Кирүү

Манас. Көкөтөй атанын бек арстан тайчы жөнүндө баяны

Кичүүсү Баймырзанын бек Арстан
Кызыл чаар Дулдулдардын тайын баккан.

Кыязы, ошонусу болуп себеп,
Кийин ал Тайчы аталып кетсе керек.

Атына заты анын келишип төп,
Ажалдан кайра тартпас Арстан бек.

"Агамдан талашпаймын бийликти" деп,
Ал тиги азилердин элин жөөлөп;

Аларды титиретип каары менен
Ахсыкет 16, Андуканды 17 бүт ээлеген.

Алайга атайылап келип анан
Ал мага өтүнүчтүү добуш салган:

— Абаке, Өзгөндөгү капка чебиң,
Агаңдын баласымын, мага бергин.

Ар кимди коржоңдотуп бийлетпестен,
Ал жерди, өз бооруңмун, ээлейин мен.

Зер алтын байлыгындын казынаңда
Залалым тийбейт жырык тыйынына.

Көбөйтүү келет колдон, анан аны
Керектей турган учур чукул калды. —

Тик карап, оттуу карек чачып жалын,
Тайманбай сүйлөгөнүн жактыргамын.

Капкада башкаруучу ишке анан
Кылайып ошол күндөн катышпагам

Тийиштүү болгон менен жалпысынан
Тек баарын бүтүрүүчү бек Арстан

Эрдигин, иштин көзүн тааныганын
Билчүмүн Эр-Төрөм да жактырарын.

Таласка көчүшүнө болгон себеп
Кыязы дал ушул да болсо керек.

Бийликтин кош тизгинин Арстан бек
Бийлетпей өзгө жанга бек кармайт деп,

Эр-Төрөм көзү жетип, кетпей наары 18
Ээлейин деген экен кең Таласты.

Оозунан чыккан сөзгө бек экенин
Ошондо далилдеген Тайчы бегим.

Топтолгон зар-алтындын баарысын тең
Таласта кап ордого жеткирттирген.

Анткени аташ үчүн бир хандык деп,
Алтын-зар абыдан көп керектелмек

Баймырза сыяктуу эле бек Арстан

Бир мүнөз кырс жан болчу сырын каткан.

Баамымда шол мүнөзү түрткү берип
Айкөлдүн айкөлдүгүн ичтен жээрип;

Арстан бек сыр бөлүшпөй эч ким менен,
Өч алмак болот каңгай, азилерден 19.

Абалтан адат болгон каңгайларга,
Азапты салыш үчүн душманына;

Аларга кастай эмес, достой келген,
Аянбай асылдардан тартуу берген.

Алданган жалтырына элди анан

Аз аздан бир-бирине душман кылган.

Алардын шол айласын өздөрүнө
Колдонмок болгон тура, Арстан, көрсө.

Тунуюк, Полон, Санжы, каңгайлардын
Тизгинин какмак түгүл болуп жакын.

Кейитпей мурдакыдай салык салып,
Кербенге капка-чепти кенен ачып;

Ал эмес айрымдарын Карт-Торудан
Ашыртып жигиттерин кошуп турган.

Анысы Айкөл эмес мага дагы
Ал кезде чындык эле жакпаганы.

Сырт салып Арстан бекке баарыбыз тең
Санжылар менен бирге болуп кеткен.

Дарексиз болуп Төштүк, Бокмурун — жаш,
Дилимде жектесем да — болсун деп баш;

Билгизип нааразылык эч сөз айтпай,
Бийликти талашпадым, калтырып жай.

Ал эми казынамда байлыгымдын
Арстан кемитпеди жез тыйынын.

Алтындан, мис, күмүштөн чаап теңге,
Арттырып сан байлыкты, жыйган дилде.

Көөдөндө сырын билбей тирүүлүктө
Күн бүтүп узаптырбыз о дүйнөгө!

Баймырза Коңурбайдан таап жазат,
Бек Арстан Үрүштө анын ордун басат.

А бирок элдин оозу көнгөндүктөн
Аталып Тайчы бойдон кала берген.

