Кирүү

Этнография

Этнография (гр. ethnos – уруу, эл жана grafo – жазуу, жазып чыгуу), элди изилдөө – этностук бирикмелердин турмуш-тиричилик жана маданий өзгөчөлүктөрүн, элдердин келип чыгуу (этногенез), аймактарга жайгашуу (этногеография) жана өз ара маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим. Этнография өз алдынча тарыхый илим катары 19-кылымдын ортосунда эволюциялык мектептин пайда болушу, Л. Г. Моргандын изилдөөлө-рүнүн, Ф. Энгельстин алгачкы жамааттык түзүлүшү жөнүндө эмгегинин жарык көрүшү менен калыптанган. Этнографиянын өнүгүүсүнө бир канча мектептер (эволюционизм, диффузионизм, функционализм, структурализм, маданий релятивизм жана башкалар) өз таасирлерин тийгизген. Россиядагы Этнографиянын өнүгүшүнө Н. Н. Миклухо-Маклай, М. М. Ковалёвский, Д. Н. Анучин жана башкалар зор салым кошушкан. Кыргыз Этнографиясы тарых илиминин ичиндеги эң жаш тармак. Алгачкы этногр. баяндамалар 19-кылымдын 2-жарымынан орус саякатчылары, географтары, миссионерлери тарабынан топтоло баштаса да, 20-кылымдын ортосунан тартып өзүнчө илимий тармакка айланган. Аны өнүктүрүүдө С. М. Абрамзондун, К. И. Антипинанын, Т. Ж. Баялиеванын, Б. Алымбаеванын, И. Б. Молдобаевдин, Этнография Сулаймановдун, А. Ф. Бурковскийдин, А. Жумагуловдун, Б. Акмолдоеванын, К. Малтаевдин, А. З. Жапаровдун ж. башкалардын эмгектери зор.

Ой-пикирлер