Кирүү

Манас. Арууке апа керээзи

Арууке апа керээзи
О Теңир! Кыязы жазуу тагдарыбыз ушул белем?! Алты жылдан берки талаш-тартышыбыздын чегине келдик... Агайдан менин кайра-кайра кечирим сурашым, ансыз деле чектелүү окурмандарыбызды тажатканын билем. Бүтпөгөн талашыбыз менен алтынчы китепти бүткөрдүк. Ал эми жетинчи китепти баштарда, Жайсаң атабыздын кабырына барып антташууну агай сунуш кылды. Баштаган ишти аягына чыгыш үчүн чын эле ушинткенибиз туурадыр деген чечимге келдим. Анттын өзөгү: ар бирибиз милдетибизди так аткарып, баш тартпашыбыз керек. Мен дастанды чечмелеп, агай аны машинкага басып басмаканадан чыгартууга, балдар акчасын төгүүнүн жана элге жеткирүүнүн милдетин алалы деди. Ошентип, ар ким өз милдетин так аткарыш үчүн антташмак болдук. Атанын кабырына агай, мен, Талант үчөөбүз бардык. Акыл менен Эрнесттин мүмкүнчүлүктөрү болбой калды.

Чырагым, карегиңден аккан жаштын,
Кар менен жүзүңдө изин жууп салгын.
Төп жылы1 Улуу Тогоол тогоп каршы,
Тийүүдө бардыгына залакасы.
Жем кылбай кара күчкө дагы кайра,
Жетсе деп жебем тарткан — дал бутама,
Кездешчү бейшембини ар бир айда,
Күтөмүн тынчым кетип, басып санаа.
Таасири кара күчтүн күндөн-күнгө
Талмаңдын кармаганын күчөтүүдө.
Жеңдирип ошол күчкө коёбу деп,
Жарыгым, жалындабай жүргөм түтөп.
Түтөгөн көңүл отун атаңардын,
Тутантты келгениңер, чырактарым.
Өткөндө, сүзүлгөн жип үзүлдү деп,
Өктөлүү сезим калган, көөнүм кирдеп.
Сезденип2 сый көргөзүү, чындыгында,
Сезимин козгобосун кимдин кана...
Жай кылган бул өрөөндү түбөлүккө,
Жан-достон ажыраган денелерге,
Жагылган шамдын жыты берип кубат,
Жан-достор имерчиктеп келип турат.
А бүгүн баарыбызды кубандырган,
Арууке апаңардын сөзүн уксаң:

Бул жерге үч жылдан бери келип жүрүп Арууке апанын кабыры ушул жерде экенин билбейт элем. Мунарык жарыкта, түспөлү анча даана көрүнбөгөн үлбүрөгөн караанга назар салдым. Муңайым сулуу жүзү булактын суусуна чагылышкансып, калтылдагандай ажарлуу апабыздын элеси жакындап келип назик, жумшак добуш салды:

"Арыба, кылым көчү, дастан арткан!
Айлыбыз тик турушту кубангандан.
Азыңкы тартып жүргөн Ширинтаңдай3,
Ааламга турат белем көөнүң батпай.
Түйшүгү түмөн, чакан көчтүн минтип,
Түз келип кабырыңа таазим этип:
"Улантып Улуу жолду силер өткөн,
Урпакка баяныбыз жетсе" деген,
Тилекти туу кылышкан чакан көчкө —
Тилеймин назар сал! - деп, — Теңир көктө!"
Арууке апанын элеси саал нарылап, Жайсаң атанын добушу чыкты:
Баарынан эң кымбаты азыр мага,
Балдарым, келгениңер ынтымакка!
Алтынчы перзентибиз төрөлдү деп
Атайын келипсиңер сүйүнчүлөп:
"Дастанды баштан-аяк кайра баштан,
Даярдап чыгарабыз атыңыздан.
Башталган иштин башын алып келдик,
Буга сиз, койсоңуз деп, бата берип.
Кылымдын көчүн ушул дастанды арткан,
Кыйшайтпай жеткирүү үчүн бутага аман,
Аткарар ишибизди ар бирибиз,
Аны биз Теңир арткан милдет дейбиз.
Дооматсыз аткарууга милдетти так,
Теңирди күбө тутуп беребиз ант!"
Жер болгон кабырымдын, мезгил таптап,
Жанында жалындап шам күйүп жатат.
Үркөрдөй үч адамга беришкен ант
Үмүттүн оту жанып, турам карап.
"Байсалдуу болсун, - дешип, — кылым көчү!",
Балдарым, баардык арбак бата берди.
Апкаарып сөз айталбай азыр дагы
Атаңдын толкунданып турган чагы.

