Кирүү

Асанаалы

Нарын өрөөнү. Анын Дөбөлүү деген жери. Ал да өзүнүн алаканга салып койгондой кайталангыс келбети менен көргөндөрдү суктандырат.

Береги белестен эңкейе бергендеги жепирейген кара алачыктар жатакчылардын айлы. Алардын баш жагындагы алачык Ошурдуку. Ал кембагал болсо да, өзүнүн таман акы, маңдай тери менен күн көргөн, эл менен жуурулуша жашаган, кең пейил, көйкөлгөн киши.

"Капырай адамдын баары Ошурдай болсо, акыйкаттуу заман алда качан курулат эле. Иштесе иштин, сүйлөсө сөздүн майын чыгарат. Деги, чиркин дүйнөдө жан бүткөндүн баары эле Ошукемдей кең пейил, ак жүрөк, бапыраңдаган март болсо. Баса, жансыз арчага тил киргизип, оймолопчиймелеп чапкан комузу, жортожорто чолок кайрып черткен күүлөрүчү. Деги, Ошурга кут түшкөн адам. Бечаранын кендирин кескен — жокчулук гана" —дешип, айылападагы жармачтар кеп кылыша турган. Ошурдун зайыбы да ыр ырдап, оозу комуз каккан кербез адам болгон. Анын бирде шайыр, бирде кейиштүү чыккан үнү да жакыр жатакчылардын жан шериги. Мына, ушундай үй-бүлөдө 1880-жылы Асанаалы аттуу наристе төрөлөт. Жарык турмушка жаңы келген Асанаалынын кыялдарына балкыган ата-эне көкөйкести замандын күйүттүү түйшүгүн да унутушул, ырахатка термелишет.

Мезгил алга канат каккан сайын Асанаалы дагы акылэсин байытып жетиле берди. Ал боорун жерден көтөрүп, ат жалын тартып минүүгө жарады. Бассатурса энесинин ырдагандарын ырдайт, атасынын черткен күүлөрүн ичинен кайырат. Айылдагы кыз оюндарынан калбайт. Алардан ар кандай купуя сырдуу ырларды, кыял толкуткан күүлөрдү угат. Аны сезимине сүртүп, кереметтүү музыкалык добуштарды кулагынан кетирбейт...

