Кирүү

Этносту аныктоочу белги жок

Биз сунуш кылып отурган аныктоо боюнча Ноmo sapiens түрүнүн өзгөчөлүгү — анын жамаатташып жашоого ыңгайлашканы жана өзүн калган бардык жамааттарга карама-каршы койгону болуп саналат. Ал жамаат аздыр-көптүр туруктуу келет да, тарыхый мезгилдерде пайда болуп жана жоголуп кетип турат, бул болсо этногенез маселесин түзөт. Бул жамааттардын баары бири экинчисинен тарыхый тагдырлары боюнча кээде тили, кээде каада-салты, кээде идеологиялык системасы, теги боюнча аздыр- көптүр айырмаланып турушат. Андыктан этнос дегенибиз бир жагынан тарыхый процесстин туундусу болсо, экинчи жагынан, чарбалык- өндүрүштүк ишмердүүлүгү аркылуу өзү жаралган ландшафттын биоценозу менен байланышып турат. Бара-бара элдүүлүк пайда болгондо бул ара катышты өзгөртүшү мүмкүн, ошондо ал өзү да таанылгыстай болуп өзгөрүүгө учурайт дейсиңер, анын өткөндөгү жашоо-турмуштук салтты улантканын же улантпаганын тарыхый усулдардын жана булактарды кылдат талдоонун жардамы аркылуу гана байкоого болот. Уламыштарга ишенүү кыйын.

Дагы алдыга жылуудан мурда, аныктамасы али иштелип чыга элек "этнос" түшүнүгү жөнүндө макулдашып алганыбыз оң. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын бир да бири этностон тышкары жалгыз-жарым жашабаганы менен, биз этносту этнос катары аныктоочу бир да реалдуу белгини аныктай элекпиз. Айтылып жүргөн белгилердин баары "кээде" деген сөз менен коштолуп, жалпысынан эч кандай так түшүнүк бере албайт. Бул тезисти башка бир усул аркылуу текшерип көрөлү.
Тарыхый материализмдин теориясында коомдук-экономикалык түзүлүштөрдө аракет кылып турган өндүрүш жолу коомдун негизи катары эсептелинет. Дал ошондуктан бул жерде чечүүчү ролду ички өнүгүү ой- ногондуктан экзогендик факторлор, анын ичинде жаратылыш факторлору, социалдык прогресстин генезисинде негизги факторлор боло албайт. "Коом" деген түшүнүк материалдык турмуштун тарыхый-конкреттүү шарттарынын жалпылыгы менен бириккен адамдардын жамааты болуп саналат. Бул материалдык шарттардын системасында материалдык жыргалчылыкты өндүрүү жолу негизги күч катары кызмат өтөйт. Адамдар өндүрүш процессинде биригишип, ал биримдиктин натыйжасында коомдук мамилелер пайда болот, ал коомдук мамиле тарыхта белгилүү болгон алгачкы жамааттык коом, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик, коммунисттик коом сыяктуу коомдук түзүлүштөрдүн бири катарында калыптанат.

"Этноско биригүүгө" болбойт, анткени, тиги же бул этноско таандык экендигин ар бир адам түздөн-түз сезип турат, ошондуктан бул көрүнүш башка адамдар тарабынан шексиз нерсе катары кабыл алынат. Демек, этностук диагностиканын негизинде сезип-туюу жатат. Адам өз этносуна бала кезинен тиешелүү болот. Кээде ага башка уруулардын адамдары кошулуп кетиши мүмкүн, эгер мындай кошулуу көп санда болсо, ал этносту ичтен бузат. Этностун узак жашоо мезгилинде тарыхый- конкреттүү шарттар бир нече жолу өзгөрөт, жана тескерисинче, өндүрүш жолунун бир түрү үстөмдүк кылып турган шартта этнос бытырап, бөлүнүп кете турганы (дивергенция) көп байкалат. Тарыхый процессти адамдардын тарыхы менен табияттын тарыхынын өз ара биргелешип аракеттенүүсү катары караган К. Маркстын оюна таянсак1, анда бул процессти жалпысынан экиге: биринчиси — техночөйрөдө пайда болуучу социалдык стимулдарга жана экинчиси — географиялык чөйрөдөн дайыма алынуучу жаратылыш стимулдарына бөлүп кароону сунуш кылууга болот2. Андыктан жаш курагы гормондор аркылуу аныкталуучу ар бир адам тиги же бу коомдун мүчөсү болуу менен гана чектелбейт. Ушундай эле аныктаманы узак мезгил жашаган жамааттар жөнүндө да айтса болот, алар социалдык аспекттен алганда ар түрдүү мүнөздөгү таптык мамлекеттерди же уруулук бирикмелерди (социалдык организмдер), ал эми жаратылыш аспектисинде алганда — этносторду (эл, улут) түзөт. Тигилердин да, булардын да бири бирине дал келбестиги айдан ачык.

Ой-пикирлер