Кирүү

Багыш. Мендирман (6)

Желиккен челекбаштын жер тиштеши
Манас деген бир неме,
Баш көтөрдү ал эле.
Жедигердин Багышы,
Мурун баатыр неме эле,
Баш көтөрдү кыргыз" — деп,
Жөн жатпады черчендер.
Черчен деген бир урук,
Оруска жакын түрү суук.
Черчендин элин башкарган,
Байтур өлдү дегенди,
Челекбаш деген эр угуп.
Өөрчүп барат жедигер,
Өрт өчкөндөй кылам — деп,
Жеринде жатып оолугуп:
"Байтур мага канатташ,
Максаты бизге талапташ.
Бир сүрөшкөн тулпарды,
Байгеге барып ат чапсак.
Бели катуу эр эле,
Байтур мага бел эле.
Бадырек Багыш дегенге,
Барбай койбой тегеле!
Жедигерден черчен журт,
Саны качан кем эле?
Кабарын уккан эл корккон,
Калмакты Манас сайды — деп,
Көңтөй менен Шоорукту,
Катары менен алды — деп,
Алооке, Дөөхан акмактар,
Ооганга качып барды — деп
Ого бетер күч алып,
Кутурабы жедигер?!
Челекбаш атым курусун,
Ырысын анын жедирбей,
Сайып алып Багышты,
Тентитип элин жибербей!"
Деп Челекбаш шимендей,

Черчен, түркмөн канатташ,
Каракалпак аралаш.
Үч уруктан кол жыйып,
Санаты беш мин, кол жыйын.
Багышка бармак Челекбаш,
Маңдайына шор жыйып.
Тубарын туура бүктөдү,
Тулпарга кошуун жүктөдү.
Камкасын кайра бүктөдү,
Качырга кошун жүктөдү.
Каракалпак, түркмөндүк,
Кошулуп черчен дүрбөдү.
Менменсиген Челекбаш,
Беш миң аскер кол жыйнап,
Жедигер көздөй жүрдү эми.
Тойго барын конок жеп,
Түшүп калчу немедей,
Шапырактап шашылып,
Ылдам келет ченебей.
Жетисуунун жеринде,
Жедигердин элинде.
Үйүндө Багыш кеп угуп,
Черчендердин Челекбаш,
Ченемсиз аскер кол айдап,
Каракалпак, түркмөндөн,
Калганда кемин черченден,
Жыйнап келе жатат — деп,
Анык айра кеп угуп.
Аскерине айтпастан,
Байтекени ээрчитип,
Жолдош алып астыртан,
Жолго чыгын ылдамдап,
Шартылдата жөнөдү.
Челекбашты келтирбей,
Жетсем экен ага — деп,
Желденип Багыш баратат.
Үч уруктун колуна,
Ээрчитип Багыш кол албай,
Белсенип кетип баратат.
Суркийиктин күүсүнө,
Жүргөн шамал кошулуп,
Делпилдетип этегин,
Чоюп кетип баратат.
Тулпар оозун тартпастан,
Коюп кетип баратат.

Арам өлгүр Суркийик,
Эки кайыш тизгинди,
Чоюп кетип баратат.
Байтеке барат салпандап,
Этек-женин жыйнабай,
Өңүрү кетип далпаңдап.
Кэзде жетип Багышка,
Кээде жетпей Багышка,
Таноосу көөп дердеңдеп,
Ээрчиткени Байтеке,
Келе жатат сербеңдеп.
Кээде Багыщ көзүнө,
Көрүнөт араң эрбеңдеп.
Бараткан баатыр Багышты,
Алдынан чыкты бир белес.
Эки жагы кара зоо,
Орто жери ач кайкы,
Таш ашуу деген жер ошо.
Жетисуудан ошого,
Он бир күндө барчу жер.
Черчен менен ногойдун,
Ортосунда бел эле,
Таш-Мойнок ашуу дээр эле.
Аттанганы Челекбаш,
Он күн болгон айлынан.
Бүркүттүүнүн шаарынан,
Жети күн болгон эр Багыш,
Жетисуудан чыкканы,
Жете келди алдынан.
Белестен чыгып эр Багыш,
Бет алдын карап байкаса,
Кара шордуу талаада,
Калдайган кошуун кол келет.
Карааны үйдөй көрүнүп,
Кол баштаган чоң келет.
Беш жеринде беш желек,
Белгилери делпилдеп.
Беш минче кошуун келейтат,
Мени издеген черченден,
Челекбаш колу белем — деп,
Кылчайып артын карады.
Билип кел — деп — ким болсо,
Байтекени алдынан,
Жиберсем белем ага — деп,
Байтеке байкуш жете элек.

