Кирүү

Эсенкан буйрук кылып жолойду баш кылып Манаска кол аткарганы

Күрмөчөнүн култуйтуп,
Күчтүүсүн сынап алганы.
Күн жаң-жуңду баш кылып,
Миң балбанды салганы,
Кыргызды көздөй качууга,
Уулу Манас уу чыгып.
Акбалта акыл тапканда,
Айгырды биттеп ат кылган,
Алтайдан көчүп кетүүгө,
Бул акылды бат кылган.
Кочкорун биттеп ирик кылган,
Буураны атан тоо кылып,
Алтайда кара калмактын
Жылкысын тийип жоо кылып,
Букасын бычып уй кылып,
Аз үйлүү журтту буй кылып.
Жаккан отун өчүрүп,
Акылман экен бай Жакып,
Аз үйлүү болгон кыргызын,
Жалпы баарын көчүрүп,
Бокжоромол бокчонун,
Болбой баарын чачыптыр,
Отор-отор оюнчук,
Ойной көчүп качыптыр.
Көңүлдүн баарын оорутуп,
Көлүктүн баарын жоорутуп,
Малдын баарын чубатып,
Балдардын баарын ыйлатып,
Күндүзүндө тынч албай,
Түн ичинде уйку албай,
Минтип көчүп алыптыр.
Кошойго Манас кетиптир.
Кеткени бир оокум өтүптүр,
Жолой колду салууга
Койбой талап алууга,
Үч күндүк жолу калыптыр.
Ошо кезде Кутубий,
Чочуп намаз окунуп,
Телкызылды токунуп,
Оролмо тоонун урчукка,
Салып кароол карады,
Оңурайган тумшукка.
Кароол чыгып караса,
Калк аманын кааласа;
Күрмө кийген күчтүүсү,
Күчөп каптап калыптыр.
Калдайдан бери куралып,
Каптап жүрүп калыптыр.
Камышты көр, селди көр,
Какандап ураан чакырып,
Каптаган кытай элди көр.
Жер жүзүндө чөптү көр,
Чөпчөлүк кытай көптү көр.
Казып койгон орду көр,
Кайнатылуу шорду көр.
Ак асаба туу келет,
Караса жанга зор келет.
Асты жагын караса,
Карыпчысын калдайтып,
Кайран Жолой чоң келет.
Быяк жагын караса,
Манжулардан Нескара,
Баары каптап алыптыр.
Урушка кылган барабан
Барсылдап бекем кагылып,
Кара жагал тагынып,
Кайнап жаткан көп улук
Кең Алтайдын урчукта
Айдап чыгып келатат.
Курт экени билингис,
Жайнап чыгып келатат.
Төө мойноктун кыраңда
Көбү чыгып келатат.
Адыр-күдүр тумшуктан
Теңи чыгып келатат.
Кайсы экени билингис,
Кыжылдаган каапырлар
Жайнап чыгып келатат.
Карыганда Акбалта,
Картайганда Жакып бай,
Каптап бул кол жетеби?!
Берен Манас дагы жок,
Кызык кылып аз элди,
Кыргын кылып кетеби?!
Бейлебей жаткан бул элдин,
Төбөсүнөн басабы?
Төрт түлүгүн чачабы?
Эми көргөн эми жок,
Ушундай экен дүйнө бок.
Белгилүү Манас дагы жок,
Көрүп кантип жатайын,
Кырк үйлүү кыргыз журтуна
Кыйналчуу кабар айтайын.
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Бараан кылып алайын,
Токтобой уруш салайын.
Качып, үрк — деп, элине,
Кабар айтып барайын.
Кайра тартып урушуп,
Кайрылып колду салайын
Деп, ошондо Кутубий
Астында тулпар Телкызыл
Кайыбынан кабылган,
Как талаадан табылган,
Кулан менен куушкан,
Не да болсо, жаныбар
Тулпар менен туушкан
Туура тулпар Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Абасы Балта карыга,
Акбалта, Жакып баарына,
Кырк түтүндүн өзүнө
Кутубийдин сөзүнү:
Атаңдын көрү, кырк үйлүү,
Кызырдуу Жакып карыңа,
Кабар айта мен келдим,
Кырк үйлүү кыргыз баарыңа.
Каран кылар токой жок,
Качып кирер кыргыз жок,
Ичим — кайгы, тышым-чок.
Тытышып уруш кылууга,
Арга кылып турууга,
Кабылан тууган шер эле.
Жоо бөрүсү эр эле.
Каканчындын калкынан,
Каруусу толук капырдан,
Кайран Жолой баатырдан,
Ажыратып алуучу,
Чабышып согуш салуучу,
Кабылан көк жал Манас жок.
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Топурак учкан чаңды көр,
Толгон кытай жанды көр.
Калмактардын кан Жолой,
Каны каптап калыптыр.
Манжулардын Нескара
Дагы каптап калыптыр.
Казыналык Каражой
Кошо каптап калыптыр.
Төө көтөргөн чоң Дөөдүр,
Ошо каптап алыптыр.
Асманга учкан топурак
Аскер каптап топурап,
Айла кетип өлдүк ээ,
Атаңдын көрү, журт ыраак.
Белеске качып жашынсак,
Кара токой чер да жок.
Кармалашып урушсак,
Караан кылып отурган
Кабылан Манас шер да жок!
Бир чуңкурга кырк үйлүү
Жыйылууга көчүппүз.
Жылма болуп баарыбыз,
Кырылууга көчүппүз.
Кутубий мындай деди эле,
Курган жандан түңүлүп,
Кайгылуу кептен баштады,
Мал менен баштан бай Жакып
Такыр кечип таштады.
Оо, ботом, айтпадым беле мен бая,
Уктуңар эле сен бая.
Алтынды олжого алдыңбы?
Абайла, Балта, кебимди
Азапка эми калдыңбы?
