Кирүү

Кыргыз качан мусулман болгон?

Кыргыз качан мусулман болгон?

Тарыхта кыргыздын качан мусулман болгону анык эмес. Мусулманчылыкты Орто Азияга арабдар ээрчите келип, элди, жерди, шаарды каратканына ыраазы болбостон, мусулманчылыкты таратууга аракет кылышкан. VIII кылымдын ортосунда Амир Темир Кашкарга жете барган. Ошол чакта андагы эл мусулман динине кирбесе да, мусулманчылыктын таасирине өткөн деп айтууга мүмкүн. Тарыхтын кабарына караганда 960-жылдагы Кашкардагы караханилердин падышасы бүткүл Орто Азияны Хивага чейин алып, Өзгөн шаарын борбор кылып турган. Сатык, Бугра хан заманында Орто Азияда 200 миң үйлүү киши мусулман болгон. Сатык, Бугра хан өзү түшүндө Мухамбетти көрдүм деп, өзү динге кирген. Күн чыгыш калкындагы расим — эгерде падышасы динге кирсе, кол алдындагы элди күч менен бирге киргизгени көбүрөөк учурайт. Орто Азияда 1044-жылы 10 миң үйлүү түрк мусулман болгон.

X кылымда Бухарадан Кытайга саякат кылган Саям (Жаан кезүүчү) Небадулевдин кабары "мусулман болбогон кыргыздардын өз дининче тизмелер (теспе) окуганын көрдүм" деген мусулман болбогон кыргыз дегенине караганда ал заманда кыргыздан мусулман дининде барлыгын көрсөтөт. Буга дагы бир далил — бир кабарда мындай деген: араб­дар күн чыгыш Жавропанын соодасын өз колуна алган соң, уйгур мамлекетин бойлой Кытай менен соода жүргүзгөн. Ошол чакта кыргыздар араб соодагерлерине жардам көрсөтүп, араб кербенине каршы чыккан уйгур жана башка көчмөн элден аларды сактап турган. Кыргызга арабдар айырбаш соодасын .жана мусулманчылыкты ала келген дейт. Чынгыз хандын Жагатай деген баласынын тукумунан Токтук Темир 1348-жылы Орто Азияга падыша болгон. Көбүнчө Жети Суунун күн чыгышы менен Синцизианга өзү мурун шаманий дининде болуп, соңунда 24-жашында мусулман динине кирген. Жогоруда айтып өткөндөй, бул кабарга караганда эгерде падышасы мусулман динине кирсе, анын букара эли дагы динге кирбеске чара жок. Ошонун мисалы, кыргыз дагы анын заманында динге кирмеги мүмкүн.

Кытай кабарына караганда, 1408-жылында Жети Сууда ойрот жана мусулман көчмөн тиккени боз үй, ичкени кымыз, жегени эт түрк эли турат деген. Токлук Темирдин баласынын баласы Моголстандын 1416-жылында өлгөн Мухамбет деген ханы өз кол алдындагы элди мусулманчылыкка күч менен киргизген. Башына селде салынбаган киши болсо башына мык каккан. Азыркы түн жак Кыргызыянын жери анын кол алдында болгон. Атбашыдагы Ташрабатты ушул Мухаммет салдырган. 1505-жылындагы Ысык-Көлдөгү кыргыз ханынын аты Мухамбеткайдар болгонуна караганда, анын өзүн жана элин мусулман болгон деп айтууга мүмкүн. Бирок тарыхчылар ал кыргызды мусулман болбогон дешет. Эгерде Ысык-Көлдөгү кыргыз шамани дининде болсо, Тагай мусулман боло туруп, шамани болгон кыргызга көчүп келбесе керек эле. Жана мусулман болбосо мусулман ханы Рашит кыз бербейт эле. Азыркы Лейден университетинде сакталган кол жазмада 1582-жылында кыргызды кафыр эмес, мусулман деген. Буга караганда аларды анык мусулман болгон деп айтууга мүмкүн. Бирок көпчүлүгүнөн эски шаманилик таасири калбагаы.