Катылган сыр ачылып калгандыктан
Тукуму Дулдулдардын тез азайган.

Аларды сактап калыш үчүн Тайчы
Азаптуу күн кечирип күч жумшады.

А бирок бар мээнети кетип желге,
Азайып жок болушат өздөрү эле.

Кочуштан агып түшкөн сууга окшоп,
Кетерде журттун куту турбай токтоп;

Коргондун чети оюлуп ошол жерден
Калааба журт башына түшөт экен!

Түшкөнүн шол калааба журт башына
Туюнбай Бакай, Кошой, Айкөл Шер да;

Арман ай, Ази уулунун тилин алып
Ажалга аттанышкан тике багып!

Арстан бек аттар менен Айкөл Шердин
Аянбай камсыз кылып аскерлерин;

Ал өзү Бээжин беттеп аттанбастан
Асырап аргындарды калып калган.

Аттанып сан миң аскер жоону беттеп,
Артына кайткандары санга жетпейт.

Ичине катып кегин бек Арстан
Ишхиди Боханьнанын 20 болуп калган.

Жердеген Ыйык-Көлдө Кош-Барсканды 21
Жигилдер 22 болчу анын тагалары.

Кыз алып, кыз беришип алар менен
Катышын үзбөй бекем сактап келген.

Арзыган колуктусун бек Арстан,
Аны да жигилдерден тандап алган.

Давандын көкүрөгүн толук бийлеп
Катылуу дүмөктүү ою көөдөндө бек.

Тайчыны өздөрүнө имергени;
Тартуулап кытай ханы, перстин беги,

Жалтырак өлүү байлык эмес жалаң,
Жан эттен бүткөн сулуу кыздарынан,

Жар болсун кадырыңа жеткен дешип,
Жан дилден сыйлагандай түр көрсөтүп,

Себине жигит-кыздар күң-кул менен
Сандаган жылтыр буюм тартуу берген.

Кеткендин кегин алыш үчүн гана
Калп эле кубангандай болуп ага;

Көргөзүп аябасын кайындардан
Катыра калың берет аргындардан.

Тайчыны колго алдык деп куулук менен,
Тигилер алданганын билбейт экен.

Балдарды төрөлүшкөн эки аялдан,
Билгизбей тындым кылат бек Арстан.

Чакпасын өз тукумум өзүмдү деп,
Чарайна кезинде эле жерге берет.

Көөдөнгө каткан кегин бек Арстан
Кезеги келип баштайт Коңурбайдан.

Кытайдан алган аял Хоисине
Кылыптыр мамилесин ал өзгөчө.

Башкадан сурап-билип — сынамакка
Байкатпай Хои ханша суроо салса;

Куулугун билбегендей бек Арстан
Кууланып, аял билген жооп айткан.

"Байлыгы, баатырдыгы болгон менен
Бирок бул баё, энөө байкуш экен.

Баарынан эң жакшысы, эмне десем
Билемин, аткарарын үн дебестен" -

Деп Хои, билдирүүнү талап кылган,
Кытайдын кандыгына жооп жазган.

Акылдын күчү менен Арстан бек,
Аларды толук бойдон ишендирет.

Дөөмөтү 23 келгендиктен бек Арстан,
Дөөлөттүн ташы өйдө учуп турган.

Карама-каршы ага, ошол тапта,
Калчанын ташы кулайт төмөн жакка.

Адамдын ырыскысы качарында,
Алдастап урат боюн тоого, ташка.

Шол тапта ырыскысы Коңурбайдан,
Шырылдап куюлууга даяр турган.

Келгенин шол учурдун баамдаган
Арстан бек аялына суроо салган:

— "Бээжинден Бохиньнага чейин жерди
Багынттым, ошондуктан менмин ээси";

Дегенин Коңурбайдын, келген кербен
Дуулдап кеп салууда, уктуңбу сен? —

Бир азга ызалуудай туруп анан
Буулугуп Арстан бек сөз улаган:

— Дал ушул Боханьнаны бийлеш үчүн
Тартууга келгениңди, Хои, түшүн.

