Кирүү

Ойрот башкаруучулары жөнүндө баяндар (XVIII к.)

Жунгар хандыгы (1635-1758-жж.) Сенге-тайшинин тушунда 1667 -ж. Алтын-хан Лоужанды жеңгенден кийин Саян-Алтайды, анын ичинде Хонгорайды өздөрүнүн вассалдары катары эсептешкен. Ойрот башкаруучулары XVII к. баш чендеринен 1635-ж. өздөрүнүн саясый абалын оңдоп алганга чейин кыргыз бектерине тең абалда мамиле жасашып, Хонгорайдын чайзангдары менен куда-сөөк болуп мамиле күтүп турушкан. Маселен, князь Көчебай Батараев Жунгар хандыгын негиздеген Батыр контайшинин атасы Карагулунун карындашына үйлөнгөн. XVII к. экинчи жарымынан тартып, Хонгорайдын саясый абалы кескин өзгөрүп, кыргыз башкаруучулары жунгар хандарынан көз каранды абалда калышкандыктан өз улустарын башкаруу үчүн "ээлик" грамоталарын ала башташкан эле.

Согуш мезгили келгенде кыргыздар аскер берүүгө тийиш болушкан. Бирок, ошол эле учурда ойроттор кыргыздарга Орусиянын Түштүк Сибирге жылуусуна каршы күрөшүнө көмөк берип турушчу. 1756-1757-жж. Жунгар хандыгын Кытайдын Цинь династиясы талкалагандан соң, ойроттордун айрым бөлүктөрүнүн Хакас-Минусин аймагына ооп келишин хакас этникалык топторунда кеңири таралган Шуну-батыр жана Амур-Сана жөнүндөгү уламыштар маалымдай алат. Качиндерде ойрот башкаруучулары жөнүндөгү уламыштар Амыр-Саран, Амыр-Сарыг, Албын-Сана, Абыр-Сарам түрүндө айтылат. Сагай жана белтирлерде Хан-Суна, Суну-Матыр, Ир-Сулан, Алтын-Сора, Алып-Сора деген аталыштар менен белгилүү. Кызылдардын фольклордук чыгармаларында аларды Халдама жана Амыр-Сана деп аташат.

Баяндарда Хонтайжы (Хумтайчы, Кундейч1) деген жалпылагыч ат менен маалым болгон акыркы ойрот башкаруучусунун баатыр уулунун кайгылуу тагдыры айтылат. Ойрот элинин башкаруучусунун эки аялдан төрөлгөн эки уулу болот. Хан биринчиси менен ажырашып кеткени айтылат. Улуу баласын Суна (Амыр-Сана), экинчи аялынан төрөлгөн кичүү уулун Халдама деп аташчу. Хонтайжынын туруктуу аскерлерин Ах-Сагал, Хатыг-Темир, Киндирек деген көрүнүктүү аскер башчылары, ал эми тандалма аскер кошуунун анын жети күйөө баласы жетектөөчү экен. Бир жолу Саян-Алтайдын тынч жашап, мал баккан элдерине Алтай тайгасынан жырткычтардын падышасы — алабарс (жолборс) коркунуч туудура баштайт.

Суна көзгө атар мерген, абдан күчтүү, тайманбас жоокер болгон экен. Ал тайгадагы жырткычтын артынан түшүп, өзүнүн алты курамдуу жаасы менен атып өлтүрөт. Хонтайжы тарабынан жиберилген атайын куралдуу топ атылган жебе боюнча жолборсту кимдин атып өлтүргөнүн тактап чыгышат. Ойроттордун жетекчиси өзүнүн кийинки тагдыры, тактысы жөнүндө ойлонуп, токол аялы менен кичүү уулу Халдаманын түрткүсү менен Сунаны орго таштаттырып салат. Суна көптөгөн жылдар бою өмүрүн сыз ордо өткөрөт. Жакындарынын ичинен бир гана энеси жашыруун түрдө тамак ташып келип турган экен. Бул баянда тактымды тартып алат деп, өз балдарын өлтүргөн тирандар жөнүндө баяндалат. Хонтайжы жылына Кытайдан белек-бечкек алып турчу. Күндөрдүн биринде Кытайдан бир топ элчилер белек-бечкектин ордуна жети ат араң тарткан арабага жүктөлгөн арбалет алып келишет экен. Кытай богдыханы ойроттордун алып жаткан белектерге татыктуу эл экендигин текшерип көргүсү келиптир. Эрежеге ылайык, зор арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке (тикпе) чейин тартып туруп, коё берип атуу керек экен. Бул талап аткарылбаса богдыхан кол салып, талап-тоноп алам деп коркутуптур. Хонтайжынын айланасындагылар, көрүнүктүү аскер башчылар да арбалеттин жибин тарта албай коюшат.

