Кирүү

Багыш. Мендирман (4)

Багыштын тажиктер менен кармашуусу
Манас туулат — деп.
Бооз катынды калмактар,
Койдой кардын жардыргак.
Нарындын сазы Курткага,
Беш алты сары кыркылган.
Биле албаймын атасын.
Алтайдагы кыргыздан,
Туулду Манас — деп угам!
Укканым ырас, чын болсо,
Ондорго чыкты болжолу.
Катыша кетип калмакка,
Туулат Манас деп корккон,
Каргаша кылып койбойлу,
Өзү аттанып калмактар,
Жедигерге баргынча.
Былк этпей жатып алалы,
Үч жылгача калмактар,
Жедигерге барбаса,
Байкасын Багыш курдашым,
Манастын ошол кабарын".
Байтекени эр Кошой,
Сексен күнү өргүтүп,
Куш жанылып сөөрүтүп.
Ат-Башынын жери сырт,
Бештин айы дегенде,
Кылчылдаган суук болот.
Жалган куран дегенде,
Жакшынакай жаз болот.
Төрт ай жүзү болгондо,
Суук чыгып жок болот.
Байтекени эр Кошой,
Багып жүрүп, кыш чыгып,
Жаздын күнү жөнөттү,

Күн жылымдап узарып,
Сууктун мизи жанганда.
Ат-Башыдан Байтеке,
Жетисууга барганда,
Кошойдон кайра келдим — деп,
Баары кебиң салганда.
"Келеби, Кошой, ырас?" — деп,
Бир сурады эр Багыш.
"Көңтөй келсе жерине,
Кошо келет эр Кошой.
Убадасы ошондой,
Камчы таштам алдында,
Кабар болот Кошойдон.
Кошуун жыйнап, кол алып,
Азыкты төөгө артабыз.
Барып келип Байтеке,
Багыш Кошой эки дөө,
Араңарга силердин,
Калпты кантип айтабыз",
Деп Байтеке токтолду.
Кошойдун кебин акыл — деп,
Күүлдөгөн эр Багыш,
Көңтөйгө барбас болгону.
Барбай Багыш токтолду,
Эми Көңтөй не болду.
Жатпады Көңтөй ардыгып,
Жедигерди чабам — деп,
Бир жарым жыл камынып.
Жоо жарагын бүтүрүп,
Колун жыйнап күтүнүп,
Даяр болуп иш бүтүп.
Он эки миң кол менен,
Жетисуу бармак ал Көңтөй,
Жедигерди тепсетип.
Үч айдан кийин барам —деп,
Жедигерди чабам —деп.
Кылычтарын чарктатып,
Кылаптай болуп турганда,
Жакыптын уулу Чоң жинди,
Чоң жннди атын жоё элек,
Манас атка коно элек.
Жашы он бирге толгон кез,
Кайраты жаштан болгон тез,
1аап алып Көңтөйдү.
Ачынып Көңтөй эрине,

Шоорук барат тебелей,
Дүңгүрөп жердин бетине.

Маалым болот ушул кеп,
Убадалуу сөз алган,
Урматтуу элге Кошой дөө.
Бар болгон кепти баяндап,
Багышка айтып жиберет.
Шоорукту чаап кайтканда,
Багыштын кылган иштерин,
Манаска Кошой айтканда.
Абалтан бери карата,
Ак пейил Багыш жакшы — деп,
Бастырын Манас барбады.
Көрбөй туруп бир бирин,
Ызатташып сыйлашты.
Дүйшөмбүнүн шаарында,
Өнкөй тажик туручу.
Болот деген улугу,
Ары баатыр, ары улук,
Болоттуи жайын менден ук.
Мисирел Болот жаталбай,
Дөөлөтү тепти оолугуп.
Үйүндө жатып ойлонул,
Тактасында толгонуп:
"Калмакка Көатөй, Алооке,
Жүрүүчү эле жол коюп.
Кыргыздан Манас эр чыгып,
Алооке, Көңтөй, Шоорукту,
Баарысын койду жоготуп.
Жедигердин Багышы,
Мен да кыргыз уулу — деп,
Өзүнчө барат зороюп.
Кимди талап, кимди алса,
Эрки болду ошонун.
Королдой, Бака баатырды,
Катар сайып бир а.чды.
Каракалпак, мангыттын
Канча катар чиркеген,
Төөлөрүн тартып бир алды.
Кара калмак байларын,
Ханы Көңтөй баштаган,
Үч миң төөсүн бул Багыш,
Ооз от болбой жеп алды.
Манаска барып катышып,
Колдон келер көрүнбөйт,

