Кирүү

Манас Акбалтанын кеңеши менен кошойду издеп жөнөгөнү

Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Супа саадак салганда,
Таң, сөгүлүп калганда,
Таң атардын муздак жели урганда,
Камыштын башы зыркырап,
Балапан торгой чуркурап,
Жерге жарык тийди эле,
Кыраң менен бир болуп,
Кырк бала менен Кыргыздын Балта берени.
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп,
Кызык кылып той кылып,
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абам Балта кеп баштап,
Акырын сүйлөп бек таштап:
Журт башчысы өлгөндө,
Түгөл бойдон кордуктап,
Кара калмак, көп манжу,
Түпкө чогуу жеткенде
Кайыпча качып жүрү дейт.
Уламадан уласак,
Билгичтерден сурасак,
Ала-Тоону жер кылып,
Баякы Улак кан байкуш тирүү дейт.
Кулак угуп, көз көрүп,
Биз Алтайга келгени
Ээн басып чыкпадык.
Андан бөлөк туугандын
Эч кайсысын укпадык.
Же кырылып баары өлгөнбү?
Же башына нокто катылып,
Балаага башы чатылып,
Баарысы кордук көрдү деп,
Баарысы малча сатылып,
Кыстоону кыйын көрдү деп,
Тирүү калбай баарысы,
Опот болуп өлдү деп,
Ушул жактан шек кылам.
Айтсам алдага сөзүм зар эле,
Бай Жакып менен ага-ини
Балдары Үсөн бар эле.
Айдап кетип Үсөндү
Кара калмак алды эле.
Бээжиндин ары жагында,
Сазаншаң деген жеринде,
Кара калмак элинде,
Кой көтүнө салды дейт.
Үсөн атын жойду дейт,
Көзкаман атка койду дейт.
Калмакча динге кирди дейт,
Жүк бурчунда бурканын
Кудайым деп жүрөт дейт.
Туура калмак болду дейт,
Балааны башка салды дейт.
Калмактан катын алды дейт.
Тууп берип катыны,
Капанын баарын жойду дейт,
Көкчөкөз ат койду дейт.
Жана тууса катыны
Дөрбөлдөй атка койду дейт.
Жана тууса катыны
Барбалдай атка койду дейт.
Жана тууса катыны
Калмакча атын койду дейт,
Кыргыздын атын жойду дейт.
Тууганды туура унутуп,
Баарысы калмак болду дейт.
Жана мүшкүл иш кыйын:
Кармашарың Каканчын,
Касташканың Бакбурчун.
Балам Манас, кулунум!
Эрен чыктың, шок чыктың,
Эрдик менен шердигиң
Бул дүйнөдө жок чыктың.
Өлөңдүү жерди өрттөдүң,
Тулаңдуу жерди тутанттың.
Кара сууга кан куйдуң,
Каарды катуу баштадың,
Ордолуу журтка кол салып,
Ойрон кылып таштадың.
Кезиккенди мент кылдын,
Шумдукту артык баштадың,
Эсенкандын элчисин
Жана кырып таштадың!
Кара таандай кол келсе,
Калайман баштап мол келсе,
Кандай айла кылабыз?
Катылып койдук кытайга
Алтайга кантип турабыз?
Сан кара малды чачалы,
Күн батыш көздөй качалы!
Алышып калдык кытайга
Алтайга туруп нетели,
Мындан коро кулунум,
Ала-Тоо көздөп кетели!
Уламадан уладым,
Билгичтерден сурадым,
Катаган кандын кан Кошой
Пайгамбар чалыш карыя,
Адамдан артык тууган олуя.
Батасы эрди байыткан,
Дубасы жанды жарыткан,
Беделин көргөн чочуган,
Оң эки пирге кол берип,
Абаң Кошой кайран эр
Даанышман Кошой атанган.
Белгилүү Кошой эр ошол,
А да белге таңуу шер ошол!
