Кирүү

Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы, чаркы келбей кол тарап, жерлерине кайтышы

Олуя чалдын эр Бакай
Көк тулпар менен желигип,
Манас кандын жанында
Көк жалың Бакай ээлигип.
Аргын кандын Ажыбай,
Кырктын башы Кыргыл чал,
Кыркың мында келгин деп,
Каарданып бакырып,
Ошондо Манас кан султан
Кырк кыраанды чакырып:
Атаңдын көрү кырк чоро,
Кыркың кырк жерден келген шер элең.
Кысталыш иште жарайт деп,
Ушундай күтүп жүргөн мен элем.
Жылгындуунун оюнда,
Кен, Таластын боюнда
Катылган жанды жечү элең,
Кабардуу жерден жоо келсе
Каңгайды бузам дечү элең.
Кызыккан кымбат жоо келсе,
Кымбаттуу башка доо келсе,
Тилимди алган жан болсо
Тилге салам дечүү элең,
Динсизден адам жолукса,
Мен динге салам дечүү элең.
Талкалашар чак келди,
Кырк уруу кытай журт менен
Баатыр, кырылышар тап келди.
Чогон мылтык чорт этсе,
Чочуп кача бергениң,
Баатырлар, ошонуң менден өлгөнүң.
Кара мылтык каре десе,
Качып чыга бергениң,
Караан кылбайм ошону,
Карасаң менден өлгөнүң.
Алда талаа бир кудай,
Буйрук кылып турганда,
Жебирейил жан алгыч,
Беш колун бизге сунганда,
Батырбайбы кара жер,
Киргизбейби казган көр.
Ажалдуу киши өлбөйбү,
Алдасы жазып койгонун,
Пендеси кургур көрбөйбү.
Деп ошондо муну айтып,
Каарданып кан Манас,
Каранды эми баштады,
Баатырдын каарын угалбай
Алакандай бул кошуун
Кырылып кете жаздады.
Камбыл найза саюучу
Канкорлорду бир бөлүп,
Кыймалаша чабышчу
Кыйындарды бир бөлүп,
Сунгандан кайра тартпаган
Даңгыларды бир бөлдү.
Бирөөнүн миң, кишилик сүрү бар
Берендерди бир бөлдү.
Айбалтаны чабуучу
Адистерди бир бөлдү.
Качпай туруп атышкан
Мергендерди бир бөлдү.
Акыл билбей тим жүргөн
Наадандарды бир бөлдү,
Катын менен балдардын
Күнү кандай болот деп,
Куру бекер кайгырган
Жамандарды бир бөлдү.
Тобокел деп токтобос,
Эптүүлөрдү бир бөлдү.
Жазы жаак, көй кашка,
Жаңылбастан кеп айтчу
Кептүүлөрдү бир бөлдү.
Түрдүү-түрдүү жан болуп,
Урук-урук кошундар
Уругуна бөлүнүп,
Буурул менен булкунтуп,
Ала тоодой айкөлүң
Астында жүрөт көрүнүп.
Асый чыкма Буурулу
Коргошундай Манасын
Койбой чуркап көтөрүп.
Жер жайланып түрүнө,
Каптап калган кези экен.
Жеткилең кытай каканчың
Түбүнөн бери бузулуп,
Жер силкинип мелтилдеп,
Алар да каптап калган кези экен.
Эрдин баары четтешип,
Кытай менен кыргыз кол
Ээн чөлдө беттешип,
Ат бош калып туйлашып,
Эрдин баары кыйрашып,
Бир бөтөн болду чыккан чаң.
Кабылан Бакай Кожосан
Караан болуп Манаска
Кабылан Манас, Бакайың
Качырып айдап алыптыр,
Алапайын табалбай,
Качып кытай калыптыр.
Кара калдай кытайды
Кайран Манас жапырды.
Туруштук кытай бералбай
Эринин баары жыйылып,
Эсеби жок кырылып,
Не бир сонун кан өлүп,
Манас менен Бакайга
Кез болгондун баары өлүп.
Каканчылуу Бээжинди,
Кайкайлатып кытайды,
Камап айдап алды эми.
Орто жерин эр Манас
Оюп айдап баратат,
Кыл чекесин кырк чоро
Кырып айдап баратат.