Жедигердин Багышын,
Жыпжылма талап алсамбы?
Жылас кылып салсамбы?
Алым келбей баратса,
Бадакшандык тажикте,
Байтур баатыр эр эле,
Ага кабар салсамбы?
Анын колун алсаңбы?
Андан кийин Багышка,
Карчалышып калсамбы?
Болот атым болгон соң,
Мурда өзүм барайын,
Бир беттешип багайын.
Жөнөрүмдү Багышка,
Кабардар бол менден — деп,
Байтурга кабар салайын".
Деп ойлонуп эр Болот,
Дүйшөмбү барлык журтунан,
Кошуун жыйды, кол топтоп.
Коломолуу кол жыйды,
Аз жынбады, мол жыйды.
Алты миң аскер топтоду,
Үстүнө олпок жамынды,
Кем-керчи жок камынды.
Төөлөргө жүктөп ок алды,
Ок-дарысын мол алды.
Азык-түлүк камдады,
Алты минди жамдады.
Жеддирем деп ойлобойт,
Жедигердив эр Багыш,
Жеңемин — деп барганы,
Аламын — деп барганы.
Арбын кошуун колу бар,
Калган элден кырдуусуп,
Үстүндө Болот зору бар.
Жетисуу келди тажиктер,
Ылдамдап жүрүп кечикпей.
Тажиктин колу барган жер,
Терс-Агындын өзөнү.
Түшүрдү колуң эр Болот,
"Жедигердеы кызыл кан,
Куюлсун деп шорголоп.
Карааным көрсө жедигер,
Үйунен чыкпайт корголоп",
Деп ойлонот эр Болот.

Ылайыксыз иш кылды,
Эл четине келгенде,
Талап жеп малын түз кылды.
Жедигердин элинен,
Жеп кетти канча миң малды.
Малын союп, үй талап,
Терс-Агындан бир киши,
Үйүнөн карыш жылдырбайт,
Үй оокатын кылдырбайт.
Кабары жок ал жактан,
Багыш аны түк туйбайт.
Терс-Агындын элинде,
Он беш жашта бир сулуу,
Тажик Болот алам — деп,
Зордук кылып ошону,
Кыздын жашы он талаа,
Ыйлаганын сен кара!
Кыздын аты Карачач,
Карачачка сүйлөшүп,
Сырдашып жүргөн бир бала.
Баланын аты Байтоко,
Карачачтын көңүлү,
Жүрүчү эле ошондо.
Байтоко менен Карачач,
Короолош айыл канатташ.
Басса, турса тиктешип,
Башынан булар талапташ.
Көзүнүн жашы миң талаа,
Көшүп ыйлап Карачач,
Айласын таппай турганда,
Байтоко кетип баратат,
Шанк этип күлдү Карачач,
Байтокону бир карап.
Карачач үнү чыкканда,
Жез комуздай шыңк эткен,
Кыздын үнүн укканда,
Карап калды Байтоко.
Тирмейе тиктеп жалдырап,
Белги берди Карачач,
Кабакты көздөй кол булгап.
Өлөмүн деп карабай,
Өлүмдү жакын санабай.
Байтоко барат алдырап,
Жымың этип кыз күлсө,
Жылдыздан бетер кымыңдап.

Өзөгү күйүп өрттөнүп,
Тер кетип бойдон жымылдап.
Мандайлаша калганда,
Байтоконун Карачач
Колтугуна кыналып,
Орой белден кучактап:
"Карааның көрсөм көөнүм ток
Тамак менен керим жок,
Жүрүчү элем, Байтоко.
Тартууга бормек болуптур,
Карачачты Болотко.
Кардыма канжар саламын,
Ажырап сенден, Байтоко,
Кошулганча ошого.
Сүйкумдүү нурлуу бетинден,
Ажырашып кетейин,
Бир өөп алып, Байтоко.
Кабарсыз Багыш эр калды,
Терс-Агынды бастырбай,
Тажиктин эли курчады!"
Деп Карачач муңканды,
Алая тиктеп сумсайды.
Угуп туруп Байтоко,
Үшкүрүнүп муңайды:
"Тилимди алсад, Карачач,
Болотко барбай сен өлсөң,
Ажырап сенден калгынча,
Тирүү жүрбөй мен өлсөм!
Сен экөөбүз тең өлсөк,
Ким көрөт жалган жыргалын?
Аа көрөкчө, Карачач,
Багышка качып баралы.
Терс-Агындын жедигер,
Куткарып андан алалы.
Түн ичинде качалы,
Арсайган тоону ашалы".
Макулга макул калышты,
Убада кылып алышты,
Эр Багышка барышты.
Кылчайып артын карабай,
Кара тоону аралап,
Жолго кирди кадуулап.
"Карачач бүгүн келет" -
Болот жатат көөнү жай.
Байтоко менен Карачач,

