Кирүү

Күлчоронун туткундалышы

Кайыпчынын үңкүргө
Кайып болду Семетей,
Караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей.
Мына ошондо Күлчоро
Амалын таппай дал болду,
Эки көздөн аккан жаш
Акырек ылдый кан болду,
Алтын жаак айбалта
Артык кармап имерип:
"Оролмо тоонун тумшугу
Сеңириндей абам!"— деп,
Оң бөйрөгүн таянып:
"Ойронум абам!"— деп ыйлап,
Сол бөйрөгүн таянып:
"Солтонум абам" — деп ыйлап,
Өлөйүн деп, өлө албай.
Өз жанды өзү кыя албай:
"Белеске чыккан карагат,
Безилдетпей чорону,
Берен абам, ала жат!
Таласка конгон айлыңды,
Кагылайын кан абам,
Таба албадым дайныңды.
Кең-Колго конгон айлыңды.
Кокуй абам — үлкөн тоом,
Сенин таба албадым дайныңды!
Эй, кагылайын кан аба,
Сенин кара жаак айбалтаң
Муну кайкалатпай ким аштайт!
Мына калың кыргыз, көп аргын,
Капалантпай ким баштайт?
Айкырып четтен жоо кирсе,
Айгайлантпай ким тосот.
Эсилим сенден айрылып,
Ай караңгы түн болор,
Айлыңа чеге ким конор?
Кокуй күн абам, кантейин,
Өлгөнүн тиктеп көрбөдүм,
Кымыз менен жуудуруп,
Кымбат менен буудуруп,
Кагылайын кан абам,
Колум менен көмбөдүм!"—
Деп, ошентип, Күлчоро
Өксөп ыйлап тургуча,
Таң кашкайып сүрдү эле.
Жерден кара буу чыгып буркурап,
Туман таркай чачылып,
Тоо башында томуктай булут калбастан,
Күн туптунук ачылып,
Түздөн торгой чуркурап,
Өзөндөн муздак жел жүрүп
зыркырап,
Жан-жаныбар ойгонуп,
Талаа-түздөн чуркурап,
Тоо-тоонун башына
Күн жабылып бөлүнүп,
Жердин жүзү чорого
Туптунук болуп көрүнүп,
Үч-Кошойдун оюна,
Күлчоро көзүн салды эле,
Таластын куйган боюнда
Жаңырык менен бакырык,
Бир бөлүгү ал элдин
Кыргыз журт эмес, кылымга
Канчоро баатыр дегизип,
Атагың журтка чыгарып,
Семетей кыйын шер экен.
Сен, Чубактын уулу Канчоро,
Сен, антыңды бузуп, журт булгап,
Сен, абаңа кара санадың.
Арамың толук абыдан,
Каапыр чоро экенсиң,
Айтылуу мыш-мыш чын болсо
Чын тозоктун түбүнө
Баруучу чоро экенсиң.
Сен тууганыңды душмандай
Көрүүчү чоро экенсиң.
Сен ар мүшкүлгө батыраак
Көнүүчү чоро экенсиң.
"Достум" — деген адамды
Сазайын өз колуна
Берүүчү чоро экенсиң.
Бузуктугуң айтайын:
Өз абаңа өч болдуң,
Баатыр сендей болобу?
Сени баатыр деген оңобу?
Сен, балаанын кара көзүсүң,
Сен, журт бузгучтун өзүсүң.
Бул Семетей — журттун буйласы,
Калкка маалым атагы,
Калкты чайкап, эл бузган,
Жанагы Чынкожонун чатагы.
Ал Чынкожо болбосо,
Акылман Толтой эр абам,
Ошо Чынкожонун айынан
Үйүз-бүйүз турушуп,
Өпкө жарып, өт алып,
Өпкөлөшүп, урушуп,
Же ак адырмак тоо эмес
Же кырылышчу жоо эмес.
Ошо Чынкожонун кордугу,
Андан ашык болду го,
Канчоро сенин зордугуң?
