Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак уулу (1866—1940)

Кыргыз элине таанымал чечен, куудул, акын Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак уулу Нарын областына, Жумгал районуна караштуу Кызыл-Туу айлында туулган.

Атасы өтө жарды адам болуп, ар кимдин отунун алып, коюн кайтарып оокат кылган. Куйручук да жаштайынан эне-синен ажырап, турмуштун көп оорчулугун башынан өткөрөт: 5—6 жашка чейин итий оорусу менен ооруп, бечелдиктин азабын көп тартат. Көкөйдү кескен жокчулук жаш кезинен жан багуунун түрдүү "амалдарын" үйрөтөт. Сураса бербеген байлардын сүттөрүн тушту түрүп, түтүк менен сонун ичип, эшикти бекитсе түндүктөн түшүп, эт, майын уурдап, таяк жеген учурлары кап болгон. Ал гана турсун куран окутабыз деп, бейитке келгендерди коркутуп, эт, ашка "карк" болгон күндөрү да эл оозунда алиге чейин айтылып жүрөт.

Мына ушундай "күлкулүү" көн окуялар оор турмуштун айынан улам жаралган эле. Куйручук жокчулукка аргй изден, жаш кезинде Токмоктогу өзбек, кыргыз байларында кеп жылы малай болуп, малдарын айдашып, Анжыян, Наманганга чейин барат. Кыскасы, кара курсактын айынан колдон колго өтүп, оор турмуштун запкыларын кеп тарткан. Ал же-нүндө акын бир ырында мындайча эскерет:

Оор болду кыэматым, Отун алып, от жагам. Эки катын тең жумшап, Басаган болдум жел таман. Үрүп чыгар итим жок, Куйручуктай жетимде. Алыман кабар алчу жок, Боломун кимдин эсинде
Бул ырдын мазмунуна караганыбызда Көкүмбай аттуу жумгалдык манаптын колунда малай болуп жүргөндө жанга баткан оор түйшүктү кошуп ырдаган көрүнөт. Куйручук Көкүмбай манаптын оту менен кирип, күлү менен чыгып, кеп жыл жүрөт. Анын сөзгө усталыгы, куудулдугу, ырга жөндөмдүүлүгү мына ушул убактан тартып эл оозуна алына баштайт. Ал жоро-бозолордо өзүнүн турмушу, бай-манаптардан көргөн кордуктарын узун саба к сөз кылып айтып, ырдай коюп жүдуруп, дасторкон салып коюп, кетип калуу менен өз манабын уятка калтырып, Көкүмбайды Керимбайдын алдында чоң доого жыгышы Куйручуктун эзүүчү таптарга карата жасаган маскаралоосу, шылдыңы эле .

Ушундай эле "жоболоңдуу" жоруктарын Шабдандын алдында да көрсөтүүдөн Куйручук кайра тарткан эмес. Муну анын чагылгандын жаркылдаганын пайдаланып, "Мени Шабдан ээрчитем деп, түбүмө жетти" деп, "жан бериши", ошону менен ага кун төлөп, уят болот экемин деп, Шабдандын Куйручуктун кара ашына даярданышы, аягында Куйручуктун кезектеги келеке кылган мазактоосу, шылдьщы экенин түшүнүп, бул окуяны оозунан чыгарбоону суранып, үстүнө чапан жаап, астына ат мингизиши 3 азыр да эл арасында айтылып
жүрөт.

Ошондой эле Канат хандын аты менен байланышкан Куйручуктун канча окуялары бар. Аларда да эл куудулу тайманбаган эр, ез билгенин бербеген, эл кызыгын жогору койгон азамат уул катары керүнет. Мисалы, бир чон ашта Канат күлүгүн сүрее үчүн Куйручуктун үстүне тон кийгизип, астына бир күлүгүн мингизет. Бирок Канаттын кылычынан, кандуу камчысынан коркпостон маарага жакындап калган ез уруусунун атын сүреп, чыгарып алат. Канат хан жазалай турган болуп, калыска түшкенде "ез жерин, элин сыйлабас адам болбойт" — деп, жүйөөлүү сезүн айтып кутулуп кетет. Ал эми атама аш беремин деп айлындагы бай-манаптардын самоорлорун, чыны, аягына чейин жыйнатып алып, байгеге сайып жибериши эле анын жалтанбаган курчтугунун, эрдигинин ачык күбесү.