Кененче керчөө тон кийген,
Кер кабылан ат минген.
Азар түмөн кол чыкса,
Айгай салып бир тийген.
Эрдиги бөлөк, заары күч,
Эр абаң Кошой ошол бар.
Ат-Башынын Чеч-Төбө
Мекен кылып алды дейт.
Алты шаар, Маргалаң
Алымды мыктап алды дейт.
Жети өзөндөй кайран жер
Эби менен жер кылып,
Азган-тозгон кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылып,
Кулаалы таптап, куш кылып,
Курама жыйып, журт кылып,
Теликуш багып куш кылып,
Тентиген элди жыйып журт кылып,
Катагандын кан Кошой
Коргонун таштан салды дейт,
Азган-тозгон ал элге
Абам Кошой карыя
Башчы болуп калды дейт.
Пир тутуучу эр ошол,
Билимдүү Кошой шер ошол.
Абам Кошой карыя
Олуя заада артык кан.
Баатырдыгы башкача,
Көк жалдыгы көрүнөө
Алагар көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Көзү көлдүн ордундай,
Кез болгонду соргудай,
Белге таңуу бел ошол,
Бендеден артык шер ошол.
Балам, Манас, угуп ал,
Акбалта айткан кеп ошол.
Биз айдалып кеткенде,
Бул Алтайга жеткенде,
Кыйла жол баштан өткөндө,
Дагы сурап кеп уктум.
Эки-Кемин жердеген,
Эгиз кара ат байлаган,
Күрүчүн күздүк айдаган,
Күлүгүнө күрүчтүн
Күрмөгүн берип байлаган,
Кара тилин кайраган,
Кан алдында сайраган,
Кара токой мал эткен,
Кара үңкүрдү үй эткен
Жалгыз жүрүп көбөйгөн,
Жарды жүрүп байыган,
Атасы Таздын эр Үрбү
А дагы кыргыздан чыгып эр болуп,
Конуш тапты деп уктум.
Мына, белге таңуу бел ошол,
А да саа жолдош болучу эр ошол.
Буудан оозун бурбайлы,
Бул Алтайга турбайлы.
Бул Алтай бизге жер эмес,
Бул кытай бизге эл эмес,
Акбалта айтат акыл сөз.
Акбалтадан кеп угуп,
Мунун урааны "кыргыз" деп угуп,
Ээрчиткени кырк бала,
Мунун кутмандуусу — Кутубий,
Мен табайын далай жеримди,
Мен да жолдош кылып алайын,
Ушул кебиң чын болсо,
Кошой канга барайын.
Карчыгадай чамынып,
Торучаар минип камынып,
Арстандай чамынып,
Аттанып чыкты эр Манас.
Кыргызды көздөй камынып.
Бөөт-бөөт бел ашып,
Бөтөнчө кара төр ашып,
Бөлөк тоону жакалап,
Көк жалың Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Сонун эл, сонун жер көрүп,
Кыяс менен Текести
Кыркындай басып келди эми.
Жер соорусу турбайбы:
Тоосунда кары бар,
Токоюнда чары бар.
Жан жараткан ар түрдүү,
Жаныбарлар баары бар.
Коңулуңда коён бар,
Копшутунда жылан бар,
Тектиринде теке бар,
Будурунда бугу бар.
Адырында аркар бар,
Түзөңүндө түлкү бар.
Талаасында кулан бар.
Кескелдирик жыландай,
Куландары кунандай,
Жыландарын карасаң
Алты кулач аркандай,
Алда таала кудурет,
Жан жараткан ар кандай.
Булбулу сайрам чуулдап,
Буруп-буруп сайраса,
Муңдуу киши уккусуз.
Буркурап ыйлап эчен жан
Бул жайындан чыккысыз.
Тоосунан күкүк сүйлөнүи,
Талынан тоту күүлөнүп,
Кайыңга тууп куштары,
Камынган экен учканы.