Манасты сүрөп, сен Балта,
Көрдүңбү балаа шумдугун?!
Басып алган экенбиз,
Ажыдаардын куйругун!
Болот эшик дарбаза,
Уругу улук кан экен
Падышасын караса
Каканчындын калкы бар,
Катылганды куткарбай
Канын ичмей салты бар.
Малынган аман калчубу,
Калкына аман барчубу?
Каңгырып кеткен Манаска
Кабарды кантип айтабыз?
Селсаяк кеткен Манаска
Серпилсек кантип жетебиз?
Сексейген кара калмактан
Кыргын болуп кетебиз.
Өзүнчө кеткен Манаска
Өкүрсөк кантип жетебиз.
Бу түбү түптүү кытайга
Түгөнбө десе, болбойсуң.
Түгөнгөн Балта, оңбойсуң.
Бурулуп кеттиң олжого,
Бузугуңду койбойсуң.
Булкунгандан силкинип,
Акбалта чыкты күүлөнүп,
Көп эле болсо өлөрмүн,
Кыжылдаган кытайдан
Кыяматты көрөрмүн!
Өлбөй жүргөн ааламда
Темир өзөк болобу?
Кокуй, Жакып, не дейсиң?
Өлүмдөн корккон оңорбу?!
Алтайдан бери айдалдык,
Эмгекке колдор байландык.
Бел байлаган белиңден,
Ажырап келдик, ай Жакып,
Кең Ала-Тоо жериңден.
Айрылып келдик маминтип,
Кеңири кыргыз элиңден.
Кейибе, Жакып, кейибе!
Манас оңой бала эмес,
Бакылдаган калмакка
Бастырып салчу жан эмес.
Айбалта, кылыч, чокморун
Көрүшпөй кантип коёюн,
Кайран баш жерге киргиче,
Кара кытай, манжуга
Өлүшпөй кантип калайын.
Өкүлдөгөн калмакка
Өкүмдү кантип берейин!
Тегеректеп келген соң
Бир теминишип көрөйүн!
Ажалдан бенде өлбөйбү,
Алда башка салганын
Азаптуу бенде көрбөйбү.
Алда буйрук кылган соң,
Аманатын бербейби.
Күнү бүткөн көчпөйбү,
Күлү түшсө өчпөйбү,
Күлүм да бар, чагым бар,
Күрсүлдөп манжу каптасын
Кырылышар табым бар.
Оңой Манас уул эмес,
Оюнан бизди чыгарып,
Ойноп жүрөр кул эмес.
Бекер Манас уул эмес,
Бейлинен бизди чыгарып,
Бейлебей жүрчү кул эмес.
Ойрон Манас бар болсо,
Ордолуу башын кан кылат.
Ороңдогон калмактын
Оң эки миңин жай кылат.
Муну айтып, Акбалта
Кутубийден кеп угуп,
Кара кытай, манжуну
Курчап кетер деп угуп,
Найза, кылыч шайланып,
Чокморун кыя байланып.
Каарданып күүлөнүп,
Кан Жакыпка сүйлөнүп,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Акбалта минтип турганда
Бер жагынан Кутубий
Телкызыл менен камынып,
Камбылсыган кытайга
Кармалашып көрөм — деп,
Эрен Көк жал келгенде,
Кырк үйлүүң кана дегенде,
Кырдырып ийсем кытайга,
Эмне жооп берем — деп,
Көк нөкөр белде сөгүлүп,
Көк найза колдо көрүнүп,
Айбалта жанда шаркылдап,
Кылыч кында жаркылдап,
Көпкөк темир кийинип,
Эр Кутубий ошондо
Кайнына барчу немедей
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ач арстандай бой таштап,
Ак жолборстой кыйгачтап,
Телкызыл санга бир салып,
Темирдүү найза колго алып
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Белди бекем байланып,
Ээрди кесе чайналып,
Жаркылдап күлүп көз жайнап,
Кайран Куту канетсин,
Кан ичмеси чын кармап,
Каары толук, бакырып,
"Манастап" ураан чакырып.
Беттешээри чоң Жолой,
Белгилүүсү Дөөдүр алп,
Жазбай аткан Каражой,
Жаман билгич Нескара.
Беттеп жеке кол салып,
Каруусу толук капырга
Кан Жолойдой баатырга,
Качырып колду салды дейт.
Маңдайлашып турушуп,
Найза менен урушуп,
Кылыч кыйрап, чаң толуп,
Кыжылдап кытай жан толуп
Маңдай-тескей турушту,
Найза сайып, жаа тартып,
Былчылдашып урушту.
Кайран Куту жалгыздын
Карааны Манас келе элек.
Ким көргөн мындай жумушту,
Мандайлашып турушту.
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Адамдан артык селди көр!
Айгайы кулак тундуруп,
Каптап кеткен элди көр!
Талаада күйгөн чокту көр,
Жылдыз болуп жылтылдап,
Милтеден күйгөн окту көр!
Астыга жайган торду кор,
Ал тордун ары жак жагында
Түшүрүп кармап алуучу,
Билинбеген орду кор.
Баарысынан мыктысы,
Найзакерден ыктуусу,
Алышкан жоонун айласын
Ашкере билген мыктысы,
Ач буудандай дардайып,
Кайран Жолой эрди көр.
Кутмандуу жолдош Кутубий
Эңкейиште эр сайып,
Экиден катар бир сайып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай.
Теңдешип уруш салды эле.
Кутубийди каптоого
Торала желек туу алып,
Каптады жөө күлүктөр.
Бир жагынан караса,
Мылтык атып, жаа тартып,
Чоң Дөөдүрдүн бүлүгү,
Каары тоодой жан экен.
Кара калмак ичинде
Кайран Жолой бар экен.
Ачбууданга камчы уруп,
Эрениң Жолой жетти эле.