Тегерегин Бакайы,
Талап кетип баратат.
Кыргынга адам таң калып,
Кызыл чокой, көк көйнөк,
Кытай журту сандалып,
Чоң казат деп атанып,
Ушу болгон чоң кыргын
Каканчылуу Бээжиндин
Даңзасына катталып,
Кыргын десе күйүнүп,
Кыямат кайым болгуча
Унутулбайт бул иш деп
Ушу кезде кытайдын
Бичигине чийилип,
Эсен кан менен Коңурбай
Шери Манас келди деп,
Бээжинге кирип камалып,
Дарбазасын бекитип,
Калың кытай калганы.
Эшигин бузуп кире албай,
Эр Бакайдын ичинде турат арманы.
Каканчылуу Бээжин журт,
Эшиги таштай бек бекем,
Топон суу тоздоп кирбеген,
Ошондон берки эл экен.
Тамдын бери четинде
Кырк кез казган ору бар,
Тамга жакын барганда
Кайнатылуу шору бар.
Там үстүнө тарттырган
Темирден жайган тору бар.
Эч ким бузуп ала албайт,
Боо, катылган жандын шору бар
Каарданып балталап,
Токмоктоп турат Бээжинди
Баягы канкор Манас зорун бар.
Бийиги кырк кез там экен,
Чункуру кырк кез аң экен.
Балта чапса коолдоп,
Чополуу десе темирби,
Добулбастай шоолдоп,
Кырка турган бурчуна
Кырк киши катар тургандай.
Бурчун тешип кйрем деп,
Кызмат кылган жан болсо,
Кырк миң балбан чогулса,
Кырк жылы кызмат кылгандай,
Кызырдуу эрдин баарысын
Кызыга берсе бул жерге
Кызыталак Бээжин кыргыдай.
Каарданып күрүлдөп,
Жаман ишке баштады.
Жабылып бузгун эшигин,
Өлгөнүнөн калганын
Өкүм кылып зор Манас
Кырып ие таштады.
Козголбогон кайран шер
Колодон кылган эшикке
Кол салганы ошо жер.
Берекелүү эшигин
Белинен бузуп алам деп,
Бээжиндин каны Коңурбай
Курмандыкка чалам деп,
Алмамбет менен Чубактын
Өчүн минтип алам деп,
Бек бекиткен Бээжиндин
Төбөсүнөн басам деп,
Кан экен Эсен төрөсү,
Муну союп канын ичем деп,
Алакандай кошуундун
Азыр жолун ачам деп,
Алмамбеттен айрылып,
Мен алайып кантип кайтам деп,
Эгиз козу түгөйүм,
Экөөнөн катар айрылып,
Мен өлбөй кантип жүрөмүн!
Буурулду санга салды эле,
Мунарык тарткан Бээжинге
Бура кармап сыр найза
Баатыр, бул эшигин сайды эле.
Эр шерин Манас бир сайып,
Эн темирин кулатты.
Кабылан Бакай бир сайып,
Ошонун босогосун уратты.
Кан Ажыбай бир сайып,
Чыныдай топо уратты.
Каарданып канкор шер,
Кара жаак айбалта,
Кармай калып имерди,
Каалга болот мыкты эшик
Ошондо карсылдатып жиберди.
Эшигинен чаң чыгат,
Ажыбай, Бакай эки кан
Эстеген сайын жан чыгат,
Ошондо асмандан добуш үн чыгат:
Чалыяр тийбес Бээжинге
Чаркыңыз келбейт, кайтыңыз!
Топон суу келбес Бээжинге,
Тобуңуз келбейт, кайтыңыз!
Кудайдын жазган буйругу
Ушундай экен көрсөңчү,
Сен жериңе жетип өлсөңчү!
Асмандан добуш үн чыгып,
Айкырып чыгып турганда
Алда деп тартты Бээжинден.
Баткактуунун Кара-Суу,
Баары кыргыз чогулуп,
Канды жоктоп келгенде
Музбурчак, Көкчө каны жок,
Көкөтөйдүн Бокмурун,
Эр жалгызы дагы жок.
Кырк чорону жоктосо
Кабылан Алмаң шери жок,
Кайран Чубак бөрү жок,
Улаккандын Сыргак жок.
