Суу болуу, суу кылуу
Бул - убара кылуусу, убадада турбоосу, улам соз эмизип, кайра-кайра каттатып, жадата берүүсү, жадатып бүтүүсү. Соз маанисине келеек ушундай жагдайлардан улам кыргыздар негизи аласа-бересесин так, топ алып жүрүшкөн. Аралары-нан айрымдар бироолордун малын, акча-тыйынын, буюм-кечелерин ж.б. ларын бербей коюшат. "Келип алдың, келип бер", бул - ички мыйзам. Ага карабай аласа учун берген жерине бара берүүгө туура келет. Ошол шартта тоо-талаада, жаанда калат, шөмтүрөп суу болот. Аласасы дагы тийбейт. Отмо мааниде "Атаң кору, ай, суу бол-дум, суу кылды" - дейт. Аласасын алалбай жүргөндөр ушул туюнт-маны кайда журсо да айтат. Образдуу түрдө "Суу болуу, суу кылуу-нун" төркүнү мына ушундай баяндалат.
- Түлкү кумар ойнотуу
- "Кыз кыздай, кыш кыштай болсо"
- Санжыра чечүүнүн үлгүсү
- Баш кесмек бар, тил кесмек жок
- Секелек кыз
Ой-пикирлер