Кайсынысын айталы,
Каптап кетти көп улук,
Мөндүрдөй огу төгүлүп,
Чама кетип, ал кетип,
Каптачуудай көрүнүп,
Жаанын огу шыркырап,
Тийген жерлер быркырап.
Чама кетип жутунуп,
Карыпчы, сооттун баарысы
Канжыга болуп тытылып.
Ураан тартып, чуу кылып
Каптап кытай кетти эми.
Топурак учуп, чаң жүрүп,
Толуп жаткан кол каптап,
Тозокту катуу салды эми.
Капталынан кан Жолой
Каарданып бакырып,
Карыпчысын калдайткан
Калдайларын чакырып:
Каңгып Манас кетиптир,
Түбүнө түптүз жете көр
Түгөл каптап кете кор!
Кырк үйлүү кыргыз буруттун
Түбүнө чогуу жете көр!
Жакып канын жалмайлык,
Акбалтасын алалык!" —
Деп, ошентип, эр Жолой
Кутубийдин башына
Куп баштады бузукту.
Куп каптатып балбанын
Туура кылды кызыкты.
Качып чыгар бел да жок,
Кутубийдин жанында
Кагыш кылып турганда,
Кан Жолой найза урганда,
Адамдан артык туулган,
Душманга салган чуулган,
Туйгуну Манас эри жок,
Акбалта Жакып каны жок,
Өлүм орток, жан бирге
Кырк үйлүү кыргыз даты жок.
Ажал жетсе өлөм — деп
Амалым болсо Кутуга,
Караан болуп берем — деп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай.
Чоң кисеси бир кучак,
Кайраты мыкты заары күч.
Кулагерге камчы уруп,
Кан Балта жетти болушуп.
Булар колду токтотсо,
Күндөп-түндөп турушса,
Кол токтотуп сайышып,
Кытай менен урушса, .
Сан кара малын чачыптыр,
Кырк үйлүүнү ээрчитип,
Караан болбой, бел болбой,
Зымпыя Жакып качыптыр.
Алтайдан Жакып качкан соң,
Ченсиз колго кабылып,
Кутубий менен Акбалта
Челиш кылып жаткан соң,
Алтайдын ары жээгинде
Буурусун тийген чийин жок,
Айдай сары талаадан
Төмөнкү түшкөн бетинде,
Жекелеше турушуп.
Жети күн тынбай урушуп,
Карып көзү киртейип,
Карган Балта абаңа
Канча найза бир тийип,
Эки көзү киртийип.
Кайраттуу Кутубийиңе,
Эки миң найза бир тийип,
Туулга темир быркырап,
Канжыгалап кара кан
Как жаак ылдый шыркырап,
Кайрат кылган эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Кыймылдабай дал болуп,
Чама чарчап ал кетип,
Бүткөн бойдун баарынан
Мөлтүлдөп кара кан кетип,
Жети күн тынбай аралап,
Акбалта менен Кутубий
Жети жерден жара жеп,
Топтуу күнү аралап,
Токсон жерден жара жеп.
Аябаган чоң чууга,
Салмак болгон кези экен,
Алпы Дөөдүр, эр Жолой
Тегеректеп экөөнү
Алмак болгон кези экен.
Курчап кытай келгенде,
Жөө күлүгүн көргөндө,
Акбалта турду аңгырап,
Керээзин айтып заңгырап:
Айланайын, Кутубий,
Карган Балта мен элем,
Караан кылган сен элең.
Каралды Манас мында жок,
Арам өлөт экенбиз.
Жүрбөгөн тоодой жарылып,
Жаман өлөт экенбиз.
Темир аркан капырдын
Торунда өлмөк экенбиз.
Тегиз канжар капырдын
Колунда өлмөк экенбиз.
Самаганың — Ала-Тоо
Кетпей өлмөк экенбиз.
Сандалган кыргыз ал элге
Жетпей өлмөк экенбиз.
Качып кетер белим жок,
Ажыратып алуучу
Арстан Манас шерим жок.
Акбалта антип турганда
Безге сайган эмедей,
Ыргып түштү Кутубий.
Аба, Акбалта, беренсиң.
Баатыр сендей болобу?
Сени баатыр деген оңобу?
Алтайда кара калмактын
Бээлерин тийип жечүү элем.
Катылышсам калмакка,
Балта абам желек кармаса,
Каңгайды бузам дечү элем.
Урушса кара калмактын
Уйларын тийип жечү элем,
Абам Балта, ал Манас
Аларым карап турганда,
Айдап кара калмакты
Каканга сүрөм дечү элем.
Кайгы төлөө болобу,
Калмактан корккон оңобу?
Кокуй, аба, не дейсиң!
Наалат күн, аба, не дейсиң!
Ат соорусун салалы,
Ит урушун кылалы,
Тирилей келген калмактын
Тиктөөсүнө көнбөймүн.
Көөдөндө алтын жанымды,
Көп урушпай бербеймин.
Кокуй аба, не дейсиң!
Деп, ошентип, Кутубий ,
Астындагы Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Кайратты катуу салды эле.
Кан Балтанын Кулагер
Опсолоң бугу чылбырын
Колунан жулуп алды эле.
Желгенине жел жетпей,
Басканына мал жетпей,
Тегиз жерде үрөтүп,
Сүрөгөндө Балтаны
Тебетейдей сүйрөтүп.
Энкейиште үрөтүп,
Качкан жерде Балтаны
Эбелектей сүйрөтүп.
Астындагы Телкызыл
Тулпарлык туушу бир башка
Кыл куйруктун күлүгү,
Кылымдан артык бир башка.
Куйругу салаң, жалы бар,
Куланды көрсө куткарбас,
Чу койгондо закымдап,
Көздөн чыгып бөлүнгөн,
Акбалта ала качканда
Тулпарлык сыны көрүнгөн.
Чуркаганда кара жер
Кат-катынан бөлүнгөн.
