МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн,
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Алтын айтчы, качан сенден түңүлөм?..
Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коесуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим...
- Сүйөркул Тургунбаев. Жаңы күн
- Жаман уул, жакшы уул
- Абзий Кадыров. Самап калдык
- Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы
- Женижок менен эсенамандын айтышы
Ой-пикирлер