Автандил Арабаев. Аруу тилек
Бак аралап баскым келет,
Жанымда жүрсөң эркелеп.
Жүрөк сырын ачкым келет,
Колуңдан кыса жетелеп.
Айга теңеп асмандагы,
Ырдаймын асыл чырагым.
Туйлап жүрөк, тынбайт дагы,
Кетчүдөй таштап турагын.
Аруу тилек ынагым бар,
Дем берээр менин бактыма.
Обон кошкон ырларым бар,
Жеткирээр сенин баркыңа.
- Токтосун Самудинов. Жаныбарлар дүйнөсү
- Молдо кылыч шамыркан уулу. чүй баяны
- Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы
- Калыгул. "Акыр заман"
- Мукай Элебаев. Улуу марш
Ой-пикирлер