Айтканым ушул, билип ал,
Ай, жан достум, тилимди ал,
Бурулуп, бузук жүрбөйлү,
Бул кызыр чалган чорого
Кайрылып эми тийбейли.
Бул Алмамбет уулу Күлчоро
Жайнаган кызыл чок экен,
Жаратканда жок экен.
Душманга — болот ок экен.
Кыргызга кыстап жоо келсе,
Карааны тийчү шер экен.
Бул күрдөлүү баатыр Күлчоро
Күтүп алчу эр экен.
Орнотуп койгон журтуна
Темирден коргон чеп экен.
Адал кыял, кең пейил
Аябаган шер экен.
Жазайыл жаңжал билбейли,
Тилимди алгын жан достум,
Эми Күлчорого тийбейли!
Бул көк жал шердин дал өзү.
Көгөрүшө берип нетели,
Жүр, жан досум, кетели!
Кыбылаңдан жел болуп,
Күлчоро менен эл болуп,
Ак буудай унун чайнашып,
Ак болот мизин жалашып,
Ак жылкыдан боз болуп,
А дүйнөлүк дос болуп,
Асмандагы жылдыздай
Козголошуп кетелик,
Омуроо-көөдөн такашып,
Кабылан шер, эр менен
Кас болушуп нетелик?
Желикпегин Канчоро,
Жергеге эсен жетелик"
Мына ошондо Канчоро
Баарланып күүлөндү,
Жедигердин Кыязга,
Болжолу жок сүйлөндү:
"Жети өзөн сенин жериңди
Жер экен деп жүргөмүн.
Ээ, жерге кирген, көр Кыяз,
Сени мен эр экен деп жүргөмүн.
Баатыр Кыяз деп жүрсөм,
Катын Кыяз экенсиң.
Көп немени ойлогон,
Жакыр Кыяз экенсиң.
Айтканым ушул билип ал,
Баатырым Кыяз, тилимди ал,
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Күркүрөп күтөр жер эмес.
Алмамбет уулу Күлчоро,
Кокуй, Кыяз, не дейсиң,
Экөөбүзгө эл эмес!
Тийбей койсок кокустан,
Катылбай койсок окустан,
Оорусунан арылар,
Айтышчу жакка кайрылар.
Жарасынан арылар,
Жаңжалга мыктап кайрылар.
Оюна койсоң ал чороң,
Ооруган жери басылар.
Жоо аяган жарадар,
Кыяздын каны чачылар.
Катылбай койсоң, Күлчоро,
Көрүнөө күнү туубайбы?
Көйкапка чейин куубайбы!
Күлчорону эл көрсөң,
Төрөсүйсүң, сен Кыяз,
Төбөбүздөн баспайбы,
Төрөлөрдү жанчпайбы!
Терең кудук казбайбы,
Бокчолорду тизбейби?
Төрт түлүктү чачпайбы!
Бурулуп бузук салбайбы,
Кайдагы кегин албайбы!
Эсейип алса, ал чоро
Так эшектей кардың жарбайбы,
Э — эселек Кыяз, оңбой кал!
Сан колдон коркуп койбогон
Согушкан адам сойлогон,
Каары катуу чорону
Кантип тууган кыласың?
Ар качандан, бир качан,
Чоркок Кыяз экенсиң.
Чоң тобокел кылбаган,
Торпок Кыяз экенсиң.
Түндө эшикке чыга албас,
Сен, коркок Кыяз экенсиң.
Түк акылың деги жок,
Өз жаныңа бир мүшкүл,
Кылчуу Кыяз экенсиң.
Өз журтуңду талкалап,
Сен, кырчуу Кыяз экенсиң.
Кыргын, олжо канкорго,
Салам десең, чыныңды айт!
Дүмөктү катын Айчүрөк,
Муну алам десең чыныңды айт!
Артык бузук Канчоро,
Алкынып кебин айтты эле,
Жедигердин зор Кыяз:
"Болду, курдаш, баатыр — деп,
Тил албаган адамдын,
Атасы болсун капыр" — деп.