Стамбул түркү Сайхи деген 1582-жыл жазган китебинде: "Казак мусулман болуп, анапия мазабынан саналып, кыргыз кафыр дагы эмес, мусулман дагы эмес", — деп жазган. 1635-жылында Тажикстанга (Ыссар) Каратегинди басып барган 12 миң түтүн кыргызды өзбек тарыхчысы Махмуд Валийинин айтуунда кафыр деген. Мунун билбей жазган себеби, эгерде ал кыргыздар кафыр болсо, шаманилик диндеши калмактан качып, мусулман мамлекетине барбас эле. .

Карыялардын кабарына караганда, кыргыздар мурун мусулманбыз деп эсептелсе да, Анжиан, Алайга качып барганда (1685—90) мусулманчылыктын жолуна чындап түшкөн, — дейт. Мунун чындыгы — кыргызда араб аттары бирин-серин ошондон башталат.

Менин пикиримде, кыргыздын мусулман динине киргени X кылымдан башталып, мусулманбыз деп айткан менен абыдан мусулман болбостон, көбүнчө шаманилик таасиринде болгон.

Кыргыздын мусулман динин күчөтүп кетпеске себеби:

1) Кыргыз көбүнчө могол-калмака карап, букара болуп туруп, алар менен өтө аралаш туруп жана сөөктөшүп кеткендиги.
2) Көчмөн болгондуктан мечит, медиресеси жок болуп, балдарынын дин тууралу тарбия албагандыгы.

3) Мусулман мамлекеттери менен дайым жоо болуп, алардан мусулмандык таасирин албагандыгы.

4) Кандай гана болбосун динге кыргыздын салкын көз менен карагандыгы.

5) Энисейден, Алтайдан бириндеп келип турган кыргыздар шаманиликте болгондуктан, анын таасири мындагы кыргызга тийгендиги.

6) Орус оторчусу келбестен мурун түн жак Кыргызияда жазуу билген бир дагы кыргыз болбогон.

Намаз окуганы миңден бири болгон. Айт намаздарына түшпөй калса, 40 кара таш оодарып койсо, намаз окуганча болот экен деп, кырк кара ташты оодарып жүрүп кеткен. Орус оторчусуна караган соң Казандан татар молдосу, Кашкардан уйгур молдосу, Ташкен, Ферганадан өзбек молдосу келип, кыргызга дин жолун билдире баштаган (орозо, намаз, үшүр, зекет, жаназа, доорон, нике). Орозону ач пайгамбар чыгарган экен дешип, күнгө көрүнбөй тамак ичсе, шаршат буйрат экен дешип, күндүз түндүгүн чылк чүмкөп алып, тамагын иче берген кыргыз көп болгон. Бир канчалык киши намаз окуса, Ихмам болор кишиси болбостон, жарыя окуй турган жеринде купуя окуган. Эмне үчүн жарыя окубадыңыз десе, ачык окуган мактанчылык дейт, ушул себептен ичимден купуя окудум дегени көп болгон. Кыргыз мусулман динине бошоң экенин билип, падыша заманындагы миссионерлер:

Остороумов, Червенский ж. б. кыргызды шамани дининде деп жазган. Уйгурлардын молдолору кыргыз арасында динди жетиштирерлик аракет кылгандыгы ошондон көрүнүп турат. Маселен, сарбагыш кыргызынын Түлкү Ныязбек уулу жайлоого, Текеске көчүп барганда 1875-жылы катын баласына, эл-журтуна коштошпостон, үйүндө соода кылып жүргөн уйгур, молдосу менен ажыга жүрүп кеткен. Кыргызда мындан мурун ажыга кеткен киши болбостон, бул окуя биринчи болуп эсептелген. Кашкарга жакын турган үчүн түн жак Кыргызияда, Атбашы районунда черик уругу кыргызда Кашкарлык молдолорунун таасири менен кишилеринин 40 процент аттарында аты Ахун коюлуп кеткен. Демек, кыргыз мындан нече жүз жылдар мурун (X кылымдан баштап), аныгы Адигине, Тагай туулгандан (146070) баштап мусулман динине кирсе да, аларда 1870—80-жылдар чамасында шаманидик, кутка табынуулук өтө зор болгон. Ошондо да өздөрүн чын мусулман деп билген.
1880-жылдарда кутка табынуу расими кыргыз арасында жана куттун барлыгы 10 процент бар экенин мен өз көзүм менен көрдүм.

Ой-пикирлер