Менден пенделик кеткенин кийин түшүндүм. Китепти башынан эле Жайсаң атанын өз аты менен чыгарсак, жасалма кыйынчылыктар болмок эмес экен. Кесибим болбогон соң, билбедим да. Буга төмөндөгү сөздөрдөн кийин толук ынадым:

Жайсаңдын дастаны деп баштан эле,
Жарнаама айтылганы чындык беле?
А демек атым менен чыкпады деп
Айтпагам бир да жолу өктөөлүү кеп 5.
Ал эми апкаарыткан, эмне дээрсиң,
Ал — аты, бадырайган, Айкөл Шердин.
Китеби болуп кыргыз сыймыктанган,
Калабы "Айкөл Манас" Жайсаң айткан?..
Ондогон кылым бою төккөн зарым,
О Теңир! Чынбы эми кабылдаарың?
Айтылып Айкөл аты, аны менен,
Атымды урпактарым атар бекен?
Деген ой сезимимди өрдөп текши,
Дел болуп атаңардын турган кези...
Ал эми перзентиң деп айтканыма,
Айыпты, Шарыпкулум, койбо мага.
Анткени, Алтынайдай дары бол деп,
Аларды Акчабагым алган тилеп.
Өктөөлүү сөздөрүңө, тамчы каным,
Өзүңдөй жооп айтсам, таарынбагын.
Жетинчи сезиминен орун берген,
Жок деген сага теңдеш пенделерден,
Сезимин жоготпо деп Акчабактын,
Сенден мен далай жолу суранганмын.
Тирүүлүк — албуут дайра, иримине,
Тарттырып ийбегиниң дедим эле.
Айтканым аткарбадың, анан мага
Айтчы өзүң, болобу эми таарынууга?
Атыңды атап сенин "кириң бар" деп,
Аныма Теңир күбө, айтпадым кеп.
"Дилинде кири жок жан башкалардын
Дилинен кир издебейт" - деп айтканым,
Шарыпкул, багыштабай жалгыз сага,
Бул сөздү айткан элем жалпыңарга?!
Шек кылбай балдардан сен, балдар сенден,
Шар кетсин кылым көчү алга дегем.
Түз койгон талабымды, тамчы каным,
Түз бойдон, туталанбай, кабыл алгын!
"Атабыз адатынча дагы деле
Аябай токмоктоду мени" дебе!
Ант берип, шерттештиңер кабырымда,
Ар бириң бекем болсоң ошол антка,
Андыктан, таарынгыдай бирөөң дагы,
Айтпаймын өктөөлү кеп мындан нары!
Ал эми буга чейин менден кетсе,
Анымды, чырактарым, кечиргиле!

"Жылаңач Бугу" мазарына барганда атабыз агайга кайрылып сүйлөгөн саптарына, агай нааразы болуп таарынган: "Балдарыңыздын дилдери таза, а меники кир турбайбы?" деп. Агайдын түпкү өктөөсүнүн жөнү бардай болуп туйгам. Анткени атабыз:

Өзүнүн көөдөнүндө кири жок жан,
Өзгөдөн кир издебейт, ошондуктан;
Тийбесин канча катуу Шарыпкулга,
Түз сөзүм — тик айтууну көрдүм туура.
Дастанга болсо дили анын кандай
Дилинен балдардын да шек санабай,
Артылган жүктү чогуу тартышканын
Арам ой издебестен макул тапсын. —

деген саптарын чачмелеп жатып, бир кезде менин сезимимде барган ойдон улам: "тамчы каным", "кош чырагым" деп кайрылчу атабыздын рухунун ысык илеби, эми, ошол эле мен аркылуу, сууганын билгем. Балдардын ой-туйгуларын да сезимим аркылуу чагылыштырып жеткирем, демек, алардын дастандын чыгышына жардам берүүдөн башка, ойлорунда эч нерсе жогун, ал эми агайдын алардан кинем санашы жөнсүз экендигин да билдиргеним чындык болчу. Агайдын атабызга эмес, мага таарынышы абзел болмок. Сезимдин чек арасы бар экенин тааныгысы келбегендиктен, сезим аралык мыйзамды бузуп алганын да билгиси келген жок. Агай мен эмес, атабыздын улуу рухун да кечирим суроого мажбур кылганына каниет кылар бекен?!