Ошондо алп Суна эстерине келип, аны ордон алып келишкенде, баатыр эч кимдин күчү жетпеген арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке чейин тартып туруп, атып жиберет. Ойлогондору аткарылбаган кытай элчилери аргасыз кайра кетишкен дешет. Арадан бир аз убакыт өткөндө хонтайжы ооруп, көзү өтүп кетет. Ойроттордун арасында тактынын ээси үчүн күрөш башталат. Чоң курултайда ойрот княздары Халдаманы колдоп, ажырашкан аялдан туулган бала дешип Сунадан баш тартышат. Халдама бийликке келгенден соң, Суна үчүн жаңы куугунтуктоолор башталган эле. Ал өзүнө жакын нөөкөрлөрү менен Алтай тарапка ооп, кийинчерээк орус падышасына кызмат кылууга өтөт. Ушул эле жылдары Ойрот жерине кытай аскерлери кол салып кирет. Сансыз кытай армиясы Халдаманын аскерлерин кысып кирет, көрүнүктүү аскер башчысы Ах-Сагал согушта курман болот. Хатыг-Тимир жана Киндирек деген аскер башчылары туткунга түшүп калышкан болучу. Туткунга түшкөн ойротторду кытайлар кул катарында пайдаланып калышкан. Хатыг-Тимир жана Киндирек качып чыгууга аракет кылышканда, куугунчулар аларды кылычтап салышат. Капысынан соо калып, оор жарадар болгон Киндирек Кузнецк чебине араң жетет. Согушта жеңилип калган Халдама да Орусияга кире качып, баш калкалайт. Ал Омскиде чечектен ооруп өлөт экен. Арасында чачын куу баскан, оор жарааттардын издери бар Киндирек ж.б. ойроттор Абакан өрөөнүнө баш калкалашат. Алар кайырчылык менен күн көрүшкөнүн, Ойрот мамлекетинин кулашын Киндиректин урпактарынан болгон Канка Чудагашев комуздун коштоосунда көмөкөй ыры менен баяндап берчү .108 Биз тараптан жыйналып, маалым болгон варианттардын жана бизге чейинки изилдөөчүлөрдүн маалыматтарында дастандардын сюжет курамына ар түркүн мифтик жана Кыргыздар жоону Аскиз өрөөнүндө тосуп чыгышып, толук талкалап салышкан экен. Бул окуядан соң, Шуну жортуулду өзү башкарып, кыргыздарды баш ийдирип, Жунгарияга карай сүрөт.

