Кирүү

Талаа жылдызы

Талаа жылдызы
(повесть)
Назар карыя акысын төлөп бергендөн кийин да, таксини токтотуп туруп, алкышын кайталай берди:
—Рахмат, балам! Көп жаша! Мени убаралантпай... Шаарды баягы жылдагыдай эле деп болжосом...
Машинанын моторунун дабышынан карыянын сөзү ачык угулбады. Ашыгып турган шофер жигит кош айтышуу иретинде башын ийкегенде машина ордунан козголду.
— Атаа! Ырас болбодубу! — Карыя чакан кол чемоданын кетөрүп, бет алдындагы эки кабат саргыч үйгө киргенче күбүрөп, эшиктин алдыпда олтурган аялдын тушунан өтө берип, кайра кайрылды:
—Сиз билесизби, Назаров ушул үйдөбү?
—Кайсы Назаров?
—Назаров Бек. Менин уулум. Мен анын атасы болом.
Түшундүм, өзүм да көрүп турам дегенсип, аял жылмайып ордунан туруп, анын жанына келди.
—Ушул тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүңүз. Сол жагыңыздагы экинчи эшик сиздин балаңыздыкы...
—Маржа, сага ыракмат! — деп, Назар экинчи кабатка чыкты.
Май айы... Ал желең күрмөчөн, калпакчан болсо да, машинанын ичинде эле нымшый баштагаң. Эми экинчи кабатка көтөрүлгөнчө бүткөн бою чылпылдап баратты.
Бул эки кабат имарат уулунун иштеген мекемеси же жашаган үйү экени белгисиз. Анысы катта да ачык жазылбаган эле. Бирок эмнеси болсо да, куттуу болсун, жакшы жерден жай алган экен деп ойлоду.
Ал заңгыраган коридор менен келатып, сол жактагы экинчи эшиктин тушуна жеткенде токтоп, чокчо кара сакалын сылап ойлоно калды. Шаардыктарга окшоп өтө эле кичи пейилдикти жактырбаса да, дагы кандай учурда кирип барар экенмин дегенсип, этияттанып, каалганы, чыйкылдатып сүйөп ачты. Төрт тарабынан керилген камсурпту бет маңдайына коюп, сүрөт тартып турган жигит көзүнө чалдыкты. Бүйүрмө көк шым, чолок жең боз көйнөк кийген жигит аркасын салып турса да, көзүнө жылуу учурады. Жүрөгү ысый түштү. Иштеген ишине ыкластуулугу, желкесинин чукурунан бери ошонун өзү. Карасаң, эки жакка көңүл бурбайт, эшиктин ачылганын да байкабай калды.
Анын көңүлүн бөлбөйүн дедиби же көз сагынычын таратып алайын дедиби, карыя сакалын апчыган бойдон эшиктин оозунда туруп калды. Оозун күбүрөтүп, ичинен бирдемелерди айтты. Мүмкүн башка бирөө көптөн бери көрүшпөгөн баласына туш келсе минтип, өзүн-өзү токтотуп тура албас беле. Байбичеси ошону үчүн "уулуңа таш боорсуң, мээримсизсиң" деп жемелер эле.
Назар көңүлчөк, жүүнү бош эркектерди жактырчу эмес. Күрмөсүнүн топчусун чечинип, көйнөгүн желпинип, бети-башындагы терин сүртүнүп, тамагын жасанып койду. Тааныш дабыштан улам Бек селт этти. Артына жалт бурулуп, бакырып ийди:
—Ата! Ассаломалейкум!
—Валейкимасалам! — Назар уулу менен күндө көрүшүп жүргөнсүп, адатынча токтоо гана учурашты. Анын иреңинде эми эле эшикти ачкандагы толкундоо, сагынычтуу көз караш жок... Карыя эми уулу кандай жерге жайланышканын баамдай баштады. Сыртынан бараандуу көрүнүп, ичине киргенде киши токтоло турган эч нерсеси жок ушул жайды мекемеге да, квартирага да ылайык көрбөдү. Мекеме деген мекемедей болуш керек. Телефону, көк нооту жабылган чоң столу, кирипчыгуучу кишилер отургудай орундуктары кана? Баласы анын ден соолугу, апасынын, айылдаштарынын аман-эсендигин сурап жалпылдап жатканда атасынын көңүлү мекемеде турду.
—Бул сенин иштеген жериңби, же сүрөт коюла тур, ган камнаңарбы? к
Суроо катуу тийсе да, Бек акырын гана:
—Иштеген жерим... .
— Аа, мекемең турбайбы! — Карыя сустая түштү. Баласы көрсөткөн орунга отуруп, бет маңдайына желдеткич коюлуп, бою чыйрала баштаса да, эми ал үчүн бул мекеменин кызыгы калбагансыды. Сүрөт... Туш-туштун баары сүрөт. Сүрөт керек болсо райондон, жадаганда колхоздун клубунан, каалаган жеринен көрөт эле го. Ал уулун көрүп, анын турмушу менен таанышып, эмне деген киши болгонун билүү үчүн алыстан келбедиби.
Бек атасынын иренжигенин байкаган жок. Жөн элө чарчап, жолдо урунду болгон чыгар деп ойлоду.
—Ата, адашып убара болгон жоксуңбу? Кантип таап келдиңиз?
—Кантип таап келгенимди өзүм да билбей калдым. Такси деген бар экен го...
—Келериңизде телеграмма берүүңүз го. Өзүм тосуп алат элем.
Телеграмманы эмнеңе бермек элем деп, айтып жибере жаздап барып, сакалын сылап, сабыр этти.
Бек абышканын кыртыштап турганын сөзип, жумуштарын жыйнаштыра баштады. Атасын үйүнө ээрчптип барып эс алдырып, ысык чай берүү керек эле.
Бирок үйгө келгенден кийин атасынын кабагы ого бетер дүрдүйө баштады.
Бектин квартирасы эки бөлмөдөн турат. Андан тышкары ашканасы бар. Шаарда бойдоктор түгүл, чакан бүлөлүүлөр үчүн мындай квартира табуу кыйын. Бектин чыгармачылыгын эске алып, аны сыйлагандыгы үчүн гана эки бөлмөлүү квартира беришкен.