Адам өлөт ант кылып,
Убаданы бат кылып,
Калың кара жедигер,
Баарысы чуулап калышты.
Бу караниет Канчоро,
Муну башчы кылып алышты.
Ал Күлчоро баатырды,
Жаралуу болгон бакырды,
Жабыла таап алууга,
Кырк аркан бою зынданга,
Колуна тийсе салууга,
Кастарын тигип Канчоро,
Боз-ала желек туу болуп,
Бой-бойлогон чуу болуп,
Кылычты кынсыз байлашып
Жай жарагын жайлашып.
Уңгусу болот, учу курч,
Учуна тарткан кара курч
Эки беттүү, төрт кырлуу,
Эсепсиз болот айза алып,
Эми издеди чорону.
Наалы така кең өтүк
Баскан экен Күлчоро,
Адыр-будур белести,
Ашкан экен Күлчоро,
Кара-Буура, Чаткалга
Желген экен Күлчоро,
Бул Кайыпчынын Кара-Үңкүр,
Баскан изи дапдаана
Келген экен Күлчоро.
Кечээ Канчоро менен Күлчоро,
Кыргыздын сары майын жеп,
Кысырдын семиз тайын жеп,
Кулан минип, куш салып,
Шабиет ойноп, даң салып,
Күлкүлөр күндү батырып,
Тамаша таңды атырып,
Эриксе, элик атканда,
Эрикпесе чоролор
Кечээ элкин ойноп жатканда,
Жылкы багып бирге өскөн,
Ата, жылас болгон Канчоро
Элкин басып эл көргөн,
Жылкы жайып жер көргөн,
Кайыпчынын Кара-Үңкүр,
Эл жашынган даана үңкүр.
Качып чоро баргандыр,
Жашынып шого калгандыр.
Ээрчиткени эр Кыяз,
Жол баштаган Канчоро
Ал Күлчоро баатырдын,
Сары изине чөп салып,
Кутура кууп алыптыр.
Таң агарып сүргөндө,
Асмандан жылдыз бириндеп,
Таң атардын муздак жели зирилдеп.
Жан-жаныбар, макулук,
Ордунан туруп чуркурап,
Тал бутагы ийилип,
Кумдун үстү чийилип,
Камыштын башы зыркырап,
Талаадан балапан торгой чуркурап,
Таң саргарып атты эле.
Асмандан тараза жылдыз батты эле,
Тоо тоодон мунар уюлуп,
Жылгадан сандаган булак куюлуп.
Муңканып сайрап, токсон түр
Булбулдун үнү угулуп,
Токойдон ар түрлүү чымчык чурулдап,
Кыраңдан элик бакырып,
Будурдан бугу чакырып,
Жер көрүнүп келгенде,
Астындагы мингени
Көбөш кандын Көкборчук
Ал Көкборчук бууданга
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Бу Канчоро баатырың,
Желген экен желигип,
Үңкүр оозу басылган,
Ал үңкүрдүн оозуна
Чириген өлөң чачылган,
Күлчоро баатыр катылган,
Наалы өтүктүн такасы
Ачык даана басылган,
Канчоро турду бакырып,
Зор Кыязды чакырып:
"Жолуң болгон, эр Кыяз,
Жорткондо жолуң болуптур,
Жогуң жолго конуптур,
Кечиксең жолуң болуптур,
Качкының жолго конуптур,
Жедигердин эр Кыяз,
Кадимки жолуң болуптур.
Балбаныңар, шериңер,
Балбансыган эриңер,
Айзага камбыл ыктууңар,
Аябаган мыктууңар,
Тик качырып чорону
Тирүү кармап алыңар,
Түшсө чыккыс калың шор
Бадиректи малыңар! "
Деп Канчоро айтканда
Туш-тушунан баарысы
Кыяздап ураан чакырып,
Каптап кирди жедигер.
Мына ошондо Күлчоро
Чамаа чарчап, ал кетип,
Байкуш чоро кар болгон.