Сүрүлгөн эл Шориядагы Кобырза дарыясынын жээги менен жүрүп олтурушат. Бул жер азыр да "Хыргыс кошкен хол" деп аталаары маалым. Кыргыздар сүрүлөөр алды Шулбайга акыр замандан соң кайра келишип анын сазайын беришерин эскертишкен экен.111 Шуну жана Амур-Сана жөнүндөгү баяндардын мазмундаш варианттары, XVIII к. биринчи жарымындагы окуялар Саян Алтайдын бардык элдерине гана эмес, аларга кошуна турушкан буряттарда да белгилүү. Фольклордук чыгармалар Шуну жана Амур-Сана тарыхый прототиптерин бир образга айландырып койгон. Чындыгында, бул эки инсан эки башка тарыхый доорлордо жашашкан. Шуну же Лоузан-Шоно (1698-1735-жж.) жунгар ханы Цэван Рабдандын уулу, калмак ханы Аюкенин Сетержаб деген кызынан төрөлгөн. Анын башка энеден туулган аталаш бир тууганы Галдан-Цэрен (хакасча — Халдама) болгон. Алардын атасы Цэван-Рабдан тарыхый баяндарда Хонтайжы деп аталган. Ушул хандын тушунда кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөн болучу. Булактарда: "Галдан-Церен Шунуй менен такты үчүн болгон күрөштө атасына Шунуну жамандап, жалган ушактарды айтып, экөөнү душман кылып коёт.
85Ошондо Цеван Рабдан Шунуну өлтүрмөк да болгон экен".112 1727-ж. Церан-Рабдан дүйнөдөн кайткан соң, Галдан-Цэрен бийликке келет, Шуну болсо Орусияга, Волга тарапка качууга аргасыз болот. Цинь империясы Жунгар хандыгын баш ийдирүүгө аракет кыла баштайт. Ошондуктан 1731-ж. кытай элчилери Волгага атайын келишип, Шунуну "Галдан-Цэрен менен согушууга тукурушуп, анын тактысын берүүгө убада беришет".113 Кытай элчилеринин Хонтайжыга келип, аткара алгыс талаптарды коюшу чыныгы болгон тарыхый окуяларды чагылдырат. Башка бир тарыхый инсан Амур-Сана (1722—1757-жж.) Ойрот мамлекетинин көз каранды эместиги үчүн күрөшүп, ал өлгөндөн соң, Жунгар хандыгы өз жашоосун токтоткон. Ал акыркы ойрот ханы Давацинин аталаш иниси, Галдан-Цэрендин небере иниси болгон экен.114 1754-ж хандык тактынын мураскорлорунун арасында күрөш башталганда Амур-Сана Давациге каршы көтөрүлүп, Алтай аймагын энчиге берүүнү талап кылат. Жеңилгенден соң, Кытайга качууга аргасыз болот. Кытай императору Хун-ли Амур-Сананы колдоп, ага биринчи катардагы князь титулун ыйгарып, ойротторго жетекчи кылып дайындоону ойлойт. Бирок, Амур-Сана кытай букаралыгынан баш тартып, 1755-ж. Жунгарияга келип, көтөрүлүштү жетектеген. 1756-ж. башында Даваци өлгөндөн кийин, Амур-Сана хан деп жарыяланат. Бирок, Хун-ли жарым миллиондон ашуун аскерлерди алсырап калган Жунгар хандыгына каршы жөнөткөндө Амур-Сана Орусиянын аймагына жашынууга аргасыз болот. Орус бийликтери аны Тоболь шаарына жөнөтүшөт, Амур-Сана 1757-ж. 21-сентябрда чечектен өлөт. Белгилүү ойрот башкаруучусу, ошентип, Саян-Алтай элдеринин улуттук баатырына айланып калат, анткени, бул аймак кандайдыр бир деңгээлде Жунгар хандыгынын кайгылуу тагдырына байланышкан тарыхый окуяларга катышы бар эле. Амур-Сананын образы алтайлыктар менен хакастардын эсинде куткаруучу катары жашап келет.