Будур-будур бел ашып,
Будурмак чыбыр жер басып,
Томурайган тоону өтүп,
Тоңкойгон чуңкур коо кечип,
Эрендер кайдан аянып,
Алтай тоонун тумшугу
Чоң өзөндү таянып.
Тогуз жолдун тоому,
Бөрү койдун чаркына,
Ит өлбөстүн кырына,
Эрендер жетип илинип,
Ээн калган эки тулпардын
Күлүктүгү билинип.
Арт жагына кайрылып,
Тиктеп туруп караса,
Кара калмак, манжу журт
Караса көзгө илинбейт.
Душман чоңу — чоң, Жолой
Баштаганы калың кол,
Кайда экени билинбейт.
Акбалта абаң, сабылып,
Кутубийге жалынып:
"Айланайын, Кутубий,
Өчкөн отум тамызгын,
Өлгөн жаным тиргизгин
Үзүлгөнүм улаган,
Чачылганым жыйнаган.
Кутубий сендей балага,
Кутмандыгың чын экен,
Куруп кеткен Акбалта,
Азыр болсун садага.
Кайран жаным өлбөсө,
Калкыма кабар салармын.
Кадимки нойгут элине
Кутман кылып өзүңдү
Кан көтөрүп салармын.
Деп, ошентип, Акбалта
Чыканактап тынч алып,
Чырым этип уйку алып,
Жатып уйку кандырып,
Таң кашкайып калганда
Тулпарларды чалдырып,
Аз жетелеп олтуруп,
Көөдөнүн чөпкө толтуруп.
Супа саадак чалганда,
Таң сөгүлүп калганда,
Камыштай найза кылкылдап,
Катуу каптап былкылдап,
Ач бууданды жулкунтуп,
Кутурган Жолой чоң калмак
Куу изине чоп салып,
Кутура кууп алыптыр,
Сары изине чоп салып,
Саргара кууп калыптыр.
Туу кармаган Нескара
Жетик каптап алыптыр.
Акбалта көрүп ал колду
Кутубийге жүгүрүп,
Курган жандан түңүлүп,
Курган Балта бакырып,
Кутубийди чакырып:
Мен көргөндү көрдүнбү,
Мен билгенди билдиңби?
Казылган калың ор келет,
Куткарбай курман кылуучу
Кайнатылуу шор келет.
Кайраты мыкты, заары күч
Катылса, кырып кылат түз.
Калмактардын чоң Жолой
Ошо Жолой зор келет.
Киши көрбөс кордукту,
Бүгүн көрөт экенбиз.
Тирүү калбай кырылып,
Бүгүн өлөт экенбиз
Акбалта айтып турганда,
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумганча,
Бозоргон тоонун урчукта,
Боз адырмак тумшукта,
Көк жал Манас кабылан
Көчкөн көчкө кез болду.
Көч алдына караса,
Жаккан отун өчүргөн,
Алтайдан айдап кырк үйлүү
Жалпы баарын көчүргөн.
Көк жал Манас караса,
Көч аманын кааласа,
Кырк үйлүүнүн баары аман.
Атасы Жакып дагы аман.
Сан каралуу мал аман.
Жыйып алган кырк бала,
Кырк баланын мыктысы,
Кутубий менен Көкбөрү,
Атойнок менен Алымсак,
Арстан эрдин жөкөрү.
Кырк баланы санаса,
Караса көзгө илинбейт.
Ал балдардын баары аман,
Кутубий көзгө илинбейт,
Карыларды байкаса,
Акбалта козго көрүнбөйт.
Акбалта, Куту ынагым,
Кайда кеткен буларым?
Карап Манас турду эле,
Торучаарын чайпалтып,
Канкоруңдун алдынан,
Кан Жакып чыга калды эле.
Карчыгадай камынып,
Кабыландай чамынып,
Кайыптан акыл табылып,
Аксакалы жаркылдап:
Оо, ботом, өзөндүү дайра булагым,
Малым арбын, балам жок
Өлгөндө көргөн чунагым.
Эсенкан буйрук кылган соң
Каптаган калың кол келди.
Жети асаба туу келди,
Жер жарылган чуу келди.
Асманга учуп топурак
Кудай бетин көрсөтпө,
Адам жүрдү топурап.
Калын колун коргондо,
Качып көчүп бөлүндүк.
Кайран жандан түңүлдүк.
Каарды кытай баштады.
Кытайдын түрүн көргөндө,
Малдан эмес кырк үйлүү
Жандан кечип таштады.
Кара курттай сел келди,
Катыла турган жоо эмес,
Каптап кеткен эл келди.
Түпкө чогуу жетет деп,
Түгөнгөн жандан түңүлдүм.
Чабышып чама келеби,
Уй түгүндөй капырды
Басташып адам жеңеби?
Урушкан жеңип алабы,
Кара курттай капырга,
Катылган аман калабы?
Аяш атаң Акбалта,
Куп жолдошуң Кутубий
Алтайды манжу ашты эле,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Темир аркан торчону,
Тегеректеп кетти эле,
Тегиз канжар колчону.
Найза сайып, балта чаап,
Алышканын бир көрдүм.
Аралашып эки эрен,
Салышканын бир көрдүм.
Топурак жаап, тоз күйүп,
Толкуп кытай жүрдү эле,
Толгон балбан кирди эле.
Кымбат Балта өлдү деп,
Ушу кезде ой кылам,
Ал экөөнү кайсаса,
Тез каптап бизге жетет деп,
Теги жандан түңүлдүм.
Тегеректеп кетет деп.
Кумурсканы көр, селди көр,
Кутубийге асылып,
Курчап кеткен элди көр.
Түбүнө чогуу жетти деп,
Кутман эле Кутубий,
Башын кесип кетти деп,
Кутубийден түңүлдүм.
Деп, ошентип, эр Манас
Куту экөөнүн маанисин
Бай Жакыптан укту эле.
Арстандай чамынып,
Алдасына жалынып:
Белимди бекем бууймун,
Беттешер болсо бул калмак,
Бээжинге чейин кууймун.