Кайдагы каничерге байлыктарын
Кайнатам каалабаймын тарттырганын.

Озунуп Коңурбайды жок кылбаса,
Жок болот шум Калчадан, атаң анда.

Өзүндөй айла-амал менен гана,
Өлтүрүү мүмкүн аны, болбосо ага;

Түз барса Алкарасы андан мурда,
Түгөнгүр, арга табат сактаганга. —

Дегенин туура көрүп Хои ханша,
Шол замат кат жазыптыр атасына.

Башкага ишенбеймин, мен барам деп,
Бек Арстан катты алып өзү кетет.

Ал эми ага чейин бек Арстан,
Арага жик салычу амал тапкан.

Хоинин боордошу Чжунцзыдан,
Аракет небак эле баштаттырган.

Коңурбай дарыланып, Ньенченде 24,
Чин-Миндин үңкүрүндө жаткан кезде;

"Айыксам хандын башын кесемин" деп,
Айтканын бир аяры айтып келет.

Шул сөздү шылтоо кылып Чжунцзы ханга
Шарт коюп, макулдугун сураганда;

Териккен текебердүү сөзүнө, хан,
Тигинин койгон шартын макул тапкан.

Жетимиш аярынын, Коңурбайдын
Жетиштүү зерин чачып, анын кыркын

Көндүрүп Коңурбайга каршы, Чжун,
Кыңк дебей баш ийгендей табат кутум.

Оозунан чыккан ар бир сөзү анын
Ошентип Улуу ханга болот дайын.

Кесирлүү сөзү ашынып кеткендигин,
Күн сайын кутумдардан жеткендигин;

Бекемдеп, алыс жерде Хои-сандан,
Билдирүү алып келет бек Арстан.

Тайчынын, максатына көздөп келген,
Тартканы мына шонтип таамай тийген.

Улуу хан бөлүп алып Чжу экөөнү,
Угузбай башкаларга, буйрук берди:

— Жан эмес, билгизбестен желге дагы,
Жок кылып келесиңер Коңурбайды.

Бул ишке хан сарайдан кеткенин шек
Билбесин бир дагы жан бизден бөлөк.

А демек аярлардын койбой бирин,
Ал эмес аскадагы кара үңкүрүн;

Түп орду менен тыйпыл кылмайынча,
Тирүүлөй келбейсиңер кайтып мында.

Үңкүрдү Хао аярга жардырган соң
Үндөтпөй аны дагы жок кылган оң.

Буркандан 25 жазаларын алышты деп,
Баардык эл айтышкандай болушсун кеп.

Каалаппы, каалабайбы эми бирок,
Кайтууга убададан акыңар жок.

Ишиңер жакшы бүтсө тартуу күтөт,
Болбосо экөөңдүн тең күнүң бүтөт. —

Ушундай буйрук менен, билбеген жан,
Улуу хан тиги экөөнү аттандырган.

Тагдырдын жазуусунун чындыгына
Там берчү учур келди, эми мына...

Күн бүтүп ичер суусу түгөнбөсө,
Коңурбай дилин берген кара күчкө,

Башкага жашоосунда ынабаган
Башчынын тилин алып, кантип анан;

Калганын жан алгычтар арасында
Кашайып туйбай калмак, ошол чакта?

Баарынан Аалам сырын туя билген,
Бири да аярлардын, эмнеликтен;

Ажалдын сунган колун туюнбастан
Ар кими өздөрү үчүн көрүшкөн кам?

Ал эми кабары жок аян сырдан
Арстан бек, менмин десе, муну кылган;

Көрүнүш кадыресе тирүүлүктө,
Көңүлгө, каректерим, бек түйгүлө!..

Башчысы кутумдардын Хао аяр
Баардыгын жөнгө салып күтмөк даяр.

Өздөрүн кадыресе пенделерден
Өзгөчө жаралгандай бийик сезген.

Ааламга түз баруучу жолдобуз деп,
Ар бири дилдеринде ишенген бек

Отуз үч кутум менен отуз аяр
Ободон алмак болуп аян кабар;

Көк-Тоодо, аян алчу — Сүт-Булакка
Кетишет ошол күнү таң алдында.