Назар да квартираны кичине, тар деп жипкирген жок. Эки бөлмө тең ар кандай сүрөттөргө, чала иштелген эскиздерге, кагаздарга, китептерге толуп, үй боек жыттанып турушуна гана куйкасы тырышты. Үйдө көзгө көрүнөрлүк эмерек, төшөнчү орун түгүл, казан-аяк жок. Болгону жалгыз керебет.
—Балам, мени каякка ээрчитип келдиң,— деди Назар үйдү бир сыйра кыдырып чыккандан кийин.
—Үйгө...
— Ушундай да үй болобу? — Абышка муруттарын сербейтип, ээрдин тиштеп отуруп калды. Бек аны байкамаксан болуп, үй кийимин кийишип, чай кайната баштады.
Ал баласы өз оокатын өзү жасаарын ойлогон да эмес Уулу ашпоз аялга окшоп, алжапкыч тартынып, оокаг жасай баштаганын көргөндө "сайпана" болуп калган тура деп, анысына да кыжырланды. Мүмкүн, мындан башка да мандемдери бардыр. Дагы байкап көрүп, акырында гана бир жолу сүйлөшөйүн деген акылга келди. Ал майдачүйдөнү көргөн сайын чырылдай берүүчү кишилерден эмес. Таарыныч, кыжырлануу, нааразылыкты канча болсо да көтөрүп жүрө берип, тежеп күч келип бүткөндө кымындай шылтоо табылса, ачуусу арашандай атылып чыгар эле. Анын бул мүнөзү уулуна жана сырдакана тааныштарына да белгилүү.
Атасынын бул келиши кантсе да баласы үчүн купуялуу туюлду. Кеп анын тымызын келип, баласынын турмушунан чоочуркап отурушунда эмес.
Назардын көңүлүнө пикир туулушу уулу армиядан кайткандан бери башталган. Бул мындан бир нече жыл мурдагы окуя эле.
Бек армияга чакырылуудан мурда Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүрүп, художниктер Союзуна кирген. Ар кандай сүрөтчүлүк жумуштарды аткарып жүргөн. Бирок, өз алдынча чыгармачылык өмүр жаңы гана башталганда армияга кызмат кылууга туура келип, чыгармачылыгы башталдыбы, жокпу, чыныгы чыгармачылык жолго түштүбү, жокпу — ошого көзү жете албай: калган. Ырас, окуп жүргөн учурда жана иштей баштаган убактарда жакшы бааланган жумуштары бар эле. Бирок ага өзү эмне үчүндүр канааттануучу эмес. Өмүрда, чыныгы чыгармачылык да алдыда — баары алда көрүнүчү.
Бардыгы алдыда, баарына келечекте жетем го деген таттуу үмүт асыресе жаштар үчүн мүнөздүү. Кайсы бири ушул үмүттү шоок кылып жүрө берип, мүмкүнчүтлүктүн баары кандайча артта калып, убакытты кантшг уттурганын билбей калышат.
Бек үмүткөрлүккө алдануу коркунучтуу жана опосуа экендигин армйяда жүргөндө сөзди. Баарына келечекте жетем дегенсибей эле, урунупберинип, көздөгөнүн, каалаганын, билгенин тартынбай, талыкпай иштей берүү керек эле. Билгени аз болгону менен, көздөгөнү жана каалаганы көп эле го. Ага тарткынчактык кесир болду эгерде тартынбай иштей берсе, күчүнүн канчалык, жөндөмдүүлүгү канчалык экендигин да сөзмек.
Бир нерсени каалоо, бир нерсеге берилүү, дайыма ошол элестин соңунда жүрсө да, анын эмне экендпгин ачык түшүнбөө кээ бир жаштарды басмырттатып же делбээ кылып жиберет. Мындай сөзим Бекте сүрөтчүлөр окуу жайында окуп жүрүп, дүйнөлүк мыкты художниктердин өмүрү менен таанышканда башталган. Ошондон тартып, ансыз да токтоо жигит башкаларга улам басмырттап бараткандай сөзилген. Жолдошторунун арасында жана башка чөйрөлөрдө өзүн өгөйлөп, кампанияга жана тамашаларга кошула албай, өзүнөн өзү комогойлонуп туруучу. Жолдоштору, айрыкча кыздар анын комогойлугун "жөн эле жашоону билбегендик" деп баалаша турган.
Мындай сөздөрдү, жемелерди Бектин кулагы чалса да, ага капаланчу эмес.
Армиялык кызмат, туулган жерден бөлүнүү анын өмүрү үчүн бир жаңылык ачкансыды. Ал өзүнүн да, жолдошторунун да кадырына жетпегендигин, күндөлүк агым менен гана калкылдап, аны өзүнчө жиреп чыга турган жол таба электигине түшүндү. Ушундай көптү билген окутуучулары, кыйышпас шыктуу жолдоштору менен бирге, эмнени иштейм десе да колдон келет эле го. Буга Бек өзү айыптуу экендигин, өзүнүн мококтугу, кашаңдыгы, башкаларга батымсыздыгы, үмүт менен гана жашоосу айыптуу екендигин түшүндү.
Тынчтык күндөрдүн солдаты өзүнүн күндөлүк күжүрмөн иштерине кыйналчу эмес, көбүнчө эртеңки күн, эмгек жөнүндө ойлоор эле.
Ошентип жүрүп, армиядан кайтканда оболу бир аз эс алуу үчүн туулуп өскөн жерине келет. Айылдык жерде армияга барып келүү, кыз узатып, келин алуу сыяктуу өзүнчө той эмеспи. Бек бир ай бою өз үйүндө, Ата-энесинин маңдайында кенен отуруп, бирге оокат иче албады. Коноктон конок... Өз үйүндө да коноктор менен.
Бош убактарында бейкут балалыгы өткөн жерлерди: көк майсандуу чоң сазды, көпөлөктүү көк жонду, балык алчу тоо өзөнүн жалгыз өзү нечен жолу кыдырып чыгат. Алыста жүрүп, туулган жерди эстегенде, ошол, балалыгындай сүйкүмдүү орундары көңүлүнө биринчи келе калар эле.