Бел байлаган бели жок,
Кырк кыраандын ичинде
Кыйын Алмаң баш болуп,
Он эки кан бөрү жок.
Бу Бээжинге киргенде
Эл эсебин алганда
Ошондо кырк эки сан кол эле.
Калайыктын каны жок,
Кайгырып Манас өпкөлөйт,
Өпкөлөй турган себеби
Баягы кайрандардын баары жок.
Казат кылган Бээжинге,
Баатырын, Аккула окко учурган,
Алмамбет шейит кечирген,
Канатынан кайрылган,
Каран кылган кан Чубактан айрылган.
Бээжинди чаап көп алган,
Берендердин баарысын
Бейлебей Манас жеп алган,
Музбурчак, Көкчө кан өлгөн,
Бээжинге кез болгон жандын баары өлгөн.
Баатыр кыйыры жактан чалдырган,
Кыйындардын баарысын
Баатырын кытайга белек алдырган!
Капа болуп токтобой,
Каарданып кайран кан,
Өлүп кетпей өрт болуп,
Тутамга келбей шордуу жан,
Кара-Суунун Баткакта,
Айкожо болуп ыймамы,
Намаз окуп жатканда
Аргын кандын Ажыбай
Жетимиш уруу тил билген
Жеткилен кыйын жан экен,
Намазга башын койгондо,
Ошондо кайтарып турган кези экен.
Аргын кан уулу Ажыбай
Найзаны кармап таянып,
Баатыр, куш уйкуну салганы.
Ажыбай уктап калганын
Алоокенин Коңурбай
Аңдып жүргөн көзөлүн
Абайлап тиктеп алганы.
Ошондо, чоң өтүгү чойкоюп,
Короздой мойну койкоюп,
Алтын найлуу, сыр канжа,
Ошондо алачыктай чоң калча,
Темингиси телпилдеп,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө селкилдеп,
Алтындан тизгин булкунтуп,
Алгара менен жулкунтуп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Кара жаак айбалта
Билегине чалылуу,
Болоттон учун чыгарган,
Ажыдаардын уусуна
Алтымыш бөлүп сугарган,
Сунганы аман өтпөгөн,
Кез болгон тирүү кетпеген
Колундагы сыр найза
Имере кармап эр калча,
Астындагы Алгара
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Сежидадан башты жыйганда
Тоңкоюп Манас турганда,
Кыр арканын бети деп,
Өпкөнүн өлчөө чети деп,
Алоокенин Коңурбай,
Аянбастан кош колдоп
Артыкча муштап алды эми.
Ошондо Манас кабылан
Коңурбай муштап турганда
Зың-зың этип кенебей,
Коңурбайдын найзасын
Баатырын, бучкагына теңебей,
Эрдик менен шердикти
Баатырга берген экен ченебей.
Кайра кайрып оң колду,
Баатыр найзаны кармап алды эми.
Асыл Манас кайран шер
Найзаны булкуп алганда,
Сайып турган сыр найза
Сексен бөлөк быркырап,
Алоокенин Коңурбай
Кайра тартып чу коюп,
Качып берди дыркырап.
Ошондо Аргын кандын Ажыбай
Карткүрөңгө камчы уруп,
Ошондо, жебеден мурун жетти эле,
Жеткен жерде калчаны
Капталга муштап отту эми.
Жаралуу болуп Коңурбай,
Өө дегенде оозунан
Өжөк-өжөк кан кетип,
Кыймылдаарга шай кетип,
Ошондо, Коңурбайдан ал кетип.
Кызыталактын кара аты,
Кара атынын бар эле
Капталында канаты,
Жапа көрсө бир жерден
Качан болсо ушинтип
Кача турган адаты.
Ободон булут тутулду,
Опсуз калча кайран шер
Өлөр-өлбөс жан менен
Ошондо, көрүнөө качып кутулду.
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Көрунөө кудай урду деп,
Ажыбайдын көзүнүн жашы он талаа:
Секиде кароол турганда
Серпилип уктап кеттим деп,
Баатырга серүүн көрүнүп,
Мен өзүм шерменде болуп неттим деп.