Балбандар каптап барарда,
Тегеректеп балбандар.
Азыр шорго маларда,
Атадан калган жойкума
Кармай калып сабынан,
Сууруп алып кабынан,
Кайраттанып имерди,
Балбандардан далайын,
Бөлө чаап жиберди.
Алысыраак балбанды
Айза менен сойлотту,
Андан жакын келгенин
Башына кылыч ойнотту.
Шер атактуу курган эр
Каарданып зыргытты,
Колуна тийген балбанды
Көк улактай ыргытты.
Бет алганын майдалан,
Берендери "кайда" лап,
Колот жерди майдалап,
Жолборстору "кайда" лап.
Жолотпой турду шер чоро.
Жедигердин зордукка
Көнбөй турду Күлчоро.
Чымындай жанды аларга
Бербей турду Күлчоро.
Жедигердин эр Кыяз,
Жетип айза салууга,
Тоотору тулпар ат минип,
Оңкоңдогон тору аттын
Кыл куйругун чарт түйүп,
Кызырканып эр Кыяз
Мыктап кирип барды эле.
Күлчорону карасаң,
Оозундагы илеби
Өзөндүү тоонун желиндей,
Бет алганды жегидей,
Балбандыгы башкача.
Бадиректи карасаң,
Баатырдыгы бир мынча.
Үйдөй чокмор колго алып,
Үтүрөйүп чыр салып,
Кара ташты бир салып,
Чокморунан чок чыгып,
Кара таштан от чыгып,
Бет алышкан балбандын
Эченин жерге жанчтады.
Күлчорону көргөндө,
Эрдемсиген бу Кыяз
Ысыгына бата албай,
Суугуна жата албай,
Бет алышып бара албай,
Бекишип айза сая албай,
Сыртын салып, зор Кыяз,
Батпай чыгып кетти эми.
Бура тартып сабылды,
Чоронун буудандыгын көргөндө,
Бурулуп бузук сала албай,
Канчорого жалынды:
"Айланайын курдаш, ай,
Жан жолдошуң Күлчоро
Телегейи тең экен,
Ичин карап отурсаң,
Жер жүзүнөн кең экен.
Капырай, курдаш, муну ойлон,
Сары кашат, кыраңга
Там болуучу уул экен.
Келбетин көрүп болдум таң,
Жаратылбайт мындай жан.
Беделин бенде чанбаган,
Чорого бет алып киши барбаган.
Бу чын жаралган Күлчоро,
Боо чымчышкан адам оңобу,
Бу касиеттүү баатырга
Карачы, катылган аман болобу!
Каарланса душманга
Сели тийчү уул тура.
Бу кадимки кыргыз аз журтка
Бели тийчү уул тура.
Бу кара саат чоронун
Астынан көрсөң ак жолтой,
Мунун көк жалдыгы сан колдой.
Жан курдаш, достум, кебимди ук!
Эки тизгин, бир чылбыр,
Саа бердим, достум алыңыз!
Бу өрөпкүп турган чорого
Өзүңүз согуш салыңыз.
Береги алакандай жедигер,
Мунун убалы, сообу болобу,
Милдетин өзүң алыңыз,
Баатыр, өзүңүз согуш салыңыз!
Бу сыр алышкан душманың,
Курдаш ай, билгениңдей барыңыз.
Чоронун кайраты ашкан, заары күч
Билгендей өзүң барбасаң,
Айланайын курдаш, ай,
Баарыбызды кылат түз!
Жайласаң — өзүң жайлап сал,
Баатыр, байласаң өзүң байлап ал
Баатыр, амалыңды кылыңыз,
Алыштан качып турат деп,
Баатыр, ачууңузду тыйыңыз!
Башымды кессең, мен мына
Баатыр, өлтүрүп ийсең жер мына.
Баатыр, кыжырлансаң мен мына,
Астыңа тартуу кылайын,
Тоотору тулпар ат мына.
Баатыр, кыйыктансаң эл мына,
Кыркып ийсең башымды,
Кымбатың Кыяз мен мына.