Отузу табынууга — отуз үчү
Отузун максат кылып өлтүрүүнү;

Неликтен ыйык жерди тандашты деп,
Нээттен берген суроо болмокчу эп.

Кадырлуу аярлар деп хан сарайда,
Кырк кутум бөлөнүү үчүн атак-даңкка;

Ыйык жер курмандыкты кылмак талап,
Чалышса — тилектерин кабыл кылмак.

Отузу артта калып — отуз үчү
Ободон алабыз деп аян үндү;

Аяндуу ыйык жерге мурда барып,
Аларды күтүшүшмөк даярданып.

Коңурбай жанындагы жети аярдан
Кутумдук кылат деп эч шек албастан;

Карегин ныл бастырып жазуу-буйрук,
Капарсыз өлүмдү ага койгон буйруп.

Шол тапта Чжунцзы, бек Арстан,
Буйругу менен хандын мөөр баскан;

Аскада кара үңкүргө жетип аман,
Буйрукту аткарышат тагдыр жазган!

Жазмыштын кудурети болбогондо,
Коңурбай түшмөк эмес бейкам колго.

Капилет кирип барып бек Арстан
Канкордун башын кыйып, мооку канган.

Курч албарс кыя чапкан чачсыз башы
Кыпкызыл канга үңкүрдү боеп жатты.

Сарыккан канга карап албарсынан
Санаасы тынып турду бек Арстан.

Капилет кыйылган баш бир кыйлага
Кыркырап, тоголонуп, тийип ташка;

Түпкүргө түшөрүндө акыркы ирет
Тырпырап жасагансыйт ал аракет.

Шол тапта жер жаңыртып кишенеген
Шайтандан бүткөн аты учуп кирген.

А бирок коңурсуган кан жытынан
Алкара кечиккенин дароо туйган.

Жыйрылып канаттары, ошол замат
Аскадан кеткен экен төмөн кулап.

Жетишип максатына жарым-жарты
Жок кылуу калган эми кутумдарды.

Хао аяр назар салып Арстан бекке,
Кандайдыр жамандыкты сезсе деле;

А бирок Улуу хандын убадасы

Ал кайдан эки болсун деп алданды.

Отуз үч кутум кайтып келгичекти,
Орчундуу тапшырманы бүткөрмөкчү.

Ошентип далай кылым кара күчтүн
Ордосу болуп келген бул үңкүрдүн;

Аяктап жалгандагы вазийпасы,
Аны азыр Хао аяр жардырмакчы.

Бүткөрүп жасай турган ырымдарын
"Болду эми, кеттик" деген Хао аярдын;

Буйругун аткарышып баарысы тең,
Түшмөкчү болушканда тигил төмөн;

Бек Арстан дорбосуна ала кирген
"Берем" деп башты ханга салат экен.

Баарысы аман-эсен түшүп жерге,
Байралбай алыс узап кеткен кезде;

"Карс" деген добуш чыгып, тунуп кулак,
Кара зоо түтүн бүркүп көккө атылат.

Аскада үңкүр эмес, калдайган зоо
Айланат ташка, кумга өзөн толо.

Чаң-тозоң тарап, тынчып калган кезде,
Чаалыккан берки аярлар келген эле.

Жебенин тийгендиги дал бутага
Билинет мына азыр, ушул тапта.

Болбосо чарчаганы, аман-эсен
Бирөөнүн бир да жери чийилбестен;

Келишкен кутумдарга карабай тик
Сурады тигилерден Хао минтип.

— Кетишкен эки топтун, бири аман
Келдиңер, экинчиси кайда калган? —

Башчысы отуз үчтүн Олуя Ши,
Басыңкы киңкил добуш салып, минтти:

— Караңгы түпкүрдөгү жалындаган
Кыпкызыл отту көздөй агууда кан;

Ошол кан — отуз аяр каны экенин,
Олуя Ши айтканга ишенерсиң.