Таштууларын талкалап,
Албай кантип калайын,
Таш-талканын катырып,
Салбай кантип калайын,
Бир калайман Бээжинге.
Өлүп калсак окустан,
Дүйнөдөн кетсек кокустан,
Жаңжалды катуу салайын.
Кыйындарын кыйратып,
Экөөнүн жанын алайын.
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетейин.
Түрү суук кара калмакка
Түгөнүшүп өтөйүн.
Торучаарды минейин,
Катылган кара калмакты
Каканга чейин сүрөйүн.
Кызыккан экен кытайлар
Кыйрашпай кантип калайын.
Жайнаган кара кытайга
Жаңжалдашып көрөйүн.
Каарыма тиет калмагың
Каңгайга чейин сүрөйүн.
Кармаш сонун ал болсо,
Кармалашып көрөйүн.
Азапты арбын саламын,
Акбалта менен Кутуну
Азыр жетсем мен өзүм
Ажыратып аламын.
Тирүү Манас барында
Кыйратып кытай кыралбайт.
Кырк үйлүү кыргыз бул журтту
Кыйратып кытай алалбайт.
Бөлүүчү кытай ал эмес,
Бөлдүрчү Манас мен эмес!
Урушуп бүлүк саламын,
Кайнап жаткан манжунун
Жылкысы эмес, мен Манас
Уйларын тийип аламын.
Каптаганын көрүшөм,
Качпай туруп урушуп,
Как ушу жерден өлүшөм
Деп, ошентип, Манас кан
Көчүнөн чыкты бөлүнүп.
Көк жалдык түрү көрүнүп.
Жакып кандан кеп угуп,
Акбалта, Кутубийине
Аркы калмак чогулуп,
Алып койду деп угуп,
Астындагы Торучаар
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Ок жетпеген ат минип,
Найза өтпөгөн тон кийип,
Кагышты катуу салууга,
Кара жанын аябай,
Кан Балта менен Кутубий,
Ажыратып алууга,
Оюна келди көк жалың
Алман сууга жетүүгө,
Курган эки жан үчүн,
Курдашы Манас токтобойт,
Курман болуп кетүүгө,
Кырк үйлүү кыргыз журтуна
Каарданып бакырып,
Канкор Манас чакырып:
Кордукта бурут сен элең,
Кыжылдаган капырдан
Ажыратып алсын деп,
Калайманды салсын деп,
Жаралган Манас мен элем.
Кармашарым каканчын,
Катуулап үркүп шашпай көч!
Белестин суусун сүзбөй көч!
Беренди кудай сакта деп,
Күдөрүң менден үзбөй көч!
Алтай көчүп жүрүп кет,
Кара калмак-манжудан
Өлүү-тирүү болобу,
Өкүлдөгөн султандын
Кабарын анык билип кет!
Өлүп калсам кокустан,
Кайран элим, сен үчүн,
Бек жерге конуп токтоп кет!
Берен Манас өлдү деп,
Кароолду катуу коюп сен,
Кейип ыйлап жоктоп кет!
Өлүп калсам кокустан
Сан кара малың чачып кет!
Кара курттай капырга
Кармашарга айлан, жок,
Кайран калкым качып кет!
Кайран журтум, сен үчүн
Адырга бойлой кономун.
Аянбай алты ай салышып,
Анан курман боломун.
Күчөгөн кара калмактын,
Күрдөөлдүү жаным барында,
Бир айласын табармын.
Күчөп келсе калмакка,
Күркүрөп найза салышам,
Күндөп-түндөп тынч албай,
Күнүгө тынбай урушам.
Эрдикти эпсиз кылбасам,
Эпсиз кара калмактын,
Эңишине чыдап турбасам,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн.
Журтуна айтып мындай кеп,
Кабылан Манас канкор шер
Эки колдон күч чыкты,
Эки беттин ортосу
Беш байпактык түк чыкты.
Каарданып жайнады,
Кызыр чалган тынардын,
Кан ичмеси кармады.
Токтобой белин курчанып,
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Ок өтпөгөн кынама
Омуроодо көрүнүп,
Балбандыгы башкача,
Баатырдын жайы ушундай,
Баары жандан бир башка.
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Калың кытай көп жоого
Канкоруң чыкты бөлүнүп.
Эрениң кайдан аянып,
Ээрчиткени кырк бала,
Эми жетти Көк жалың,
Алтайдын кара тоосун таянып.
Түгөнгөн тоонун урчукка,
Дүмүрөйгөн тумшукка
Таянып Манас жеткенде,
Маңдай жагы капчалча
Капчалчадан бакырып,
Бая кайран Балта, Кутубий
Бакырыгы таш жарып,
"Манастап" ураан чакырып,
Өлдүбү десе тирүү экен,
Өлбөгөн жандын бири экен.
Манаска жакын келгенде,
Кайран Балта ошондо
Бадана кийип балкылдап,
Минген аты Кулагер
Ак сакалы жаркылдап,
Акшумкардай баркылдап:
Кара калмак, көп манжу,
Алыш кылдым жаманбы?
Оң эки пирге кол берген,
Ой, шерим, Манас, аманбы?
Кабылан, Манас, кебимди ук
Кыяматтын кыстоосун
Көрбөй келдим көрдүңбү?
Кажылдаган кытайга
Кырк экиден сайышып,
Өлбөй келдим көрдүңбү?
Казылган калың орду көр,
Кайнатылуу шорду көр!
Дүркүн-дүркүн элди көр!
Ээ, кулунум, эр Манас,
Каптап кеткен сел келди.
Экөөбүз эмес, кулунум
Ааламга татыр эл келди!
Калмактардын Жолою
Каптап балаа саларда,
Манжулардын Нескара
Эми байлап аларда,
Балбандары башкача,
Каптап чогуу жеткенде,
Кутман жолдош Кутубий
Кургурум сенин жөкөрүң,
Кыйын белин курчанды,
Кытайды жарып, кол салып,
Илең, Шилең балбанын
Экөөнү катар сайганы.