Кошуун чыгып келейтат,
Белди ашканы тебелеп.
Жетип келди Байтеке,
Аңгычакты желпеңдеп.
"Бол, Байтеке, болгунуң,
Ким экенин билип кел,
Келе жаткан шордуунун.
Туюктан тийип жоо алсам,
Жолборстугум не пайда?
Элөөсүздөн жоо сайсам,
Эрендигим не пайда?
Барып келе калгының,
Байтеке, жарап кызматка.
Атыңды минип желгиниң,
Аш кайнамда келгиниң.
Кечиктирбей мага сен,
Батыраак жообун бергиниң.
Тур, Байтеке, тургунуң,
Туурумда салар туйгунум.
Кызыл тилге кел бербес,
Кыраакы кайран булбулум.
Булбулдугуң билгизгин,
Челекбаш болсо келайткан,
Октой сөздөн тийгизгин.
Угушка таттуу, түбү уу,
Кебиң менен сийгизгин.
Ким экен билип сен баргын,
Кездешер болсо мен бармын".
Багыш айтын далай кеп,
Байтекени узатты.
Арага барып канча жол,
Кандым болгон Байтеке,
Карабай өлөр жагына,
Бастырып кетти жепжеке.
Белестен ашып Байтеке,
Эңкейишке келгенде,
Черчендердин Челекбаш,
Черчендерге муну айтат:
"Береги белес артуудан,
Бир эле караан келайтат.
Көзү көргөн көп колдон,
Далай киши алдырайт.
Тим киши көрсө биздерди,
Табалбай эсин жалдырайт.
Жазганбай келет жалгыз жан,

Зарыл иши барчылап,
Жан аябай чапкылап.
Экөөң баргын алдынан,
Эмине киши кеп сурап.
Экөө эмес, үчөө жөнөдү,
Байтеке аны көргөнү.
Бадыратып үч атчан,
Учурады алдынан.
Анда да бирөө бар экен,
Тили оозуна жукпаган.
Кез келгенде жабырап,
Кеп баштады шабырап:
"Ашыгып келе жатыпсың,
Зарыл ишиң бар чыгат.
Күрдөлүү колду көргөндө,
Калгандар качат ар кайда,
Кандай көп деп алдырап.
Келатасың жазганбай,
Атыңды кыйнап чапкылап.
Ким да болсоң дайныңды
Айт кебиңди батыраак".
Байтеке баатыр муну айтат:
"Жөнөкөй киши мен эмес,
Жөн эле көргөн кишиңе,
Кеп айтуучу балдырап.
Келе жаткан көп элдин,
Келип уксам тек жайын,
Айтарга кебим бар чыгат.
Келжиребей, үч атчан,
Кете бергин, санталак".
Ушуну айтып Байтеке,
Бурулбастан түз эле,
Бургутуп жана бастырат.
Буулумдан ичик жамынган,
Буластаган Байтеке,
Мындайга нечен кабылган.
Жалгыз ооз жайын айтпастан,
Бастырып кетти жанынан.
Черчендердин Челекбаш,
Байтеке барып кабылган.
Салам айтып, кол берип,
Салакалуу Байтеке:
"Алыскы жерден келемин,
Келгеним айтып берейин.
Жедигердин элимин,