Хакастар аны "Тадар-ханы" деп аташчу. Бул дастандардын соңунда бурханизмдин башкы идеяларынан болгон легендарлуу баатырдын кайтып келиши жөнүндөгү ойлор айтылат. Белтирлердин мификалык жетекчиси Хан-Сулу элдин эсинде сакталып келген ойрот башкаруучусу Шуну менен жалпылыгы болушу толук мүмкүн. Фольклордук чыгармаларда хакас элинин психологиясын чагылдырган кызыктуу мисалдар кездешет. Амур-Сана жөнүндөгү дастанда Хатыг-Тимир деген аскер башчысы бир тууганы Киндиректи аман сактап калуу үчүн, өз баласын аттан оодарып салат, анткени, аялды алууга, баланы табууга болорун, бир тууганды табуу мүмкүн эмес экендиги айтылат (хат чолда, пала пилде — катын жолдо, бала белде). Эрлердин психологиясы ушундай болгон. Хакасия Орусияга кошулар алдында Ортолук Эне-Сай өрөөнү ойрот ээликтеринин бир бөлүгү болгон, анткени, кыргыз бектери жерге ээлик кылууга укук грамоталарын ойрот хандарынан алып турушкан. Хакас фольклору ойротторду жана алардын башчыларын өзүнүн тарыхый инсандары катары сүрөттөйт. Ошону менен бирге, хакас фольклору Хакасиянын калкынын ойроттордун баскынчылыгы менен Жунгарияга сүрүлүшүн баяндап келет.
Жунгар хандыгы (1635-1758-жж.) Сенге-тайшинин тушунда 1667 -ж. Алтын-хан Лоужанды жеңгенден кийин Саян-Алтайды, анын ичинде Хонгорайды өздөрүнүн вассалдары катары эсептешкен. Ойрот башкаруучулары XVII к. баш чендеринен 1635-ж. өздөрүнүн саясый абалын оңдоп алганга чейин кыргыз бектерине тең абалда мамиле жасашып, Хонгорайдын чайзангдары менен куда-сөөк болуп мамиле күтүп турушкан. Маселен, князь Көчебай Батараев Жунгар хандыгын негиздеген Батыр контайшинин атасы Карагулунун карындашына үйлөнгөн. XVII к. экинчи жарымынан тартып, Хонгорайдын саясый абалы кескин өзгөрүп, кыргыз башкаруучулары жунгар хандарынан көз каранды абалда калышкандыктан өз улустарын башкаруу үчүн "ээлик" грамоталарын ала башташкан эле.105 Согуш мезгили келгенде кыргыздар аскер берүүгө тийиш болушкан. Бирок, ошол эле учурда ойроттор кыргыздарга Орусиянын Түштүк Сибирге жылуусуна каршы күрөшүнө көмөк берип турушчу. 1756-1757-жж. Жунгар хандыгын Кытайдын Цинь династиясы талкалагандан соң, ойроттордун айрым бөлүктөрүнүн Хакас-Минусин аймагына ооп келишин хакас этникалык топторунда кеңири таралган Шуну-батыр жана Амур-Сана жөнүндөгү уламыштар маалымдай алат. Качиндерде ойрот башкаруучулары жөнүндөгү уламыштар Амыр-Саран, Амыр-Сарыг, Албын-Сана, Абыр-Сарам түрүндө айтылат. Сагай жана белтирлерде Хан-Суна, Суну-Матыр, Ир-Сулан, Алтын-Сора, Алып-Сора деген аталыштар менен белгилүү.

Кызылдардын фольклордук чыгармаларында аларды Халдама жана Амыр-Сана деп аташат.106 Баяндарда Хонтайжы (Хумтайчы, Кундейч1) деген жалпылагыч ат менен маалым болгон акыркы ойрот башкаруучусунун баатыр уулунун кайгылуу тагдыры айтылат. Ойрот элинин башкаруучусунун эки аялдан төрөлгөн эки уулу болот. Хан биринчиси менен ажырашып кеткени айтылат. Улуу баласын Суна (Амыр-Сана), экинчи аялынан төрөлгөн кичүү уулун Халдама деп аташчу. Хонтайжынын туруктуу аскерлерин Ах-Сагал, Хатыг-Темир, Киндирек деген көрүнүктүү аскер башчылары, ал эми тандалма аскер кошуунун анын жети күйөө баласы жетектөөчү экен. Бир жолу Саян-Алтайдын тынч жашап, мал баккан элдерине Алтай тайгасынан жырткычтардын падышасы — алабарс (жолборс) коркунуч туудура баштайт. Суна көзгө атар мерген, абдан күчтүү, тайманбас жоокер болгон экен. Ал тайгадагы жырткычтын артынан түшүп, өзүнүн алты курамдуу жаасы менен атып өлтүрөт. Хонтайжы тарабынан жиберилген атайын куралдуу топ атылган жебе боюнча жолборсту кимдин атып өлтүргөнүн тактап чыгышат. Ойроттордун жетекчиси өзүнүн кийинки тагдыры, тактысы жөнүндө ойлонуп, токол аялы 83менен кичүү уулу Халдаманын түрткүсү менен Сунаны орго таштаттырып салат. Суна көптөгөн жылдар бою өмүрүн сыз ордо өткөрөт. Жакындарынын ичинен бир гана энеси жашыруун түрдө тамак ташып келип турган экен. Бул баянда тактымды тартып алат деп, өз балдарын өлтүргөн тирандар жөнүндө баяндалат. Хонтайжы жылына Кытайдан белек-бечкек алып турчу. Күндөрдүн биринде Кытайдан бир топ элчилер белек-бечкектин ордуна жети ат араң тарткан арабага жүктөлгөн арбалет алып келишет экен. Кытай богдыханы ойроттордун алып жаткан белектерге татыктуу эл экендигин текшерип көргүсү келиптир. Эрежеге ылайык, зор арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке (тикпе) чейин тартып туруп, коё берип атуу керек экен. Бул талап аткарылбаса богдыхан кол салып, талап-тоноп алам деп коркутуптур. Хонтайжынын айланасындагылар, көрүнүктүү аскер башчылар да арбалеттин жибин тарта албай коюшат. Ошондо алп Суна эстерине келип, аны ордон алып келишкенде, баатыр эч кимдин күчү жетпеген арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке чейин тартып туруп, атып жиберет. Ойлогондору аткарылбаган кытай элчилери аргасыз кайра кетишкен дешет. Арадан бир аз убакыт өткөндө хонтайжы ооруп, көзү өтүп кетет.