Будурмак тоону аралап,
Санаты беш күн жол басты,
Азыгы жок каңгырап.
Тамчылап аккап суу да жок,
Тили батпай оозуна,
Саландап чыгып калганда,
Биринин тилин бири аарчып,
Оозуна салып сорушат.
Көңүлү сүйгөн жаштарың,
Тилинен соруп алышса,
Бир күндүк суусун болушат.
Акыры кумга кез болуп,
Ажал өлүм жеткенсип,
Тилдери карыш чубалып,
Каршы-терши жарылып.
Нымы жок кургак калганда,
Колтукка башын коюшат.
Колтуктан жыттап алышат,
Кубаты менен ошопун,
Бир күндүк жерге барышат.
Эси кетип Байтоко,
Эндиреп бир күн жыгылды.
Карачачтын башына,
Келтирди дүйнө кылымды.
Байтоко башын Карачач,
Тизеге коюп кучактап,
Нымы жок дене кургаган,
Көздөн чыкпайт тамчы жаш.
Жан үзүп кетет экен — деп,
Карачач сулуу алдырап,
Чечекейин чеккени.
Карегинен мөлтүр суу,
Байтоконун оозуна,
Жым этип агып кетти эми.
Байкап турса Карачач,
Байтоко ирмеп кылт деди.
Ого бетер Байтоко
Өңгөчүн тартып шылк деди.
Кетенчиктеп Карачач,
Кендиргелеп жыгылды.
Чечекендпн татты суу,
Тамагын кетти жибитип.
Эсине келди Байтоко,
Көзүн ачып мунетип.
Бутун тартып, кол серпип,

Көчүктөп өөдө болгондо,
Эсине келип Байтоко,
Бурулуп артын караса,
Карачач жатат суналып.
Караса көзү оюлган,
"Менин эсим оогондо
Чечекейин Карачач,
Берген экен мага" — деп,
Колун салып койнуна,
Колтугун байкап караса,
Анда-саида сокконсуйт,
"Эс алар бекен курбум — деп,
Конор бекен колума,
Кайрылып мага тунжур"—деп,
Бир көзүн чукуп жиберди.
Оозуна сууну тамызды,
Чечекейин агызды.
Карачач туруп эс алып,
Байтоко көзүн көргөндө:
"Тирүүлүгүм бекер! —деп,
Тирүүлөй туруп Токомдуы,
Чечекейин жесем!" — деп,
Бирин бири карашып,
Кеп айтышар алы жок,
Тилдери жерге чубалып,
Өңдөрү кетип кубарып,
Ошентишип олтурду.
Мурунку күнү эр Багыш,
Айылдан чыгып аттанып,
Учурап калды түлкүгө,
Кум четинде келатып.
"Кызыталак куу түлкү,
Карылардан уккамын,
Болот жолго каршы — деп,
Суркийик менен кубалап,
Качырбай кармап алайын.
Карматпай кетсе жоголуп,
Ууга барбай жанайын".
Деп ойлонуп эр Багыш,
Кууп кирди түлкүнү.
Түлкү качып булактап,
Андан-мындан көрүнүп,
Кетип барат кылактап.
Ашыра кууп үч кырды,
Чаап алып түлкүнү,

Канжыгага байланып,
Келе жатса эр Багыш,
Куураган кумдун бетинде,
Жаркын чыгат нурланып.
"Алда эмне сонун" — деп,
Жеңил барса бурулуп,
Бир уул, бир кыз жатыптыр,
Ачылып көзү жумулуп.
"Заманымда Багыштын,
Ачкадан жатыш талаада,
Кандай кеп?" — деп эр Багыш,
Абдан калды кайгыга.
Атайын келип караса,
Экөөнүн бирден көзү жок.
Ысык кумда жатса да,
Олоюп көзү турса да,
Алиги жаткан сулуунун,
Айдай бети нурланат.
Ак, сарысы, кызылы
Айра жакшы таанылбай,
Алда нече бууланат.
Аттан түшүп эр Багыш,
Чаначын чечип колго алып,
Көптү көрүп, уккан кеп,
Болот ушул дары — деп,
Түлкүнүн жүрөк канынан,
Ооздоруна тамызды.
Арбын бербей, аз берди,
Бирден ирмеп кылт деди,
Баштары такыр шылк деди.
Чай кайнатым болгондо,
Көз ачып, кирпик ирмелди.
Андан кийин эр Багыш,
Жандарын карап аңтарып,
Гүлгаакынын гүлүнөн,
Кызыл гүлдүн суусунан,
Ооздоруна тамызып,
Гүлкаакы гүлүн жыттатып,
Олтурду карап бир далай.
Эсине келип экөө тең,
Тик турганга жарады,
Бирин бири карады.
Тамак берип эс алып,
Учкаштырып экөөнү,
Сурабастан ал жайын,