Жетисуудан келемин.
Жедигер Багыш экөөбүз,
Ашуу карап, жол чендеп,
Келдик эле бул жерге.
Ач-Кайкалан белеске,
Чыгып калган кез эле.
Караанын көрдүк көп элдин,
Кара шорлуу бул жерде.
Баатыр Багыш баргын — деп,
Кайда барчу эл экен,
Кабарын ачык алгын — деп.
Кайта келип батыраак,
Кабарды мага салгын—деп,
Анүчүн келдим алдыңа.
Ошондуктан мен келдим,
Барасыңар кай жакка.
Элиңер ким, жер кайсы?
Жайын айта салыңар,
Кимде болсо келаткан,
Жумушуң айта салыңар.
Кебиң сурап кел — деген,
Эр Багыштай ханым бар".
Деп Байтеке турганда,
Оозунан түтүн буркурап,
Багыштын атын укканда.
Черчендердин Челекбаш,
Алтымыш тамыр зыркырап,
Челекбаш турду кеп баштап:
"Беттешкеыин Багышын,
Баарын жеңди көз жаштап.
Менин атым Челекбаш,
Мени менен беттешсе,
Багышка даба табылбас.
Баргандын баарын жеңди — деп,
Бир кишисин жиберип,
Жакыптын уулу Манаска,
Бир сүйлөшүп келди — деп.
Манас менен сөз байлап,
Багыш көптү дердеңдеп.
Калмактан келди канча хан,
Хан ээрчиген канча жан.
Тажиктен барды эки хан,
Жер майышкан көп колун,
Темселетти деп угам.
Черченге келбей калмактар,

Челекбаштан жазганган.

Ушул, Челекбаш баатыр, мен турсам,

Жаңыдан чыккан аттанып,

Манасча койбойт сүйлөшүп!

Ачуум келип аттандым,

Жедигерге барамын,

Жер таянтып Багышты,

Челекбаш сайып аламын!

Ченсиз баатыр Челекбаш,

Сайбай кантип каламын?!

Артымда беш миң колум бар,

Аттанганда жолум шар.

Багышыңа айтып бар,

Эндекей жүрүп талаада,

Эңдирип салдым дебесин.

Элине барсын Багышың,

Эңишер болсо эркексип.

Эси чыкса Багышың,

Келсин мага жалынып,

Бар дартын айтып зарылып.

Сөзүнөн байкап көрөйүн,

Кыйналып келсе сабылып.

Бир кыялым кармаса,

Кызматкер кылып алармын.

Бир кыялым кармаса,

Кыйып башын салармын".

Барып айткын дегенде,

Багыштын кеби эсинде,

Байтеке айткан кеп эле:

"Журтуң черчен болгону,

Челекбаш атка конгону,

Сайган жооң болбоду.

Сайган жооң болсо да,

Уккан киши болбоду.

Эрегишкен Багышка,

Тегеле киши оңбоду.

Теңдешкендин баарысы,

Тегин өлүп сойлоду.

Өзүң айткан Челекбаш,

Калмак менен тажиктен,

Келгендиги баары ырас.

Кургак намыс талашып,

Баатыр Багыш бир жери,

Башкаларга катылбайт.

Катылышкан немени,

Карышкырдай куткарбайт.
Башка журтка балпаңдап,
Бастырып Багыш түк барбайт.
Түртүшүп келген немени,
Тирүү аны куткарбайт.
Аа көрөктү, Челекбаш,
Алдына барып арзыңды айт.
Кемиң болсо аныңды айт,
Кеткенин. болсо мунунду айт.
Намыс кылба, Челекбаш,
Кеп чынынан бузулбант.
Беш мин, кишиң турмайлык,
Он миңден Багыш кысылбайт.
Жедигердин эр Багыш,
Майышычу эр эмес.
Онойлук менен адамга,
Оморулчу бел эмес,
Томорулчу тоо эмес.
Өзүн кызыр колдогон,
Теги Багыш соо эмес.
Тентек баатыр Багышка,
Тебишкенин. он эмес
Эрдемсибе, Челекбаш,
Эсиң барда этек жап,
Элөөрүбөй эсиң тал.
Эби келсе, Челекбаш,
Багыш менен акылдаш,
Бар кебиң айтып жакындаш,
Ороолук кылыш жарабас
Оңой Багыш алдырбайт,
Уруша кетсең соо кылбайт:".
Жер алдынан суу жайып,
Байтеке мындай кеп айтат.
Байтеке кебин Челекбаш,
Бейлин салып байкады.
Баары ачуу, баары заар,
Байтекенин айтканы.
"Байтеке, баргын жериде,
Багыш аттуу эриңе.
Аянбасын Багышың,
Колунан келсе тегеле.
Достошкону келбедим,
Кошуун айдап бул жерге.
Кебиң заар экенсиң,
Ырайым кылбайм силерге!