Береги, калың кара жедигер,
Талашпайын өзүңдөн,
Кандыгын өзүң алыңыз.
Баатыр, керекке жарай салыңыз!"
Заарынан коркуп чоронун,
Кыяз турду сабылып,
Канчорого жалынып.
Муну укканда Канчоро
Каарланып сүксүйүп,
Кайраттанып үксүйүп,
Ачылган ороо көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Эки бети салаңдап,
Эки даңгыт тойгудай,
Каарланса кутургур,
Кармашканды сойгудай.
Уңгусу болот учу курч,
Айбалтаны байланып,
Ок өтпөс тонун кийинип,
Душмандык түрү билинип.
Баягы кең жасаган айбалта
Болоттоп мизин өтөгөн,
Сабына алтын кологон,
Салышчу жоого болжогон.
Ар порумдап машаган,
Төкөр берен чоң уста —
Бөлөкбай өзү жасаган.
Сугатына келгенде
Кара булак суу кеткен,
Мунун мизин уста түзөткөн.
Көмүрүнө чыдабай
Чынардуу токой жоюлган,
Мунун көөрүгүнө жан түтпөй.
Көп букачар союлган.
Айбалта жайы момундай,
Ач билекке салынып,
Абайлап көрсөң Канчоро
Ак жолборстой чамынып,
Кур-кур этип күүлөнүп,
Жетип келди бачагар
Күлчорого сүйлөнүп,
Ал Күлчоро байкушта
Чапчышарга чама жок,
Алы кеткен ал чоро,
Акырын сүйлөп кеп баштап.
Канчорого сабылып:
Абайлап көрсөң Канчоро
Башта күндөн билесиң,
Комокойлуу айза алып,
Сан кол жарган баатырың,
Ушу бүгүн кан аба,
Колуңа түшкөн бакырмын.
Бөксө жол элек кыялаш,
Жан бирге элек уялаш.
Тапканыбыз жыйгандаш,
Бир чоңойдук курбалдаш,
Тай, кунандай тебиштик,
Талашып эмчек эмиштик.
Энчилеш мал жыйгандаш,
Эгиз өстүк курбалдаш.
Баатыр, каарланып какайсаң.
Каршылык кылбайм, союңуз.
Уялаш элек, кан аба,
Көтөрүлбөйт колубуз!"
Деп ошентип Күлчоро
Жаңжалсыз сабыр кылганда,
Кара мүртөс Канчоро
Каарданып, чамынып,
Кара болот балтасын
Кош колдоп кармап имерди.
Жадаалын салып Канчоро,
"Айры шили тушу" — деп, —
Өрөпкүгөн куу кулдун
Өлөр жери ушул" — деп,
Качырып кирип, чорону
Шилиге тартып жиберди:
"Капта, балбан, байла!"— деп,
Берендерди чакырып,
Беттеп турду Канчоро.
Канчоро беттеп турганда
Шамдагайы болжолсуз,
Шакылдаган шер чоро,
Ай ааламды буй кылган
Аябаган эр чоро
Кечээ кабылан Манас барында,
Капысынан кабылган,
Медиян-Чөлдүн белинен,
Бет алган мойнок сеңирден,
Тоо жоголгон урчукта,
Такалган тоонун тумшукта,
Асмандан түшкөн алты курч.
Кылычтын кыйын ыктуусу,
Жанды болот мыктуусу,
Кындан суурса кызарган,
Кыйкырып жоого шилтесе,
Кырк кулачтай узарган,
Атагы чыккан алты курч,
Кармай калып сабынан,
Сууруп алып кабынан.
Канчоро кайра тарткыча
Шай колдогон Күлчоро.
Кылычты колго алганы.
А булкунган Канчоро
Бура тарта бергиче.
Каарланып Күлчоро
Түрө кармап арамды
Түп этектен алды эле,
Колунда болот кылычты
Шилтеп туруп калды эле.
Оң этегин арамдын
Оё чаап салды эле.