Ордосуна алпарды.
Эл жатарда Байтоко,
Кеп айтканга жарады.
Салаңдаган кызыл тил,
Мурдакыдай жыйналды.
Бажыраңдап бечара,
Башынан кебин салганы:
"Мен жедигер уругу,
Баатыр Багыш төрөбүз,
Байкап уккун сен муну.
Жети суунун бири эле,
Терс-Агындын өзөнү.
Жер жайнаган кол келди,
Болот деген зор келди,
Терс-Агынга бир күнү.
Элдин баарын камады,
Аралап суук кол малына,
Далайын союп жеп алды.
Өлүү мүлктү булады,
Өткөрө сонун үптү алды.
Акырында койбостон,
Айнектей сулуу кызды алды.
Бирге келген Карачач,
Экөөбүз бирге айылдаш.
Тиймек болуп Карачач,
Күйөө болуп мен алмак.
Бирок ойго жеткирбей,
Тажик Болот алам — деп,
Кандуу колун саларда,
Азык албай ашыгып,
Сизге кабар айтмакка,
Биз чыкканбыз шашылып.
Ысык кумга жолуктук,
Табалбай жолду биз азып.
Эс оогондон суу таппай,
Мен көзүмдү аа бердим,
Ал карегин маа берди.
Өлөт элек экөөбүз,
Сиз учурап өлбөдүк.
Билгенкбиз ушул" — деп,
Байтоко турду муну айтып.
Кечиндесн кой союп,
Семизден ылгап, бээ союп.
Байтоко менен Карачач,
Ал экөөнү бир кошуп.

Ээрчишип барган уул-кызга,
Хан ордодо той болуп.
Эрте менен болгондо,
Казыналык аскерди,
Багыш айдап колбутуп.
Терс-Агынга бет алын,
Жөнөдү жерди солкутуп.
Муну коё туралык,
Болоттон кепти угалык.
Келет деген кечинде,
Карачач качан келет — деп,
Болоттун турат эсинде.
Карачач келбей калганда,
Каарданып Болот айкырып,
Жигиттерин чакырып.
Алып кел Карачачты — деп,
Эки жигит чаптырып.
Эки жигит айылга,
Кирип келди ашыгып:
"Карачач кана, жүрсүн?! — деп,
Болотту кантип алдайсың?
Эмгичекти кызыңды,
Эмине үчүн, жедигер,
Алпарып бере албайсың?!
Бол, жүрсүн!" — деп шаштырып,
Жигиттер турду демитип.
Карачачтын атасы,
Качан өлгөн, өлүптүр.
Куруп калган энесин,
Кызыңды кайда каттың— деп,
Камчылап жонун бөлүптүр.
Каш кайтарган киши жок,
Элебей калган жедигер,
Качкан кыз менен иши жок.
Карбаластап кыз таппай,
Байтокону жоктошуп,
Кылган экен бизге — деп,
Айылдын баары боздошуп.
Таң аткынча уктатпай,
Жигиттер айдайт топтотуп.
Жечүдөй Болот күүлөнүп,
Баарысына сүйлөнүп:
"Качырып кызын жедигер,
Багышына жиберип,
Байтоко деген ким эле?

Калп айтасың тим эле!"
Болот турду баш булгап,
Баары элди алып жемеге.
Арадан өттү он бир күн,
Аскери анын уктабай,
Айылды курчап кайтарып,
Бастырып турат күнү-түн.
Тополон, болуп айылга,
Толгон эл калды кайгыда.
Ээ кылбады тажиктер,
Ат, төөсү тургай аларды,
Өзүнүн кара жанына.
Эндиреп элдер турганда,
Ай тийбеген каращгы,
Оор эл жатар маалда.
Кернейдин үнү чуркурап,
Доолбас үнү карсылдап,
Мылтык унү тарсылдап,
Баш аламан бакырык,
Ким экени билгисиз,
Ызы-чуу түшүп үн чыгат.
Жер титиреп жарылып,
Ач кыйкырыж жаңырат.
Терс-Агынга келгенде,
Элине Багыш муну айткан:
"Мылтык атып, тарс коюп,
Доолбасты карс коюп,
Ач кыйкырык, куу сүрөөн,
Сала баргын" — деп айткан.
Ач кыйкырык чыкканда,
Мылтыктын үнүн укканда,
Кымыз ичип, мас болуп,
Түштүгүнө кой союп,
Күндүгүнө бээ союп,
Кучагында жаштардын,
Бирден келин бар болуп.
Кызарып жаткан тажиктер,
Чапаны кайсы табалбай,
Бутун оңдоп кире албай,
Өтүгү менен байпагын,
Айра таанып биле албай,
Айласы кетип тажиктер,
Алапайы куурулат,
Бакырык баштап жедигер,
Тун ичинде барганда,