Жер да, суу да, саз да баягысындай. Бирок аны менен бирге ойноп, бирге өскөн курбулары жок, бул жер ээн калып, өзүн тобунан, катарынан адашкандай сөзет. Алардын баары кайда? Бири колхоздо, бири райондо, дагы бири шаарда — ар кимисинин жонунда өзүнчө турмуш жүгү. Эми чоң сазда, тоо суусунун боюнда, көк жондо өкүм сүргөндөр — Бектин бир көздеги курбалдарынын балдары. Аны Бек кимдин балдарысыңар деп сүрүштүргөндөн кийин гана билип, эми жолдошторунун балдарына теңтуш болуп калганын көрдү. Мына, тагдырдын шылдыңы! Балдардын аны менен иши эмне?! Илгери болгон экен... деген сөз кулактарына киреби? Бул жердин, оюндун, балалык ыракаттын ээлери ушулар... Бек өзү турмуштан артта калып, артта болбосо да, бир нерседен өксүгөнүн сөзди. Балалыгы өткөн татынакай жерлерге да баргысы келбей калды. Ал орундар өзүнө жарашыктуу мойтоңдогон жаш ээлерин тапкан. Анын издегени, турмуштагы орду кайда?
Анын Ата-энесинин ойлогон ою такыр башка эле.
Ушул айылда Сеит деген мектеп директорунун онунчу классты жаңы гана бүткөн Жыпар аттуу кызы бар. Эки баланын көңүлү жарашса, ушу кызды келин кылып алсак деп тилешчү. Бул тилекти оюнчынга аралаштырып, Сеиттин үй-бүлөсүнө да каңкуулап жүрүшчү. Алар да "калың төлөгүлө!" деп тамашалашып калчу.
Бул сөз Жыпарга жөн гана тамашадай угулчу. Ага ызаланып, туталанчу да эмес. Ал жигиттин ким экендигин, кандай экендигин көрбөгөн да, билбеген. Бирок ал эл оозунда көп айтылгандыктан, анын кандай неме экенин бир жолу көрүп койгусу да келчү.
Бек армиядан келген күнү айылдаш аксакал, көксакал, катынбаладан бери түп көтөрө келишип, аны менен учурашты. Жаш солдат аскер көйнөгүнүн сыртынан курун адаттагыдай бекем курчанып, жакасынын топчусун чечип коюп, келгендердин чоң, кичисин ылгабай тура калып учурашууда... Бети тамылжып, анын дидарынан кубанычтан башка нерсе сөзилбейт... Ата-энеси менөн бирге Жыпар да келип амандашканда жаш солдат аны теше тиктеп туруп, "Ийи, садага чоңойдуңбу?" деп күлө карап, колунан кысып койгон. "Бу мени кайдан тааныйт?" — деп, Жыпар өзүнчө таң калган. Чынында солдат армияга кетүүдөн мурда деле айылга өтө сейрек каттагандыктан, жаштарды тааный албай, кайсынысы кимдин баласы; экенин билбей, айтор баарысы биздин айылдын жаштары го деп ойлочу. Жыпарды да ошентип болжогон. Ал бул айылдын кызы эмес, башка райондон келген Сейиттин кызы экенин кийин гана билет...
Ошол учурашуудан кийин Жыпар жаш солдатка экинчи беттешкен жок. Анын үйүнө каттоону токтотуп, ал турсун, колхоздун көчөсүнө да көп чыкпай калды. Каякка басса да солдат күлүмсүрөп тиктеп тургансыйт. Кыз үйдөн чыкпаса да, андан кутулбоочудай жүрөгү түрсүлдөйт, дүрбөлөңдүү жолугушууга даярмын дегендей аны ичтен сыза күтөт.
Жыпар бүкүдүкү болуп жүргөн учурда Назар уулуна башка бирөөлөр аркылуу кеп салат... Анын максаты уулун үйлөндүрүү, көздөгөнү — Жыпар эле.
Жыпар деген ким экенин жигит ошондо гана сурамжылайт. Анын Сеит деген директордун кызы экендигин, онунчу классты жаңы бүткөнүн угат. Бая күнү учурашууга келген кыздардын кимиси экенин эсине түшүрө албайт. "Барып көр" дегендерге көнбөйт. "Менде үйлөнүүдөн да орчундуу милдеттер бар... Үйлөнбөй турган болгондон кийин, жаш кызды жаманатты кылып, ага жолугуша албайм" деп, бесарман болот. Эгерде жаш солдат кызды көрүү үчүн барып, анан куда түшпөй койсо, кызды жактырбаптыр деген ушак тарап кетмек.
Бектин этияттыгынан да кыз үчүн пайда чыкпады. Аны жигиттин көргүсү да келбептир деген ушак тарап кетти. Жыпар таптакыр эле үйдөн чыкпай калды... Анан, айылдаштары таң каларлык окуя болду — Сеит кечикпей эле, үй-бүлөсү менен башка жакка көчүп кетти...
"Тилимди албадың, жакшы коңшумдун шагын сындырып, айылдан кубаладың" деп атасы Бекке таарынат, "Кызына бир жолугушуп, таанышып койсом болмок экен. Таанышуунун эмнеси жаман эле?" деп жаш солдат арманда калат. Бул жигит үчүн кечиримсиз чоң өкүнүчкө айланат.
Кечикпей эле Бек Фрунзеге, художниктер Союзуна келет. Атасы ошо бойдон бир нече жылга чейин уулу менен кабарлашпайт. Бир күнү кемпири менен акылдашат да, жоголуп кеткен баласын издеп, анын эмне деген киши болгонун билейинчи дейт.
— Ал жаман болгондо да, бирөө бизге жакшы баласын береби. Кулжуңдабай барып кел! — деп кемпири да кыстайт...
Мына, абышка башын жерге салып, ойго чумуганда өткөндөгү окуялар көз алдына келди. "Ууздай жаш кызды чанган эме эркек башы менен казан кармап, ушуну көрмөк".


Назар уулун эр жетип, эл катарына кошулса экен деп тилөөчү. Ал үчүн жигит элге пайдасы тийгендей белдүү кызматчы же илимпоз болушу керек эле. Назар өзү мансапкор болбогону менен мансапты жаман көрчү эмес. Бирок киши кайсы ишти болбосун, атаңа ракмат деги

зип аткарып, адамкерчиликтүү, сыпайкерчиликтүү болушун каалоочу. Ал художник деген атак жана бул ишкө аралашкан кишинин турмушу, адамкерчилиги кандай болорун биле албай жүргөн. Чынында бул ишти өз ичинен жактырчу эмес. Мындан көрө уулу тракторист, шофер болушун артык көрөр эле.