Убакыт өткөн сайын ыр менен күү Асанаалынын жүрөк ашыгы, жан шеригине айланат. Ал атасы кайда жүрсө, анын артынан калбай ээрчип алат. Баланча айылга "бастанча ырчы же комузчу келиптир" — десе өңүн көрүп, өнөрүн угууга Асанаалынын тынчы кетет. Айылдардагы ар кандай жыйындардагы ыр, күүлөрдү жантыгынан жата калып угат. Айрыкча, Асанаалынын Боккөтөндү, Майлыбайды көрүшү, алардын күүлөрүн угушу комузга болгон жандүйнөсүн баштагыдан да жандандырып, жаңы баракчасын ачат. Байыркы аспапка кумардануусу, мурдагыдан да эки эселеп артат. Атасынын кому­зун азаздан черте баштайт. Ап онго чыкканда атасы өпөт. Кийинчерээк энеси да каза табат. Асанаапы жетимчиликтин азабынан, жетпеген турмуштун айынан кыйла жыл жергиликтүү байларда малайлыкта жүрөт. Качан гана ал комузчу катары эл оозуна кирип, атагы чыга баштаганда башы малайпыктан бошонот. Асанаапынын алгачкы аткаруучулук чыгармачыпыгы да башка шайырлардай эле "Камбаркан", Шыңгырама", "Ботой", "Кербез", "Суртолгоо", "Кертолгоо" сыяктуу элдик классикалык күүлөрдү үйрөнүүдөн башталат. Буларды терең өздөштүргөндөн кийин алардын өзөгүндө өзүнүн салт күүлөрүн да чыгарат. Автордун чыгармалары бири-биринен күүлөнүшү, музыкалык мазмуну, ыкмалары ж. б. жактары менен айырмаланат. Маселен комузчунун "Терме шыңгырама" аттуу салт күүсү негизинен аспапта терип чертилген. Ошондуктан, аны "Терме шыңгырама" деп атаган. Күү жай чертилет. Ал башынанаягына чейин бир беткей аткарылат. Күүнүн башкы кайрыгында жайдарылык, жаркындуулук басымдуулук кылат. Ап эми автор кеңири жана тилектенүү темпинде аткарылган "Казак Камбарканынын" өзөгүнө боордош казактардын элдик обонун алып аны түрлөнтө иштеп чыккан. Аны комузчу ойлуу, тилектенген, шайыр кайрыктарда кеңири өнүктүргөн. Асанаалынын "Суртолгоо", "Кертолгоо" аттуу салт күүлөрү башка комузчулардын бир аттагы, бир түркүмдөгү чыгармаларынан башка түрдүүлүгү менен айырмаланат. Автордун "Суртолгоосу" бир калыптагы шандуу жүрүштөрдө, жайдары кайрыктарда чертилет. Ал эми автордун жандуу жүрүштө башталып, жайлануу темпи менен аяктаган "Кертолгоо" күүсү да кайрыктарын кайталап өнүктүрүү менен өзүнчө өзгөчөлөнгөн угумдуулуктагы кайталангыс күү. Асанаалынын салт күүлөрү башка шайырлардын чыгармаларынан мазмунунун байлыгы, ар түрдүүлүгү, уккулуктуулугу менен айырмаланат. Авторду өзүнүн өсүп өнгөн, киндик каны тамган жеринин сулуулугу да суктандырган. Андай кумарлануусун ал "Кара чий" аттуу күүсү аркылуу баяндаган. Анын өзөгүн түзгөн элдик обонду автор өзүнүн чыгармачыпык устаттыгына жараша кеңири темада көркөмдөп иштеп чыккан.

Асанаалынын калк арасына кеңири тараган күүсүнүн бири "Таш жалак". "Ал бул чыгармасын аткарардын алдында: "Илгери айлыбызда Адылбек аттуу адалдуудан түгү жок кедей бар эле. Ал Элтеп жүрүп, өзү теңдүү кедейдин кызына үйлөнөт. Андан төрт уулду болот. Бир жаштан удаа төрөлгөн балдары бир кылка бойго жетип, кол арага жарай баштайт. Адылбек уупдарынын көк тиреп өсүп келатканына кубанат. "Куда ушунуңа ыраазымын" деп күнүгө жакасын кармай, тобо кылып балдарынын аманчылыгын тилеп, сүйүнүп жүргөндө айлыбызда кара тумоо каптайт. Ошондо шордуу Адылбектин төрт уулу бир күндө каза табат. Ушинтип, таш жалак каламбы деп Адылбек тагдырына таарына ботодой боздогон күйүтүн өз көзүм менен көрүп Көңүлүм жаман бөлүнүп турганын күүгө салдым эле" — деп, таржымалдап чертчү экен. Автордун мелүүн жүрүштөгү орду толбос армандуу оор кайгыны сыздата баяндаган кайрыктарына каңырыгың­ды түтөткөн кошоктун обону алынган. Ап бирде өкүнүчтүү өлүмдү, бирде кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдү өксүгөн кайрыктарда шолоктото жоктойт. Бирок, күүнүн экинчи бир обондук бөлүкчөсүндө "сабырдын (сабырдуулуктун), түбү сары алтын" дегендей кайраттуулукка, өзүнөзү кармоочулукка, чөкпөөчүлүккө чакырган жаркын кайрыктарда кошо жаңырат.