Өлгөн жаным тиргизип,
Жан жолдошум Кутубий
Ажыратып алганы.
Бул Кутубий болбосо,
Жалынсам укпай сөзүмдү,
Даңгытына сүйрөтүп,
Жармак болгон өзүмдү.
Мекчейтмек болгон белимди,
Байлап алып токмоктоп,
Көрсөтөт эле Бээжинди.
Найзасы тийип боорума
Айдарлуу кармап аларда,
Айлансам болот кудайга,
Кутубий калды сообума.
Манасым, сендей балага
Балта кан абаң, садага!
Кырк түтүндүн бели элең,
Маңдайдагы сен элең,,
Тилимди алсаң, Манас кан
Алтайдын бер жак бетинде,
Сары талаанын четинде,
Кукулдаган кузгун жок,
Какылдап учкан карга жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Чык этип ууртар суусу жок,
Алты күн андан тозолук,
Кыйрашты кызык салалык.
Мылтык атып, жаа тартып,
Кысыкты тосуп турушуп,
Кыйла күн анда урушуп,
Муңдуу эл ары кеткен соң,
Кордук көргөн кырк үйлүү
Ары таман өткөн соң,
Кутулуп бул эл кеткиче,
Кичи Жылдыз, Чоң Жылдыз
Кырк үйлүү ошоо жеткиче,
Эл кутулуп кеткиче,
Ит урушун салалы.
Балам, Манас, тилимди ал!
Аманат жанды багалы,
Ал Жылдыз дан от кон соң,
Түзү токой, тоосу кар,
Ала-Тоонун башы бар.
Жети атанды тууган жер,
Энең киндик бууган жер,
Бекине консок бел ошол.
Таянган жерге барганда,
Талыкпайбыз уруштан,
Мураска калган ошондо,
Азган-тозгон эл ошол.
Акбалта мындай деген соң,
Айкырыгы таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкая чыгып калды эми.
Канга тойбос кабылан
Каарды мыктап салды эми.
Бузукту Манас баштады,
Булкунганда Көк жалын
Тоо солкулдай таштады.
Кокуй, Балта, не дейсиң?
Далайыңды билчүү элем,
Кырк үйлүүдөн Балта абам,
Даанышман деп жүрчү элем.
Кокуй, Балта, не дейсиң?
Ит урушун кылганда,
Качты Манас дебейби!
Сары изине чоп салып,
Саргара кууп кытайлар
Моминтип жүрүп жебейби!
Коркконуңду билбейби,
Артыңдан түшсө ыймансыз
Мекеге чейин сүрбөйбү,
Туш-тушуңдан ашпайбы!
Эми албайм, Балта, тилинди
Алыш кылып урушуп,
Найза кармап топ бузам.
Ажал жетсе окко учам.
Тирүү жүрбөй өлөмүн,
Уялбай качып дардактап,
Уккан менен көргөнгө,
Билген менен туйганга,
Кытайдан Манас качты деп,
Өрттөнүп кеткен ал бурут
Өз дүйнөсүн чачты деп,
Өсөк кылса кылым эл
Кантип жооп беремин?!
Качып кетсем окустан,
Кырк үйлүү кыргыз бул элди
Кытай басып артынан,
Кырылып кетсе кокустан,
Иттигим чогуу билбейби!
Танда макшар күнүндө
Өлүп калган кайран журт
Кара эшек кылып минбейби?
Токонаалат чубалып,
Не мураска жетейин?!
Бул журт кырк үйлүү эл үчүн
Мен курман болуп кетейин!
Ачуусу келип кабылан
Каарды катуу баштады.
Кармашкан кытай эл эмес,
Айтып турган Балтаны
Соруп ие таштады.
Муну укканда Акбалта
Билегинен сап кетти,
Жүрөгүнөн кап кетти.
Кайран Балта канетет,
Айтып коюп ал кепти,
Көзү кетип алактап,
Буту кетти салактап,
Каары катуу кабылан
Күр-күр этип күйүндү,
Карап туруп Акбалта
Аманат жандан түңүлдү.
Күүлөнүп көк жал кеп айтып:
Тагдыр жетсе өлөмүн,
Тагдыр жетпей, күн жетпей,
Зордукка кантип көнөмүн.
Кылымдын эри курган жан
Кытай каптап келди деп,
Акылдан кантип шашамын.
Аба, Балта, кабылан
Дардактап кантип качамын?
Өлбөгөндө калышам,
Кайнап жаткан капырга,
Качпай жеке салышам.
Акбалта, баатыр абаке,
Көчүңө шашпай кете бер!
Шашпай көчүп жүрүп ал,
Эрен Манас уулуңдан
Беш айдан кийин кабар ал!
Бешинчи айдан мен калсам,
Сан кара малың чачып кет
Сайыштан Манас өлдү деп,
Асты-астыңдан качып кет!
Күзгүнүн шаарын сүзүп кет,
Бешинчи айдан мен калсам,
Берен Манас өлдү деп,
Күдөрүң менден үзүп кет!
Ээр белдей белестен
Эңкейе көчүп токтоп кет
Эш кылган Манас өлдү деп,
Эңгиреп ыйлап жоктоп кет!
Ажал жетсе өлөрмүн,
А дүйнө жүзүн көрөрмүн.
Ажал жетпей күн бүтпөй,
Аман турса кайран баш,
Кайнаган кытай капырга,
Карчалышып көрөмүн!
Күчөп келген калмакка,
Күрөшпөй кантип коёмун.
Керишип жүрүп кек албай,
Кантип тирүү боломун!
Тозок түрдүү кытайдын
Тополоңун билбесем,
Толуп жаткан манжуга
Тополоң уруш салбасам,
Тирүү жүрбөй өлөмүн!