Ушул жолу Фрунзеге астыртан келип, Бектин каерде иштеп, кантип жашап жатканын өз көзү менен көрүп, анын аял баасындагы сайпана киши болуп калганын билди. Чоочуду. Анын ушул жолдон чыгууга көнбөсүн, кежирлигин билип, аны буга жеткирбей, жаштайында эле башка окууга бербегенине капаланды.
Уулунан шаардагы туугандарынын адресин сурап алды да, "жеткирип коеюн" деген сөзгө көнбөй өзү мулжуңдап кетип калды.
Абышканын көңүлүн табуу кыйын эмес. Бирок анын оюндагыны аткаруу кыйын. Бек атасынын эмнеге капа болгонун түшүндү. Аны сөз менен түшүндүрүүгө, ийиктирүүгө мүмкүн эмес. "Менин ишимдин жакшы экендигин акыры түшүнөр" деген ой менен өзүн сооротконсуду.
Назар шаардагы туутандарынан үч күндөн кийин келди. Көрүнүшү мурдагысындай капалуу эмес. Сөзгө келчүдөй илбериңки... Бекти оң жолго салууга туутандарынын баарын үндөп көргөн эле. Алар художник болуу ар кимдин колунан келе бербестигин, сүрөт менен бүткүл дүйнөгө атагы чыккан кишилер болгонун кайракайра айтышып жатып, чалдын ачуусун араң токтотушкан. "Жакшы художник — элдин сыймыгы" деген сөздү уккандан кийин гана ал күүлөнүшүн токтоткон.
Назар туугандарынан келгенде уулу үйдө эле. Баягы бүнрүмө шымчан, боз көйнөкчөн болуп, сүрөткө кадалып турган экен. Ал сүрөт тартып жатабы же өзү сүрөт болуп жабышып калганбы деп абышка эриксизден серп алды.
— Баланы жүрүштурушунан адаштырып, Ата-энесин капалантып, перинин кызындай азгыра тургандай сүрөттүн эмне кызыкчылыгы бар? — деген суроо анын көңүлүнө келе калды. Бирок ал суроого жооп таба албады. Бул суроого кыргыздын өткөн турмушу, ал турсун, укмуштуу Кыргыз кызы жөнүндө мындан башка сүрөт жок сыяктанып...
— Мен антип ойлогонум жок. Чуйковдун, Ильинанын кыздары өзүнчө... Бул өзүнчө... Сен мени достук кылып көтөрө чалып турат деп түшүнбө...
—Ошондо да...
— Олдо сенин карапайымдыгыңай! Мейли, өзүң каалагандай эле болсун. Аның жаман эмес.— Жума Бек менен моюндашып, Чүй талаасына көз жиберди.
Чүйдүн таяаасы. Чыгыштан таң сөгүлүп, асмандагы чолпон алсырап бараткансыйт. Анын нуру жердеги кызга оошкондой, ал ажарлуу, сулуу жана кимдпр бирөөнү сагынгандай, күткөндөй алыска көз жиберет.
Кыз кыялын сөзе билген художниктен эмне качып кутулмак. Бек андай көрүнгөн жок эле. Ал турсун, кыздар менен жөндөп сүйлөшүүнү билчү эмес. Тарткан сүротүнө караганда кыз аттуулардын сыры жалаң гана ушу жаш художниктин кистисине бүткөн сыяктуу.
—Сен куу экенсиң! — Жума аны ийнинен булкту.— Кыздарга калп эле комогой көрүнчү турбайсыңбы?
Бек көзүнөн жаш чыкканча каткырды. Ал мурда мынчалык ыкшып күлчү эмес.
— Чыныңды айтчы? Мен сени жакшы тааный албай турам. Баягы эле Бексиңби? Сен буга чейин кайда жүргөнсүң? — Анын сүрөттү ашыра мактап баратышынан этибарлангандай Бектин күлкүсү тыйылды.
—Эми эле убада бербедиң беле... Жума мурдагысынан да ашып түштү:
—Колуман келсе экилентмек түгүл, асманга көтөрөр элем. Бирок кеп мактоодо эмес... Кош, эми муну эмне кылайын деп турасың?
—Эмне кылат элем! — Бек ийнин копшоп койду.— Тура берет.
—Кызык экенсиң, тура берчү беле? Мунун орду башка... Бул жерге камап коюуга акың жок. Камасаң да токтото албайсың.
—Тамашаңды кой! — Бек колун шилтеп, басып кетти.— Менден ким тартып алат экен?!
Жума соңунан калбады:
—Мындай ишти катып коюуга акыбыз жок. Элге көрек... Биз эл үчүн шптеп жүрөбүз.
— Элге маанилүү, татыктуу нерсе керек. А, бу менин өзүмдүн гана секетбайым. Экинчиден, бул менпн пландуу ишиме кирбейт. Союз пландуу иштерди гана талап кылат.
Жума анын чыны менен тартынып жатканына ишенген эмес. Адатынча жөн эле карапайымдык кылып жатат деп ойлогон. Ал таптакыр көгөрүп койгонун көргөндө гана, көзү жетип турган нерсеге макул кыла албаганына өкүнүп, шалдая түштү:
—Ушундай кызык жигитсиң! Өзүм билемчплигпң кээде кишини эзип жиберет да. Бул жалгыз гана сенпн секетбайың эместигин сага билгизбесемби!

Жуманын ою туура чыкты. Сүрөттү союз талап кылды. Эми аны жашырууга болбой калды. Балким муяу жаратышар, же жаратышпас — Бек үчүн баары бир эле. Бул сүрөттү бир максатты көздөп тарткан эмес.
Сөз сурөт жөнүндө эле болсо эмне?! Таптакыр күтүлбөгөндөй окуя пайда болду.
Художниктер союзунда председатель менен Калыбек гана отурушкан. Жума сүрөттүн бетине жабылган чүпүрөктү ачып туруп, алардын алдына кармай берди.