Кудай жүзүн нары кыл,
Ай караңгы түнүндө,
Тополоң түшүп калганда.
Тажиктин алы калбады,
Мурдагыдай жылдырбай,
Жедигер элин кармарга.
Кыйкырык чыгат, үн чыгат,
Айбаты катуу сур чыгат.
Ким экенин биле албай,
Терс-Айрыктын элдери,
Жедигер калды сарсанга.
Жедигердин элдери,
Түн ичинде келген жоо,
Ким экенин билбеди.
Тажик келип канча күн,
Тебеледи бул элди.
Түн ичинде дүпдүрөң,
Айыл ичи толгоно,
Эмне экенин биле албай,
Элдер муну ойлоду:
"Алда кайдан жоо келди?
Кыстаган белем канча улук,
Бөлүп алып кетүүгө,
Жедигер деген бул элди.
Же Байдын уулу чоң Багыш,
Катышпай коюп башкага,
Кадимкидей жүрбөдү!
Каракалпак, мангыттан,
Катарлаган төө алды,
Каршылыкка ал калды.
Калмак менен манжууну,
Катары менен чаап алды.
Калмактан Кеатөй келгенде,
Өлө жаздап аз калды.
Бейкут жатып жырга —деп,
Аскер алды балдарды.
Жатып алды шаарга,
Бу доңуз кимди кайтарды?!
Тажиктерге тегеле,
Тийишкендей болбоду.
Тепсеп жатса тажиктер,
Келген душман ким болду?
Кокустан Багыш бейтуюк,
Келип калса бул жерге,
Кабар берип жедигер,

Келди деп Ёагыш эрйнер,
Кекерлеп тажик жүрбөсүн.
Сууруп Багыш алгынча,
Суудай канды агызып,
Союп тажик жебесин!"
Деп жедигер чогулуп,
Бар дүйнөсүн таштады.
Токсондон аша жашаган,
Абышка, кемпир, чалдардан,
Бешиктеки балдардан,
Кара баштан калтырбай,
Баспаганын көтөрүп,
Баса алганын жетелеп,
Баарысы ташка жөлөндү.
Терс-Агындан калган суу,
Тегеле муну көрбөдү.
Караңгыда калдаадап,
Катын, бала алдырап,
Карыган чалдар калтырап.
Бешикте балдар ыйлап чыркырап,
Карысы жок, бала жок,
Эрди-катын салтаңдар,
Көксө болгон чалдарга,
Көп баласы барларга,
Көзүн салын карашып,
Боорукер эл жедигер,
Калтырбай алып кетишти.
Тан, аткынча жедигер,
Оттоктон өтүп кетишти,
Арсайган тоого жетишти.
Аска-аска жылгага,
Имерилиш бурууга,
Илбесин баспас курбуга,
Эптеп булар бекинди.
Түн ичинде жол басып,
Күндүз ташты жазданып,
Келтирди жана бешимди.
Эми Багыштан баштап кетейин,
Баштагыдай кебимди.
Тан агарып атканда,
Жердин бетин күн чалып,
Тоо бөксөлөп жатканда,
Багыш айтат баарына:
"Тегеле киши көрүнбөйт,
Тээ бадырайган айылда,

Вайтоко менен Карачач,
Качып бизге барганда,
Жедигердң тажиктер,
Баарын кырып салганбы?
Кырганбы деп ойлосом,
Кыргын болсо кай жерде.
Жору, кузгун чогулуп,
Болучу эле ал жерде.
Жору, кузгун көрүнбөйт,
Качып кетип калганбы?
Түндө келип бул жерге,
Кыйкырык салып, ок атын,
Доолбас кагып, чуу салып,
Дурбөлөн болгон мезгилде.
Эстүүсү акыл тапкан бейм,
Эптеп тоого качкан бейм.
Эсирет эле жедигер,
Эмгекти мыктап тарткан бейм.
Уруш болбойт, эр өлбөй,
Эки жактан тең өлбөй.
Жерди сактап калбайбыз,
Эрегишип көгөрбөй.
Сынаакы бизге Терс-Агын,
Көзүн. көрүп турасың.
Көк ала чап тараша,
Күнгөй жагын карагын.
Тескейи жазы тоосу ыраак,
Тескей жагын тосоттоп,
Атышып кирсек ал кандай?
Өккөй тажик эл болсо,
Өлүшөлү жазганбай.
Жедигерлеп чуу салып,
Ач кыйкырык салалы.
Чатка камап тажикти,
Тескейин тосуп алалы.
Тажикти теги бастырбай,
Тегеректеп калалы,
Чоң түйшүктү кылалы.
Өлбөй тирүү жедигер,
Аралап чыкса тоолорго,
Жашынып жатса коолордо,
Жедигер сени тааныса,
Алар туруп алабы?
Таш кулатып үстүнөн,
Такыр келер жабылып.

