Токтосун Самудинов. Канча баштуу ажыдаар?
Эч ким билбейт чын жери
Тээ илгери, илгери...
Андан бери өткөндүр
Алтымыш миң жыл бери.
Болгон дешет карылар
"Тойбос" деген жаныбар.
Алкы ачылып аябай
Аталыптыр ажыдаар.
Бир башынын айырмасы–
Жалаң жемиш жечү экен.
Сугунчу экен бир башы
Пилди бөлүп тепетең.
А бир башы токойдон
Куш бүткөндү аймаптыр.
- Насирдин Байтемиров. Тынышбек боорум
- Жаман уул, жакшы уул
- Сүйүнбай Эралиев. Мен–кыргыз
- Мидин Алыбаев. Касымалы Жантөшевге
- Жоомарт Бөкөнбаев. Ажал менен ар-намыс
Ой-пикирлер