Председатель баштап отурган сөзүн токтотуп, көзүн кыбыңдатып калды. Отургандардын баарынын көңүлү сүрөткө бурулуп, кеп эмне жөнүндо козголгону ошо бойдон унутулду. Жапжаңы кара костюмчан, чачын сылап, бутун апкалыштырып, сөзгө уюп отурган букжугуй Калыбек сүроткө үңүлө тиктеп:
—Азамат! Бул бир кызык иш экен! Куттуктаймын, жолдош Жума!
—Рахмат! — Жума күлдү.— Бирок авторун куттуктацыз! — Ал Бекке көзүн кысты.
—Эмне? Эмне? — Калыбек Жуманы такмалай берди.— Тамашага чаптырбаңыз. Бул сиздин иш окшойт го.
Калыбек Бектен мындай ингти күтпөгөн. Бирок Жума оозумурду кыйшайбай ырастап отурган соң, сөз тамаша болбой чыкканына күңкүлдөй баштады:
—Деги жаштар кызыксыңар! Силерди түшүнүп болбойт. Бул сурөт да ошондой — бир караганга кызык. Бирок абайлап көрсө,— ал башын чайкады.— Маанилүү деле иш эмес, жаштык кыял гана...
Калыбектин пикиринин заматта өзгөрүлө калышы таң каларлык болду.
—Сиз эми эле мактабадыңыз беле? — Жума эми аны такмалай баштады.
—Айтпадымбы, бир көргөнгө — деп...
—Түшүнө албайм!
Председатель алардын талашына кошулган жок. Папиросун тартып, сүрөттү тиктеп, өзүнчө ойго батып отурду. Аңгыча улам бирденэкиден келип отуруп, кабинетке бир топ художниктер чогулушту. Талаш кызый баштады. Аны кызыткан да Калыбек:
—...Реалисттик искусствого сыйышпайт... Фантазия! Турмуш менен байланышпаган жаштык кыялдын алдамчы элеси.— Ал салмак менен ордунан туруп, сүрөттүн жанына келди.— Карагылачы: жомоктогу сулуу кыз. Ага реализмдин көйнөгүн кнйгизүү үчүн кызылча талаасынын фонун кошуп койгон. Эгерде кызылча талаасын алып таштаса, бул кыз жомоктогу сулуунун дал өзү болуп чыгат. Жолдоштор, бизге чыныгы эмгекчи адамдын образы керек. Аны биз атактуу пахтачы, кызылчачы, малчылардын арасынан гана табабыз. Биз автордун өсүшүн кааласак, туура сындоодон баш тартпообуз керек. Ансыз жаштарды өстүрө албайбыз!
Дагы бир орус художник талашты андан бетер ырбатты:
— Эмгекти кай бир жолдоштор натуралисттик позицияда түшүнүшөт. Эгерде колуна кетмен, күрөк карматпаса эле, анын эмгекчи экени көрүнбөйбү? А, мага ушу кыз жөн эле эмгекчи эмес, эмгекти, элди, жерди сүйгөн жана аны баалай ала турган кыз экендиги ачык көрүнүп турат. Менин оюмча муну жаш художниктин биринчи табылгасы катары баалоо керек.
—Хаха! — Калыбек чалкалады.— Жаштыгыңыз эсиңизге түшүп кетсе керек. Сүрөттүн алдындагы жазууну окуңузчу: "Талаа жылдызы" дейт. Баары жомок.
Бул жазууну болбой жатып Жума жазган эле.
Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп тыңшап отуруп, өзүнчө ойго кетти: "бирөөгө жаман, бирөөгө жакшы көрүнгөн да чыгарма болобу?" Андай болууга мүмкүн эмес. Бириники гана туура болууга мүмкүн. Бирок азыркы талаштан кимдики туура экендиги ачык болбоду. Ошентип отурганда Калыбек жаш художникке кайрылды:
—Айтыңызчы, жолдош Назаров! Сүрөттөгү кыз колхозчубу, же студенткабы?
Бек мукактанып калды.
—Сиздин сурооңузду кандай түшүнүүгө болот? — деди Жума чыдай албай.— Сөз прототип жөнүндөбү?
—Ооба, ошондой десек да болот,— Калыбек жаш художникти талылуу жерден кармагандай жагалданды.
— Мен кызылча талаасынан дал ушундай кызды көргөмүн.— Бек бир нерсе эстегендей, ойлуу сүйлөдү...— Бирок анын студентка, колхозчу же кызматчы экенин билбеймин...
—Кеп ошондо! — Калыбек айланасындагыларга шаңдуу карады.— Бир көргөнүң ырас. Ал ким болсо ошол болсун, айтор кызылчачы эмес. Мен билсем студентка!
—Аны кайдан билдиңиз?
—Билем. Таанып да турам!
Башкалар күлүштү. Бек Калыбекти тиктеди да калды.
— Жолдоштор! — Акырында председатель сөзгө кошулду.— Мейли, кызылчачы болсун, мейли, студептка болсун, тип табылган... Менин оюмча сүрөттү көргөзмөгө коелу. Талашты ошондон кийин уланталы.
—Жаштарды көп алчактатуу жарашпайт. Бир нерсе болсо эле жеңиш, табылга деп кыйкырып жүрүп, баарын бузуп алар бекенбиз,— деп Калыбек эшпкти карс жаап кетип калды.
Художниктер арасында Калыбектин сөзүн сүйлөгөндөр да болду. Көпчүлүгү председателдин сунушуна кошулушту.
"Талаа жылдызы" мынчалык сөз болорун күтпөгөн жана мындай талашка биринчи дуушар болгон Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп угуп, өзүнөн өзү апкаарып отурду. Ал талашка түшкөнүнө кейиген жок, талаштын эмнеден чыкканына түнгунө албай убараланды. Баарыдан да Калыбектики өтпөдүбү?
Калыбек Бекти жаман көрүүчү эмес жана бир көздө аны "таланттуу" деп мактагандын бири да ошол эле. Анын оозунан кескин сын чыгышы бүгүн биринчи жолу. Демек, аны пикир келишпегендиктен, же көрө албастыктан тыраалады деп шекшинүүгө негиз жок.
