Кирүү

Мухаммед пайгамбар

Мухаммед (570–632-жылдары) – пайгамбар, ислам динин негиздөөчү жана таратуучу. Мусулмандар аны "расулулла" ("Алла тааланын элчиси"), хатаму-и-набийин ("пайгамбарлардын мөөрү"), б.а. акыркы жана башкы пайгамбар деп эсептешет.Мухаммед төрөлө электе атасы Абдулла, алтыга келгенде энеси Амина дүйнөдөн кайткан. Ал сегизге чыкканда чоң атасы Абу-ал-Муталлиб да каза болуп, Мухаммедди аталаш агасы Абу Талиб багып алган. Он эки жашынан Абу Талибди ээрчип, анын соода иштери боюнча алыскы Жер ортолук деңиз (Сирия) тарапка каттап турган; иудаизм, христиан жана башка диндер менен таанышкан. 21 жашында айткан сөздөрү жана жасаган иштеринин тазалыгы үчүн "амин" ("ишенимдүү адам") деген кадыр-баркка жетишкен. Абу Талибдин сунушу менен Хадича деген жесир бай аялга кызматчы болуп орношкон. Дагы бир ирет соода иштери боюнча Шамга (Сирия) барып келгенден кийин жалгыз кудайды даңазалаган диний окуу жөнүндө ой көңүлүнө топтоло берет. 595-жылы Хадичага үйлөнгөн. Кырк жаштагы Хадича буга чейин эки жолу турмушка чыккан жана эки уул, бир кызы бар эле. Хадича жаш күйөөсүнүн пайгамбарлык максатына өзү да терең ишенген. Хадича менен жашагандан кийинки 25 жылдаМухаммед башка аялга үйлөнгөн эмес, Хадича дагы эки уул, төрт кыз төрөгөн; булардын ичинен эң кичүү кызы Фатима гана көпкө жашап, алардын тукумун уланткан. Кырк жашка келгенде Мухаммед Меке шаарынын жанындагы Хира үңкүрүндө периштеге "жолугат", андан Алла-тааланын сөзүн – "куранды адамдарга окуп, айтуу" буйругун угат. Ошондон тартып ал өзүн пайгамбар жарыялап, 610–622-жылы жакындарынын, айрыкча Хадичанын колдоосу менен эски бутпарастык ишенимдерди танып, ага кудурети күчтүү жалгыз кудай Алла-таала жөнүндөгү окууну каршы койгон. 622-жылы 26-июлда Мекеден Мединага (мурдагы Йасриб ш.) убактылуу көчүүгө мажбур болгон. 630–631-жылы Меке, кийинчерээк Аравиянын бир кыйла аймактарында жашагандар мусулман динин – исламды тута башташкан.

Ой-пикирлер