Кирүү

Кыргыздардын каада-салттары. Кудалашуу

Кыргыз элинде кудалашуу көбүнчө эки киши дос болушуп ысыксырашып жүрүп балдары эң эле жаш кезинде кудалашат.
Кудалашуу: эркек баланын атасы алдуу киши болсо бир тогуз мал менен кыз атасына куда түшөт. Баш аттын башына, көкүлүнө тутам кебез байланат. Бул кишинин (куданын) досу, кудасы бирден бодо кошумча кылышып, куда болушуп бирге барышат.Зайыптар да кудагый болушуп, малдар союп бышырып барышат, кыз атасы да мал союп, аш тамак даярдап, эл чогулуп тоюн жешет. Кыз атасы да тогуз малга тогуз чапан кийит кийгизет. 2—3 тогуз мал менен куда түшүлсө, анда кыз атасы да ошол санда баалуу ичик, дейилде, кымкап тондордон катыштырып кийит кийгизет. Мал кошумча кошкондор да бирден чапан алышат.
"Күйөөнүн аты ким?" — деп кыз атасы жагы сурайт. Күйөөнүн аты айтылып бир атты күйөөнүн атасы бермекчи болот. "Кыздын аты ким?" экен деп уулдун атасы жагы сурап, кыздын аты айтылып, кыз атасы бир чапанды бермекчи болот. Уулдун атасы куда менен көпчүлүктүн алдында ордунан туруп кыз атасына карап, эки колун бооруна алып "кулдугум бар" деп баш иет. Кыз атасы: "кулдугуң кудайга" деп жооп кайтарат. Жалпы көпчүлүк бата кылып куданы аткарат.
Кыргызда кайсы бирлери уулу, кызы бойго жеткенде кудалашат. Мындай учурда көбүнчө күйөө кызды көрүп жактырганда гана, аталары кудалашат.
XIX кылымдын 60—70жылдарына чейин күйөө кызды ала качуу деген бир да болбогон. Эгер кокустан бир ала качуу боло калса, эки айыл же эл жасоо курашып жылкы алышып, эр өлүшүп чоң калба чыккан.
Кызга куда болууга арачы болуп баруучу киши "жуучу" деп аталат. Элчиликке өлүм жок, Жуучулукка кордук жок — деген ылакап сөз бар.
Эскертүү: Кудалашууда өз теңине карап кудалашкан. Мисалы: бай, жарды ж. б. дегендей. Кызда эрк болбостон атасы билген. Кыз — буйлалаган төө болот деген да, кызды атасы тилеген кцйөөгө берген. Кудалашкандан кийин өлцм өлсө, балалуу болушса кошумча, асабата, жентектери цзцлбоствн болуп турат. Кцйөөнцн атасы кыз атасына ар жылы кышында согум деп мал берет.
Күйөөлөп баруу (жүз көрүшүү) — күйөө менен кыз чоңойгондо күйөө кызга күйөөлөп бармакчы болуп, жанына бир күйөө жолдош алып, мал коштоп, койдун этин жана жер жемишти куржунга салып күйөө жолдош байланат. Күйөө кайын атасынын айылына барып кабакка түшүп отурат. Күйөө келиптир деп кабар болгондо айылдан эки бала келип күйөөлөрдүн аттарын минип чаап айылга барганда, айылдагы зайып балдар келишет. Күйөө ордунан туруп баш урунат. Күйөө жөө басып барат. Келинкыздар күйөөнүн үстүндө оюнтамаша кылып отурушат. Карангыда кызды алып келип үйдүн тешигинен күйөөнү шыкаалатып кызга корсотот да кайра алып кетет. Кайын жеңелери күйөөдөн жүз көрүшүү деп бул алат да, кызды күйөөнүн үстүнө киргизип бирге тамак жедирип отуруп, кызды кайра алып кетишет. Кыздын атаэнеси да күйөө баланы шыкаалап көрүшөт. Эртеси күйөө менен күйөө жолдошуна чапан кийгизип аткарат.
Үй жанына баруу — күйөө жолдоштору менен малдарын коштоп барып кабакка түшөт. Зайыптар баягыдай күтүп алышат. Күүгүмдө күйөөнү кайын атасынын үйүнө алып барып, тешиктен шыкаалатып кайын ата, кайын эне бардыгы таанытылат. Зайыптар мында да көрүмдүк алат. Күйөөнү мейман үйүнө алып келип, кызды да алып келип, жене зайыптар "женетайыбызды" бер деп доолап алышат, кыз менен күйөөнү бирге жаткырышат. Бирок кыз күйөөгө көңүл салбайт.
Эскертцц: мындан кийин күйөө канча келсе да кызга чындап катыша албайт.
Такыя саюу — күйөө мал жетелеп, жолдоштору менен баштагыча барат да, баштагыдай күтүлөт, бирок мында эл коп чогулат. "Такыя" деп типтик кылып, төбөсүн асыл буюмдар менен тыштап, бермет, шурулар бастырган, кыз муну кийип, такыянын үстүнө шөкүлө кийип кыз кашкайып отурат. Зайыптар, кыз, келиндер кыздын жанында толуп "бек отур" дешет. Күйөөнүн жанында азаматтар толуп "түз сая кор!" дешип отурушат. Күйөө колуна бир узун таяк алып шыкаалап туруп такыяны саят. Жаза сайын калса күйөө "комутта калдым, кайта саям" дейт. Бир комут ат берүүгө милдеттенет да жана да саят, эгер сайбайм десе сайбай эле коет.
Кыз куудуруу — айтта күйөө малдар жетелеп келип күйөөлөп жатат. Эл эң коп чогулат. Адегенде "шайтан мойнун сындыруу" делип бир зайыпты күйөө жолдошко куудурат. Андан кийин күйөө жактын кадиктүү бир атын кыз жак жыгып алып кызга мингизип, күйөө кыз жактан бир атты кадыр салып сурап алууга акылуу. Бир киши кызды коштоп чыгат да, күйөөгө куудурат. Жетсе күйөө кызды камчы менен далыга бир сылап өтөт. Жетпей калса дагы кууйм десе, бир ат берүүгө милдеттүү болуп кууйт.

Ой-пикирлер