Бек карт художниктин пикиринде бир нерсе бар экендигин, болгондо да күчтүү экенин бүгүн байкады. Андан да "сүрөттөгү кыз студентка болуу керек, аны таанып турам" дегени таңкалтты. Жалаң ушу сөзү үчүн Калыбектин пикирин четке каккысы келбеди. Ал турсун, анын сөзү акыйкаттай сөзилди. Мында отурган бардык профессионал художниктер байкабаган нерсени Калыбектин байкашынын өзү да ойлонто турган нерсе эле.
—Калыбек туура! — Бек да ордунан турду.— Анын айткандары жөн. Демек мен анык эмгек адамын таппай калгандырмын... кечиресиздер, сүрөт көргөзмөгө татыктуу эмес.
—Кечиресиз?! — деди председатель ордунан козголбой.— Бул сүрөт кандайдыр бир студенткага окшоп калса эле эмгек адамы болбойбу? Сиз, билимдүү кишисиз, баланын сөзүн сүйлөбөңүз?
—Кеп анда эмес! — деди Бек...— Мен түшүндүрө албайм...
—Сага эмне болду Бек! — Жума күңк этти.— Отур.


— Ооба, Калыбек туура! — Бек үйүнө келгенден кийин да өзү менен өзү кеңешип, ушу пикирден алыстай албады.
Калыбек кантип туура болбосун!
Жай айы. Бек союздун тапшырмасы боюнча Чүй өрөөнүндөгү колхоздорду кыдырып, алдыңкы адамдардын портретин жазмак болот. Тапшырма айкын. Бирок андай адамдарды тартуудан да табуу кыйын. Колхоздун жетекчиспнен же эсепчисинен кимдин эмгек күнү көп экендигин сурап алып, ошонун сүрөтүн тартууга көңүлү чаппады. Жакшы адам, алдыңкы адам жалаң эсеп менен гана аныкталбайт. Эсепке көп кызыкпай, көзгө көп илээншен өз алдынча чоң иш бүтүрүп жаткан кингалер азбы? Андайларды сурамжылап табуудан көрө издеп жүрүп тапкысы келди.
Бектин көңүлүн Чүй талаасы тартып турду. Өзү тоо өрөөнүндө ;туулуп өскөн жигит кең жер, кооз жер жөнүндө сөз болгондо дайыма Чүйдү эстеп, Чүй өрөөнү менен сыймыктанаар эле. Бирок Чүпдүн жолу менен өткөнү болбосо, аны кадимкидей аралап көргөн эмес. Чүй ал үчүн сыртынан ашык болгон кыз сыяктуу эле.
Ал кылкылдаган эгин талаасында, көк жашыл кызылча плантациясында далай күндөрдү өткөрдү. Кээде ач калат, кээде түшкү эс алуу убагында кызкелиндерге туш келсе, алар саякатчы жигитти бирге тамак ичүүгө чакырышат. Жигит токмун, ичтим деген шылтоолорду айтат. "Жалгыз ичкениңизди айтпаңыз" деп, келиндер жаалап киргенде ал аргасыздан аларга кошулуп отурат. Бирге оокат ичишет, аңгемелешет. Кызкелиндердин ошондогу шаңкыддаган күлкүлөрү али да кулагында... Ал кээде сугатчылар менен бирге талаада түнөп калат. Убакыт көңүлдүү өтүүдө. Ага кишилердин баары эле бирдей, баары эле ишкер сыяктанат. Алардын ичинен бирин бөлөйүн десе башкалары калчудай. А, баарын сүрөткө тартууга мүмкүн эмес.
Ага Чүй жакшы көргөндүктөн ушундай сөзилген. Бейпил Чүй! Махаббаттуу Чүй!
Бир түнү Бек сугатчылар менен жүрүп, талаада уктап калат. Көзүн ачса таң сөгүлүп, жылдыздар суюла баштаган... Аба салкын. Бек бир аз чыйрыгып калган. Сугатчылар көрүнбөйт... Торгонлордун таңшыганы, бөзбелдектин бөзилдегени айлананы жаңыртат.
Талаа учукыйры билинбей мелтирейт. Кыштактардын жылдыздары жыбырайт. Өрөөн койнуна сыр каткандай бейкут суйсалат. Бек таң нуруна аралаш мелтиреген талааны аралап жөнөйт.
Үлпүлдөгөн жумшак желден кандайдыр бир назик обон келип жаткансыйт. Бек айланасына көз чаптырат. Эч ким көрүнбөйт. Жер агарганда те төмөнтөн, кызылча талаасынан булактаган ак көйнөк көзгө урунат. Таң атпай талаага умтулган бул кандай жан? Бек сыяктуу "саякатчыбы" же эмгекти сүйгөн ишкер кызбы?
Бек жакындап, анын колундагы кетменин байкайт.
Ал кекжашыл кызылча талаасында жүргөн кыз эмей эле, көлдө сүзгөн аккуу кейиптенет.
Саякатчы жигит дал бет маңдайына жакындаганда гана ал башын көтөрүп, аны тигиле карайт. Жигит да учурашуу оюна келбей каткан бойдон турат. Жигиттин анчейин сейилдеп жүргөнүн сөзгендей кыз кайра жумушуна киришет. Аңгыча туштуштан келин кыздар кошулуп отуруп, заматта талаа кызылтазыл болот.
Ошол ак көйнөкчөн, талтал кара чачы айдалынан төгүлгөн, жоодураган кызыл тору кыз, жигиттин элесинде түбөлүккө кала берет. Бул элес түнкүсүн түшүнөн, күндүз көз астынан кетпейт...
Талаа жылдызынын тарыхы ушундай.
Ал кыз жаш художник менен биринчи жолу кокусунан гана жолукканы менен, ал бир жерден болбосо, бир жерден көзигип калчу кыргыз кыздарынын бири эле. Ансыз да кыргыз кызы жөнүндө Бектин эч кимге айтылбаган, жүрөгүнө уюган мудаасы боло турган. Бул мудаа ага кол жетпестей бийик жана ыйык сөзилчү. Бек Чүй талаасындагы көздешүүнү, баарынан мурда, ошол мудаасы менен көздешкендей сөзген...
"Талаа жылдызы" художниктер союзунда болду. Көргөзмөгө коюлду. Көрүүчүлөрдүн да көңүлүн бура баштады. Эми ал Бектин гана жашырын мудаасы болбостон, элдик кыз болуп баратты. Бирок, Бек ошондой болсо да, жүрөгү сүйгөн ыйык заттын сырын эч кимге айта албады. Аны өз жүрөгүнө гана сактап, түбөлүккө ыйык нерсе катары алып жүрүүнү артык көрдү. Бул ыйык сөзимди өз жүрөгүнө жашырууга да чамасы жетпей баратты.