Терекке тууган куштары
Теминген экен учканы.
Талынын башы ийилип,
Тамашасы ушундай,
Кумунун үстү чийилип.
Чырпыктары чынардай,
Чымчыктары улардай.
Муну көрүп кубанып,
Томурайган тоо кесип,
Толгон чуңкур коону өтүп,
Ашуу ашып, таш басып,
Арстан Манас жол тартып,
Эрениң кайдан аянды,
Үкүрчүнүн оюнда
Үч-Капкактын боюнда
Көк жал Манас таянды.
Бел-Мойноктун белинде
Бет алып чыкты көк жалың,
Үч-Каркыра жерине.
Бетеге менен тулаңы
Белден болуп чириптир,
Жылтыркан чөп, шыбагы.
Кенен конуп калайык,
Жайлабай турган жер бекен!
Жалбырагы жаргактай,
Жаткан экен Каркыра
Кара курту бармактай.
Балтырканы билектей,
Маралы үркүп чу койсо
Мала кашка инектей .
Муну көрүп кубанып,
Жер байкаган сыягы
Жеткилең Манас кырааны.
Үч-Каркыра басты дейт,
Кызыл-Кыя кымбат жол
Кызыр чалган Манас эр
Кыйын көрүп оолугуп,
Кылт этип ашып түштү эле.
Береке экен, бел экен,
Бенде көрчү жер экен.
Жердегенде адамды
Кан кылуучу жер экен.
Жээк-жерге баарысын
Бай кылуучу жер экен.
Ортосу көпкөк көл экен,
Суусунда миңдей төр экен.
Жердеген адам бай болчу,
Көлүндө ырыс бар экен.
Боз мойнокчо, дөбөчө
Түшүп Манас жер чукуйт.
Касиеттүү жер экен,
Эки эли жерин оодарса
Түгөнгүс алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл24
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос,
Будур-будур бел экен,
Будурмак аттуу жер экен.
Будурмак келип бурулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Жаткан экен жаныбар.
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңден булак куюлуп,
Өйүз-бүйүз жери тар
Ортосунда жайнаган
Сонун көп Көк көлү бар.
Жерине сан кол бата албай,
Найзанын башы чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Алек болчу жер экен.
Ысык-Көл ылдый жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп.
Ойлосом эчен ой ойлоп,
Конгон жерге көкжалын
Ордо салып оюн ойноп.
Көз кайкыган жер таппай,
Көлөкө кылып алууга
Көкжалың Манас эл таппай,
Күптүнү жазаар эр таппай,
Кадырды билчү шер таппай,
Жердин үстүн кыдырып,
Булак койбой сыдырып.
Акбалта айткан кеп эле:
Абаң Кошой карыга
Кезиге көргүн — деди эле.
Арка Кошой чоң, канга
Амандаша кайтайын.
Берен Кошой абама
Бет алыша кетейин.
Ак буудай унун чайнашып,
Көктөн жылдыз боз болуп,
Акыреттик дос болуп,
Кошойго акыл салайын.
Карыган Кошой абамды
Караан кылып алайын.
Кармашса кара кытайдан
Кетпеген кегим алайын.
Алтайдагы калмакты
Каңгай айдап сүрөйүн.
Кармашкан кара кытайды
Карааным болсо кан Кошой
Бээжинге чейин сүрөйүн.
Береним Кошой абамды
Белиме таңуу кылайын.
Найза кармап топ бузуп,
Тагдыр жетсе окко учуп,
Кылымга кыргын салайын.
Ушу кымбатым Кошой абама
Жүз көрүшө барайын.
Канкор шер айтып мындай кеп,
Кошойго барам эми деп,
Козголуп төрө жол тартып,
Ал күнү Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Түш кыйшайып оогондо
Өңгүл-дөңгүл тоо ашып,
Өөдө-ылдый бел басып,
Эчен Манас оолукту.

Ой-пикирлер