Көкборчуктун бир санын
Соё чаап салды эле.
Ошол кезде чорону
Туш-тушунан качырып,
Балбанынын баарысы
Кыяздап ураан чакырып,
Камалашып алды эми.
Күлчородон ал кетти,
Денеден кара кан кетти.
Эң бир баатыр эки кол.
Көтөрүлбөй шал болду,
Коюнга кара кан толду,
Казылып жаткан калың ор,
Кайнамак болду эми шор.
Айза сунуп, балта уруп,
Каптап кетти ошо жол,
Арканчаны, тончону,

Тегиз темир колчону,
Айза сунчу берени,
Айбалта чапчу эрени,
Кылычка кыйын ыктуусу,
Кыйын кымбат мыктуусу
Тегеректеп кетти эле,
Ал сапары чорону
Далбаса кылып өттү эле.
Тегеректеп балбандар
Темирден торго салды эми.
Каарданып Канчоро
Катуу буйрук кылды эми.
Булкунгандан, силкинип,
Жадаалданып, сактанып,
Турган экен кутургур
Жедигерге мактанып:
"Эриң Кыяз баш болуп,
Элтең урган жедигер.
Элтелеңдеп турасың,
Эселек акыл кыласың,
Баарың бирдей чуулдап,
Качуучудай чениңер,
Каның, бегиң чогулуп,
Качып кетем дедиңер.
Каралдыңар Канчоро,
Жедигер, саа жай чоро,
Шай колдогон шер чоро,
Чын көк жалдын биридир,
Кадырдын жарык түнүдүр.
Канчоро аман барында,
Алты өндүр сууда бөлүм жок,
Ай аалам каптап кол салсын,
Жедигер, саа өлүм жок.
Жети өндүр сууда бөлүм жок,
Жер жайнаган кол чыксын,
Жер жапырып мол чыксын,
Бурулушта калаа жок,
Канчоро буудан барында
Жедигер, саа балаа жок.
Манастын уулу көөдөктүн
Капкасын бузуп, кан кылдык,
Кара жолун чаң кылдык.
Жылгындуу Кең-Кол Таласка
Сырайзаны ойноттук,
Сырттандарын сойлоттук,
Белеске тулпар туйлаттык,
Бегинин баарын кыйраттык.
Каарланса Канчоро
Кан жаадырар белиңе,
Жок, жакшыласа, жедигер,
Ур жаадырар элиңе.
Жадаал жиним кармаса,
Калайык ашып чыга алгыс,
Кадуусу көпкөк белдирмин.
Тууралап душман келе алгыс,
Кара кек жал шерденмин.
Белести буздум, жол салдым,
Бейлим кетип бир ишке.
Өз абама кол салдым.
Топон суу жүрсө бой бербес,
Айзакерден ыктуусу,
Азаматтын мыктуусу,
Кыйла шерден кымбаты.
Бар көк жалдын баатыры,
Алтымыштын артыгы,
Колго түшкөн Күлчоро —
Кылым жандын мыктуусу.
Эмчек ээмп, бирге өскөн,
Эгиз чоро аты уйкаш,
Күлчорону байладым.
Өчөшүмө тийгенде,
Өздөн кайра тартпаймын.
Жадаалдуу жиним кармаса,
Жакынга кылча кайтпаймын".
Деп ошондо оолугуп,
Айкырып кирип Канчоро
Каарды катуу баштады.
"Бабаңар Толтой көк жалды
Күлчоро союп таштаган.
Алдырып салып жедигер,
Аттарын ээсиз коштогон.
Алда кайран бир боорум,
Баланча жерге өлдү деп,
Жедигер минтип боздогон.
Бу Талас саа жер эмес,
Күлчоро саа эл эмес.
Күрсүлдөгөн куу кулдун,
Он далысын ойгула!
Оң кечирин сойгула!
Сол далысын ойгула!
Сол кечирин сойгула!
Өлүк эмес, тирүү эмес,
Арам санаа бул кулду,
Ара жайга койгула!

Ой-пикирлер