"Талаа жылдызы" көргөзмөгө коюлгандан кийин, Бек жакшы көргөн жакынынан бөлүнтөнсүп, үйүнүн ичи аңгырады. Бир нерсеси кемигенсиди. Бек буга түшүнө албады. Сүрөт билермандарга жакса, элге жакса, художник үчүн андан артык эмне керек?
Ал кээде көргөзмөгө баруучу болду. Жалгыз максаты "Талаа жылдызын" көрүп коюу. Ошондо гана жүрөгүн сүрөттөгү кыз бийлеп алганын сөзе баштады. Ал сүрөт эмес эле, Чүй талаасында таңга маал иш үстүндө жүргөн кыялкеч узга көзмөкөз көздешкенсип, жүрөгү өзүнөн өзү опколжуйт. Уз да аны сөзгенсип, аягансып, махаббаттуу тиктейт, эми качан, деп үмүтүн үзбөй жол карагансыйт.
Бектин көңүлү сүрөткө чаппай эле, Чүй талаасын көздөй чабыттай баштады.
Жума ушуну менен үчүнчү жолу чакырып келди. Үчөөндө тең бир гана жооп укту: "баралбайм". Бу жолу Бек "баралбаймын" деген сөздү мурдагыдан бегирэзк көзеп айтты.
—Мен сен үчүн... Байкабай жатасың! — Жума колун жүрөгүнө басып, жалбара сүйлөдү.— Азыр көргөзмөдө да, андйн сырткары да "Талаа жылдызы" жөнүндө гана сөз. Айрыкча жаштар. Ага кумар болбогон киши жок. Авторун көрсөк дегендер канча?!
Жуманын сөзү ырас. Бул сүрөт көпчүлүктү кызыктырганын, дүүлүктүргөнүн автор өзү жакшы билбесе да, сүрөт элге жакканын байкаган. Өзү көргөзмөдө бир нече жолу болгондо "Назаров", "Назаров" деп, өз алдынча кеп кылышканын уккан. Бирок, эч ким Назаров ким экендигин тааныбайт экен. Аны жанында турса да билишкен эмес.
—Макул, сешга айтканыңдай эле болсун. А мен барганда эмне болмокчу?
Жума столду бир муштады.
—Айтпаса, адамдын ачуусун келтиресиң. Эмгекти эл баалаганын көргөн кишинин көңүлү эргибейби?! Демине дем кошулбайбы?!
Бек ага этияттык менен гана жооп кайтарды:
—Аның да ырас. Бирок мага эрте... Мен баланча элем, таанышып коелу деп чоолжуй албайм. Мени пш күтүп турат. Эң шашылыш.
Жума ошондо гана жолдошу жол кийимин кийинип, сур плащын белендеп койгонун байкады.
—Каякка?
—Чүй талаасы чакырат.
—Баса, сен Чүй менен боорлошуп кеттиң го.— Жума да жай сөзгө өттү.— Мунуң жакшы. Элге көбүрөөк чыгып туруу сонун.
Бек үндөгөн жок. Ал басмырт жана санаркагандай иреңинен аза түшкөн. Эмне үчүндүр ушкүрүп койду.
Өмүр чоң нерсе. Чыгармачылыктан башка да, өмүрдө адамды өйдөтөмөн калчай турган түйшүктөр жок дейсиңби, деген ой жолдошунун көңүлүнө келе калды.
— Кечиргин, Бек! Мен сага ачуураак айтып койдум окшойт. Бирок, сени сүйгөндүктөн. Байкашымча сенин жүрөгүңдө бир түпөйүл нерсе бар. Дайыма өзүң менен өзүңсүң. Айт. Сырыңды менден жашырба. Сага жардам бере албасам, достугумдун кереги ташка тийсин.
Бек муну укканда мурутунан күлүп койду да, көпкө унчукпай отурду. Анан оң колун жолдошунун ийнине арта:
—Дос ыйык нерсе! Мен бул жөнүндө көп ойлоном! Бирок, жеке гана жүрөккө тийиштүү нерселер да болуута мүмкүн,— деди.
—Айт. Айтпасаң таарынам! — Жума терс карады.
— Менин оюмча, достук үчүн шарт да, шерт да керексиз. Бир чийимди чийип алып, ушундан чыксак дос боло албайбыз деп айтуу, туура эмес го дейм. Достукту тсандай десем... деңиздей терең, тоодой чоң болушу керек. Достук — бүткүл өмүрдүн иши.
—Сен, терең кеттиң.— Жума күлүп, оң карады.— Мен сага айлам түгөнгөндөн таарынайын дегеним. Аны туура түшүн... Мен, мүмкүн достук жөнүндөгү эски түшүнүктөрдөн уламдыр, же сени аягандыктандыр, айтор сенин мүңкүрөп турушуңду көргөндө түтө албайм. Сенин азабыңды кошо тартышкым келип кетет. Эгерде сенин ишенимиңе кире албагандыктан, батына албай жүрсөм, же батынсам да сага тирек болууга жарай албай жүрсөм, аным өзүмдүн кемдигим.
Жума өз оюндагыны эми туура айткансыды. Жолдоштукка, достукка чын жүрөгү менен берилип кандай чоң иш болсо да кошо аткарышууга даяр турган жигиттер болот. Бул көбүнчө жаштар үчүн мүнөздүү. Бек анын пикирин кубаттап, баш ийкөөдөн башка эч нерсе айта албады. Мындай чын жүрөгү менен берилген достор кокус бир нерседен көңүлү калса, дароо иренжип, өзүнөнөзү сууп кетүүгө да мүмкүн. Бек ага өзүнүн мудалуу сырын ача албай же аны бир нерсе менен жооткотуп алдап коюуга дити барбай өзүнөнөзү күйгүлтүккө түштү.
—Жума, сени жакшы көрөрүмдү билесиң. Сага чынымды айтам. Мен өзүмдөгү жүрөк сырымды ыйык сөзер элем. Аны эч кимге, эч качан айта албайм го деп ойлогом. Мени кыстабай кое турчу. Мага эмне болгонун өзүм да ачык түшүнө албаймын. Өзүмдүкү аз келгенсип, азырынча сенин ^башыңды да оорутпайын... Мен сыртка чыгып келейин...