Алдыга биринчи топ мурун барып
Ааламда Көк Жылдыздан аян алдык:

"Отузду чалгыла, - деп, — курмандыка"
Ободон үн угулду шол аянда.

Жүз буруп уясынан чыккан Күнгө
Жандары кетти алардын эркиндике.

Ободо Улуу Күнгө кетпей бирок,

Оп тартты жан-досторун түпкүрдө от.

Аярым, отуз эмес, ошол отко
Жаныбыз биздин дагы кетти кошо!

Чжунцзы! Улуу хандын берип ийген,
Ичели, куй шарабын, баарыбыз тең! —

Ошондо Чжун менен бек Арстан
Ободо Улуу Күчкө беришип там;

Кеткендей аргалары, бир-бирине
Каректер кадалышып бир ирмемге;

Биринчи эсин жыйып бек Арстан,
Билмексен болуп минтип добуш салган:

— Белегин Улуу хандын билер бекен
Дедик да, Ши Олуя, пенделиктен.

Ал эми так буйрукка жазуудагы
Арга жок, аткарылар учур чагы!

Ушундай кырдаалдарга ылайыктап,
Улуу хан ачыттырган анар шарап.

Түпкүрдө отту көздөй агып жаткан
Түспөлдөш кызыл канга өзүң айткан;

Аярлар! Тирүүлүктө анда, демек,
Акыркы даам татчу келди кезек.

Чшунцзы! Өтүнүчүн Олуянын
Орундап, алып келгин хан шарабын! —

Арстан бек сөзүн айтып бүтөр замат
Атайын ачытылган анар шарап;

Оролуу, чыны көөкөр идиш менен
Ортого коюп Чжун мындай деген:

— Буйругу Улуу Күчтүн, кошумча ага
Башкарган баарыбызды Улуу ханга;

Каршылык көрсөтмөк ким? Айтпасам да
Көрүнүп турган нерсе күндөй даана.

Болгону жалгыз суроо, Олуя Ши!
Биринчи керек муну ким ичиши?

"Дирт" этип Олуянын кансыз эрди,
Добушу күңүрт чыгып мындай деди:

— Биз татар акыркы даам, бул жалганда,
Буйруган кыркыбызга бирдей кылка.

Ал эми силердин жөн такыр башка,
Келдиңер буйрук гана аткармакка.

А бирок эрте-кечпи, силердин да,
Айланып келет шул күн башыңарга.

Ал азыр далай жолу тирүүлүктө,
Ар бириң шарап ичкен кесеңерге;

Куйдургун хан шарабын, суусун кансын,
Кыйноосу тирүүлүктүн артта калсын.

Тозоктун алоолонгон жалынына
Түшөлү ханыбызга биз да удаа.

Биринчи, акыркы ирет бул жалганда
Буйрукту бердим, Хао, сенден мурда;

Аттанып баратабыз түбөлүккө,
Аярым, кир сактаба көңүлүңө! —

Олуя Хао аярдын көздөрүнө

Тик карап сөзүн айтып бүткөнүндө;

Хао аяр кең күрмөнүн чөнтөгүнөн
Кесесин алып чыгып мындай деген:
— Жалганды түбөлүктөй сезгендиктен
Жаңылыш адамдардан кетет экен.

Алдырып ачкөздүккө кыркыбыз тең
Алдандык Улуу ханга пенделиктен!

Жашоонун бар кызыгын күнүмдүк деп,
Баш тартып биз алардан көнгөн элек.

Жакындап акыркы күн калган кезде
Жалтырың жеңди бизди, жалган дүйнө!

Абийрди алмаштырган алтын-дилде
Аралжы болот дедик биз эмнеге?

Катылган кумаралар алтын толгон
Калышат ошол жерден козголбостон.

Азгырып, кала турган шол дүнүйө,
Аттанып баратабыз сүртүнүп көө.

А балким, Улуу Күчтүн, биз баш ийген
Буйругун кылгандырбыз аткар деген?!

Талданат мунун баары түбөлүктө,
Тартынбай, бурадарлар, ууну ичкиле! —

Деп Хао шарапты алып кеседеги,
Даамын албай туруп тартып ийди.

