Кирүү

Токтогул менен Тоголок молдо

Токтогул:

Байымбет Молдо булбулум,
Баарыдан чыккан туйгунум,
Бала-чакаң аманбы,
Басынып жүргөн кургурум?
Насылың саяк-тууганым,
Туугандан чыккан бууданым
Башынан өзүң билесиң,
Мени манаптар сүрүп кууганын.
Ырыскулбектин беш каман
Мээнетке башым чырмады,
Пейли бузук манаптар
Мени Үркүткө айдап кыйнады.

Булбул Токоң Маскөөдө
Акыл эсин жыйнады.
Комузун алып колуна,
Айдалганын ырдады.
Жаңжалынан эшендин

Адамдын баары кыйрады.
— Элиме аман кет,сем,— деп,
Эт жүрөгүм туйлады.
Өлбөгөн жан кайрылып,
Токоң келди калкыңа.
Жамы кыргыз балдары,
Бириң эмес жалпыңа.
Жериңе келдим, Байымбет,
Жетер деп тууган баркыма...

Байымбет:

Айдалып кеткен Шыбырга
Акын Током, аманбы?
Жалпы жарды-жалчыга,
Жакын Током, аманбы?
Манаптар менен басташкан,
Баатыр Током, аманбы?
Кызыл тилин сайраткан,
Булбул Током, аманбы?
Арыштап алыс чуркаган,
Дулдул Током, аманбы?
Күмүш чалгын күүлөгөн,
Туйгун Током, аманбы?
Амандыктын соңунан,
Айткым келди оңунан,
Арзып чыккан Токомдун
Учурап калдым жолунан.
Ырчынын баары шаңкылдап,
Ырдап турат кашыңда,
Ак туйгундай күүлөнүп
Булбул Током башында.
Калыкты мурун көргөмүн,
Бала кезде, жашында.
Сапатын байкап жактырып,
Сынагамын Калыкты,

Адамдын баары кыйрадык
— Элиме аман кетсем,— ою,
Эт жүрөгүм туйлады.
Өлбөгөн жан кайрылып,
Токоң келди калкыңа.
Жамы кыргыз балдары,
Бириң эмес жалпыңа.
Жериңе келдим, Байымбет,
Жетер деп тууган баркыма...

Байымбет:

Айдалып кеткен Шыбырга
Акын Током, аманбы?
Жалпы жарды-жалчыга,
Жакын Током, аманбы?
Манаптар менен басташкан,
Баатыр Током, аманбы?
Кызыл тилин сайраткан,
Булбул Током, аманбы?
Арыштап алыс чуркаган,
Дулдул Током, аманбы?
Күмүш чалгын күүлөгөн,
Туйгун Током, аманбы?
Амандыктын соңунан,
Айткым келди оңунан,
Арзып чыккан Токомдун
Учурап калдым жолунан.
Ырчынын баары шаңкылдап,
Ырдап турат кашыңда,
Ак туйгундай күүлөнүп
Булбул Током башында.
Калыкты мурун көргөмүн,
Бала кезде, жашында.
Сапатын байкап жактырып,
Сынагамын Калыкты,

Чечен бала көрүнөт,
Чечер деп кыйла тарыхты.
Кара сакал Эшмамбет
Кайнап турган кези экен.
Калтырбастан санатты
Сайрап турган кези экен.
Адам уулу кемиткис
Акындын анык өзү экен.
Жаңыбай менен Курманың,
Жаңшап ырдап турганың,
Жаңыбай болсо — Кулжыгач,-
Өзүмдүн жакын тууганым.
Коного чапса чарчабас,
Айтылуу тулпар бууданым.
Жолой жолдон кошулган,
Жолдош болуп озунган,
Бул мырза чыкма бала экеи,
Ь1рдаган ыры чала экен,
Эңги-деңги куу таяк
Эрмектик ыры бар экен.
Ырчынын баары дүбүрөп,
Ээрчиптир, Токо, өзүңдү.
Элет кыргыз тууганың
Эрмек кылат сөзүңдү.
Жаркырап алтын сакалың,
Жаңыдан көрдүм көзүңдү.
"Токтогулдан үйрөнүп
Ырчы болуп алсак — деп,—
Ылгап ырдын сарасын,
Сынчы болуп калсак"— деп,
Талап менен баарысы
Келген экен жаныңа.
Талабына жетишсин,
Таалим бергин баарына!

Ой-пикирлер