Кирүү

Пишпектеги большевиктик топтор

Пишпектеги большевиктик топтор – революциячыл маанайдагы уюмдар. 1917-жылы октябрда Чүй сугат тармагынын курулушунда А. И. Иваницын жетектеген большевиктик топ, шаардын өзүндө И. С. Меркун жетектеген аскерден бошоп келген солдаттар менен кол өнөрчүлөрдүн тобу түзүлгөн. Ноябрда бул топтор бир уюмга бириккен. Ошол эле жылы декабрда мусулман большевиктеринин Х. Хасанов жетектеген то-бу да түзүлгөн. Алар уездде Совет бий-лигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөш-кө эмгекчилерди тартууда зор роль ойногон. 1918-жылы февралда Пишпекте партиялык уюм түзүлө баштаган. 2-апрелде большевиктердин шаардык чогулушу өтүп, анда А. И. Иваницын башында турган шаардык партиялык комитет шайланган. 1918-жылы 18- апрелде шаардык уюмга мурдагы аскер кызматчыларынан турган чет элдик коммунисттер тобу, 25-апрелде мусулман большевиктер тобу кошулган.

Ой-пикирлер