Кирүү

Барпы Алыкулов. Карай көз

Белдемчиң кара кундуздан,
Урууң Бообек мундуздан,
Көзүң тунук, Карай көз,
Асманда чолпон жылдыздан.
Өзүң тунук, Карай көз,
Суу аласың авиздан1
Сөзүң ширин майиздан.
Суу алган жериң Ташбулак,
Таза боюң кулпурат.
Кулпурган бойлор сиздики,
Кусадар жүрөк биздики.
Кулпурушуң кундуздун
Баласындай Карай көз,
Курма өрүктүн ичинде
Данасиндай2, Карай көз.
Ачылышың кызгалдак
Лаласындай3, Карай көз.
Бетиң жарык чырактан,
Безилдеп ырдайм ыраактан.
Илативаң4 тилладан,
Дагыңда күйөт кыйла адам.
Сулуу жубан экенсиң,
Суктантып коёр бекенсиң?
Жакшы жубан экенсиң,
Жаңшатып коёр бекенсиң?
Ырдатып жүрүп кишини
Какшатып коёр бекенсиң?
Сулуунун кымча бели бар,
Суктантып коёр жери бар.
Жакшынын кымча бели бар,
Жалдыратар жери бар.
Жайдары келин, Карай көз,
Ар кимдин сизде ою бар.
Адамдын ичин күйгүзгөн
Ак ыргайдай бою бар.
Тоготмек таштап тоорулуп,
Эрмек элең, Карай көз.
Убадаңа кечикпей,
Келмек элең, Карай көз,
Убадаңа бекемдеп,
Турасыңбы, Карай көз?
Же толгой тартып мойнуңду
Бурасыңбы, Карай көз?

Ой-пикирлер