Итчилигим кармаса,
Табылбайт даба тегеле.
Эринбесе Багышын,,
Бүгүн чыксын сайышка.
Эси чыкса ойлонуп,
Эртең чыксын Багышың,
Байтеке, турба, баргының,
Багышыңа айткынын!"
Деп Челекбаш чалкайып,
Карап турду заңкайып.
Бура тартып Байтеке,
Бурулбастан Багышка,
Барып айтты Байтеке.
Анча-мынча жел сөзгө,
Аздыкчаган эр эле.
Жан казан асып, от жагып,
Жайланып жатып калышты.
Орунсуз жерден талашкан,
Байыркылар намысты.
Эртең менен болгондо,
Багыш менен Челекбаш,
Баатырлар чыгып сайышмак.
Талаайын жели зыркырап,
Торгойлор сайрап чуркурап.
Жанжаныбар мыдырап,
Курт-кумурска кыбырап.
Жайылып баары жыбырап,
Күн тийип жерге жымырап.
Жалбырактар дирилдеп,
Жагалмай менен кыргыйек,
Жем үчүн учуп зыпылдап.
Коендор оттоп бөжөңдөп,
Кулжа, теке аралаш,
Таанылбай төштө күдүңдөп.
Таң шамалы азайып,
Жумшак жел жүрүп күбүрөп.
Чөптүн баары тиктелип,
Күн тийгенде дүрүлдөп.
Кашкулак, түлкү, карышкыр,
Туюкту көздөй жүгүрөт.
Күн тийип жерге чачылып,
Жердин бети ачылып,
Жатактагы жандарлар,
Жабырап баары жайылып,
Жадырап калган убакта,

Жаны чыдап жаткырбай,
Ажал акыл таптырбай,
Туйлап жаны секирип,
Жан жөкөрүн жекирип.
Тулпарын минип жээлигип,
Өлүмдү карай теминип.
Өрттөнүп өлгүр Челекбаш,
Таң саарынан камынып.
Тышынан темир жамынып,
Бар жарагын бүт алып.
Буттап темир курчанып,
Карагай найза койкоюп,
Челекбаш чыкты болкоюп.
Жедигердин эр Багыш,
Жалгыз адам камданып,
Байтеке турду туу жайып.
Суркийик минип кырданып,
Жалгыздык кылбай эр Багыш,
Каарданып чыйралып.
Как четинден найзачан,
Мингени тулпар Сур атчан.
Миң кишидей көрүнүп,
Суук көзгө ыраактан.
Бөктөр артуу жер келди,
Челекбаш, Багыш баатырлар,
Бадырата тең келди.
Айрыкча Багыш сурданып,
Баатырлыгы белгилүү,
Балпандаган щер келди.
Тулпарлардын туягы,
Ородой казып жерлерди.
Челекбаш ыкчыл шамдагай,
Эр Багышка туйдурбай,
Элөөсүздөн Багышты,
Найза менен ыгын таап,
Төбөсүнө, жаагына,
Оң кырына, далыга,
Төрттү муштап жиберди.
Катар найза төрт тийди
Катасы жок төп тийди.
Кайран Багыш баатырдын,
Төбөсүндө өрт күйдү.
Арданды Багыш, камданды
Дагы ыгына келтирип,
Челекбаш келип бир сайды.

