Кирүү

Ээн ооздук

Ээн ооздук. Бул - "ачык ооз - ач кыйкырык" (эл сөзү) адам­дардын мүнөзүндегү маданиятсыз көрүнүштөрдөн. Мунун экин-чи мааниси алпооздук. Айрымдар оозунан чыккан сездөрүн да баамдай албай калуучулугу жеринен адатка айланган. Андай ка-сиеттерине биротоло көнүмүш кылуучулугу, бийлик жээлигиси аркылуу кээде андай терс сапаттарын езү да баамдай албоосу. Качан айтып бүткөндөн соң "Мен эмнени айтып салдым?" - деп селт эте түшүүсү. Алпооздук - ээнооздук мансапка мае болгон, ашынган улуктарда, жетекчилерде арбын кездешет. Советтик доордун кийинки чактары компартиянын мурунку курчтугу мизи-нен тайып калганда, андай алпооз партократтар оозуна келгенин ойдогудай оттошкон. Жеке базардык акыры ээн ооздукка барып такалат. "Колхоздун козусу өлгүчө, сенин балаң өлсөчү?", "Ко-омдук малды жегиче, балаңдын боор этин жебейсиңби?"...

Мын­дай алпооздук райкомдун, обкомдун катчыларынан чыкканына уюткулуу журтчулук күбөдүр. Бул элдин үшүн алуу ыкмасы эле. Таякчан өлөсөлүү карыяларды чогултуп алып: "Тоют топтоо өнөктүгүнө жапырт аттангыла, бир тал чөптү жулуп жатып, кый-шая кетип, жан берсеңер партия силерге ыраазы болот. Ошондо бейишке чыгарсыңар" - дептир. Карыялар "Макул" болушат. Жыйындан тарашат. Оо, бир нече күндөн кийин алиги "чоң" ке-латса, эшектерин минип алып, жоон топ абышкалар каркырадай баратышат, "Чоң" алардын алдын тозоттоп чыгып: "Өнөктүк мин-тип, кызуу жүрүп жатса, карт кулжалар шашып, кайда бара жата-сыңар?" - деп, машинасынан атып чыгат. Анда карыялардын бироо эшегинин оозун тарта калып: "Баягы абышкалардын бири чоп жулуп жатып эле, жан таазим кылды, ошого топурак салганы баратабыз" - дептир. "Эл эмес экенсиңер" - деп машинасына отура калат. Корее, ал карыя Кетмен-Төбөлүк Чоңко экен... Ээн ооздук кийинки чейрек кылымда журт башында тургандарда ото эле өкүм сүрүп кеткен... Шордуу эл мындайларга да моюн сунуп келишпедиби!?

Ой-пикирлер