"Келиндин аягынан - койчунун таягынан"
"Келиндин аягынан - койчунун таягынан". Турмуштун жолу ушундай, келин алуу, кыз чыгаруу, тиричиликти жандандыруу, тукумду улоо аракеттердин башаттарынан болуп саналат. "Кызым кандай жерге барат, кандай бүлөгө тушугат. Уулум кандай келинчек алат"... Мусулманчылыкта мурунтан эле "маңдайга жазылды" - деп коет. Келиндин жагымдуулугу, шайдооттугу, төрөп-түшүп, ак этек басып, жабылуу ак инген аталышы - эки тараптын бактысы, таалайы. Бул көңүлдөрүнүн тынгандыгы, сый-урматка эгедер экендиги. Кудалар бири-бирине кадыр-баркы артылганы. Бирок, макал отмо мааниде башканы түшүндүрүүдө. Келген келин анчалык оор басырыктуу болбосо, желпинип айылчы аталса, аягы жер баспаса, жургон-турганы суюк болсо, желдүү көрүнсө, айыл ичинде тескери созго алынса, баарынан да, үйдөгү турмушта октум-соктум коп, чыгаша арбын болсо, ж.б. мүнөздөрү билинсе, мында уяттуу созго илинбейт. Койчунун куралы - ыргай таягы. Кээде ошол таяк сырдуудай каралат. Анткени мал-баш эсен болсо, толу эгиз, жүнү тегиз делсе, койчунун кадыр-баркы артылат. Таяк ак жолтой туюлат. Кеп төркүнүн элей келгенде ушундайча кабыл алуубуз керек.
- Төө сойсоң да барбайм
- Көчүп кетүү
- Кыргыздардын каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ
- Күн тийген жердин чоросу
- Калта кагаар