Комузчулардын арасына "Такмаза" аттуу күүлөр да кеңири тараган. Аларды ар ким өзүнүн чыгармачыпык жөндөмдүүпүгүнө, чеберчилигине жараша өнүктүрүп, өз алдынча иштеп чыгышып, өздөрүнүн каапаганындай көркөмдүктө чертишет.

Асанаапынын "Такмаза" аттуу күүсү да өзүнчө оргиналдуулугу менен айырмаланат. Автордун "Такмазасы" ыпдам темпте башталат да, аяккы кайрыктары жай жүрүштө бүтөт.

Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин Асанаалынын бактысы ачылып, чыгармачылыгы гүлдөөнүн жолуна түшөт. Ап эркиндикке жеткен карапайым эмгекчилердин кубанычын, күжүрмөн эмгегин "Салтанат" аттуу күүсүндө даңктайт. Автордун ылдам жүрүштөгү чыгармасынын музыкасында түп көтөрүлгөн көпчүлүктүн майрамдык шаңы сыпатталат. Асанаалы совет өкмөтүнүн алгачкы күнүнөн баштап, анын алдыңкы куруучуларынан болот. Асанаалы өз айылында биринчилерден колхозго мүчө болуп кирип, ар кандай кара жумуштарда иштейт. Ошону менен бирге колунан комузун түшүрбөй элди, мекенди сүйүүгө, эмгекке чакырган күүлөрүн чертет. Аларды жаңы жеңиштерге, жаңы эрдиктерге үгүттөйт.

30-жылдардын ортосунда жаш жеткинчектердин турмушуна арнаган "Тайырбала" аттуу баяндоо мүнөзүндөгү күүсүн, кийинчерээк "Батмакан" деген назик кайрыктарга бай мукамдуу күүсүн чыгарат. Булар дагы эл арасына кеңири тарап, угуучулардын сүйкүмдүү чыгармаларына айланат.

1936-жылы Асанаалы республикабыздын борборунда өткөн эл чыгармачылыгынын олимпиадасына катышат. Анын аткаруучулук чеберчилиги, күүлөрүнүн көркөмдүүлүгү музыковед А. Б. Затаевич баштаган жюри мүчөлөрүнүн көңүлүн өзүнө бурат. Атактуу музыковед А. Затаевич Асанаалынын он эки күүсүн нотага түшүрөт. Кийин алар 1971-жылы Москвадан "Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору" деген жыйнакка басылып чыкты.

Белгилүү комузчунун өнөрү — эл чыгармачылыгынын олимпиадасында жогору бааланып, башкы баалуу сыйлыкты жана биринчи даражадагы дипломду жеңип алат. Барынан дагы анын жюри мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча жаңыдан уюшулуп жаткан Кыргыз филармониясына иштөөгө калтырыпышы чыгармачылыгынын жаңы баракчасын ачат. Ал айтылуу ак тандай ырчылар, комузчулар менен таанышат. Алардын өнөрлөрүн өз көзү менен көрүп, классикалык чыгармаларын өз купагы менен угат. Булардын чыгармачылык тажрыйбасынан таалимтарбия алып, талантын жетилтет. Айрыкча Асанаалынын элдик музыканттар менен Кыргызстандын бүтүндөй аймагын арапап, жаңы угуучуларга упам жаңы концерттерди бериши аны чыгармачылык жактан чыйралтып, дагы мыктыпап иштөөгө шыктандырат. Ал эми Асанаалынын айтылуу шайырлар менен эл аспаптар оркестринде ойношу, Ф. Шубинден музыкалык сабаттан окушу ички чыгармачылык дүйнөсүнүн өсүшүнө да зор таасир этет. Комузчунун черткен күүлөрү да угуучуларга жагып, көңүлдөрүн эритип, жарыптарын жазат.

