1988-жылы толук акталган.

Ой-пикирлер