Кирүү

Эшек курту мурундан түшүп

Эшек курту мурундан түшүп. Бул - адамзат пендеси аянычтуу абалда калуусу. Чамгарактап, эч жанды тааныбай тургандын жиңки-ни сооло түшүүсү. Сыңар туяктуу жаныбарлардын каңыл жеринде курту болот имиш. Ошол жоголгондо эшек оюн сала албай калат -деген етмо маанидеги ишеним бар. Таарынчак.

"Лахол менен жер көчкү,

Жайма-жай болуп эл көчтү.

Таарынсаң жазып алаармын,

Башкага көңүл бербечи" (эл ыры)

Бул айрым адамдардын жекече мүнөзү.

Биринчиден, жакынына кыйбасадамдарына, "таарынычты туят, билет" дегендерге таарынуулар болот.

Экинчиден, заманага, ез тагдырына таарынуулар бар. "Зарлантып мени койдурган, заманама таарынам" (Токтогул).

Үчүнчүдөн, атактуулар, чыгаандар чындыкучурунда бааланбай калуулар, башкалар ашыра баалангандыгы үчүн өзү жашаган коом-го, доорго, улуктарга таарынуулар болуп келген, боло берет. Мында бирөөлөрдү баса, бирөөлердү аса кароолордун кесепетинен ушун-дай абалга тушугат.

Төртүнчүдөн, тим элё обу жок, болбос жерден жукалык кылып таарына берүүлөр бар.

Түшүнөн чочуу. Адатта, түшү жакшынын иши жакшы дейбиз. Түш көрүүбүз, аны жоруубуз, түшүнө ишенүүбүз еңцүү көрүнүштөр -жеринен жөрөлгөлүү. Айрымдар түшүн кадимкидей кармайт. Аны белги катары сезет. Жекече ишенимден улам коргоп, түшүнө сүйүнөт же күйүнөт. Мында етме мааниде алганда өзүнүн жүрүш-турушунан пайда болгон терс керүнүштү түшүнен чочууга жоруй коюшат.

Чакмак алуу. Бул - айрым адамдардагы терс мүнөз, ыза кылу­усу. Т.а. жекече ар-намыска доо кетирүүсү. Чакмак - балдар оюну. Жети таштан турат. Жети ташты жогору калчайт. Жерге түшкөнүнөн тандап, бирөөнү так ейде ыргытат. Жердеги таштарды бирден да, экиден да, үчтен да тобу менен да уучтап, алиги ыргыткан ташты тосуп алат. Бирөөнүн жашоо-тиричилигине чакмак таштай оюн, ке-леке кылуулар, өйдө-төмен калчоочулар бар. Терминдин етмө маа­ниси мына ушуну түшүндүрөт.

Кирди кол. Бул да терс маанини түшүндүрөт. Жегичтерге кара­та айтылат. Адатта, колду дайыма таза тутуу зарыл. Ал эмнелерди гана кармабайт. Дасторкон четине отурууда же үйгө кирүүдө атайын кол жуулат. Албетте, тазалыкты элибиз ар дайым сүйүшөт. Мында кеп маанисинде отмо ой жатат. Айрым кара жемсоо адамдардын арамдыкжагына малынуусу, ортолук мүлктү, бирөөлөрдүн убалына карабай чеңгелдөөсү, беш манжасын матыруусу, адалдык менен арамдыкты айра тааныбай калуусу ж.б. касиеттери тууралуу отмо маанини түшүндүрүүсү.

Тебетей катын. Бул терс адаттардан. Кээ бир эркектердин жагым-сыз көрүнүштөрүнөн. Тебетей - эркектердин баш кийими. Аны жылдын торт мезгилинде кийишет. Жоолук-зайыптардын баш кийими. Муну да ургаачылар баштарынан түшүрбөйт. Баш кийимдери аркылуу эр-аялдын сапаттары аныктапат. Эркектер сырткы жумуштарга, аласа-бересеге че-гилген. Үй оокатын эпке келтирүүсү аялдарда болот. Мына ушундай ботөнчөлүктөрү менен үй-бүлө турмуш-тиричилиги оз нооматында жүрөт. "Тебетей катын" отмо мааниде айтылууда. Т.а. өзүнүн орунун жарытпай отуруп, аялынын ички иштерине кийлигишкен, жыра тапашкан, ар-намы-сы жок, тебетейи гана бар, тайкы эркектерге карата айтылууда.

Түпкө жетээр. Кыргызда "туп тутаар", "туп тутуу", "түптүү адам-дар", "түпкүлүгү мыкты" ж.б. ойлор айтылат. Демек, түп-уюткулуу келе жаткан байлык. Т.а. байлыктын аркасы аркылуу келе жаткан дүр-дүнүйөсү, көр-дүнүйөсү.

Ой-пикирлер