Көрүнүктүү комузчу филармонияда 1936-жылдан 1938-жылга чейин артист болуп иштейт. Ал бул мезгилдердин аралыгында көптү көрүп, көп нерселерге үйрөнөт. Асанаалынын филармониядан кийинки эмгектенүүсү Нарын драма театрында улантыпат. Баса, ал бул коллективдин уюшулушуна жана ага айылдык таланттуу жаштарды тартууда көп эмгек сиңирет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Асанаалы өзү өндүү шайырлар менен калк арасында көбүрөөк болуп, Ата журтту, эмгекти сүйүүгө, кең Мекенди кара ниет душмандардан коргоого, алардын таш талкандарын чыгарууга чакырган терең мазмундуу чыгармаларды аткарат. 1945-жылы эл тилеги кабыл болуп, көп улуттуу өлкөбүздө Улуу жеңиштин желеги желбирейт. Катардагы бардык адамдардай эле Асанаалы да кубанычтын кучагына батат. Баштагыдан дагы комузунун кулагын шандуу толгоп, бейкут күндүн жарчысына айланат. Ал адаттагыдай эле угуучуларыбыздын жан дүйнөсүнө шериктеш болчудай терең музыкалык мазмундагы "Кыз Дарыйка", "Карылардын кеңеши", "Кыз ойготоор", "Карылык" деген күүлөрдү чертет. Булардын аттары баяндап тургандай ар бири ар кандай турмуштагы окуяны камтып чертилген. Маселен "Кыз ойготоор" күүсүндө жүрөктүн селкиси, көңүлдүн эркеси болгон сүйгөн жарды комуздун мукам күүсү аркылуу таң атканда уйкудан ойготкону баяндалат. Күүнүн кайрыктарында назиктүүлүк менен кумардангандык, шандуулук менен шайырлангандык бөтөнчө көркөмдүүлүктө жаңырат. Ал эми автордун ойлуу жүрүштө, салмактуу мүнөздө чертилген "Карылардын кеңеши" аттуу күүсүндө акылман карыялардын өздөрүнчө топтолушул, кеңеш курушул ой бөлүшкөндөрү сүрөттөлгөн. Күүнүн баяндамалуу кайрыгы үгүт, насыят ырларынын обондорунан алынган. Аларды автор өтө билгичтик менен иштеп чыгып, кара күүгө чейин жеткирген.

Карыя элдик музыканттарыбыздай эле Асанаалы да өзүнүн карылыгына арман кыла "Карылык" деген күүсүн да чыгарган. Анын обондук өзөгүнө көпчүлүккө кеңири белгилүү армандын обону алынган. Комузчу элдик дастан "Кыз Дарыйканын" обонунун негизинде ага атташ угуучулардын сезимдеринде ар дайым жашай турган жайдары кайрыктуу күүнү да жараткан. Анда Эликалык мүнөздөө менен сүрөттөөнү сыпаттаган добуштар өкүм сүрөт.

Белгилүү комузчунун калк алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып өкмөттүк сыйлыктарга да татыктуу болот. Ал кадырпуу эс алууга чыкканга чейин "өз үйү, өлөң төшөгүнө" айланган театрда үзүрдүү эмгектенет. Ар дайым өзүн жөнөкөй кармап, сыпаа жүргөн, өнөрүн такай жаштарга берүүгө талаптанган таланттуу комузчуаткаруучу жана күүчү Асанаапы Ошур уулу 1958-жылдын 28мартында узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтат. Ал арабыздан кетсе да канаттуу чыгармалары күнү бүгүнкүдөй эл арасында жашоодо. Асанаалынын "Терме шыңгырама", "Салтанат", "Кыз ойготоор", "Кара Чий" деген ж. б. күүлөрү атактуу комузчуларыбыз Ыбырайдын, Шекербектин, Асылбектин аткаруусунда Кыргыз радиосунун эфири аркылуу угуучуларыбызга тартууланууда. Бул болсо Асанаалынын кандай шыктагы, чеберчиликтеги комузчу экенин ачыкайкын айгинелөөдө.

Ой-пикирлер