Кирүү

Ата-энеге кол көтөрүүсү

Ата-энеге кол көтөрүүсү.

"Биржоголсо, табылбас, Ата-эне кымбат баарынан". (Райкан)

Ата-эне бала үчүн ыйыктардын ыйыгы. Бала-перзент, аны ата-

эне табат. Ата-эне табылбайт, бала табылат. "Бала белде, катын жолдо" - дейт. Ата-энеге акарат айтууга, кол көтөрүүгө шарият да, адеп-ыйман да жол бербейт. Жарык дүйнөгө чыгарган эне ак сүтүн, ата элик сүтүн берет. Эрезеге жеткирген ата-энени сыйлоо, барктоо, нарктоо кыргыз баласынын абалтан ыйык милдети болгон. Кол көтөрүү - ата-энени уруу-согуу, тилин тийгизүүсү - ыйык ыймандын кетүүсү, ант-арбакуруусу. Ата-эненин ыраазычылыгын алуу - Меке-ге беш курдай көтөрүп барып келүүсүнө барабар.

Ой-пикирлер