Азабы болсо тажикти,
Ажыздатып салалы.
Кутуруп жаткан тажикти,
Үч күнгөчө алалы.
Аяк асты кылгындай,
Терс-Агында буларды,
Жедигер эли не кылды?
Күч келбесе башына,
Байтоко менен Карачач,
Ушундан бизге барабы?
Бастырбай камап элиңди,
Келтирген белем бар кегин.
Турбагыла, балдар!" — деп,
Туйгун Багыш муну айтты. —
"Турбагыла, аскерим,
Силерге айтар бир кебим.
Мылтыкчапын, бир бөлүн,
Жаа тартканың бир бөлүн.
Чокморлуун. бөлүн бир четке,
Найзалууң бөлүн бир четке!"
Деп кыйкырын эр Багыш,
Алдындагы аскерин,
Төртке бөлүп дагы айтты:
"Жаа тартканың, мылтыкчан,
Тескейди карай бет алгын.
Найза саяр, чокморчуң,
Аралашып бөлүнгүн.
Терс-Агындын өзүнөн,
Эки бөлөк тосуп кал!
Мсн абайлап байкап турайын,
Тажиктен Болот көрүнсө,
Качырып найза урайын.
Баш-аягын өзөндүн,
Тескей бети үч бөлүм,
Таяр болгон мезгилде,
Мен байракты булгаймын.
Найзакерлер, чокморчон,
Былк этпей тургун сен болсоң.
Мылтык аткан, жаа тарткан,
Жакыңды аяп тажиктен,
Жалтангансып сен калсаң,
Жанынды алам тирүүлөй.
Жалпы баарың угуп кал,
Мылтыкчы, жаачы уруш сал!
Чокморчу менен найзачы,

Жедигерлеп үй басмай,
Жан аябай киришип,
Жалпы баарын. ураан сал!
Чыдай албай тажиктер,
Өзөн ылдый куюлса,
Найзачы менен чокморчу,
Кетирбегин жалгыз жан.
Өргө качса жөлөнүп,
Иайзачы менен чокморчу,
Лябагын көгөрүп.
Белден ашса жалгыз жан,
Өлсө дагы Багышың,
Белге беттеп келгенин,
Кетиремин намысын!"
Түргө бөлүп үч жерге,
Өзү чыкты эр Багыш,
Дүрбөлөңдүн туу белге.
Бир тобу калды былк этпей,
Бир тобу кетти чыңк ылдый.
Мылтыкчы, жаачы тескейлеп,
Тегеректеп барышты.
Жан аябай жедигер,
Жалтанбастан тажикте,
Барсылдакка алышты.
Мылтыктын үнү тарсылдап,
Жебенин огу зыркырап.
Чокмору менен найзачы,
Жедигерлеп чуркурап.
Терс-Агындын ичинде,
Тоо жаңырган ызы-чуу,
Кандар агып кызыл суу.
Мылтыктан түтүн тумандап,
Козголуп жерлер токтобой,
Жарылган тоодон таш кулап.
Суу аккан жери корум таш,
Күүлөнүп суулар оргуштап.
Түтүн менен топурак,
Көктү карай созулат.
Түндөсү ташка бекинген,
Жедигер эли тыңшаса,
Жедигерлеп үн чыгат.
"Баитоко менен Карачач,
Байкуштар качып барган бейим
Баатыр Багыш кол баштап,
Басып жоону алган бейим.

Жедигер качып кетсин —деп,
Түндөгү чууну салган бейим.
Үч бөлүптүр кошуупун,
Бир бөлүгү тосуптур,
Терс-Агындыи куюшун.
Бир тобу тосуп алкымды,
Куткарсам деп калкымды,
Өзү белде калган бейим.
Мылтыкчы, жаачы мергенди,
Тескей бетке салган бейим.
Тажиктер бери сыйлыкса,
Тарашалуу көк чапка,
Биздер мылтык аталы.
Койдой болгон корумдан,
Күдүрөтүп кулатып,
Үстүнөн тосуп калалы!"
Деп сүйлөшүп качкандар,
Камынды булар жөн жатпай.
Эми кете берем мен кантип,
Тажиктен бир аз сөз айтпай.
Түн ичинде чуу чыгып,
Мылтык үнү тарсылдап,
Доолбас үнү карсылдап.
Баш аламан болгондо,
Болот айткан ошондо:
"Тажиктин эли чогулуп,
Туруп берип өлбөгөн,
Байланып алган олжоңо,
Башыңа балаа салбагын.
Теңиң калгын бул жерде,
Теңиң баргын тескейге.
Сынаакы жер Терс-Агын,
Жедигердин элинен,
Мен барайын туу белге.
Көрдүңөрбү, тажиктер,
Багыштын кылган амалын.
Жедигер наамын чыгарбай,
Түнүндө чуулган салганын!
Кырып таштайттажик — деп,
Жедигер качып кетсин — деп,
Белгилүү турган бул бир кеп:
Терс-Агыңдын өзөнүн,
Өз көзүмдөн өткөрдүм.
Күңгейүндө жолу жок,
Тескейдин жоон адырга,