Жарыгым, сөздөрүнө Аруукенин,
Жакшылап көңүл коюп чечмелегин:

Атабыздын элеси нарылап, Арууке апабыздын үлбүрөгөн элесинен назик добуш чагылышты:

— Укканын Алманбеттин апасынан,
Учурга ылайыктап айтып турам.
Төрөрдө Алманбетти, ачык асман
Түнөрүп, түн түшкөндөн булут баскан.
Улуган катуу шамал булутту айдап,
Удургуп көк бетинде көчүп турат.
Чагылган чакмак чагып, "күр-шар" этет.
Ченемсиз төккөн нөшөр сел жүргүзөт.
Карабай алааматка — дал төбөдө,
Күйгөнүн тогуз шамдын көргөн эне!
"Койнуңа Шер келди" деп, Жер-Энеге,
Берилген Көк-Теңирдин белгиси эле.
Төрөмдүн төрөлгөнүн эске салып,
Төбөдөн төктү нөшөр оттук чагып
Айланып, арт жагы анын, аппак карга,
Айлана чүмбөттөлдү ак матага.
Тогуздан, үч адамдын, жаккан шамы,
Төөнүтөт6 ак жарыкка айлананы.
Жагылган шам нуруна, так төбөдөн,
Жашыл нур жуурулушат Аалам төккөн.
Төшөнүп кар-шейшепти перзент-китеп,
Төөнүгөн кош жарыкты жатат тиктеп.
Түгөйү, Айкөл Шердин, болуш үчүн,
Төрөлсө Нурпериден Алманбетим,
Көмүлүп, далки 7 баскан дастан үчүн,
Келиппиз кең жарыкка деп түшүнгүн.
Ал анда, берер батам, чырактарым, —
Алтынчы перзентиңер кулач жайсын!
Үркөрдөй үч адамга, көч баштаган,
Үйөрдөй жазда жүргөн, толуп-ташкан,
Урпагы кыркуузумдун коштоп көчтү,
Улуу көч арыш керип, кез дүйнөнү!
Арбагы Айкөл Шердин, Алманбеттин,
Ар дайым жылоолосун кылым көчүн!
Оомийин! Тушташ келип учуруна,
О, Теңир! Назарың бур, ак батама!

Апабыздын колун көккө созуп бата тарткан элеси алыстап, кайрадан Жайсаң атанын коңур добуш угулду:

— Жарыгым, ак батасы Аруукенин,
Айтылып убагында, кабыл келсин!
Кыябы сөздүн келип калгандыктан,
Кыскача дастанда айтчу окуядан,
Жагдайды түшүндүрүп бериш үчүн,
Жарыгым, айтам азыр бир үзүмүн.
Атына заты тектеш Арууке энең
Алганын түбөлүк жай ушул жерден,
Дастандын ошол жерин айтканымда,
Дареги дайын болмок урпактарга.
А бирок, шартка ылайык, саал эрте
Айтууга туура келди, ук эмесе:
"Аманат" деп артылган Алманбеттин,
Айсары алып келген асыл денин.
Айкөл Шер Түгөйүнүн керээз сөзүн,
Аткарып кынтыгы жок, Чеч-Дөбөнүн,
Мазарын түбөлүктүү жайы кылып,
Манастын калган саал көөнү тынып.
Аткара албай койгон, бирок дагы,
Бар болчу, Алманбеттин "аманаты".
Алманбет алгач качып чыккан кезде,
Азаптуу, оор жүгүн тарткан бирге,
Мажитке Аруукени баш байла деп,
Манаска табыштаган "аманат" кеп.
Айтканда, керээз кебин, Аруукеге
Аруу жан жашын төгүп минткен эле:
— Алманбет өз жанынан кымбат көргөн,
Айкөл Шер, түгөйүсүң Теңир берген.
Эч качан аткарылбас керээз сөзүн
Экинчи кайталаба, өтүнөмүн.
Алманбет түгөйлөшүң болсо сенин,
Ааламда түбөлүктүү жары менмин.
Айкөл Шер түбөлүктүү жары экенин,
Аяндан кандай билсе Каныкейиң,
Төрөлгөн Нурпериден Алманбеттин,
Түбөлүк жары болом деп билгемин!
Айтпастан эжемчилеп ачык, бирок
Аянда отуз жылды күткөм болжоп.
Тогуз жыл өмүр сүрүп жарым менен
Түшөрүн түндүн башка билген элем.
Баш тарткан Жараткандын буйругунан
Безери кош дүйнөнүн — жалгыз шайтан.
Алдырып койгондуктан азгырыкка
Ар дайым теңтайлашат акка кара.
Танбаган улуу күчүн Жараткандын
Тагдырдын жазмышына ийет башын.
Баш ийип тагдырыма билген менен,
Башыма келген кезин оор десем,
Айтылган пенделиктен ушул сөздү
Анымды кечирер дейм Кудуреттүү?..
Кеңдиги, айкөлдүгү Алманбеттин
Кыязы айттырган бейм шул керээзин...
Уядан жалгыз учкан шумкар, төрөм,
Уулуна ата болсо деген экен.
Ак сүтүн аруу эненин эмген бирге
Мажити баш байласа Аруукеге,
Эненин ак сүтүнүн кусуруна
Баарыбыз каларыбыз билбептир да!
Ал үчүн бул жалгандуу дүнүйөдө
Артында калган перзент, Арууке экөө
Аркалап эмчектешин кечсе деп күн,
Аргасыз кылган тура төрөм бүтүм.
Артынан алган жары барган кезин,
Арман ай, ойлонбоптур Алманбетим.
Жазмыштын түбөлүктүү экенине
Жарыктан маани бербей өтөт пенде.
Жашоону, ирмем убак, түбөлүк деп,
Жаңылып күн кечкенин билбей келет.
Дал ошол жаңылыштын азабынан
Далайлар Аалам кезет жай албастан.
Күнүмдүк тирүүлүктүн азабынан
Качам деп, түбөлүктө жайсыз калсам,
Экөөңө оор болорун менден дагы,
Эреним, билип туруп кылбайм аны! —
Арууке кайтпастыгын айтканынан,
Айкөлгө билдиргендей тик караган.
Жайына Алманбетти койгон күндөн
Жалдырап, нес болгондой сүйлөбөстөн,
Түрүнөн, кош дүйнөдөн баш тарткандай
Түнөргөн Мажит шондо сүйлөгөн жай:
— Жап жалгыз, ээн чөлдө калган жандай
Жан боорум, жүргөн чакта жан кыялбай
Манастан уккан сөзүм... Бул жалганда
Мажбурлап турат мени жашаганга.
Милдетим өтөй турган бүтпөгөнүн
Мен азыр керээз сөздөн утур билдим.
Артыңда тамчы канды калган сенден
Аман-соо эрезеге жеткирттирем.
Ошентиш үчүн бирок сөзсүз эле
Жарыңа үйлөнүшүм керек беле?
Арбагын ата-эненин тутуп күбөө
Аткарып баардык шартты ант бергенде,
Артыңда боздоп калам деген ойдон,
Арман ай, караманча алыс болгом:
"Күн бүтүп, суу түгөнүп эгер кокус
Кимибиз мурунурак болсок окус,
Милдетин бүтпөй кеткен бул жалгандан
Милдеттүү — бүткөрүүгө артта калган".
Армандуу аруу эненин актап сүтүн
Ага-ини, аткармакка зар, үмүтүн,
Учкашып Саралага, бүлбүл жанган
Үмүттүн оту коштоп сапар алган.
Байсалдуу бүттү деймин сапарыбыз.
Бир арман, агатайым, калдым жалгыз.
Алдырып пенделике, жаным ага,
Артыңда ордуң баскан тамчы канга
Аталык милдетимди өтөлбөгөн
Өтүшүм керектиги чыккан эстен.
Ак сүтүн берген энем Алтынайдан
Аз кызмат өтөбөдү жарың алган.
А демек Аруукени энем дешке,
Айтчы өзүң, жаным ага, болбосун не?
Атамдын ордун баскан ата болдуң,
Арууке жеңем эмес, апам болсун.
Өзүңдөн калган белек, тамчы канга
Өтөймүн ак кызматым, жаным ага.
Атанын уулу дешип эл тамшанган
Азамат эрен болот ордуң баскан —
Деп Мажит Алманбеттин элесине
Дил буруп антын кайра бергенинде,
Айкөл Шер, кырк чородон аман калган
Айкөлдүн жанындагы бир нече жан,