Артынан аярлардын калбай бири
Аякта шараптарын шыпкай ичти.

Андан соң күн чыгышты карап баары,
Аярлар түбөлүккө уктап калды.

Корумдап аярларды Чжунцзы, Арстан
Калчанын, Алкаранын башын салган;

Дорбону коштоодогу атка артып,
Жөнөштү түнү менен сапар тартып.

Жол жүрүп күндөп-түндөп бир аптада
Жеткенде Ачкайкыда айрылышка;

Арстан бек Чжунцзыны токтой тур деп,
Акырын, бирок өктөм сүйлөдү кеп:

— Эгерде эжең кымбат болсо сага,
Эмесе көңүл коюп сөзүм тыңда.

Өлтүрткөн кырк кутумун Улуу ханың,
Өлтүртөт, барсам эгер, мени дагын.

Сени да, өзүмдү да сакташ үчүн,
Садагам, мына мындай, кылдым бүтүм.

Баштарын Алкаранын, Коңурбайдын
Байланып өз жериме тез кайтайын.

Бул ишке Улуу хандын катышканын,
Далилдейт, баш салынган дорбосу анын.

Эгерде ханың мага тийишпесе,
Катылуу бойдон калат сыры ичте.

Антпесе, баркы кетчү таралат кеп,
Атактуу колбашчысын, өлтүрттү деп.

Туулган тирөөч болуп бул жалганга,
Түбөлүк жашай турган жок адамда.

Айткандай Олуя Ши, эрте-кечпи,
Акыры өлөрүбүз чындык дечи.

А демек акыл-эси жайында жан
Ажалдан корксун неге келе турган?

Өлүмдөн качты деген ойдо калба,
Өтөөчү көп ишим бар бул жалганда.

Жазмыштын шол буйругун аткаруу үчүн,
Жардамчың экениңди, зарыл билүүң.

А демек ханың менен мамилемди,
Айтарсың, үзбөгүдөй таап кепти.

Элиме жол тартайын, келе колуң,
Эсен бол көрүшкөнчө, Чжун боорум! —

Ошентип бөлүнүшүп Ачкайкыдан,
Ал экөө эки жака жол улаган.

Ошондон, көзү өткүчө бек Арстан,
Жобгусу Боханьнанын 26 деп аталган.

Түргөштөр, көзү өткөн соң Айкөл Шердин,
Таруудай чачыраткан курама элин.

Кекенген Сулуу ханга бек Арстан
Кутумду пайдаланат көнүп алган.

Барс жылы, мүчөлүндө Сулуу хандын,
Билгизбей түн койнунда алып башын;

Калтырып башсыз денин, түнү менен
Кутуму бек Арстанга берип ийген.

А бирок, ордун баскан Сулуу хандын
Артында калган уулу Туткажандын;

Акылы, эрдиги да атасынан
Артыкча жаралганын баамдаган;

Бек Арстан кутум эмес, Кашкар хандан,
Бел куда түшүп барып, сурайт жардам:

— Айтылуу Эл-Төрөнүн сан байлыгын
Ээлеген түргөштөрдүн кылсаң тындым;

Барсхан, Суяб, Нускет, Талас толук
Багынат баш көтөргүс кулуң болуп.

Ал эми Даван, Алай мен турганда
Тийиштүү толук бойдон, Улуу ханга. —

Тилинен бал тамызып бек Арстан
Тигинин көөнүн шунтип бийлеп алган.

Кол курап тандалмалуу жоокерлерден
Кашкар хан түргөштөрдү чапкан экен.

Жебеси Согду хандын таап жазат,
Сулуунун Туткажаны туткундалат.

Аскердик дарамети Туткажандын,
Арбаптыр эр көкүрөк Кашкар ханын.

Көк жалды тааный билген Улуу ханга
Кашкар хан Туткажанды тартууласа;

Ордумду хан сарайда бекемдейм деп,
Оюнда Фумын Линчо ишенет бек.