Ушул турган калың журт
Иттигимди билбейби,
Бир эмес эки кылдың деп,
Мени кара эшек кылып минбейби.
Кытай антип сайганын
Эч ким билип калган жок.
Уктап Манас сайдырган
Ажыбайда дарман жок.
Ошондо, Аргын кандын Ажыбай
Айкөлүңдүн алдына
Аттан түшүп сабылып,
Окоро түйгөн чоң чылбыр
Моюнга орой салынып,
Эки колу боорунда,
Салам айтып, Манаска
Ажыбай барды жалынып:
Падышалуу калаа жер мына,
Тартуу кылам астыңа
Карткүрөң өңдүү мал мына,
Көз кашайып калган соң,
Баатырай, көөкөрлөп төкчү кан мына.
Ошондо Манас барбактап,
Баатырын ыраазы болуп дардактап:
Ажыбай жапа тартып эринбе,
Белимде найза сууруп ал,
Ажыбай сен бир адамга көрүнбө.
Белимдеги найзага
Калың кол капаа жебесин,
Кайгыланып мусулман,
Баатыр, жүрөгү түшүп кетпесин.
Ажыбай чуркап кабышып,
Белиндеги кабажык,
Баатырдын найзасына жабышып,
Тик тарткын десе, бош тартып,
Найзаны сууруп алганы,
Болоттун учу корс этип,
Баатырдын белинде сынып калганы.
Ошондо көөдөнгө батпай көп санаа,
Көк жалдардан айрылып,
Ошондо көзүнүн жашы он талаа.
Каркылдап учкан кара куш
Асылдардын каптал этин оёт деп,
Казаттан өлгөн шейиттер
Айбандын богу болот деп
Адырды тиктеп караса:
Кара калпак кыргагы,
Кабыландын Сыргагы,
Баатыр, биенге тийген чекеге,
Баатыр, бурулбай кеткен Мекеге,
Ошондо, күлүгүндө күбүлгөн,
Баатыр ай, күлгүнүндө жайраган.
Кутан алп менен Манкуш алп,
Ылама менен зор Жолой,
Төртөөнү бирдей олтуруп,
Курмандыкка чалганда,
Башын кесип байланып,
Белек кылып алганда,
Бейпайды Сыргак салганда,
Токсон сан кара кытайдын,
Кечээ тобун чечип турганда,
Кутан алпын баш кылып,
Токсон алпын кырганда,
Кезигерге кезикпей,
Кезикпеске кезигип,
Найза имерип, топ бузган,
Кожожашка кезигип
Баатыр, шейит болуп окко учкан.
Кыргын салып башында,
Шейит болгон Сыргагым,
Баатыр, жыйырма бир жашында.
Бели үзүлүп белеске
Көк чебич аты кошо өлгөн.
Ит-Кыянын Чаткалда
Музбурчак, Көкчө кан өлгөн,
Түгөнгөн тоонун бурчукта
Бокмурун баатыр дагы өлгөн.
Ошондо, талаадан тапкан он үч жан,
Ойрондорду көргөндө
Ойронуң Манас кабылан
Ошондо, Көк-Булуңдун токойдо
Миң тулпар кармап сойгон жер,
Кан Сыргагын баш кылып
Аманат кана кылып койгон жер.
Муну менен Көк-Булуң
Ошо күндөн ушу кун
Үлкөн мазар болгон жер.
Айланып күйүп кабалбай,
Айланып карайт кайран шер,
Алмамбет менен Чубактын
Эзелде сөөгүн табалбай.
Каарданып кол курап,
Баатырын, ыйлап турат коңгурап:
Калдайып жаткан кытайды
Журтум ай, өлтүрбөй кантип кетемин,
Алмамбет, Чубак дайны жок,
Мен көрбөй кантип кетемин!
Эгизден кантип айрылам,
Энеси талак кытайга,
Асылым Алмам айткан кеп эле,
Таштаба сөөгүм деди эле.
Асылым айткан кеби бар
Баатырай, Сарала кармап сойгун деп,
Көмүлбөй сөөгүм калбасын,
Баатырай, белгилүү жерге койгун деп.
Алакем айткан кеп эле
Атыңды оңдоп току деп,
Айла кетсе Манас кан
Аңгырап куран оку деп.

Ой-пикирлер