Эңкейип аа бергиче
Туубай туна чөгөмүн!
Таалайы артык жаралган
Шай колдогон шер Манас
Карап чыдап тура албай,
Кайнап жини кармады.
Эки жаагы шакылдап,
Ээрдин кесе чайнады.
Калдайдын жолун бек бүтөп,
Канкоруң карап турганда
Капа болуп Акбалта
Каңырыгы бек түтөп,
Манас — жалгыз, кытай — миң,
Бала кандай болот? — деп,
Капаланып Акбалта
Ителгидей кайран көз
Имербестен жаш алып,
Алы кетип, кеп сурап,
Айласы кетип Акбалта
Жашып турду коңгурап.
Жалгыз ат баспас кыядан,
Манасым жалгыз эле уядан.
Ай караңгы бүркөлсө,
Түн эмине болуучу?!
Чалдырып салсаң кытайга
Аз гана кыргыз элиңдин,
Күнү эмине болуучу?!
Чамасы кыйын кытайга
Чалдырып ийсең жаман ат.
Чаманы кудай бере көр,
Жалгыз туума Көк жалым,
Бир кудайга аманат!
Алакан жайып Акбалта,
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Кайнап жаткан капырга,
Көк жалым жеке калды — деп,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Асмандан алданын күнү бүркөлүп
Акбалтанын башына
Алтымыш санаа бир келип,
"Оомийин" — деп, кол жайып,
Тулпардын оозун бурушту
Ажырашып кетчүүдөй,
Туу кармашкан Манаска
Кол кармашып турушту
Колун кармап кабыштап,
Жаратканга табыштап,
Акбалта кайра кайрылды
Кеткен көчкө барышка.
Баатырың турду ал жерде,
Кытайга кыргын салышка.
Торучаар оозун бурду эми,
Кырк чилтен менен Кутубий
Кыраан Манас ошону,
Кубат кылып турду эми.
Калың жоону коргондо
Ээленип Манас булкунуп,
Эри өлгөндөй жулкунуп,
Эки жагын каранып,
Ээленип турган туйгунун,
Ач арстандай жаланып.
Каардантып булкунтуп,
Караан болгон Кутубий
Кармап турду ошондо,
Кабыланды жулкунтуп.
Ээрчиткени кырк бала
Көк жалындын жолдошу,
Эн кыйыны Кутубий,
Берениң турса белесте,
Түгөнгөн тоонун урчукта,
Дүмүрөйгөн тумшукта,
Жер айрылып чаң чыгып,
Туу түбүндө көп колдун
Доошунан жан чыгып,
Калың колун жылдырып,
Сурнай кулак тундуруп,
Манжулардын Нескара
Каны чыгып келатат.
Калмактардын кан Жолой
Дагы чыгып келатат.
Кара сакал Бороончу
Ошо чыгып келатат.
Керик минген Дөөдүр алп
Колдун артын токмоктоп,
Айдап чыгып келатат.
Бурулуп учуп топурак,
Бурулбай сан кол топурап,
Чоң Алтайдын бөксөдө
Айдап чыгып келатат.
Жээк тартып кылкылдап,
Жергелешип былкылдап,
Жайнап чыгып келатат.
Капырлардын Нескара
Артык сынчы, көзү ачык,
Эрге сынчы, эн билгич,
Атагын уккан чочуган,
Ажайыптын дубасын
Адамдан бөлөк окуган.
Өрттөнгүр жайын сураба.
Өтө сынчы, сыйкырчы,
Өткөрө эрдин өзү экен,
Эри өлгөндөй булкунган,
Өкүм Манас канкордун
Элесин көргөн кези экен.
Элесин көрүп Нескара
Эсинен тана баштады.
Чоң Күрөндүн үстүнөн,
Чоңсунуп турган Нескара
Кулап кете таштады.
Өлүп кетчү эмедей,
Өңгөчүн тартып алганы.
Оо, ботом, Жолой бери келчи,
Мен көргөндү көрдүңбү?
Тээтиги туура тарткан чаар атчан,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаар булуттай,
Каары бетине айланган,
Дидаары бөлөк, заары күч,
Кармаша кетсең, Жолоюм,
Кайран жандан күдөр үз.
Бээжинге аты угулган
Мээнет Манас өзү бейм.
Кармаш кылчу канкордун
Карарган кара көзү бейм.
Эңкейтип жеңер эр эмес,
Боруму бөлөк эң башка,
Бенде жеңер шер эмес,
Берендиги белгилүү,
Беттеше койчу эр эмес.
Мен Нескара болгону
Сынчы деп атка конгону
Мындай жанды билбедим.
Мындай жанды туйбадым.
Бул Алтайдын бооруна
Сынчы менен мен келбей,
Кокуй болгон экенмин.
Кара көзүм кашайып,
Сокур болгон экенмин.
Атасы башка бул бурут
Бул Алтайда туулган.
Аман болсоң көрөсүң,
Бээжинге салат чуулган.
Эр мүчөсүн мен карап,
Боконом кетти болкулдап,
Жүрөгүм кетти солкулдап.
Билегимден сап кетти,
Жүрөгүмдөн кап кетти.
Көрсө курсак кайнаган,
Душман мында турбайбы?
Бээжинге бейпай салуучу,
Душман мында турбайбы!
Капырай, сөлөкөтүн, сөөлөтүн
Оо, ботом, Жолой, карачы
Атка минген келбетин!
Оң далысы кен экен,
Ойронун чыккан бул бурут
Ойротту бузар шер экен.
Каарданып Эсенкан
Капа болуп турду эле.
Кайран Эсенканымдын
Бул билими эп экен-.
Суру суук бурутту
Сууга салса батабы,
Каканчындын Бээжинге
Кармашпай карап жатабы?
Жулкунуп кетсе — сур жолборс
Сөлөкөтүн көрдүнбү?
