Музоочулук муңдурбайт
"Музоочулук муңдурбайт". Бул кол арага жараган эркек бал-дар тууралуу айтылат. "Музоочулук - музоо, кадимки уйдун баласы, андан алты айлыгы тана деп аталат. Демек, уй тиричилигине жардам берүүгө катыша баштагандары козу-улак кайтарышат. Айыл ичине жумшаганга жарайт. Тезек терет, отун алат, суу куят. Демек, ата энеге тээк болот. "Мундурбайт" - кичинекейлер да колунан келген аракетин жүргүзүп жатат деген түшүнүктү берет. Улам тестиер болгону атжалын тартып минет. Айыл аралайт. Аш-тойлорго барат. Жаман-жакшыны көрөт.
- Колу туткак
- Оозунан кара ит кирип
- Жеңенин бир саны кайнисиники
- "Моңолдор журттун уюткусу"
- Түгү тескери айланып
Ой-пикирлер