Кирүү

Ат үйрөтүүчүлүк

Ат үйрөтүүчүлүк. Кыргыздар ат жалын женил сезген эл. Боо-рун жерден алаары менен бала аттын кулагы менен тең ойноп есет. Баланы өңөрөт, учкаштырат, кез ачканы бала атка сырдана осет. Демек, азоолорду кулактап, чабакча туйлатып, өйдө-төмөн аты-рылтып желин чыгарат, жинкинин соолтот, "талпак" кыла үйрөтүүдө кыргыздын балдары чыйрак, шамдагай келишет. Мын­да, абалы, азоого этият жүгөн катат. Тай-кунандарды жайдак мин­ее болот. Калгандарына ээр-токум токулат. Үйрөтүүдө көрпөчө салынбайт, басмайыл чымырата тартылат. Шап минип, бет ал­ган жакка аргытат. Туйлатат, үйрөтүүчү үстүнөн түшпөйт. Азоо акыры чарчайт, өпкөсүн кагат. Кежеңдеп барып, жылкы баласы бат эле үйрөнөт. Ойдогудай үйрөтүү менен малдан түрдүү өнөр чыгат. Басык, жол жорго пайда болот. Же турган жеринен желип калат. Айрымдар тизгинди өйдө-төмөн тартып, кыйшаңдатып те-минүү-кагынуу аркылуу жорго да чыгарып алат. "Жооруна чыда-бай жорго болду" - деген кеп бар.

Ой-пикирлер