Теңиң чыгып баргыла,
Көрүнбөстөн жаткыла.
Бул жерде калган элиңе,
Беттешип келип кол салса,
Лркадан мылтык аткыла,
Тегеректеп чапкыла".
Болот баатыр тажикти,
Эки бөлүм таратып,
Өзү белге жөнөдү,
Минген атын жалантып,
Учурап калды Багышка,
Белге кетип баратып.
Тескейдин алкым тарабын,
Тосуп калган тажиктер,
Жедигерге ок атып.
Желмогуздай шум уруш,
Кыйын болду бу жумуш.
Тажик менен жедигер,
Аралашып кетишти.
Тартынбай кирип урушка,
Белчеден канды кечишти.
Мылтыкчы, жаачы баарысы
Найза, чокмор алгандар,
Аралаша калышып,
Эрегишип эрендер,
Эрдемсинген нечендер,
Найза менен сайышып,
Чокмор менен чабышып,
Балталарын кагышып,
Баш аламан салышып.
Жарагы түшүп калгандар,
Камчы менен коюшуп,
Жакаларын чоюшуп.
Союлдар сынып тараша,
Оодарышып жанаша,
Сонун уруш караса.
Жедигер менен тажиктер,
Теминишип атканда,
Багыш менен Болоттун,
Бар жумушу тамаша.
Белди беттеп экөө тең,
Белсенишип келайтып,
Учурашты талаада.
Той бергенде калмактар,
Бадамдын башкы сазында,

Көрүшкөн бала чагында.
Белде булар беттешип,
Душмандашын кектешип.
Сөзгө келбей сундуруп,
Найзаларын алышып,
Кой талашкан кочкордой,
Кокусунан салышып.
Эрлигин эч ким көргөн жок,
Аскерлер жатат урушуп.
Чокморлошул, атып топ,
Болот, Багыш беттешип,
Бирин бири жиктешип.
Өлөр жери кайсы — деп,
Сапар жагын тиктешип.
Салты башка эр Багыш,
Машы чыккан Багыштын,
Андан нечен эр сайыгт.
Капырай, капдай күн болду,
Салгылашкан экөөнө,
Сайышканга чыдабай,
Жарактын көбү жок болду.
Балакет Болот оштонуп,
Темирден найза койкоптуп,
Теминип кирди Багышка,
Жан алгычка окшонуп.
Багыштан башка эр болсо,
Турар эмес токтонуп.
Миыген атын түйүлтүп,
Багыты жандан түнүлтүп.
Найзасынын учунан,
Жалындаган от күйүп.
Жагалданып чок тажик,
Жап аябай качырып.
Качыргапда Багышты,
Жамбашка найза батырып.
Муштап өтө бергенде,
Эки кабат темир тон,
Чыдаштык бербей чытырап,
Жарылып кетти быдырап.
Өтө берди чоң, Болот,
Жайкы күндөй зымырап.
Найза тийген Багыштын,
Жамбашынан кан агып,
Кончуна кирди жымылдап.
Мынчалык жара канча — деп

Оодарат мени бул тажик,
Эми кайта сайса — деп.
Жарасына карабай,
Чымын жанын аябай,
Чычаладай кызыл көз,
Чымырканып эр Багыш,
Качырып кирди тура албай.
Тажик Болот бараткан,
Атынын оозун бура албай.
Нөөмөтү келди мунун — деп,
Кулатайын кулду — деп,
Четинде кылган найзаны,
Чендеп кармап имерип,
Теректей болгон Болотту,
Бейрөккө найза жиберип.
Кыйырдан келип муштады,
Олпок, соот кийимин,
Катарынан баарысын,
Тешип өтүп курч найза,
Ичегиге жетпеди.
Сары чел, ак чел баарысын,
Сыртында калган терисин,
Баарып жарып өттү эми.
Найзасы канга чыкталды,
Көрүп Багыш чыйралды.
Чыйралбаса неткени,
Талуу жерден найза жеп,
Тамылжып өңү бурулуп,
Карарып көзү тунарып,
Оргуштап булак суусуидаң,
Бөйрөгүнөн кан агып.
Колуыдагы найзасын,
Окдоп кармап алалбай,
Жан ооруса бугщалып.
Жабыркап Болот калганда,
Баатыр Багыш Сур аттын,
Ооздугун имерди.
Соолуп калган Болоттун,
Сооруга найза жиберди.
Май сооруга бир сайды,
Шайы кетип Болоттун,
Ээрден көгү кыйшайды,
Түлкүдөй оозу ырсайды.
Томкпрулуп кулады,
Кучактап жерди бу дагы.