Ойроттордун арасында тактынын ээси үчүн күрөш башталат. Чоң курултайда ойрот княздары Халдаманы колдоп, ажырашкан аялдан туулган бала дешип Сунадан баш тартышат. Халдама бийликке келгенден соң, Суна үчүн жаңы куугунтуктоолор башталган эле. Ал өзүнө жакын нөөкөрлөрү менен Алтай тарапка ооп, кийинчерээк орус падышасына кызмат кылууга өтөт. Ушул эле жылдары Ойрот жерине кытай аскерлери кол салып кирет. Сансыз кытай армиясы Халдаманын аскерлерин кысып кирет, көрүнүктүү аскер башчысы Ах-Сагал согушта курман болот. Хатыг-Тимир жана Киндирек деген аскер башчылары туткунга түшүп калышкан болучу. Туткунга түшкөн ойротторду кытайлар кул катарында пайдаланып калышкан. Хатыг-Тимир жана Киндирек качып чыгууга аракет кылышканда, куугунчулар аларды кылычтап салышат. Капысынан соо калып, оор жарадар болгон Киндирек Кузнецк чебине араң жетет. Согушта жеңилип калган Халдама да Орусияга кире качып, баш калкалайт. Ал Омскиде чечектен ооруп өлөт экен. Арасында чачын куу баскан, оор жарааттардын издери бар Киндирек ж.б. ойроттор Абакан өрөөнүнө баш калкалашат. Алар кайырчылык менен күн көрүшкөнүн, Ойрот мамлекетинин кулашын Киндиректин урпактарынан болгон Канка Чудагашев комуздун коштоосунда көмөкөй ыры менен баяндап берчү .108 Биз тараптан жыйналып, маалым болгон варианттардын жана бизге чейинки изилдөөчүлөрдүн маалыматтарында дастандардын сюжет курамына ар түркүн мифтик жана жомок мотивдери кирип калган. Ойрот жергесиндеги болгон окуялардын баары Хакасияга жылат. Сунуну жети жашында эле жасаган эрдиктери үчүн далы сөөгүндөгү кемирчектерин кесип, орго ташташат.

Түрк-моңгол элдеринде өзүнүн душмандарын өлтүрбөй, бирок алсыздандырып койгон ушундай салт кеңири тараган болгон. Моңголия тараптан аткарууга таптакыр мүмкүн эмес, өзгөчө айлакерликти талап кылган талаптар менен элчиликтер келип турушкан; маселен, көмүскө жерде турган канаттуулардын кайсынысы карга (кузгун) кайсынысы сагызган (саасхан) экенин айтуу керек болгон. Амыр-Сана Москвага барганда камчысынын сабы менен падыша-коңгуроону көтөргөн имиш. Ошол эле жерде падыша Петр I (Поот-хан) менен жолугат. Ошондо Ак-хан хакас ханынын (Тадар-ханы) жерин көрмөкчү болгон имиш. Аларга жолдо ак сакалдуу абышка жолугуп, бир куржунду көрсөтүп, көтөргүн деп суранат. Петр I көтөрө албай койгондо, Амыр-сана куржунду шап көтөрүп, атка артып койгон экен. Ак сакал абышка теңирдин өзү экен, Амыр-Санага кайрылып: "Хакас ханы дүйнөдөгү эң күчтүү киши экен, анткени мен куржунга жер шарынын жарым топурагын салып койгон болчумун" дегенде, Амыр-Сана каткырып күлүп: "Мен эгер жердин туткасы болгондо, аны жаргылчактын ташындай айлантмакмын" — деп кесир сүйлөйт экен. "Сен адам көтөрө алгыс оор кесир сөз (улуг чох) сүйлөп койдуң, ушунуң үчүн жооп бересиң!" — деп ак сакал абышка көздөн кайым болот. Орус падышасы менен хакас ханы андан ары жөнөшөт. Алар Абакандын жогору агымындагы Хан-сын тоосунун чокусунан аскага оюлуп жасалган табытты көрүп калышат. Амыр-Сана ага чыгып барып, табыттын ичине жатып көрөйүн дегенде, табыттын капкагы капыстан шарт жабылып, бекилип, ал темир чынжыр менен чырмалып калыптыр.