Жума ага эриксизден макул болду.

III
Достор! Булар эмне үчүн жана качан достошкон? Аны ким билсин. Мындай суроо өздөрүнүн башына да келбөйт. Булардыл достугу биринчи таанышуудан башталган. Анда экөө тең Фрунзеге келип, художниктер союзуна жаңы гана киришкен. Жума жаш жагынан улуу, ачык жана өтүмдүү. Бек андан кичүү, түнтүрөөк, чоочун жөжөдөй болуп, башкаларга кошулбай үрпөйүп жалгыз жүрө турган. Башкаларга байкалбаган урпөгөй жигит эмне үчүндүр Жумага жылуу учурап, экөөсү таанышат, жөн жай сурашат. Анан бассатурса бирге жүрүшүп, бирибиринен а,жырабай тургансып калышат.
Жаштар кээде ашыналыкты, жылуу мамилени деле достук деп санашат. Ал турсун, көңүлүнө жаккандарга бейтааныш болсо да, сыртынан достошкондор болот. Жума менен Бек ушундай учурду баштан өткөрүп жатышкан. Чыныгы дос боло алышабы, өмүр сыноосунан өтүшөбү, аны ойлошпойт.
Бек өзү үчүн кымбат сөзилген сүрөт сырын эч кимге айтпай, ыйык тутам деп ойлогон. Качан Жума дос жөнүндө кеп салганда ичи элжиреп, сураса ага жанын да бергиси келип, андан бир нерсени жашыруу кылмыш сыяктанды.
Жума ага бирдемеси өтүп кетпесе да, достук үчүк жашырын эч нерсе жок го деген үмүт менен аны талылуу жерден кармап отурбайбы. Эгерде Бек арамзаланыпг күңкмыңк этип буйтактаса, Жума таарынмак. Алардын жаңыдан башталган достугу дал жалгашкан жеринен үзүлмөк.
Экөө тең өз ара кыйышпас сөзимде жүрүшкөндөн бери мынчалык ачык суйлөшкөн эмес. Достук жөнүнде" биринчи жолу ооздон чыккан илеп жаштык шертин мөөр сыяктуу бекемдеди.
Бек Семетейдин тайбуурулун минген Күлчорого окшоп күүлөнүп, Чүй талаасын чалууга кетти. Жума өмүрдүн бир жаңылыгын ачкансып, жакшы тилек менен калды. Бардык жакшы нерсе досу менен гана болчудай. Ага жакпаган же аны жактырбагандын баары Жумага жек көрүнүүчүдөй.
Ошондо анын оюна биринчи болуп Калыбек келе калды.
Ооба, Калыбекти Жума башынан жактырчу эмес, бир жеринен иренжий турган. Эми андан жөн гана иренжибестен, достукту коргош үчүн, аны менен өлбөгөн жерде калып күрөшкүсү келди. Ошондой учурду күттү. Аны менен нечен жолугушса да, кармашуу үчүн шарт келбеди.
Ошо караниет Калыбек ага бир күнү жолдун аркы четинен көрүндү. Бири батыш, бири чыгыш тарапка бараткан экен. "Карасаң, бул ушундай кайчылаш жүрөт" деп Жума кекенди. Атайын анын жанына өтүп барып, урушууга шылтоо табылбады. Эгерде кокусунан көзигишсе, башка иш эле. Бирок анын оюн түшүнгөнсүп, Калыбек колун булгалады.
—Жума! Жумаш!
Анын үнү кулагына шиш менен сайгандай угулду. Урушууга Даярданып, Жума жаагын тырыштырып, тиштенпп турду. Бирок Калыбектин кебетесинде сернишүү учүн кайрылуунун белгиси жок:
—Мен сени издеп жүрөм, Жума! — Ал барбалактап сүйлөдү.
Өзүнөн улуу кишини эч себепсиз жемелөөгө дити барбай жана аны менен сүйлөшкүсү келбегендей жаш художник моюн толгоду:
—Мен союзга баратам.
—Союзда киши жок.— Ал Жуманы быртыгый колу менен колтуктап алды.— Жүр, биздин үйгө. Аңгемелешебиз.
Анын үйүнө чакырышы өлүп тирилдим дегендей эле таңгаларлык угулду. Экөөнүн ортосундагы иренжүү да ушундан чыккан. Калыбектин бардык аракети — аны уйүнө келтирбөө эле. Жума анын үйүн көргүсү келгендиктен умтулчу эмес... Үй деген сөз жигиттин солкулугун жеңди.
Кокус, Калыбектикине барса, Бек эмне дейт? Эмне демек эле. Ал деле Калыбек менен душман эмес. Көп болсо, иш боюнча бир жолу кермур айтышкандыр. Калыбектин кыянатчылыгын дагы аныктап билүү керек. Балким кандайдыр бир түшүнбөстүк менен бизди кодулап жүргөндүр. Мүмкүн ошол жөнүндө сүйлөшүүгө чакыргандыр деген ойлор келе берди.
—Эмнеге ойлонуп калдың? Кеттик,— деди Калыбек. Жума ойлуу кошо басты. Ал мурда Калыбектин үйүндө эки жолу болгон. Алгачкысында, экөөнүн мамилеси жакшы көзинде аны жакшы сыйлашкан. Акыркы жолу. "биз мейманга бараткан элек" деп, аны сыпайыкерчилик менен дарбазанын оозунан кайрып жиберишкен. Калыбектин мамилеси бузулушу ачык айтканда, ошондон башталган.
Калыбек мүнөзү бир калыпта турбаган кызык киши. Кээде жакшы художник, апенди чалыш ак көңүл киши; кээде терсаяк, жаткан өзүмчул жана залим. Көңүлү жакканын асманга чыгара көкөлөтөт, жактырбаганын жердин жети катар түбүнө киргизгиси келет... Ага иштин жөнүн түшүндүрө албайсың. Эгерде жакшы көңүлү кармаса, кызыл кыргын болгон кишиси менен өзү эле моюндашып жүргөнүн көрөсүң. Ошон үчүн

Ой-пикирлер