Жүздөрүн жууп туруп ачуу жашка
Жүрөктөн кошулушкан ошол антка
Аз өтпөй ошондон соң, Айкөл Шерге
Арууке, Алманбетти койгон жерге,
Жалгызын алып барып келсек деген,
Жүйөлүү сөз айттырат Мажитинен.
Айкөл Шер Алманбетти койгон күндөн,
Ачылып ичтен жарат ириң тепкен,
Абалы оор тартып тургандыктан,
Аларды коштоп кеткен Бакай абам.
Төшөктөн турбай жатып калган менен,
Тостурат эл-журтуна Кошой берен
Арууке айдай жүзгө тамга салып
Аккуудай болуп чачы бүт агарып,
Күйүттөн жапырылган камышка окшоп
Кучактап Күлчоросун ыйлайт боздоп.
Жети күн аза күтүп Чеч-Дөбөдө
Жүрөктөн алкыш айтып тоскон элге.
Аттанып сегизинчи күнү анан
Ал жерге барышкандар кайра тарткан.
Арууке ошол жерден аттанарда,
Азыңкы жүзүн жууп туздуу жашка,
Акырын добуш салып Бакай ханга
Айтыптыр бир ооз сөзүн ал мындайча:
— Абаке, мерчемдүү бир жерге барам,
Артымдан ээрчисеңер, сурабастан!
Шол жерге жетсек эсен, айтар сөзүм
Шашылбай келип турат айтып бергим. —
Канжыга менен түшүп, Кең-Жайыктан
Кечишип Нарын сууну, бери чыккан.
Жеткиче ушул жерге, үн катпастан,
Жаш төгүп күнү-түнү жол баштаган.
Төбөгө күн чакыйып келген кезде,
Түшүшөт үстүдөгү тепшичеге.
Көлмөгө көз жашынан пайда болгон
Киринтет Күлчоросун маалы толгон.
Аткарып өтүнүчүн суроо салбай
Арууке сүйлөгөнүн күтүшөт жай.
Бооруна Күлчоросун кысып бекем
Боздоптур мына минтип Арууке энең:
— Аалам кең, анын чегин өлчөш үчүн,
Адамдын акыл күчү жетпестигин,
Айтуунун болмок эмес эч кажети,
Ал эгер болбогондо бир себеби:
Дал ошол чексиз Аалам катмарында;
Тукуму Перилердин жашарына,
Адамдар арасында айтылып кеп,
А бирок ага сейрек ишенишет!
Ааламдан Жер-Энеге, Перилердин
Адамга жардам үчүн келишерин,
Жазмышта Жараткандын буйругу деп,
Жаңылбай адамзаты билүү керек!
Кеменгер, кең пейилдүү Айкөл Шерге,
Каршылаш Коңурбайдын келерине,
Адамдар Алмустактан бери карай,
Аны эми билишер дейм шек санабай.
Тукуму Акперинин Көк катмарда,
Ал эми каралары — туңгуюкта.
Сумбула — Пери кызы, Көк катмардан,
Суусуна кең Ааламдын бийлик кылган.
Кайсыл жер назарына илинсе анын,
Көк кашка мөлтүр тунук суу чыгарын,
Анан да мекендеген ошол жерди,
Адамга байырларын Перилерди.
Сөзүмдү көөнүңөргө түйсө экен деп,
Сырынан кең Ааламдын козгодум кеп.
Жазмышым маңдайымда буйрук эткен
Жашоону бирге өтөдүм силер менен.
Алманбет болсо түгөй Айкөл Шерге,
Акылдаш болдум эжем Каныкейге.
Төрөлгөн Семетейге ал экөөнөн,
Төрөдүм кызматы үчүн уулумду мен.
Жашоодо вазийпамды аткардым деп,
Жарык жүз, Перилерге айталам кеп!
Бирок да көтөрүлүү Көк катмарга,
Буйрукта жазган эмес маңдайыма.
Кызматты жер-энеге өтөш үчүн,
Канынан адамдардын төрөлгөмүн.
Көз жашын Сумбуланын салып жөнгө,
Каламын ушул жерде түбөлүккө!
Акылдын уюткусу, асыл аба,
Алдыда не күткөнүн билерсиз да?..
Айкөлдүн өтсө көзү — ошол замат
Азуусун бүлөгөңдөр бийлик кылат.
Жан жолдош болгондордун Айкөл менен
Жазаты күтүп турат бейлебеген.
Ал эми кыраандардын тирүү калган
Азаптуу күн кечери ачык Айдан.
Кордугун Айкөлүнүн тартып Каныш
Конушун таштап коюп кетер алыс.
Аргасын Семетейдин табат эжем,
Айласы Күлчоронун кантер экен?
Таласка алып барбай ушул тоонун
Койнуңда чоңойткунуң, Мажит боорум!
Жеткирип эрезеге, анан гана
Жетимди алып баргын Таласына.
Ал кезде мөгдөсө да, бирок аман,
Азаптуу күн кечирип жүрөр абам.
Колуна Күлчоросун тапшырган соң,
Каралдым, ал жерден сен кеткениң оң.
Ал эми калган нерсе буйруктагы,
А демек нени жазса, көрөт аны.
Арууке иримдеген шарды карай
Киргенин калыптырбыз эч байкабай.
"Кошкула!" - деген сөздү уккан кезде
Кеч болчу, кетти шарга баласы экөө.
Алардын аркасынан Мажит дагы
Агымы катуу сууга бой таштады.
Буйрукта жазуусуна аргабыз жок,
Баргандар кайттык кайра дагы боздоп. —
Бакай хан өкүргөндө, чындап анан
Баардык эл ишенишкен угуп турган.
Желденби, же элденби кийин бирок,
Шек кетип, издегендер табышкан жок.
Уласам сөз түгөнбөс айта турган.
Учуру келген кезде дастанда айтам.
Жарыгым, Мажиттин да асыл дени
Жай кылган түбөлүккө ушул жерди.
Боз дөбө Элтабардын жанындагы,
Боорумдун дене-досу алган жайы.
Жер көчүп, булак чыккан могу жерди
Жай кылган Аруукенин асыл дени.
Жытынан асыл энең алсын кубат,
Жарыгым, жай олтуруп шамыңды жак.