Кара жанга күч келди,
Качырып Багыш жетти эми.
Каалгадай Челекбаш,
Качырып жеткен Багышты,
Камындырбай алдыртан,
Как боорго коюп өттү эми.
Багыш далай найза жеп,
Черчендер турат макташып,
Челекбаш кыйын экен — деп,
Ылаачындай Челекбаш,
Алды-аркасы, оң-солдон,
Жетимиш урду найзаны.
Челекбашты эр Багыш,
Бир да сая албады.
Кеткени калды Багыштын,
Жеп жатып найза дарманы.
Жебедей атып жүгүртүп,
Челекбаш келип калганы.
Турду Багыш былк этпей,
Чыксын деп мунун арманы.
Он, колтуктан көтөрө,
Өпкөгө коюп өткөндө,
Жыгыла жазып атынан,
Баатыр Багыш аз калды.
Шайы кетип шалдырап,
Туруп калган экен — деп,
Оюна алды Челекбаш.
Оодара сайып алам— дел,
Удураңдап келатат.
Сол бөйрөгүн ченеди.
Соолуп калган Челекбаш,
Карчытка муштап жиберди.
Мылк дей түштү найзасы,
Кыйрап кетти өңдөнөт,
Кабыргасы Багыштын,
Катарынан канчасы.
Соотунан чыкты бөлүнүп,
Өңүрүнүн барчасы.
Илине түштү будургуп,
Каскагынан найзасы.
Аңгычакты камынтпай,
Кайран Багыш найзаны,
Как учунан кармады.
Кармаганда эр неме,
Найзаны тартып алганы.

Шамдагай бетбак Челекбаш,
Балтасын алды шапашап.
Балта менен чапкынча,
Багыш туруп алалбайт,
Найзаны кыска кармады,
Өрөпкүгөн черченди,
Чекирейген көзүнө,
Колундагы найзаны
Чечекейге жумшады.
Шилтеген найза төп тийбей,
Чечекейге мөлт кирбей,
Жаңсай тийди кашына,
Маңдайына башына.
Тилиннп кетип куйкасы,
Боло түштү канжыга,
Ат жалына куюлуп,
Жабыла берди кан жая.
Жарыгы көзгө көрүнүп,
Челекбаштын алжая,
Колунда балта Челекбаш,
Кош колдоп чапты Багышка.
Машы чыккан эр Багыш,
Андай нечен чабышта.
Тартып алып найзаны,
Балтаны шилтеп ийгенде,
Кар жиликке бир сайды.
Кар жиликте соот жок,
Кар жиликке саят — деп,
Челекбашта кооп жок.
Найзаны учу булчуңду,
Тешип өттү аралап.
Капталынан кара кан,
Көп куюлду салаалап.
Башы, колу тең жара,
Шайы кетти Челекбаш,
Кан куюлуп бечара.
Бечаралык башына,
Келип калды капташып.
Кабылан Багыш капшырып,
Катуу сайды жапшырып.
Оодарылып Челекбаш,
Жыгылды жерге жалпыйып.
Далбардай болуп жыгылды,
Топого башы тыгылды.
Тоодой болгон Челекбаш,

Топуракка кошулду.
Челекбашты челкейтип,
Өлтүрүп коюп олтурду.
Каракалпак, түркмөндүк,
Кошулуп черчен үч урук:
"Келиптирбиз бекер — деп,
Эсириппиз кутуруп!"
Буркурап түтүн оозунан,
Улутунуп үшкүрүп,
Өлүмдү алды мойнуна,
Ажалдын тонун күтүнүп.
Баары турду баш кошуп,
Магдырап шайы бош болуп.
Байтеке жалгыз сербеңдеп,
Бастырып турду жулунуп.
Байрагын булгап бакырып,
Бас бери — деп чакырып.
Акырайып олтурду,
Барбаска элде айла жок,
Барбай табар пайда жок.
Чакташарга чама жок,
Чакташып ага дабаа жок.
Беттешкенин мент кылган,
Багыш өңдүү балаа жок,
Ага кылар салаа жок.
Атышып да, чабышып,
Чак келер ага дабаа жок.
Челекбаштын кошууну,
Баарысы барды чубуруп,
Келген таандай куюлуп.
Энеси урган баладай,
Көзүнүн жашы чубуруп.
Кирип барды дүрбөшүп,
Аламан аттан түшүштү,
Аралаш иши бүтүштү.
Багыш баштап кеп айтып:
"Калбай баарын. кайтып кет,
Кое берди Багыш — деп,
Эл-журтуңа айтып кет.
Аты, тонуң, куралың
Калтырбай баарын алып кет.
Ээриндин кашын таанып кет,
Бүткүл баарын калбай кет,
Элиңе аман барып жет.
Кет, жериңе кеткин! — деп,

Мен жериме кеттим" — дей,
Жүрүп кетти аттанып,
Байтеке ээрчип шаттанып.
Айтып барды Байтеке,
Жедигерге мактанып.

Ой-пикирлер