Ошондон бери хакастардын ханы тоонун кырындагы табытта (Хан-сыны) жатат имиш. Ал эми хакас эли бул окуядан соң, Ак падышага моюн сунуп калыптыр.109 Кызыл варианты боюнча Амыр-Сана Ак-Июс өрөөнүндө азыр да турган таш балбалга айланып ("оол обаа") калыптыр.120 Акыр заман келгенде хакас ханы өз ордунан туруп келип, Хонгорайдын мурдагы кубатын калыбына келтирет имиш. Шорлор менен бирюсиндер ойрот ханы Шунунун мезгилинде кыргыздарды Абакандан Жунгарияга сүргөнүн эскеришет.110 Алар ошол учурда Сагай түздүгүн жайлашчу экен. Кыргыздар менен ойроттор тоолуу-токойлуу жерде жашашкан элдерден салык (албан) жыйнашчу. Тоо өрөөнүндөгү Кобырза дарыясы аккан жерде Шулбай деген жетектеген хобый уругу жашап турган болот. Күндөрдүн биринде кыргыз ханы салык жыйнаганы келсе, Шулбай өз уруулаштарына аң терилерди көрсөтпөй каттыртып коет. Каарданган кыргыздар бул элди аябагандай жазалагандыгы баяндалат. Бирөөнүн колу менен өч алуу максатында Шулбай ойрот ханы Шунуга алып келген катында, салык жыйнаган кыргыздардан кутулуу керектигин билдирип кайрылат. Шуну катты окугандан соң, Хонгорайга саны анчалык көп эмес аскер жиберет. Кыргыздар жоону Аскиз өрөөнүндө тосуп чыгышып, толук талкалап салышкан экен. Бул окуядан соң, Шуну жортуулду өзү башкарып, кыргыздарды баш ийдирип, Жунгарияга карай сүрөт. Сүрүлгөн эл Шориядагы Кобырза дарыясынын жээги менен жүрүп олтурушат. Бул жер азыр да "Хыргыс кошкен хол" деп аталаары маалым. Кыргыздар сүрүлөөр алды Шулбайга акыр замандан соң кайра келишип анын сазайын беришерин эскертишкен экен.111 Шуну жана Амур-Сана жөнүндөгү баяндардын мазмундаш варианттары, XVIII к. биринчи жарымындагы окуялар Саян Алтайдын бардык элдерине гана эмес, аларга кошуна турушкан буряттарда да белгилүү. Фольклордук чыгармалар Шуну жана Амур-Сана тарыхый прототиптерин бир образга айландырып койгон. Чындыгында, бул эки инсан эки башка тарыхый доорлордо жашашкан. Шуну же Лоузан-Шоно (1698-1735-жж.) жунгар ханы Цэван Рабдандын уулу, калмак ханы Аюкенин Сетержаб деген кызынан төрөлгөн. Анын башка энеден туулган аталаш бир тууганы Галдан-Цэрен (хакасча — Халдама) болгон. Алардын атасы Цэван-Рабдан тарыхый баяндарда Хонтайжы деп аталган.

