Кирүү

Ниязаалы молдо Эсенгул уулу

Айрым изилдөөчүлөр Ниязалы Молдону Молдо Нияз деп да жүрүшөт. Акын азыркы Ош областынын Фрунзе районуна караштуу Шаймардан айылында 1826-жылы туулган. Ниязалы Молдо — алгачкы кыргыз жазгыч акындарынын бири. Жашынан эле айылдык молдолордон кат таанып, ыр чыгара баштаган.
Кийинчерээк санат формасында араб графикасы менен "Насыят" деген дастан жазган. Ал чыгарма 2000дей саптан туруп, 1845–58-ж. Кудаяр кандын Сары-Колдо жасаган зулумдугун, Кашкардагы Якуб-
Бектин зордукчулугун, 1865-ж. орус падышачылыгынын Чимкент, Ташкент шаарларын басып алышын көрсөтөт. Ошондой эле анда адамдагы кулк-мүнөздүн, диндин туруксуздугу, аялдардын жакшы-жаман сапаттары ырааты менен айтылат. Акын "Насыят" аттуу чыгармасында окуяларды диний мазмунда чечмелесе да, өзү жашаган доордогу эзүүгө, теңсиздикке адилет баа берген. Тилекке каршы бул акындын чыгармалары бизге толугу мснен жеткен жок.
Акын 1896-жылы өзү туулган Шаймардан айлында каза болгон.

Ой-пикирлер