Демек, ушул белгилүү манап, болуш-тардын аты менен байланышкан окуялар эле Куйручуктун эч нерседен тартынбаган, мансабынан калтырабай кергенүн ачык бетке айткан курчтугун, керек болсо келекелеп, ашкере-лееден кайра тартпаган тайманбас эрдигин ачык айтып турат. Бай-манаптарга, бий-болуштарга анын курч, куйкумдуу сездерү чагылгандай тийип, ар кандай жыйындарда кепчү-лүк элдин кезүнче аларды сезге селтүк, кепке кемтик кылып, чечендиги менен мыскылдап, кадыр-баркын кетирген. Бирок алар бийлик колдорунан келип турса дагы, кепчүлүктүн ке-зүнче дайыма эле ага каршылык керсетүп, жазалай алышкан эмес. Эгерде кызыл камчыга алышса, Куйручук алардын абийирин узун элдин учуна тегүшү мүмкүн эле. Эң негизгиси Куйручукту эл сүйүп, кадыр-барктаган. Угуучулар да, келет" — дейт молдо.

Куйручуктун куру да жок болуп чыгат. Дароо эшикке чыгып, көчөдөн өтүп бара жаткан кисе байлан-ган казакка чепкенин карматып коюп, "жума намаз окуп чы-га коёюн — деп, кисеси бар курду башына байланып алып, мечитке кирип кетет. Кисеси бар курда бычак, устарадан баштап барлык шайманы толук болот. Элдин катарына туруп, жыгыла баштайт. Жыгылган сайын кисе шарактап, катарда-гылардын күлкүсүн келтирет. Алар күлкүлерүнө чыдай албай эшикке чыга качышат. Ошентип намаз бузулат. Ошондо ымам: "Намазды бузуп, чон күнөөгө баттыныз. Башыңызга эмне байлап алгансыз"— десе "Өзүңүз башынызга кур болсо чалсаныз болот дединиз. Мен бирөөнүн киселүү курун алып, чалдым. Айтканьщызды иштедим. Мен эмес, сиз езүнүз күнөөлүсүз" деп, аны кайра сөзгө жыгып, чалмасын алып кетет". Бул окуяда анын куудулдугу, тапкычтыгы же-нүндө гана сөз болуп жаткан жери жок. Ал динди, анын та-бынуу жолун шылдындап, ошону менен катар дин өкүлдөрүн да келекелеп жатат.

Ал эми "Сооп издеген молдо", "Өлүк менен курөшкөндө", "Битирди ким алат" өңдүү эл оозунда ай-тылып жүргөн аныздарынан анын дин жана дин өкүлдөрүнө жасаган мамилеси дагы ачык көрүнет. Анда өз өмүрүнөн эмес, башка биреөнүн өлүмгө сойгон тамагынан сооп издеген сопунун ачкөздүгүн, алдамчылыгын катуу сындайт. Демек Куйручуктун каракгы элди бай, манаптарга кошулуп талап жаткан дин өкүлдөрү — кожо, молдолор деген адилеттуу оюн гана атеисттик мазмундагы окуялары менен гана эмес, анын ырлары, айтыштары да кеп жагынан толуктап, Ырастап турат. Элдин карангылыгынан, түркөйлүгүнөн пайдаланып, арзанды кымбатка сатып, кембагалдардын акыркы оокатььн талаган кызыл кулак соодагерлерди, алып сатарларды да Куйручук куйкум сөзү менен кеп келекелейт.

Дагы сунуштайбыз