Болжолу кашкарлыктын чыгып туура,
Белеги жаккан экен Улуу ханга.

Улуу хан Туткажанды Тухо-сянь деп,
Урматтап жарым хандын ченин берет.

Атакты ыйгарганы менен ага,

А бирок, бийлик бербей караманча;

Кармаптыр арстандай капастагы,
Кайтартып чаптырмакка элин аны.

Тогуз жыл өткөндөн соң, чычкан жылы
"Тындым кыл" деп жиберет бек Арстанды.

Кытайдын сарайында бек Арстандын
Кутуму, билдириптир иштин жайын.

Белинен Канжыганын, Туткажандын,
Бек Арстан жолун тосуп, алат башын.

Бир кезде Акдербишти жолуктурган
Баасыз хан Дулдул аттан тукум алган;

Баягы Акүңкүрдү, бек Арстан,
Баштардын сакталучу жайы кылган.

Кесилген Туткажандын башын алып,
Кеч бешим Акүңкүргө жете барып;

Үйүлгөн нечен эрдин баштарынын
Үстүнө таштап башын Туткажандын;

Албарсын алып кындан, чаап ташка,
Аны да ыргыткан соң үймөк башка;

Кош колун көккө созуп, тизе бүгүп,
Каргаптыр өзүн өзү мына минтип:

— Кудурет! Адамзаттын түсүн кийген,
Кыязы болсом керек жаналгыч мен?

Аралаш касташыма кандаштардын,
Карачы, кагыратып үйдүм башын.

Азаймак түгүл бирок, күндөн күнгө,
Арбыды адамдарга кегим ичте.

О Теңир! Кимдин өчүн алдым кимден?
Ошону айрый албай турамын мен.

Башында, түлкүгө окшоп, азилердин,
Буга да, тигиге да бүгүлгөнүн;

Саткындык кылышканын жектегенден,
Сазайын колдоруна берсем дегем.

Анымдан пайда эмес — таап зыян,
Айрылдым тирек туткан жакындардан!

Шондон соң, чындап анан, кек куушума
Шартдагы, ыңгай дагы, келди туура.

А бирок өздөн, жаттан алам деп кек,
Арман ай, бириндөөгө болдум себеп!

Тараган бүт тукумун Ууз хандын
Түндүгүн бир кылууга көргөн камдын;

Бөлүштүм оор жүгүн деген ойдо,
Билбепмин түшкөнүмдү түпсүз орго.

Алам деп кумалакты карындагы,
Аттигин, чиритипмин куйган майды!

Бул буйрук, бешенеме өзүң жазган,
Барамын тозогуңа жалтанбастан.

Кең пейил, кечиримдүү, Кудуреттүүм!
Кабылда көрпендеңдин бир тилегин!

Баймырза, Көкө абам, Айкөл Шердин
Билемин арбактары тирүү экенин.

Арбагы асылдардын, бек Арстандын
Ак кызмат өтөймүн деп адашканын;

Алганын моюнуна, укса экен деп,
Акыркы зар тилегим турам тилеп.

Ак кызмат өтөп келген бул үңкүргө,
Алынган баштар толду ушул күндө.

Куураган баштар менен кошулуп мен,
Кудурет, тозогуңа бирге түшөм. —

Боздогон Тайчы Арстан басып үнүн,
Бир кезде Хао аярдан үйрөнгөнүн;

Кунт коюп, шашылбастан, жасап бүтүп,
Үңкүрдүн жарылуусун калды күтүп.

Комузун койнундагы колуна алып,
Коштоптур муңдуу күүнү добуш салып:

"Кудурет сырын купуя катып,
Күн кечкен тукум кылымды артып.

Курушуп чепти урубас бекем
Күтүшкөн кароол — карышкыр иттен.

Ачыкка сыры чыккыча алар,
Асырап баккан арыбас Тулпар.

Арман ай анан аралап шайтан,
Ачылды сыры кылымдар каткан.

Ажырап Дулдул-Тулпардан эли,
Андан соң кыйрап урабас чеби.

Каны жоо кытай калкына эми,
Карамдуу болуп калышты эли!