Жер көчкүдөн төмөн аккан булактын көзүнө шам жактым. Атабыз сөзүн нары улады. Үнүбүздү чыгарып шам үстүндө эч кимибиз ант бербесек да, дилибизде алдыдагы милдетибизди так өтөйбүз дегенибизди билем.

Жөн-жайын Аруукенин айтамын деп,
Жанарак үзгөн жерден улайын кеп.
Жүгүмдү, алгач ирет, далки баскан,
Жүктөнүп сапар алган — үч гана жан.
Козгошкон оор жүктү орунунан
Көрүнбөйт араңардан Эркин балам.
Асейин, Рыспайлар бата алган
Арабөк жолдо калды, аттиң арман!
Такшалып, жол азабын далай тарткан
Там берип Арууке, Айкөл көч атаган.
Учугу урпагымдын, улаган жол,
Үч адам ант бердиңер кармашып кол.
"Чын эле боорумсуңбу, Талант, сен?" - деп,
Чырагым Шарыпкулум сурачу кеп.
Байлаган жип болбосо — ант берүүдө
Бул жерде болмок анда бөлөк бирөө.
Бүгүнкү антташууңар абдан ыйык!
Кусурга калбагыла жеңил туюп!
Кошулам көчкө деген мындан нары
Дил коюп, нээт буруп берсин антты.
Чырагым, үч деген сан бүткөн иштин
Билдирет бузулбаган бекемдигин.
А демек, үч бурчтукка бекиди ант.
Бузулбайт Кылым Көчү сапар улап!
Таланттын инисинин баласына
Жайсаң деп ат койгонуна ичтен чочулаганымды
Жайсаң ата туюп минтиптир:
Чырагым, кандашына Талантымдын
Чочулап кабылдадың койгон ысмын.
"Жез тандай, сөз чебери атабыздай
Жалганга бир келчү жан кайталанбай.
Андыктан атабыздай болуш кайда,
Жараган уул болсун кызматына!
Талыса аркалаган иштен канат,
Жүгүмдү уулум алып кетсин улап!" —
Деп тилеп, ысмым берсе аруу дилден,
Дилимден наристеге бата берем:
— Тилеги Талантымдын кабыл келсин!
Теңирим суудай тунук өмүр берсин!
Сөз кунун баалай билген, барктап терең,
Татыктуу болсун атка Жайсаң деген!
Карегим, Көкөбүздүн кабырына
Кайрылып барууң керек, эч унутпа!
Арбакты козгоп коюп барбай калсаң
Артынан, Акчабагым, чочуп турам.
Киймиңди эриген кар сыгып алма,
Карегим, суу кылыптыр, ооруп калба.
Тез жетип тигил отко балдар жаккан,
Жарыгым, болбой калды курганбасаң.

Ой-пикирлер