Ушул хандын тушунда кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөн болучу. Булактарда: "Галдан-Церен Шунуй менен такты үчүн болгон күрөштө атасына Шунуну жамандап, жалган ушактарды айтып, экөөнү душман кылып коёт. 85Ошондо Цеван Рабдан Шунуну өлтүрмөк да болгон экен".112 1727-ж. Церан-Рабдан дүйнөдөн кайткан соң, Галдан-Цэрен бийликке келет, Шуну болсо Орусияга, Волга тарапка качууга аргасыз болот. Цинь империясы Жунгар хандыгын баш ийдирүүгө аракет кыла баштайт. Ошондуктан 1731-ж. кытай элчилери Волгага атайын келишип, Шунуну "Галдан-Цэрен менен согушууга тукурушуп, анын тактысын берүүгө убада беришет".113 Кытай элчилеринин Хонтайжыга келип, аткара алгыс талаптарды коюшу чыныгы болгон тарыхый окуяларды чагылдырат. Башка бир тарыхый инсан Амур-Сана (1722—1757-жж.) Ойрот мамлекетинин көз каранды эместиги үчүн күрөшүп, ал өлгөндөн соң, Жунгар хандыгы өз жашоосун токтоткон. Ал акыркы ойрот ханы Давацинин аталаш иниси, Галдан-Цэрендин небере иниси болгон экен.114 1754-ж хандык тактынын мураскорлорунун арасында күрөш башталганда Амур-Сана Давациге каршы көтөрүлүп, Алтай аймагын энчиге берүүнү талап кылат. Жеңилгенден соң, Кытайга качууга аргасыз болот. Кытай императору Хун-ли Амур-Сананы колдоп, ага биринчи катардагы князь титулун ыйгарып, ойротторго жетекчи кылып дайындоону ойлойт. Бирок, Амур-Сана кытай букаралыгынан баш тартып, 1755-ж. Жунгарияга келип, көтөрүлүштү жетектеген. 1756-ж. башында Даваци өлгөндөн кийин, Амур-Сана хан деп жарыяланат. Бирок, Хун-ли жарым миллиондон ашуун аскерлерди алсырап калган Жунгар хандыгына каршы жөнөткөндө Амур-Сана Орусиянын аймагына жашынууга аргасыз болот. Орус бийликтери аны Тоболь шаарына жөнөтүшөт, Амур-Сана 1757-ж. 21-сентябрда чечектен өлөт. Белгилүү ойрот башкаруучусу, ошентип, Саян-Алтай элдеринин улуттук баатырына айланып калат, анткени, бул аймак кандайдыр бир деңгээлде Жунгар хандыгынын кайгылуу тагдырына байланышкан тарыхый окуяларга катышы бар эле. Амур-Сананын образы алтайлыктар менен хакастардын эсинде куткаруучу катары жашап келет. Хакастар аны "Тадар-ханы" деп аташчу.

Бул дастандардын соңунда бурханизмдин башкы идеяларынан болгон легендарлуу баатырдын кайтып келиши жөнүндөгү ойлор айтылат. Белтирлердин мификалык жетекчиси Хан-Сулу элдин эсинде сакталып келген ойрот башкаруучусу Шуну менен жалпылыгы болушу толук мүмкүн. Фольклордук чыгармаларда хакас элинин психологиясын чагылдырган кызыктуу мисалдар кездешет. Амур-Сана жөнүндөгү дастанда Хатыг-Тимир деген аскер башчысы бир тууганы Киндиректи аман сактап калуу үчүн, өз баласын аттан оодарып салат, анткени, аялды алууга, баланы табууга болорун, бир тууганды табуу мүмкүн эмес экендиги айтылат (хат чолда, пала пилде — катын жолдо, бала белде). Эрлердин психологиясы ушундай болгон. Хакасия Орусияга кошулар алдында Ортолук Эне-Сай өрөөнү ойрот ээликтеринин бир бөлүгү болгон, анткени, кыргыз бектери жерге ээлик кылууга укук грамоталарын ойрот хандарынан алып турушкан. Хакас фольклору ойротторду жана алардын башчыларын өзүнүн тарыхый инсандары катары сүрөттөйт. Ошону менен бирге, хакас фольклору Хакасиянын калкынын ойроттордун баскынчылыгы менен Жунгарияга сүрүлүшүн баяндап келет.

Ой-пикирлер