Тажиктин Болот баатырын,
Баатыр Багыш кулатты.
Чылбырын сүйрөп ат качат,
Качкан атты кармады.
Качырбай баатыр Багышың,
Катышкан тажик жоону алды,
Минген атын олжо алды.
Сайып алган Болоттун,
Башын кесип байланды.
Барсылдакка алышып,
Атышып жаткан аскерге,
Ошону көздөй жол алды.
Беш мойнок ашып кыркуулап,
Чыга калса белестен,
Күңгөйдү көздөй сыйлыгып,
Чогулуптур тажик эл.
Тескейди алып жедигер,
Тажик менен беттешнп,
Атышып жаткан кез экен.
Алты күн удаа атышып,
Милте чоктоп, жаа тартып,
Айгай чууга батышып.
Аларда уруш иле кызык,
Аңгемесин көргөндө,
Азыраак Багыш карады,
Алгачкы күнкү урушта,
Качып чыккан тоо жакка,
Элдеп кабар алалы.
Жедигерлеп чуу чыгып,
Мылтыктын үнү дуу чыгып,
Тескейдеги тажиктин,
Жедигер туусун жыгышып,
Күңгөйгө тажик чогулуп,
Тарашаны бет алып,
Качарыпа жол таппай,
Калганда булар камалып,
Бөксөдө жаткан жедигер
Үстүнөн тийди кол салып,
Тумшуктан ташты кулатып.
Аңгычакты эр Багыш,
Коржондотуп Тору атты,
Жетегине алыптыр,
Болоттун башын байланып.
Жедигер көрүп сүйүндү,
Тору атын таапып тажиктер,

Болот өлгөн экен — деп,
Боло албай баары күйүктү.
Баатырынан айрылып,
Айла канча амалсыз,
Атынан түштү аламап,
Ашкере баатыр Багыштып,
Алдынан тажик бараткан.
Чуркурашып тажиктер:
"Жүр деди Болот, жүрдүк — деп
Жүзүбүз жерге түштү — деп,
Өлтүрсөң да, койсоң да,
Өзүд, Багыш, билгин" — деп,
Үңүлдөп ыйлап үн тартып,
Үңшүйүшүп турушту,
Улуп-уңшуп ыйлашып,
Шүмшүйүшүп турушту.
"Өлүм ак бизге, баатыр — деп,
Көмулбөй Болог калдыбы?
Өлдү ырас каапыр — деп,
Өлтүрсөң да, койсоң да,
Өзүндө, Багыш, акыл" — деп,
Канкакшаган. тажиктин,
Аты менен куралы,
Олжого алды буларын.
"Өлгөпүңдөы калганың,
Турбай кеткиы, чуба! — деп,
Алаңды ала качпадын,
Ак теңге пулуң чачпадым.
Кулаңды кууй качпадым,
Куржунда пулуң чачпадым.
Өзүң келип катыштьтң,
Эрдемсиген Болотуң,
Ээрдей белге таштадым.
Күйсөң, тажик, көөмп кет,
Көөнүң, тажик, таштап кет.
Эр кадырыи эр билет,
Тору атын берем Болоттуи,
Өлүгүн анын артып кет.
Башы мына Болоттун,
Канжыгаңа байлап кет.
Кандай кетсең андай кет,—
Өз атынын жанына,
Башын байлап Болоттун,
Колуна берип,— мына" — деп, чубатып тажикти,

Тажиктин элин кетирип,
Олжого алган беш мина ат,
Терс-Агындын элине,
Мал, пулу кеткендерине,
Алгыла — деп, берди эле.
Жедигер эли жыйылын,
Тегеректеп Багышты,
Кудайынан бешбетер,
Курчап алып сыйынын:
"Мал эмес кара башыбыз,
Олжого кетмек балабыз.
Ажыратып алдыңыз,
Уучубузда жок эмес,
Дагы эле бар малыбыз,
Баарысын, Багыш, алыңыз.
Аскериң бар топтогоп,
Тоздурбай бизди коргогон,
Ошого оокат кылыңыз".
Эл алдында макул деп,
Аттарды алды эр Багыш.
Куралды берди элине,
Кубаныч келди жерине.
Алты жылкы, элүү кой,
Эки саан уй, бир төөнү,
Карачачтын энеси,
Калың берип кемиирге,
Алып берди бир чалга.
Чалга айтты көп насаат:
"Кемпирди жакшы багасың
Жаздымың чыкса абышка,
Балаага башың саласың".
Кемпир менен абышка,
Эбип таппай жүрүшчү,
Эр-катын болуп алышка.
Терс-Агын эли той берип,
Чогулушуп эл келип.
Улагып тартып, атын чаап,
Урматың, баатыр Багыш —
Үй-үйүнө тарашты.

Ой-пикирлер