Тамыры калса өнөр деп бир күн,
Тартынбай дарак бутагын кыйдым.

Калк камын көргөн калбады жакшы,
Кагырап жатат саткындар башы.

Үңкүргө үйдүм саткындар башын,
Үнүм ук, Теңир, мен дагы саткын.

Көзүмдөн аккан армандуу жашым
Көл болуп түпсүз сырымды катсын!

Үйрөнгөн Хао аярдан дуба
Үстүмдө тоону уратат, мына!

Кагырап жаткан куу баштар менен
Көмүлсүн бирге күнөөлүү денем!.."

Боздогон армандуу үн, комуз коштоп,
Бир ирмем убакытта калды токтоп.

Дүңгүрөп жер силкинип бир нече ирет,
"Дүңк" деген добуш чыгып жер термелет.

Тоо урап, из да калбай Акүңкүрдөн,
Тайчыны баштар менен бирге көмгөн.

А бирок "Арман күүсү" көмүлбөстөн
Айтылып эл ичинде кала берген.

"Арманы бек Арстан Тайчынын" деп,
Артында калган уулу Сеид чертет.

А балким эл ичинде азыр дагы,
Айтылып же чертилер ал "Арманы".

Азыркы күндө "Бекарстан Тайчы", "Бекарстан ташы" деген күүлөр көбүнесе түштүктө арбын чертилгенин билип калдым. Муну Акылдын уулу Шаазада магнитофонго жаздырып угузду. Мага таасир эткени Карамолдонун черткен варианты болду.

Чырагым, доорубузда биз жашаган,
Эл, жердин жөнүн айтып жатып анан;

Эскерип бек Арстанды жөнсүз эле,
Эмне үчүн узун сөзгө кирди дебе.

Айтканым, урпактарым, чеки көрбө.
Антүүмө себеп болгон жалгыз нерсе.

Жазатын нечен кылым мурун тапкан,
Жолугуп тирүү арбакка анын айткан;

Баянын төкпөй-чачпай урпактарга
Баяндап бере турган адам чанда!

Төрөлсө андай адам кайсыл элде,
Төгүлөт ошол элге — Кут-береке!

Ал кутту калк токтотуп калабы деп,
Арбактар турган кези убайым жеп.

Жарыгым, өткөн менен учур чака
Жапжалгыз көпүрөсүң ушул тапта.

А бирок, алмуздактан ушул күнгө
Адамдын күчү жетпес түшүнүүгө.

Тирүүлөр баалап бербес накта баасын
Баа жеткиз, арбак үчүн, асыл затсың!

Кезинде сырын ачар ичке каткан,
Көөнүнө төп келчү жан жоктугунан;

Көмүлгөн өзү менен сырды айтканга,
Карегим, куштар эмес, кимдер кана!

Кырааным Арстан бектин ким экенин?
Калкымда кандай айтат, так билмеймин.

Ал эми бек Арстанды, Жезтаңдайдын
Айтпасы дастанында, мага дайын.

Анткени, тирүүлүктө көөнү анын
Абыдан калгандыгын баамдаймын.

Жан-досу, ал экөөнүн түбөлүктө,
Жолугуу мүмкүн эмес азыр деле.

Салмагы Журт жүгүнүн, бек Арстанды
Саз жайдан бошотподу али дагы.

Бошонгон бар милдеттен толук мага
Бул жагдай маалим болот учурунда.

Өтөдүм журт мүдөөсүн деген ойдо
Өзүнүн баткандыгын билбей шорго;

Кетирген кемчилдигин бек Арстандын,
Кеп салдым, кечирсин деп, урпактарым!

Жай алсын түбөлүктөн жан-досу деп,
Жарыгым, дуба айта жүр, тилек тилеп.

Карегим, Эл-Төрөсү Айкөл Шердин
Кезинде үзөңгүлөш болгон эрдин;

Кемчилин кече билип, артык жагын
Калайык таразалап баалап алсын.

Ал азыр бурган жерден сөздүн нугун
Арылап узартайын, көөнүң бургун.

Ой-пикирлер