Жолоюм, мындай жан болбос.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арстан
Оозун ачып камынат.
Катылар болсок бул канкор
Билген чырын кылбайбы,
Каарына алса бул канкор
Бизди Каканга чейин кырбайбы.
Булкунса бузук салат го,
Үйүн күйгөн бул бурут
Кайнап жаткан кытайдын
Кандыгын тартып алат го!
Эңкейтип адам алабы?
Бурутка бүткөн туу экен,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Кайдан чыга калды экен!
Теңелишсек бул бурут
Теңселип айдап имерет.
Теги Жолой, сак болчу
Акыл ойлоп, иш иштеп,
Алышпай колду тыйсакчы,
Алты күлүк ат берип,
Алакандай кат берип,
Каканчындын Бээжиндин,
Калын колун жыйсакчы,
Каптап уруш салсакчы,
Сыйкырчыны чакырып,
Анан байлап алсакчы.
Анда Жолой муну айтат,
Адам билгис шумду айтат:
Улугум Эсен жиберди,
Урушпай кантип кетебиз?
Урушпай кетсек кокустан,
Манастан коркуп келдиң — деп,
Кан Эсенкан төрөбүз
Кырып салат кокустан.
Өзүмө өзүм ээ болсом,
Катылбайт элем канкорго.
Кармашпайт элем мен өзүм
Ал өңдөнгөн анткорго.
Нескара сынап күйүнүп,
Каптап келген көп кошун
Кайран жандан түңүлүп,
Коңгуроо бекем кагылып,
Кол эсинен жанылып,
Коржойтуп Манас көк жалды,
Каптамак болду көп улук.
Кержеңдеген капырлар,
Эсенкан буйрук кылган соң,
Чынмачындан Бээжинден
Келиптир нечен балбандар.
Керикке окту артышып,
Келгендер карап турабы.
Кан ичүүчү балбаны
Калайман салып, чуу тартып,
Каптап жөнөп калганы.
Чоң мергенден Каражой
Чогулуп колун катуу айдап,
Жоо күлүгүн бат айдап,
Кашат менен камынды.
Кара жолдуу Бороончу,
Чоюнбаш чабар балбаны,
Мыктыдан миң кол алганы,
Канкоруңду карата
Каптап жүрүп калганы.
Калмактардын Жолою,
Найзага камбыл ыктуусу,
Айдаган экен жон турбай,
Адис сайгыч мыктысы.
Керик минген чоң Дөөдүр
Уруш десе сүйүнгөн,
Уйпалгыр түрү мына бул.
Көпкөк темир кийинген,
Жоо дегенде сүйүнгөн,
Суу ич десе, уу ичкен,
Адамдан коркуп тартпаган,
Ажалдан кайра кайтпаган.
Берендери белгилүү
Бет алышып турушуп,
Беттешмек болду урушуп,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Жабылмак болду Манаска.
Найзанын башы кагышып
Адамдын башы чабышып,
Он башылар ороктоп,
Элүү башы, жүз башы
Туш-тушунан жүгүрүп,
Миң, башынын баарысы
Кайран жандан түңүлүп,
Калайман түшө калганы.
Жаа тартканы жаа тартып,
Жабылды Манас эриңе.
Тирүү адам көрбөсүн,
Мындай зордук мүшкүлдү
Бендесине бербесин.
Калдайы бар, каны бар,
Кан Манасты калың, кол
Каптаган экен абыдан.
Каптаганын көргөн соң,
Колдун артын Нескара
Койбой айдап берген соң,
Улуктары, кандары,
Кол баштаган жандары,
Бирөөнү бирөө сүрөшүп,
Канкор Манас көкжалды
Кармарын чогуу тилешип,
Нескара, Жолой муну айтып,
Бадана кийген балбанын,
Балбандарын, эрлерин
Баса каптап баргыла,
Кызыталак бурутту
Койбой байлап алгыла,
Кордукту койдой салгыла,
Окус Манас кутулса,
Билген чырым кыламын,
Атандын көрү, балбандар
Бириңди койбой кырамын!
Кыйындарың соёмун,
Кыйындарың талкалап.
Кыргын кылып коёмун.
Силер илек, ал жалгыз,
Куткарып ийсе оңобу?
Колжоктогон кокуйду,
Кетиргенде болобу?
Балбандар муну уккан соң,
Балта колго алганы.
Айтылуу Манас Көк жалга
Абийирин, кеткен көп кытай
Аламан коюп калганы.
Кайраты мол эрени,
Ар кимиси бир тоодой,
Качпай турган берени,
Жонумдуусу бетинде,
Нескара, Жолой четинде
Аламан коюп, найза урул,
Түмөндөп каптап кеткени.
Ошпурдун уулу Кутубий
Кутман экен, карачы!
Курган Манас өзүнө
Кутубий туруп муну айтат;
Курчаган жоону коргондо:
Каралды, Манас, жан досум,
Алтайда туулуп шер болдуң,
Биттейиңде биригип,
Бармактайда баш кошкон,
Кенедейде кезиккен
Жанында достун, мен болдум.
Былкылдак куурай бышкыча,
Мийзамдын гүлү учкуча,
Мыктап алты ай салышып,
Найза имерип топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп,
Маңдайлашып өлүшүп.
Көп каптаган капырга
Көп уруша берели.
Өлүп калбай капырга
Көчтү кантип берели.
Азыраак ичте арманым,
Кыжылдаган кытайда
Кырк түтүн болуп калганым.
Ошондо Манас кабылан
Кутубий кебин уккан соң
Кейибе, Кутум, кейибе,
Тулпар тандап минели,
Кумурскадай кытайды
Курутуп айдап сүрөлү!
Бул Алтайдын бөксөсү
Кокуй, Кутум, не дейсиң,
Жүрбөй жүргөн жер беле?
Манжу, кытай, көп калмак
Тийишпей жүргөн эл бел

Ой-пикирлер